Главная страница
Навигация по странице:

  • КОМПЬЮТЕРНОЕ МОДЕЛИРОВАНИЕ ЗАВИСИМОСТИ ТЕПЛОТЫ СГОРАНИЯ УГЛЕЙ ОТ ИХ ТЕПЛОФИЗИЧЕСКИХ ПАРАМЕТРОВ

  • DEPENDENCE OF HEAT OF COAL COMBUSTION ON THEIR THERMOPHYSICAL PARAMETERS COMPUTER SIMULATION OF COAL COMBUSTION T HEIT DEPENDENCE ON THEIR THERMOPHYSICAL PARAMETERS

  • Cтатья. Сонайым. Компьютерное моделирование. КМРДн кЙ жылуулугунун анын теплофизикалык параметрлеринен кз карандылыгын компьютердик моделдештир


    Скачать 211.88 Kb.
    НазваниеКМРДн кЙ жылуулугунун анын теплофизикалык параметрлеринен кз карандылыгын компьютердик моделдештир
    Дата26.09.2022
    Размер211.88 Kb.
    Формат файлаdocx
    Имя файлаCтатья. Сонайым. Компьютерное моделирование .docx
    ТипДокументы
    #696615

    УДК

    Тажикбаева Санайым Тойгонбаевна,

    улук окутуучу,

    Ош мамлекеттик университети,

    Кыргызстан, Ош,

    tsonaym@mail.ru, 996-773-049-787
    КӨМҮРДҮН КҮЙҮҮ ЖЫЛУУЛУГУНУН АНЫН ТЕПЛОФИЗИКАЛЫК ПАРАМЕТРЛЕРИНЕН КӨЗ КАРАНДЫЛЫГЫН КОМПЬЮТЕРДИК МОДЕЛДЕШТИРҮҮ

    Тажикбаева Санайым Тойгонбаевна,

    старший преподаватель,

    Ошский государственный университет,

    г. Ош, Республика Кыргызстан,

    tsonaym@mail.ru, 996-773-049-787
    КОМПЬЮТЕРНОЕ МОДЕЛИРОВАНИЕ ЗАВИСИМОСТИ ТЕПЛОТЫ СГОРАНИЯ УГЛЕЙ ОТ ИХ ТЕПЛОФИЗИЧЕСКИХ ПАРАМЕТРОВ

    Tazhikbaeva Sanaiym Toigonbaevna,

    senior teacher,

    Osh state university,

    Osh, the Kyrgyz Republic,

    tsonaym@mail.ru, 996-773-049-787
    DEPENDENCE OF HEAT OF COAL COMBUSTION ON THEIR THERMOPHYSICAL PARAMETERS

    COMPUTER SIMULATION OF COAL COMBUSTION THEIT DEPENDENCE ON THEIR THERMOPHYSICAL PARAMETERS

    Аннотация.

    Түйүндүү сөздөр:

    Аннотация.

    Ключевые слова:

    Abstract.

    Keywords:

    Көптөгөн миллиондогон жылдар бою жаратылыш көмүртектин запастарын көмүр, нефть жана табигый газ түрүндө топтоп келген. Отундун мындай түрлөрү адамзат тарабынан энергия жана химиялык продуктыларды алуу үчүн колдонулуп келүүдө.

    Казылып алынган көмүрлөр курамы жана структурасы боюнча татаал система. Көмүрдүн курамына карап анын маркасын, сапатын жана кайрадан иштетүүнүн рационалдуу жана эффективдүү методдорун аныктоого мүмкүн. Көмүрдүн сапатын аныктоочу эң негизги көрсөткүч – бул, анын күйүү жылуулугу.

    Көмүрдүн күйүү жылуулугун эксперименталдык жана эсептөө методдорунун жардамында аныктоого болот. Эсептөө методу көмүрдүн техникалык жана элементтик анализинин жыйынтыктары боюнча жүргүзүлөт.

    Көмүрдүн органикалык массасынын курамына көмүртек, суутек, азот, кычкылтек жана сера кирет. Күйүү жылуулугу менен көмүрдүн элементтик курамынын байланышынын негизинде эсептөөлөрдү жүргүзүүдө зарыл болгон көптөгөн формулалар окумуштуулар тарабынан иштелип чыгылган. Алгачкы эсептөө методикасы элементтик курам боюнча күйүү жылуулугун эсептөөгө негизделген жана ушул метод эң көп колдонулган методдордон болуп саналат. Анын негиздери белгилүү химия илимдеринин окумуштуусу Пьер Луи Дюлонг (1785-1838) тарабынан иштелип чыгылган.

    макалада Кыргызстандын көмүрлөрүнүн ичинен мисал катары, Кара-Кече, Сүлүктү, Бешбурхан көмүрлөрүнүн күйүү жылуулугун аныктоо MathCAD системасында жүргүзүлүп, көмүрлөрдүн теплофизикалык параметрлерин аныктоонун компьютердик модели түзүлгөн.

    Бул макалада алынган жыйынтыктарды улантып, көмүрдүн күйүү жылуулугу көз каранды болгон параметрлерди изилдөө жана көз карандылыкты аныктоонун математикалык моделин регрессиондук анализдин негизинде алуу - бул макаланын максаты болуп саналат.

    Жыйынтыктарды жана өлчөөнүн каталыктарын кайрадан иштеп чыгуу каалагандай илимий эксперименттин негизги бөлүгү. Көмүрдүн мүнөздөмөлөрүн эксперименталдык изилдөөдө алынган берилгендерди анализдөө үчүн процессти мүмкүн болушунча реалдуу баяндаган регрессиондук анализдин методдорун колдонуу зарыл. Регрессиондук анализдин жардамында көмүрдүн күйүү жылуулугунун анын курамындагы көмүртек, суутек, азот, кычкылтек жана серадан болгон көз карандылыгын мүнөздөгөн функция аныкталат.

    Көз карандылыкты моделдөө үчүн Кыргызстандын түрдүү аймактарында жайгашкан көмүрлөргө окумуштуулардын жүргүзгөн эксперименттеринин жыйынтыктарын колдонобуз (1-таблица).



    1-таблица. Кыргызстандын көмүр кендери

    Берилгендерди кайрадан иштеп чыгуу үчүн MS Excel программасынын атайын статистикалык функцияларын колдонобуз. Алгач, факторлордун ортосундагы коллинеардуулукту аныктоо керек (2-таблица).



    2-таблица. Факторлордун ортосундагы коллинеардуулукту аныктоо

    2-таблицадан көрүнгөндөй, жана , жана , жана факторлору өз-ара коллинеардуу болуп калышты. Ал эми регрессиондук моделдин курамында коллинеардуу факторлор болушу мүмкүн эмес. Ошондуктан, бул факторлордун ичинен менен алсыз корреляцияланган факторду кыскартуу зарыл болот. Биздин учурда , , факторлору кыскарат (3-таблица). О.э. , факторлорунун өзгөрүлмөсү менен болгон корреляция коэффициенттери шартын канааттандырышкан жок. Б. а. көмүрдүн күйүү жылуулугуна учуп чыгуучу заттар, сера, азот, нымдуулук жана зола анын курамындагы башка заттарга караганда төмөн таасирин берээрине ээ болдук.



    3-таблица. Коллинеардуу факторлор кыскартылып, таблицанын жаңыланышы

    3-таблица боюнча факторлорду дагы бир жолу коллинеардуулукка текшерип алалы (4-таблица).



    4-таблица. Факторлордун ортосундагы корреляция

    Мында, бардык факторлордун ортосундагы корреляция коэффициенттери шартын аткарышпайт, демек коллинеардуу факторлор жок. Ушул факторлордон көз каранды болгон көп өзгөрүлмөлүү регрессия теңдемесин жазуу максатында Excel программасынын мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланабыз (5-таблица).







    5-таблица. Көп өзгөрүлмөлүү сызыктуу регрессия теңдемесин түзүүгө зарыл болгон эсептөөлөр

    Жыйынтыгында, көп өзгөрүлмөлүү сызыктуу регрессия теңдемеси, б.а. көмүрдүн күйүү жылуулугунун анын курамындагы көмүртек, суутек, кычкылтектен болгон көз карандылыгын мүнөздөгөн сызыктуу функция төмөнкү көрүнүшкө ээ болду:

    .

    Бул регрессиондук модель берилген статистикалык берилгендерди канчалык деңгээлде мүнөздөшүн графиктик ыкма менен көрсөтүүгө болот (1-сүрөт).



    1-сүрөт.

    Демек, регрессиондук модель боюнча алсак, көмүрдүн күйүү жылуулугу көмүртектен, суутектен жана кычкылтектен көз каранды жана эгерде көмүртекти 1%га көбөйтсөк күйүү жылуулугу 0,308 МДЖ/кг га жогорулайт, суутекти 1%га көбөйтсөк күйүү жылуулугу 1,1998 МДЖ/кг га жогорулайт, ал эми кычкылтекти 1%га азайтсак, күйүү жылуулугу 0,1968 МДЖ/кг га жогорулайт.

    Бул алынган жыйынтыкты макалада түзүлгөн компьютердик моделдин негизинде текшерели. Ал үчүн 7 түрдүү көмүрдүн элементтик курамынын орточо маанилерин моделге коюп, көмүрдүн күйүү жылуулугунун орточо маанисин таап алабыз (2-сүрөт).



    2-сүрөт. Көмүрдүн курамы



    3-сүрөт. Көмүрдүн күйүү жылуулугу

    Компьютердик моделдин жардамында алынган маани эксперименталдык жол менен алынган мааниге дал келгенин 4 - сүрөттөн көрүүгө болот.



    4-сүрөт.


    написать администратору сайта