Главная страница
Навигация по странице:

  • Студенттин аты

  • Колдонулуучу куралдар

  • Иштин теориялык негиздери

  • Кургак айдоо

  • Лабораториялык шартта көмүр кычкыл газын Кипп аппаратынын жардамы менен алабыз. Иштин жүрүшү

  • хим%20лаб.нов[1]. Кмр кычкыл газын алуу


    Скачать 1.31 Mb.
    НазваниеКмр кычкыл газын алуу
    Дата21.11.2021
    Размер1.31 Mb.
    Формат файлаdocx
    Имя файлахим%20лаб.нов[1].docx
    ТипДокументы
    #277648


    К
    ыргыз
    Түрк<<Манас>> университети

    2021-2022 окуужылы

    Инженерияфакультети,химиялык инженерия бөлүмү

    Жалпыхимиялабораториясы-4

    Тема: Киппаппаратынын жардамымнкөмүркычкылгазынлабораториялыкшарттаалуу.

    Даярдаган: Туйгунов Анварджон

    Кабыл алган: Салиева Калипа.

    Бишкек- 2021

    Студенттин аты :Туйгунов Анварджон

    Студенттик номери: 2004.04009

    Бөлүмү:Химиялык инженерия

    1 Лабораториялык иш

    Тема:Көмүр кычкыл газын алуу

    Иштин максаты: Кипп аппаратынын жардамы менен көмүр кычкыл газынын пайда болуусуна байкоо жүргүзүү. Колдонулуучу куралдар жана реактивдер:

    1. -Негизги реакция жүрүүчү Кипп аппараты(газ өткөрүүчү жана эритмелерди куйуучу айнек идиштер)

    2. -кранчик,

    3. -стакан 250мл

    4. - цилиндр 100мл,

    5. -куйгуч( воронка),

    6. -1 тешиктүү аллонж,

    7. - мрамор(CaCO3) 41гр,

    8. 20% (HCl)дун оордуна 0,5 молярдуу жана 36%түү концентрацияланган туз кислотасынын аралашмасы( 36% HCL-120мл, 0,5 M HCL- 380 мл)

    9. -калька



    Иштин теориялык негиздери: Заттарды тазалоонун түрлөрү:

    Кайра кристаллдаштыруу(перекристаллизация )–бул кайра кристаллдаштыруу ыкмасы кристаллдык заттын эригичтигинин температурасына жараша өзгөрө тургандыгына негизделген.

    Кургак айдоо( возгонка же сублимация) – бул катуу нерседен суулуу абалына кирбей эле тез буу абалына айланган ыкма. Жана буу муздак идишке жабышканда кайра кристалл абалында чогултулуп алынат. Кургак айдоо дайыма нерсенин эрүү температурасынан ылдый температурада жасалат. Кургак айдоого көбүнчө йод, нафталин, нашатырь, бензой кислотасы колдонулат.

     

    Дистирлөө( дистилляция) - бул суюк затты бууга айландырып кайрадан суюк абалга келтирүүчү ыкма.

    Аралашманы бөлүүнүн бул ыкмасы эритмедеги компоненттер кайноо температураларынын айырмаларына негизделген.Биз сууну кайнатып, андан бөлүнгөн буусун муздаткычтар аркылуу өткөргөндө буу кайра суюктукка айланат. Бул суу дистирленген суу деп аталат.

    Фильтирлөө ( чыпкалоо) - сууда эриген жана эрибеген заттын аралашмаларын бөлүү.

    Заттарды тазалоодо дагы башка магниттоо, бууландыруу, тундуруу деген ыкмалары бар.

    Лабораториялык шартта көмүр кычкыл газын Кипп аппаратынын жардамы менен алабыз.

    Иштин жүрүшү:

    Теорияда СO2 газы төмөнкү реакцияда пайда болот:

    CaCO3+ 2HCl= CaCl2+ CO2 + H2O

    CO2+ Ca(OH)2= CaCO3+ H2O

    Лабораториялык шартта көмүр кычкыл газын алыш үчү бизге Кипп аппараты керектелет,төмөнкүдөй иш аракеттерди жазашыбыз керек:

    Эң алгач тажырыйбага киришүүдөн мурун коопсуздук эрежелерин так сакташыбыз керек !

    1.Кипп аппаратына кранчикти туташтырып склянкаларды колдонбой эле, алардын ордуна цилиндрди колдондук.

    2. Кипп аппаратын даярдап буткөндөн кийин, кальканы таразага тартып алып(1.1гр болуп чыкты), андан кийин мраморду тартабыз. Биздин ишибизге 41 гр.мраморду колдондук

    3. Туз кислота аралашмасын даярдоо үчүн, тяганын алдында 36% HCL-дон 120мл стаканга ченеп куюп, стакандан кайра оозу бекитилген идишке куюп алдык. 0.5 М HCL-дон 380 мл ченеп куюп алып, оозу бекитилген идишке ченелген 36% HCL-дун үстүнө коштук.

    4. Көмүр кычкыл газы чындап бөлүнүп чыгып жатканын аныктоо үчүн цилиндрга кальций гидроксидинин (Ca(OH)2) растворун даярдап алдык

    5. Кипп аппаратынын ортонку шарына каптал көзөнөкчөсүнөн орточо көлөмдөгү мраморлодун (CaCO3)бөлүкчөлөрүн салабыз.(майда порошок түрүндө болсо тез реакцияга кирет)

    6. Кранды жабып,аппараттын үстүнкү бөлүгүнөн куйгучтун (воронка) жардамы мн 36% туз кислотасын (НСL) Кипп аппаратынын биринчи бөлүгү толгонго чейин куябыз

    7. Андан соң кранды ачып трубканын учун кальций гидроксидинин (Ca(OH)2 аралашмасына салабыз

    Эгер чындап эле көмүр кычкыл газы бөлүнсө аралашма бозомтук болуп, чаңчалар пайда болот.(1- сүрөт)

    Реакциянын жүрүшун бул QR кодтун жардамы мн көрө аласыз.

    1-сүрөт



    Кипп Аппараты.




    Жыйынтык:

    Бул лаборатордук иште биз Кипп аппаратынын жардамы менен көмүр кычкыл газынын кандай жол менен бөлүнүп чыгаарын көрдүк.


    написать администратору сайта