Главная страница
Навигация по странице:

  • Сабакта колдонулуучу ИКТ каражаттары

  • Окуу китебине электрондук тиркеме: «Компьютердик презентациялар» презентациясы.Сабактын мазмунун баяндоонун өзгөчөлүктөрү

  • 30-сабак Число __________________________ ________ классыТекшерген окуу бөлүмүнүн башчысы _____________Сабактын темасы: Мультимедиалык презентацияларды түзүү

  • Сабакта карала турган негизги түшүнүктөр

  • Сабактын мазмунун баяндоонун өзгөчөлүктөрү

  • Компьютердик практикум 17-иш.

  • Чечил үүчү окуу маселелери

  • Сабакта карала турган негизги т үшүнүктө р

  • Поурочный план 5 класс по информатике на кыргызском языке. 5 класс. 1сабак Числосу классы Текшерген окуу блмнн башчысы Сабактын темасы Коопсуздук техникасы жана жумушчу орунду уюштуруу


    Скачать 80 Kb.
    Название1сабак Числосу классы Текшерген окуу блмнн башчысы Сабактын темасы Коопсуздук техникасы жана жумушчу орунду уюштуруу
    АнкорПоурочный план 5 класс по информатике на кыргызском языке
    Дата07.11.2021
    Размер80 Kb.
    Формат файлаdocx
    Имя файла5 класс.docx
    ТипДокументы
    #265005
    страница5 из 5
    1   2   3   4   5

    Сабакта карала турган негизги түшүнүктөр: презентация; компьютердик презентация; слайд; презентациянын шаблону; презентациянын дизайны; слайддын макети; гипершилтеме; анимациянын эффекттери.
    Сабакта колдонулуучу ИКТ каражаттары: мугалимдин персонал компьютери, мультимедиалык компьютер, экран; окуучулардын персонал компьютерлери.
    Окуу китебине электрондук тиркеме:

    «Компьютердик презентациялар» презентациясы.

    Сабактын мазмунун баяндоонун өзгөчөлүктөрү: Сабактын башында жүзөгө ашырылат:

    1.§ 15 суроолору боюнча өздөштүрүлгөн материалдарды текшерүү;

    2.үй тапшырмасын аткруу учурунда кыйынчылык туудурган тапшырмаларды кароо.

    Жаңы материалдарды баяндоо «Компьютердик презентация­ лар» презентациясын колдонуу менен жүргүзүлөт.

    Сабактын практикалык бөлүгүндө окуучулар окуу китебиндеги № 3, № 4 тапшырмаларды аткарышат

    Үй тапшырмасы: § 16, параграфтагы № 1–8 суроолор жана тапшырмалар. Компьютердик презентациялар рефератын жазуу.

    Компьютердик практикум

    16-иш. Гипершилтемелүү презентацияларды түзөбүз.

    30-сабак

    Число __________________________ ________ классы

    Текшерген окуу бөлүмүнүн башчысы _____________
    Сабактын темасы: Мультимедиалык презентацияларды түзүү
    Сабактын максаты:

    А. предметтик – компьютердик технология менен байла-нышкан негизги түшүнүктөр тууралуу билишет;

    Б, метапредметтик – практикалык маселелерди чечүү үчүнмультимедиалык презентацияларды түзүүчү инструменттерди колдонуунун негизги көндүмдөрү жана билгичтиктери жөнүндө билишет;

    В. жеке-инсандык – компьютердин негизги мүмунчүлүктөрүтууралуу билимдерди өздүк жашоо тажырыйбалары менен бай-ланыштырып; компьютерлерди практикалык колдонууга байланышкан суроолорго кызыгышат.

    Чечилүүчү окуу маселелери:

    -мультимедиалык презентацияларды түзүүнүн негизги талаптарын кайталоо;

    -«Компьютердик техниканын өнүгүү тарыхы» презентациясын түзүү.

    Сабакта карала турган негизги түшүнүктөр: компьютердик презентация; презентацияны пландаштыруу; презентацияны түзүү жана редакциалоо; презентацияны монтаждоо.

    Сабакта колдонулуучу ИКТ каражаттары:мугалимдин персонал компьютери, мультимедиалык компьютер, экран; окуучулардын персонал компьютерлери.

    Сабактын мазмунун баяндоонун өзгөчөлүктөрү: Сабактын башында жүзөгө ашырылат:

    1.§ 17 суроолору боюнча үйрөнүлгөн материалдарды текшерүү;

    2.Үй тапшырмасын аткаруу учурунда кыйынчылык туудурган тапшырмаларды кароо.

    3.Сабактын практикалык бөлүгүндө окуучулар Power Point презентация түзүү системасынын мүмкүнчүлүктөрү менен таа-нышат. Мугалим каалагандай тапшырманы видеопроектор менен көрсөтүп командалары менен тааныштырып, тандалып алынган мисалдын негизинде ишти кандай баштоо процессин көрсөтүп чыгат. Ар бир окуучуга өз алдынча каалаган темада презентация түзүп көрүүнү сунуштайт.

    Сабактын аягында окуучулар рефераттарын (кагазга ба-сылган же электрондук түрдө) же презентацияларын мугалимге текшерүүгө тапшырышат.
    Үй тапшырмасы
    Окуу китебиндеги § 17, № 1–№ 8 тапшырмаларды үйдөн кайталап, аткарып келүү.
    Окуучулар өз алдынча рефератты публикага көрсөтүүгө да-ярдап келишет.
    Компьютердик практикум
    17-иш. Циклдык презентацияны түзөбүз.


    31-сабак.

    Число ______________________ __________ классы

    Текшерген окуу бөлүмүнүн башчысы ______________
    Сабактын темасы: «Мультимедиа» главасынын негизги

    түшүнүктөрүн жалпылоо жана системалаштыруу
    Сабактын максаты:

    А. предметтик – мультимедиа технологиясы менен байла-нышкан негизги түшүнүктөр тууралуу билишет;

    Б. метапредметтик –өздөрүнүн иштеринин жыйынтыгынпубликага көрсөтүү жөндөмдүүлүгү (көндүмү, билгичтиги) өсөт;

    В.жеке инсандык –компьютердин негизги мүмкүнчүлүктөрүтууралуу билимдерди өздүк жашоо тажырыйбасы менен байла-ныштырып, компьютерлерди практикалык колдонууга байланышкан суроолорго кызыгышат.

    Чечилүүчү окуу маселелери:

    -мультимедиалык технологиялар тууралуу окуучулардын түшүнүктөрүн жалпылоо жана системалаштыруу;

    -рефераттарды жана презентацияларды көрсөтүү.

    Сабакта карала турган негизги түшүнүктөр: мультимедиа технологиясы; мультимедиалык продуктылар; үндү дискреттештирүү; компьютердик презентация; слайд; пре-зентациянын дизайны; гипершилтеме; анимациянын эффект­ тери: презентацияны пландаштыруу; презентацияны түзүү жана жана редакциалоо; презентацияны монтаждоо.

    Сабакта колдонулуучу ИКТ каражаттары: мугалимдин персонал компьютери, мультимедиалык компьютер, экран; окуучулардын персонал компьютерлери;

    Сабактын мазмунун баяндоонун өзгөчөлүктөрү: Сабактын башында окуу китебиндеги берилген тапшырмалардын аткарылышын окуучулар менен талкуулашат. Андан кийин мугалим 2–3 окуучуга презентация жасоону сунуштайт. Бардык окуучулар бул иштерди талкуулоого катыша алышат. Эгер убакыт болсо каалаган окуучуларга презентациялары менен айтып чыгууну сунуштаса болот.

    Сабактын аягында окуучулардын рефераттарына жана пре-зентацияларына баа коюулат.

    Үй тапшырмасы

    Темалар боюнча (окуучунун тандоосуна жараша) билдирүү­ лөрдү (презентацияларды) даярдоо:

    -Информацияны берүү: сигнал, белги, символ.

    -Жазуулардын тарыхы.

    - Тил информацияны берүүнүн жолу катары.

    - Адамдын маалыматты кабылдоо, эстөө, иштетүү жана берүү өзгөчөлүктөрү.

    - Биздин айланабыздагы информациялык процесстер.

    - Информацияларды ташуучулар жана алардын тарыхы.

    - Информацияны коддоо: өткөндөн бүгүнкү күнгө чейин.

    - Информацияны берүү каражаттарынын тарыхы.

    - Эсептөө жана эсептөө системаларынын тарыхы.

    - Цифралык маалыматтар – цифралык техника – цифралык революция.

    - Эсептөө каражаттарынын өнүгүү тарыхы.

    - Компьютердик техниканын өнүгүү тарыхы.

    - Компьютердик эс жана анын түрлөрү.

    - Компьютерге визуалдык информацияларды берүүчү түзүлүштөр.

    - Биз кремний кылымында жашайбызбы?!

    - Маус жана компьютерди башкаруунун башка түзүлүштөрү.

    - Принтерлер: сүрөттөлүштөрдү кагазга чыгаруудан баштап, физикалык объекттерди түзүүгө чейин.

    - Компьютер жана ден соолук.

    - Суперкомпьютер — бул эмне деген керемет?

    - Персонал компьютерлердин операциялык системаларынын тарыхы.

    - Колдонуучунун интерфейси: өнүгүү тарыхы.

    - Инсандар аркылуу компьютердик техниканын тарыхы.

    - Растрдык, вектордук жана фракталдык графика.

    - Электрондук китеп: колдоочу жана каршы пикирлер.

    - Мультимедиа жана аны колдонуу чөйрөлөрү.

    1   2   3   4   5


    написать администратору сайта