Главная страница
Навигация по странице:

  • АРИСТОТЕЛЬ

  • древнеиндийская философия. ФИЛОСОФИЯ. Философия сократ


    Скачать 20.87 Kb.
    НазваниеФилософия сократ
    Анкордревнеиндийская философия
    Дата26.05.2021
    Размер20.87 Kb.
    Формат файлаdocx
    Имя файлаФИЛОСОФИЯ.docx
    ТипДокументы
    #210367

    ФИЛОСОФИЯ

    Сократ (биздин заманга чейин 469—399) — байыркы грек философу. Ал таш сомдоочу менен аначы аялдын уулу болгон. Ар тараптуу билим алган. Афинанын коомдук турмушуна активдүү катышат. Биздин заманга чейин 399-жылы ага каршы: «шаар сыйынган кудайларды урматтабайт, жаңы кудайларга сыйынууну үгүттөйт жана өспүрүмдөрдү бузгандыгы үчүн күнөөлүү» деген айып коюлат. Ал өлүм жазасына өкүм кылынып, уу —цикута ичип өлөт. Сократка ар тараптуу жана ургалдуу философиялык ишмерлик мүнөздүү, ал өзүнүн окууларын субхат формасында баяндайт. Ошондуктан, Сократтын көз караштары жөнүндө үч булак боюнча: АристофандынКсенофонттун жана Платондун чыгармалары боюнча билүүгө болот. Аристофан «Булуттарда» Сократтын образын шылдың түрүндө сүрөттөп, аны софист, астролог жана «физик», «ойкананын» ээси катарында көрсөтөт. Сократты күйдүргү сөздөр аркылуу шылдыңдап, Аристофан ошол кездеги натурфилософияга жана софисттик билимге ээ болууга кызыгуучулук сыяктуу адаттын жайылышын кордогон. Ксенофонт «Сократ жөнүндө эскерүүлөрүндө» Сократты жакшылык иштерге үйрөткөн такыба устат катарында сүрөттөп, анын мамлекетке карата мамилеси толук лоялдуу экендигин көрсөтөт. Ксенофонт Сократтын басмырлантылган образын берип, аны жаштарды бузду деп жок жерден айыпташканын белгилейт. Платон болсо Сократты терең ойчул катарында сүрөттөп, Платондун өз ойлору Сократтын атынан баяндалат. Сократка мүнөздүү болгон нерсе бул: ал софисттерге каршы чыгуу менен, ошол эле убакта өзүнүн чыгармачылыгында жана көз караштарында философиялык ишмерлигине софисттер үчүн мүнөздүү болгон өзгөчөлүктөрдү билдирген. Сократ ошол учурдагы философтор үчүн мүнөздүү болгон жаратылыш жөнүндөгү, анын түп негизи, дүйнө түзүлүшү жана башкалар жөнүндөгү проблемаларды тааныган эмес. Сократтын пикири боюнча философия жаратылышты эмес, адам маселесин, анын адеп-актык сапаттары жана билимдердин маңызы жөнүндөгү маселелерди изилдөөсү керек. Философия иш алып бара турган эң башкы маселе — этика маселелери болуп саналат, бул — Сократтын субхаттарынын башкы предмети болгон. Мында Сократ өз көз караштарын негиздөө үчүн өзү иштеп чыккан усулду колдонгон, бул философиянын тарыхына сократтын, атап айтканда, диалектика, диалектикалык талаш-тартыштын искусствосу деген аталыш менен кирген. АРИСТОТЕЛЬ: Аристотель (Х.Т.ч. 384—322) — байыркы эң улуу грек философу, анын жараткан оригиналдуу окуусу философияда өзүнчө бир доорду түзгөн. Ал Стагир шаарында туулган (ошондуктан көп учурда аны Стагирлик деп аташат). Анын атасы Никомах Македония падышасы Аманта ІІІнүн сарайында дарыгер болгон. Христос туулганга чейинки 367-жылы он жети жашында Аристотель билим алуусун улантуу үчүн Афинага келет да, платондук Академияга окууга кирип, Платондун окуучусу болуп калат. Академияда Платон өлгөнгө чейин 20 жыл ашап турат, андан кийин Атарнейге, андан соң Метиленге көчүп келет. Бир аз убактан кийин ал македондук падыша Филипптин уулу Александрдын тарбиячысы болуп калат. Үч жылдан кийин Филипп өлүп, Александр такка отурат, Аристотель болсо он эки жыл сыртта жүрүп, элүү жаш курагында, Афинага кайтып келет. Афинада ал Ликей деп аталган мектеп ачат, анткени мектеп Аполлон Ликейскийдин храмына туташ жаткан гимназиянын территориясына жайгашкан эле. Окутууну Аристотель адатта гимназиянын аллеяларында өткөргөн, ошондуктан мектепти перипатетикалык (гректин «перипатео» — сейилдөө деген сөзүнөн) мектеп деп аташкан. Александр өлгөндөн кийин (Х.Т.чейинки 323-ж). Афинада антимакедондук көтөрүлүш чыгат. Аристотель дайыма Македония менен байланышта болууну жактаган. Ал «кудайсыз» деп айыпталып, бирок ал сотту күтпөстөн Эвбея аралындагы Халкидага кетип калат да бир жылдан кийин Х.Т.чейинки 322-ж.каза болот. Аристотелдин бизге чейин келип жеткен адабий мурасы толук эмес, анын үстүнө бизге жеткендер толук бойдон чыныгы аристотелдик эмгектер деп таанылбайт. Аристотелдин мыкты жетик чыгармаларын үч топко бөлүүгө болот: «Органон» деп аталган логикалык эмгектери, буга «Категориялар», «Иликтеп-талдоо жөнүндө», «Аналитиктер», «Топика», «Софистикалык төгүндөөлөр» кирет; бытье жөнүндөгү китеп www.bizdin.kg — «Метафизика», табият таануу боюнча илимий чыгармалар — «Физика», «Асман жөнүндө», «Айбанаттар дүйнөсү жөнүндө» ж.б.; этикалык чыгармалар — «Никомах этикасы»; «Саясат» трактаты; риторика жана поэтика боюнча эмгектер — «Риторика искусствосу», «Поэтика жөнүндө». Аристотелдин чыгармаларынын тизмеси эле ал талдап-караган маселелердин көп түрдүүлүгүн далилрдеп турат.

    Аристотелдин философия жана илим жагындагы чыгармачылыгы антик акыл-оюнун туу чокусу деп эсептелинет. Ал байыркы грек маданиятынын — анын башталышынан биздин заманга чейинки IV кылымга келип такалган бүтүндөй бир мезгилдеги өнүгүшүнүн жыйынтыгын чыгарган. Билимдерди системалаштырууда жана бир катар илимий тармактарды бөлүп чыгарууда ал чоң эмгек сиңирген, ал тармактар кийин илимде оз алдынча багыттарды түзгөн

    Платон ( бай.-грек. Πλάτων) (б.з.ч. 428 же 427 Афинада туулган — б.з.ч. 348 же 347 өлгөн) — байыркы грек философу, Сократтыншакирти жана Аристотелдинустаты. Адамзаттын «эң жакшы жашоо» маселеси жөнүндө тынчсызданып, Платон аны акыл-эс ишке ашыра турган (бул мезгилдин ойчулдары үчүн акыл-эс каражат эмес, максат болгон) мамлекеттердин моделин түзүүнүн жардамы менен чечүүгө аракет кылган. Платон үчүн идеалдуу мамлекеттин прототиби болуп, байыркы Грециялык мамлекеттүүлүктүн негизги формасы, полис же шаар-мамлекет эсептелген. Платондун ою боюнча идеалдуу мамлекет барыдан мурда адамдын өлбөс жан-дүйнөсүн сактап калуу үчүн зарыл. Философ-моралист катары ал жердеги берекесиз, аянычтуу жашоого каршы чыгат. «Мамлекет»диалогунда Платон алгачкылардан болуп, саясий формаларды мүнөздөөгө кайрылат. Ал саясий формалардын начарлары деп: тимократия, олигархия жана демократияны сүрөттөп кеткен. Акыркысын ал сөзсүз түрдө көпчүлүктүн тираниясына алып келе турган саясаттын башкы кырсыгы деп атаган. Мамлекеттин начар формасына Платон идеалдуу мамлекетти каршы койгон. Идеалдуу мамлекетти – тандалган ойчулдардын акыйкаттуу башкаруусу катары сүрөттөгөн. Платон «сейрек кездешүүчө бул адамдар» гана чыныгы билим менен ак ниеттүүлүктүн баасын билет деп эсептеген. Платондун саясий идеалында инсан, коом жана мамлекет полисте айкалышкан. Катардагы индивидге чыныгы билим тиешелүү боло албайт дегенге ишенип, Платон аны мамлекетке баш ийдирүүгө умтулган. Ал тарбиялоо жана билим берүү системаларын катуу көзөмөлдөөгө алган катмарлардын бекем иерархиясын киргизген: (жогорку тап) ойчулдар – башкаруучулар, жоокерлер жана күзөтчүлөр, кол өнөрчүлөр жана дыйкандар. Башкарылуучулардын жеке эч нерсеси: үй-бүлө, менчиги жок – бардыгы жалпы. Жогорку тап бийликте болгонуна карабай, «мамлекет сунуш кылган жыргалчылыктын биринен да пайдалана алышпайт». «Биз мамлекетти, – деп улантат Платон – анда бирөөлөр гана эмес, бардыгы бактылуу болушу үчүн курабыз». Платондун саясий окуусунда тоталитаризмдин башатын көрүүгө болот. Бирок бир нече кемчилдигине карабай анын ойлорунда мамлекеттүүлүктүн акылга сыярлык негиздерин, жогорку моралдык жан-дүйнөнү табууга мүмкүн.Сократка чейинки грек философиясынын (б. з. ч. 7–4-к. башы) алгачкы мезгилдеги өкүлдөрүнүн шарттуу аталышы. Философиялык ой жүгүртүүнүн негизги предмети досократиктерге – космос – кадимки эле сезимге таасир берүүчү, коюлтуунун жана суюлтуунун натыйжасында бири-бирине өз ара өтүп кетүүчү стихия катары ойлонулган: жер, суу, аба, от жана эфир. Досократиктерге: Фалес, Анексимандр, Анаксимен, Гераклит, Диоген Аполлонийский, Ксенофан, Пифагор, Пармениджана Элейлик анын окуучулары, Эмпедокл, Анаксагор, Левкипижана Демокрит киришет.


    написать администратору сайта