Главная страница

Чечендик өнөр.-1. Реферат тема Чечедик нр Аткаруучу Назарова Муслима Тайпасы ист(б)321 Текшерч Айтибаева Жыпаргл Ош2022 План


Скачать 63.67 Kb.
НазваниеРеферат тема Чечедик нр Аткаруучу Назарова Муслима Тайпасы ист(б)321 Текшерч Айтибаева Жыпаргл Ош2022 План
Дата26.01.2022
Размер63.67 Kb.
Формат файлаdocx
Имя файлаЧечендик өнөр.-1.docx
ТипРеферат
#342787

КЫРГЫЗ РЕСРУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРИЛИГИ

О
Ш МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ

РЕФЕРАТ

Тема: Чечедик өнөр

Аткаруучу: Назарова Муслима

Тайпасы: ИСТ(б)-3-21

Текшерүүчү: Айтибаева Жыпаргүл

Ош-2022

План

  1. Киришүү.

  2. Негизги бөлүк.

  3. Корутундуу.



Калыгул Бай уулу

Өмүр баяны. 

Өтө так маалымат болбогону менен олуянын туулган жылы 1785-жыл, туулган жери Ысык-Көлдүн күңгөйүндөгү Кара-Ой, Сары-Ой айылы деп жүрөт. Айрым маалыматтарда (Шаршенбек Үмөталиев, Ыбрай Абдырахманов) Кочкор өрөөнүндө туулгандыгы айтылат.

Ата-теги, балалык чагы. Атасы — Бай, анын атасы — Дөөлөт (Дөөлөткул), андан жогору — Үчүкө — Сарсейит — Сүтөй — Манап деп кете берет. Байдын беш баласы: Медет, Бердиш, Бердике, Калыгул, Жигитек болгон. Бай сарыбагыш уруусунун бийи, манабы катары айтылган учурлар кездешет. Калыгулду энеси он эки ай көтөрөт. Аркасында жалы, көзүндө калы, тилинде мөөрү менен төрөлөт. Үч-төрт жашында бир күнү жоголуп кетет, талаада жамгырда түнөп калган экен, эртеси качыр минген бир адам алып келип, бала аман болсо келечекте олуя болорун айтып кетет. Бул Кыдыр алей салам болсо керек деп ата-энеси түлөө берет. Калыгулду жети жашынан Ысык-Көлдө айылдык күчтүү молдого шакирт кылып беришкен. Ал кишини Сопу ата дей турушкан. Демек, устаты исламдын сопучулук багытын тутунган, ал багыттын көрүнүктүү өкүлдөрү болгон Кулкожо Акмат (Ахмед Йассави), Сопу Алдаяр, Жунус Эмире, Сулайман Бакыргани, Ахмед Югнаки, Букар Жырау ж.б. акындардын чыгармалары менен жаш кезинен таанышып, алардын таасиринде болгон, өзү да намазга жыгылып, эски китептерди окуганды үйрөнгөн.

КАЛЫГУЛ Бай уулу (1785, Ысыккөл р-ну – 1855, Чолпон-Ата) – кыргыздар арасында кеңири белгилүү ойчул, акылман. К. реалдуу жашагандыгы күмөн туудурбаган, бирок, аты легендага айланып, калк арасында Токтогул ырчы, Толубай сынчы, Жээренче чечен акылман делип үлөгөр ысымдар менен бирге айтылуучу адам. Калк арасында өзгөчө  зор кадыр-баркка ээ болгондугуна карабастан Калыгул Бай уулунун  өмүр жолу, чыгармалары ж-дө  такталган маалыматтар аз. Мунун себеби, жеке эле ал адам жашап  өткөн учурдун биздин мезгилден эки кылым чамалуу аралык менен бөлүнүп турушунда гана эмес, советтик түзүлүш учурунда, айрыкча 1947-жылдан тартып, ага реакциячыл деген жалган жалаа коюлуп, катуу сынга алынып, аты да, чыгармалары да пайдаланууга тыюу салынган.  Калыгул төрөлгөндөн жышаналуу бала болгону эскерилет: оң бетинин отун бүт каптаган чоң кара калы бар экендигине байланыштуу аты Калыгул (Калдуу кул) коюлат. Аркасында жал түрүндөгү коюу, узун түгү бар экени да байкалат. Калыгул 6–7 жашынан айылдагы Сопу ата деген кары адамдан окуп, зээндүү  бала бат эле окуганды, жазганды  үйрөнүп, намазга жыгылып, орозо кармайт. Ошондон тартып  өмүрүнүн акырына чейин намаз окуп, орозо кармап, сыпаа, таза жүрүптүр. Калыгулдун кийинки чыгармаларындагы орун алган маалыматтарга караганда, ал адам сабаттуулугунун аркасы менен  чыгыш адабиятынан, маданиятынан, элдердин тарыхынан кеңири кабары бар экени, айрыкча Кул Кожо Акмат  (Кулкожоакмат), сопу Алдаяр (Сополдаяр) сыяктуу белгилүү  инсандардын чыгармалары, филос. көз караштары, сопучулук (суфизим) түшүнүктөрү менен  терең тааныштыгы таасын байкалат. Көп сүйлөй бербеген, сөзү орундуу, терең ойлонуп жөндүү сүйлөгөн, калыс, кимге болсо туурасын айткан Калыгул жашынан тартып оозго кирип, күн санап эл арасындагы кадыр-баркы артат. Муну байкаган чоң манап, аталаш тууганы, агасы, кыраакы жана  акылдуу адам Ниязбек баатыр келечеги кең  баланы бооруна тартып, кеп-кеңешке аралаштырып, жылуу мамиледе болот. Мындай шарт Калыгулдун калкка таанылып, аты билинип,  өзү  да маанилүү, чоң-чоң  иштерге аралашып, турмуштук бай тажрыйба алууга жол ачып көмөк көрсөтөт. Калыгул.  өзү  жашаган тарыхый шарт учурундагы кыргыз жергесинде болуп өткөн орчундуу окуялардын, маанилүү иштердин дээрлик бардыгына катышып, көпчүлүк учурларда активдүү  роль ойноптур: түндүк кыргыздар менен Кокон хандыгынын иш алакаларында элчи,  өкүл, кеңешчи катары аракеттенип, өз уруусунун, элинин таламын коргойт, сарыбагыш, бугу урууларынын, жалпы эле көл чөлкөмүнүн Кокон хандыгына баш ийбей калышында Калыгулдун ролу чоң дешет. Ормондун хан шайланышында активдүү  катышат. Бугу менен сарыбагыштын чатагын болтурбай коюу аракетин көрүп, андан майнап чыкпай калгандан кийин бир атадан тараган эки урууну жараштыруу  үчүн жан  үрөп ортомчу, калыстык кызматын кылат. Калыгул акылман, көсөм катары көп күч-аракет  жумшаган жана  ага көрөгөч, олуя делген өзгөчө зор атак-даңк алып келген окуя кыргыз жергесин басып алууга умтулуп, каптап келе жаткан орус падышалыгынын баскынчылык саясатынын коркунучун алдын ала көрө билгендигинде.

Казак жергесин дээрлик бүт басып алып, бул эле жердеги Алматыга аскерлеринин чебин курган орус падышалыгы ошо менен токтоп калбасын, жыла-жыла, бүгүн болбосо эртең кыргыздарга да келип, бийлигин орноторун баамдап даана билип, элге бул коркунучтун Кокон бийлигине караганда алда канча орчундуу кооптонуу экенин эскертет. Бул алааматты акыр заман белгиси эсептебейт. Келе жаткан кесепеттен сактануунун жолу, айласы жогуна көзү жетип, малды, жерди алып эле ыраазы болбостон, акыл-эске да бүлүк салып, мурдагыдан келе жаткан салт-санааны бузуп, жашоо-шартты өзгөртөрүнө жаны кейит. Калыгул ырчы эмес, ойчул. Ал коом, турмуш, жашоо, каада-салт, тиричиликтин түрдүү учурлары жөнүндөгү ой-пикирлерин, корутундуларын, кеп-кеңеш акылдардын негизинен макал түрүндөгү, уйкаштыкка келтирилген, куюлуштуруп, ыргактуу айтылуучу чулу сүйлөмдөр маселдер аркылуу баяндаган.  Калыгулга таандык материалдар маселдер делип аталган бир нече сап ыр түрүндө  түзүлгөн түрдүү  темалардагы, көбүнчө турмуштук тажрыйбанын корутундулары. Бул чыгармаларда ойчул көп кайрылып, зор маани берилип айтылган ойлор – элдин ынтымагы, биримдик, адилеттик, калыстык, боорукерлик, адамгерчиликтүүлүк ж. б сыяктуу жалпы эле эл арасында мурдатан жогору бааланган мыкты дөөлөттөр. Советтик турмуштун узак мезгилинде тыюу салынган темалардын бири болгондуктан Калыгул акылманга таандык материалдар сан жагынан али аз, анын  үстүнө  ага таандыкташтырылган маалыматтар, чыгармалар такталууну, терең изилдөөнү  талап кылат. Айрыкча Калыгулдун чыгармалары кылдат текстологиялык талдоого муктаж. Калыгулга таандык материалдардын айрым үлгүлөрү бүгүн илимге белгилүү маалыматтарга караганда, 1922-ж. Нарын уездине К. Мифтаков тарабынан белгилүү манасчы С. Орозбак уулунун айтуусунда 1-жолу кагаз бетине түшүрүлгөн. Айрым маселдерин Э. Арабаев  өзүнүн «Сабатсыздыкты жоюу алиппеси” аттуу окуу китебинин 1925-ж. жарыяланган  үлгүсүнө  «Калыгул бийдин сөзү, орус келбестен канчалык мурун” деген тема менен берген. Калыгулдун  өмүрү  чыгармалары ж-дө  маалыматтар берген информаторлордун арасында Сагымбай манасчы, Тоголок Молдо, Шапак манасчы, Абдыкалык Чоробаев, Эшенаалы Арабаев ж. б. бар. Калыгул Бай уулунун илимге бүгүн  белгилүү  чыгармалары,  ал инсан жөнүндөгү  эскерүүлөр ил пикирлер топтолуп, Т. Усубалиевдин демилгеси, каражаты менен «Акылман Калыгул” деген аталыштагы атайын, кеңири мүнөздөгү жыйнак 2000-ж. жарык көргөн.  

Колдонулган булактар:

  1. Булак: http://students.com.kg/?p=264

  2. Булак: https://sputnik.kg/


написать администратору сайта