Главная страница
Навигация по странице:

  • Кептик тема

  • Татаал сүйлөм мааниси жана грамматикалык түзүлүшүнө карай төмөндөгүдөй бөлүнөт

  • Сүрөттөрдү байланыштырып татаал сүйлөм түзгүлө

  • Биз эшикти көпкө такылдатсак да... Ашууда калың кар жатса дагы... Адамдар кең пейилдүү, айкөл болуңуздар, ошондо... Жакшы адамды тапсаң ...

  • Кырг яз. 7-тема.. Кыргыздардын колдонгон жазуулары


    Скачать 0.89 Mb.
    НазваниеКыргыздардын колдонгон жазуулары
    АнкорКырг яз
    Дата07.12.2021
    Размер0.89 Mb.
    Формат файлаpptx
    Имя файла7-тема..pptx
    ТипДокументы
    #294325

    Ал сизден алыс эмес

    Ал сиздин тунук ой жүгүртүүңүздө

    Терең акылыңызда

    Ачык көңүлүңүздө

    Таза жүрөгүңүздө жайгашкан

    Кептик тема: Кыргыздардын колдонгон жазуулары

    Грамматикалык тема: Татаал сүйлөм


    Татаал сүйлөм эки же андан ашык жөнөкөй сүйлөмдөрдөн түзүлүп, бүткөн бир айрым ойду, маалыматты (информацияны) билдирет.
    Жазууда татаал сүйлөмдүн тутумундагы жөнөкөй сүйлөмдөрдүн арасына үтүр коюлат, ал эми оозеки кепте болсо, тыным менен окулат.
    М.: Ким досун алдаса, ал өзүн алдайт.

    Татаал сүйлөм мааниси жана грамматикалык түзүлүшүнө карай төмөндөгүдөй бөлүнөт:


    Тең байланыштагы татаал сүйлөм

    Багыныңкы байланыштагы татаал сүйлөм

    Сүрөттөрдү байланыштырып татаал сүйлөм түзгүлө


    Кыш мезгили келгенге чейин...

    Төмөндө берилген сүйлөмдөргө маанилик жактан жакын болгон сүйлөм таап, көп чекиттин ордуна койгула
    Чоң атам жетимиш беш жашта болсо да…
    Биз эшикти көпкө такылдатсак да...
    Ашууда калың кар жатса дагы...
    Адамдар кең пейилдүү, айкөл болуңуздар, ошондо...
    Жакшы адамды тапсаң ...
    Биз үйгө жакындаганда...


    Кыргыздардын колдонгон жазуулары


    Кыргыз элинин жазуусу да кыргыз элинин тарыхы менен тикеден-тике байланыштуу.
    Тарых менен археологиянын материалдарына, байыркы жазуу эстеликтерине көз жүгүрткөндө, кыргыз эли бир нече жазуу системасынан пайдаланып келгендиги байкалат.
    Енисей дарыясынын жогорку агымында б.з. 5-8-кылымдарында жашаган түрк уруулары, анын ичинде кыргыздар да, өздөрүнүн тилин туура чагылдырган орхон-енисей, тагыраагы, байыркы түрк жазуусу аталган алфавит системасынан пайдаланышкан. Орхон-Енисей жазуусун изилдеген көрүнүктүү түркологдор: ак. В.В.Радлов, профессор С.Е.Малов Енисей дарыясынын боюндагы көрүстөнгө коюлган эстеликтердеги жазуулар кыргыз урууларына таандык экендигин айтышкан. Бул пикирди профессор И.А.Батманов да колдогон. Тарыхый маалыматтарга караганда, орхон-енисей жазуусу 9-10-кылымдарга чейин колдонулуп келген.


    Кыргыз эли орхон-енисей, уйгур жазууларынан кийин 19-кылымдын биринчи чейрегинен тарта араб алфавитин колдонгондугу тууралуу маалыматтар бар. Буга араб алфавити менен жазылган үч документ, тагыраагы, 1854-61-61-жж. жана 19-кылымдын орто ченинде Молдо Нияз тарабынан жазылган кол жазмалар далил.
    Кыргыз эли улуттук жазууга Октябрь революциясынан кийин гана ээ болду. Улуттук туңгуч жазуу 1923-жылы кыргыз тилинин тыбыштык өзгөчөлүгүнө ылайыкташтырылып түзүлгөн эски араб алфавити болгон. Араб алфавитинде үндүүлөрдү белгилөө үчүн 6, үнсүздөрдү белгилөө үчүн 19 тамга кабыл алынган. Кыргыз элинин тарыхында биринчи жолу 1924-жылы 7-ноябрда жарык көргөн «Эркин-Тоо» аттуу туңгуч газетабыз араб алфавитинде басылган.


    1930-жылы жаңы латын алфавитин кабыл алганбыз. Латын алфавити кыргыз элинин маданий деңгээлин көтөрүүдө, сабаттуулугун арттырууда араб алфавитине караганда бир кыйла зор роль ойноду.
    1941-жылы 12-сентябрда Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун Указы менен орус графикасынын бардык тамгаларынан турган, ага орус алфавитинде жок ө, ү, ң үч тамгасы кошумчаланган алфавит кабыл алынган.

    Үй тапшырма


    Үй тапшырма
    1. «Кыргыздар колдонгон жазуулар» текстинен татаал сүйлөмдөрдү табуу;
    2. «Менин келечегим» деген темада татаал сүйлөмдөрдү катыштырып текст түзүү;
    3. «Байыркы түрк жазма эстеликтери» деген темада СРС жазып келүү.



    написать администратору сайта