№66 “Ден соолуктун жана өнүгүүнүн мектеби” гимназия окуу-тарбия комплекси. Кыргыз тил жана кыргыз адабият мугалими: Абдылдаева Гульнара Кадыралиевна Саламатсыңарбы,балдар! Бүгүнкү сабактын темасы: Залкар манасчылар Жусуп Мамай өмүр баяны - 1918-жылы Чыгыш Түркстандагы (азыркы Кытай Эл Республикасынын Шинжаң-Уйгур автоном районундагы) Ак-Чий ооданынын Меркеч айылында Ат-Жайлоо конушунда туулган. Жаңы маалыматтарга караганда, Жусуп Мамай 1916-жылы жарык дүйнөгө келгендиги такталууда (Булак: Адыл Жуматурду менен Токтобүбү Ысак кызынын 2014-жылы Бишкекте жарык көргөн китеби).
- Жети жашынан кат тааныган.
- Анын агасы Балбай Мамай уулу "Манас" эпосуна кызыгып, аны чогултуп кагазга түшүрүп жүргөн.
- Жусуп Мамай "Манас" эпосунун сегиз урпагына чейин айтат. Анын айтымында, бул эпос 500 миң сап ырды түзөт.
- "Манас" дастанын Жусуп Мамай айткан варианты КЭРде араб тамгасы менен басмадан чыккан. Мындан тышкары "Төштүк", "Мамаке Шопок", "Көбөөн", "Толтой", "Ажыбек Баатыр" сыяктуу чакан дастандары да басмадан чыгартылган.
- Кыргызстанга бир нече ирет келген.
- 1989-жылы кулжа (июнь) айынын 3үндө Кыргызстан жаш тарыхчылар жамаатынын уюштуруу жыйынына жазуучу Түгөлбай Сыдыкбек уулу экөө сый конок катары катышкан.
- 1995-жылы Кыргызстандагы "Манас" дастанынын шарттуу миң жылдык мааракесине катышкан.
- Кыргызстандык бедизчи Тургунбай Садыков анын айкелин жасаган.
- Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргызстандын эл артисти, биринчи даражадагы «Манас» орденинин ээси Жусуп Мамай Кытай Эл Республикасынын азыркы Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусуна караштуу Ак-Чий ооданындагы Кара-Булак айылынын Ат-Жайлоо конушунда 1918-жылы 4-майда (башка жаңы маалымат боюнча 1916-жылы) туулган. Ал Какшаалдагы чериктердин Кызыл тукум уруусунан.
- Жусуптун атасы Мамай бардар, оокаты тың адамдардын бири болгон. Мамай аксакал Мекеге барып, Ажы да болуп келген.
- Жусуп Мамай кичинекейинен эле зирек, зээндүү болуп чоңойгон. Атасы Мамай аны алты жашында эле айылдагы Ыстам Кожо аттуу молдонун колуна кат үйрөтүүгө берет. Жусуп бат эле кат таанып, китеп окууга жетишкен.
- Анын агасы Балбай Мамай уулу ошол мезгилде Кытайдагы кыргыздардын арасында «Манас» эпосун жыйноо, дастандын ар кандай варианттарын топтоо иштери менен алектенген саналуу гана манас таануучулардын бири болгон.
- Атасынын сөзүнөн чыкпай, «Манасты» эл алдында айтпай жүргөнү менен, уктап жатканда түнү бою айтып чыккан учурлары көп болот. Манасчынын айтымында, аны атасы молдого берип жатканда Балбай анын молдолукка үйрөнүшүнө каршы болгон. Анткени, ал зирек өсүп келе жаткан Жусуптун манасчы болушуна тымызын үмүт байлап калган эле. Ошондуктан, Балбай Жусупту кийинчерээк молдолук окуусунан чыгарып алып, «Манастын» өзү жыйнаган варианттарын ырааты менен үйрөтө баштайт. Жусуп Балбай берген «Манастын» кол жазмаларын окуп, үйрөнүүгө жан дили менен киришет.
1932-жылы көктөм мезгили келип, ууз кымыз чыкканда, чогулган элдин өтүнүчү боюнча Жусуп өмүрүндө биринчи жолу «Манас» айтып берет. Ал эми Жусуп 16 жашка келгенде, атасы Мамай дүйнөдөн кайтат. Эки жылдан кийин 18 жаш курагында, кайсы бир отурушта Жумакун Мамбетакун манасчынын айтып жаткан «Алмамбеттин арманын» угуп, анын токтогон жеринен Жусуп чыдай албай улап айтып кирет да, «Алмамбеттин Көкчөгө баргандыгы» аттуу окуяны кошуп айтып бүтүрөт. Мына ошондон кийин гана Жусуп калайыкка атыгып, «манасчы» деген атка конот. 1961-жылы Шинжаң Уйгур автономиялык районунун борборунда адабият көркөм өнөрчүлөр бирикмеси уюштурулуп, Жусуп Мамайдын айткан «Манас» вариантын жаздыруу үчүн атайын топ түзүлүп, жарым жыл аралыгында 110 000 сап ыр кагазга түшүрүлөт. 1964-1966-жылдар аралыгында толуктоо максаты менен Жусуп Мамайдын вариантын жазып алуу үчүн экинчи ирет илимий экспедиция жиберилет. Бул сапар манасчыдан 196 000 сап ыр кагазга түшүрүлөт. Ал эми 1966-жылы Кытайда «Маданий революция» саясаты башталгандыктан, 1966-жылдан 1978-жылдын ноябрь айына чейин Жусуп Мамай саясый куугунтукка туш болот. Манасчы үй-жайынан ажыратылып, борбордон алысыраак болгон “Ак-Булуң” деген айылга көчүрүлөт. Манасчынын оозунан жазылып алынган Манастын 8 урпагынан турган материал Бээжинге жиберилет. Бул каардуу жылдары Ак-Булуңда жатып тим болбостон, 1937-жылы атылып кеткен агасы Балбай учурунда айтып берген “Манастын урпактары тууралуу баянды” Жусуп Мамай өз алдынча кагазга түшүрө баштайт. 1978-жылы декабрь айында Жусуп Мамай Бээжин шаарына чакыртылып, ушуну менен үчүнчү сапар манасчынын вариантын кагазга түшүрүү иши колго алынат. Ал эми 1964-жылы жазылып алынган материалдардын ичинен Жусуп Мамайдын «Семетей» гана бөлүгүнүн кол жазмасы калып, калганы дайынсыз табылбай калат. Кайрадан башталган ишти Сакен Өмүр баштап, Асанбай Матим, Мамбетасан Эрги, Оргалча Кыдырбай, Толкун Турду, Токтобүбү Ызак тарабынан ишке ашырылып, манасчынын варианты боюнча Манастын 8 урпагы кагазга түшөт, алар: Манас – 50 миң сап ыр, Семетей – 37 миң сап ыр, Сейтек – 25 миң сап ыр, Кененим – 34 миң сап ыр, Сейит – 11 миң сап ыр, Асылбача-Бекбача – 30 миң сап ыр, Сомбилек – 11 миң сап ыр, Чигитей – 12 миң сап ыр. - 1978-жылы декабрь айында Жусуп Мамай Бээжин шаарына чакыртылып, ушуну менен үчүнчү сапар манасчынын вариантын кагазга түшүрүү иши колго алынат.
- Ал эми 1964-жылы жазылып алынган материалдардын ичинен Жусуп Мамайдын «Семетей» гана бөлүгүнүн кол жазмасы калып, калганы дайынсыз табылбай калат.
- Кайрадан башталган ишти Сакен Өмүр баштап, Асанбай Матим, Мамбетасан Эрги, Оргалча Кыдырбай, Толкун Турду, Токтобүбү Ызак тарабынан ишке ашырылып, манасчынын варианты боюнча Манастын 8 урпагы кагазга түшөт, алар: Манас – 50 миң сап ыр, Семетей – 37 миң сап ыр, Сейтек – 25 миң сап ыр, Кененим – 34 миң сап ыр, Сейит – 11 миң сап ыр, Асылбача-Бекбача – 30 миң сап ыр, Сомбилек – 11 миң сап ыр, Чигитей – 12 миң сап ыр.
- Кагазга түшүрүү иши 1983-жылга чейин жүргүзүлүп, аягына чыгат.
- Бул мезгил аралыгында Жусуп Мамайдын 18 томдон жана 200 миң ашуун сап ырдан турган варианты толугу менен кагаз бетине жазылып алынат.
- 1984-жылы манасчынын варианты боюнча «Манас» бөлүгү китеп болуп араб арибинде жарык көрөт.
- Мындан сырткары Жусуп Мамайдын варианты боюнча: «Курманбек», «Эр Төштүк», «Багыш», «Толтой», «Тутан», «Жаңыл Мырза», «Мамаке Шопок», «Көбөк» сыяктуу дастандар да кагазга түшүрүлүп, жарыкка чыгат. 2005-жылы Жусуп Мамайдын айтуусундагы «Манас» эпосунун толук варианты бир китеп болуп кириллица арибинде Кытайдан чыгат.
- Жусуп Мамай 1990-жылы Үрүмчү шаарында өткөрүлгөн «Манас» эпосу боюнча Эл аралык илимий конференциянын катышуучусу болот.
- Кыргызстанга манасчы биринчи ирет 1992-жылы манасчы Сагымбай Орозбаковдун 125 жылдык мааракесине, экинчи жолу 1995-жылы «Манас» эпосунун 1000 жылдык мааракесине ардактуу конок катары чакыртылат. 2014-жылдын май айында ага Кыргыз Республикасынын Баатыры наамы Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон жарлыкка ылайык ыйгарылды. Бирок наамдын ээси бул кабар тууралуу укканы менен, жогорку сыйлыкты кабыл алууга жетишкен жок.
- 2014-жылдын кулжа (июнь) айынын 1инде таңга маал Жусуп Мамай Кытайдагы Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусуна караштуу Ак-Чий кыштагындагы ооруканада оорунун айынан кайтыш болду.
- Анын сөөгү 2014-жылдын 2-июнунда Ак-Чийде жерге берилди.
Жаңы сөздөр: Балдар,оокаттуу-зажиточный Чогултуп-собирать Айткан-говорил Үмүт- надежда Каршы-против Үйгө тапшырма: Жаңы сөздөрдү жазып алгыла Ж.Мамай жөнүндө дагы кандай кызыктуу окуялары билесиңер? Жазгыла |