Главная страница

Поурочный план 5 класс по информатике на кыргызском языке. 5 класс. 1сабак Числосу классы Текшерген окуу блмнн башчысы Сабактын темасы Коопсуздук техникасы жана жумушчу орунду уюштуруу


Скачать 80 Kb.
Название1сабак Числосу классы Текшерген окуу блмнн башчысы Сабактын темасы Коопсуздук техникасы жана жумушчу орунду уюштуруу
АнкорПоурочный план 5 класс по информатике на кыргызском языке
Дата07.11.2021
Размер80 Kb.
Формат файлаdocx
Имя файла5 класс.docx
ТипДокументы
#265005
страница2 из 5
1   2   3   4   5

Компьютердик практикум

5-иш. Тексттик редактордун графикалык мүмкүнчүлүктөрүменен таанышабыз.

Тапшырмаларды чыгаруудагы жооптор жана көрсөтмөлөр:

Окуу китебиндеги тапшырмалар

№2. Төмөндөгү аракеттер менен маселени чечсе болот:

1) 9 литрдик чаканы сууга толтуруу керек;

2) 9 литрдик чакадан 5 литрдик чакага толтуруу керек;

3) 5 литрдик чакадагы сууну төгүп таштоо керек;

4) 5 литрдик чакага 9 литрдик чакада калган 4 литр сууну куюп алуу керек;

    1. литрдик чаканы сууга толтуруу керек;

    1. литрдик чакадан 5 литрдик чакага толуктап куюш керек;

    1. литрдик чакадагы сууну төгүп таштоо керек;

    1. литрдик чакадан 5 литрдик чакага толтуруу керек;

    1. литрдик чакадан сууну төгүп таштоо керек;

11)үйгө 9 литрдик чакадагы калган сууну алып баруу керек.
№ 4. Бул алгоритм аткарылгандан кийин Чегиртке 4 санынын үстүндө болуп калат.
8-сабак

Числосу__________________ _________ классы

Текшерген: окуу бөлүмүнүн башчысы: ___________
Сабактын темасы: Сызыктуу алгоритмдер
Сабактын максаты:

А. предметтик –сызыктуу алгоритмдер тууралуу түшүнүктөрдү алышат;

Б. метапредметтик –коюлган максатка жетүүнүн жолдорун өз алдынча пландоону билишет; өзүнүн аракеттерин текшерип турушат, сунуш кылынган шарттын аймагында жасалуучу жу-муштун ыкмаларын аныктап, өзгөрүп кеткен абалдарга ылайык жасалуучу аракеттерге түзөтүүлөрдү киргизишет; окуу тапшырмаларынын туура аткарылгандыгын баалоо; ИКТ-компетентүүлүк (сызыктуу презентацияларды түзүшөт);

В. жеке инсандык –окуу материалынын мазмунун өзүнүнжеке турмушундагы тажрыйбалар менен байланыштыра алышат, азыркы заманга ылайык адамдын алгоритмдик ой жүгүртүүсүнүн маанисин түшүнүшөт.

Чечилүүчү окуу маселелери:

-сызыктуу алгоритм түшүнүгүн калыптандыруу;

-формалдуу аткаруучулар үчүн берилген командалар системасы аркылуу сызыктуу алгоритмдерди түзүүнү үйрөтүү;

-графикалык сүрөттөлүштөрдү вектордук графиканын каражаттары менен түзүүнү билүүнү актуалдаштыруу;

-бир нече слайддан турган презентацияны түзүүнү билүүнү актуалдаштыруу.

Сабакта карала турган негизги түшүнүктөр: алгоритм; блок-схема; сызыктуу алгоритм.

Сабакта колдонулуучу ИКТ каражаттары: мугалимдин персонал компьютери, мультимедиалык компьютер, экран, окуучулардын ПК.

Окуу материалына берилген электрондук тиркеме: 1) «Алгоритмдердин типтери» презентациясы.

Сабактын мазмунун баяндоонун өзгөчөлүктөрү:

Өтүлгөн окуу материалын актуалдаштыруунун төмөндөгүдөй удаалаштыгы сунушталат: Төмөндөгү суроолор талкууланат: - 1.Алгоритм деген эмне?

2.Мектепте кандай алгоритмдерди окуп үйрөндүңөр?

3.Алгоритмдерди аткаруучулар деген ким же эмне?

4.Силерге алгоритмдин кандай жазылыш формалары белгилүү?

5.Блок-схема түзүүдө кандай геометриялык фигуралар кол-донулат жана алар кандай аракеттерди түшүндүрөт?

6.Практикалык тапшырмалар текшерилет.

Мындан кийин сызыктуу алгоритм түшүнүгү боюнча тапшырмалар аткарылат.

Сабактын 2-бөлүгүндө окуучулар «Сызыктуу презента-цияны түзөбүз» ишин аткарууга киришет. Мында «Саат» деген темада түзүшөт. Тапшырманы берүү алдында даярдалган үлгүнү көрсөтүү. Презентациядагы слайддар базалык баштапкы сүрөтүнүн негизинде түзүлөт. PowerPoint презентация редакто-рунда вектордук графиканын жардамы менен түзүлөт.

Үй тапшырмасы: § 7 № 1–№ 8.

Компьютердик практикум

6-иш. Даяр фигуралар менен иштөөТапшырмалардын жооптору жана көрсөтмөлөр

Окуу китебиндеги тапшырмалар № 2

Программа

Программанын аткарылыш протоколу







Кошуу 1

Баштапкы мааниси: 0.

Көбөйтүү 2

1

Кошуу 1

2

Көбөйтүү 2

3

Көбөйтүү 2

6

Көбөйтүү 2

12

Кошуу 1

24

Көбөйтүү 2

25




50




Жыйынтык: 50.







9-сабак

Числосу__________________ _______ классы

Текшерген окуу бөлүмүнүн башчысы ________

Сабактын темасы: Тармактуу алгоритмдер
Сабактын максаты:

А. предметтик – тармактануу алгоритмдер түшүнүгүн алышат;

Б. метапредметтик – коюлган максатка жетүүнүн жолдорун өз алдынча пландоону билишет; өзүнүн аракеттерин текшерип турушат, сунуш кылынган шарттын аймагында жасалуучу иштин ыкмаларын аныктоо, өзгөрүп кеткен абалдарга ылайык жасалуучу аракеттерге түзөтүүлөрдү киригзе алышат, окуу тапшырмаларынын аткарылгандыгын баалап, ИКТ компетенттүүлүк (гипершилтемелер менен презентация түзө алышат)

В. жеке инсандык –окуу материалынын мазмунун өзүнүнжеке турмушундагы тажрыйбалар менен байланыштырып, азыркы заманга ылайык адамдын алгоритмдик ой жүгүртүүсүнүн маанисин түшүнүшөт.

Чечилүүчү окуу маселелери:

-окуучулардын алгоритм түшүнүгүн өстүрүү;

-тармактануу алгоритмдер түшүнүгүн калыптандыруу;

-түрдүү кырдаалдарда тармактанууну көрө билгенге үйрөтүү; ---блок-схемалардын жардамы менен тармактануу алгоритмдерин аткарууну үйрөтүү

-тармактануу алгоритмдерин иштеп чыгуунун көндүмдөрүн иштеп чыгуу;

- бир нече слайддардан презентация түзүүнү билүүнү бышыктоо;

-гипершилтемелер менен презентацияларды түзүүнү үйрөтүү.

Сабакта карала турган негизги түшүнүктөр: алгоритм; алгоритмдин типтери; сызыктуу алгоритм; шарты; тармактануу; гипершилтеме.

Сабакта колдонулуучу ИКТ каражаттары: мугалимдин персонал компьютери, мультимедиалык компьютер, экран; окуучулардын персонал компьютерлери;

Окуу материалына берилген электрондук тиркеме: 1.«Алгоритмдердин типтери» презентациясы.

Сабактын мазмунун баяндоонун өзгөчөлүктөрү:

Өтүлгөн окуу материалын актуалдаштыруунун жана текшерүүнүн төмөндөгүдөй удаалаштыгы сунушталат:

1.практикалык тапшырмаларды аткарууну текшерүү жана тапшырманын толук аткарылышын талкуулоо;

2.төмөндөгү суроолор талкууланат:

-Алгоритм деген эмне?

-Кандай алгоритмдер сызыктуу деп аталышат?

-Сызыктуу алгоритмге кандай мисалдарды келтире аласыңар?

-Силерге белгилүү болгон алгоритмдердин бардыгын сызыктуу алгоритм десек болобу?

Тармактануу алгоритм түшүнүгүн киргизгенден кийин окуу материалынын негизинде түзүлгөн практикалык тапшырмалардан ушул типтеги алгоритмдер каралат (мугалим тандайт).

Сабактын экинчи бөлүгүндө окуучулар № 16 «Гипершилте-ме менен презентация түзөбүз» тапшырмасын («Жыл мезгилде-ри») аткарууга киришет. Тапшырманы берүүнүн алдында мурун даярдалган үлгүнү көрсөтсө кызыктуурак болот. Презентациядагы слайддар базалык баштапкы сүрөттүн негизинде түзүлөт. Түзүлө турган 5 слайддын ичинде окуучулар гипершилтеме менен иштөөнү үйрөнүшү керек.

Үй тапшырмасы: § 7, № 4, № 5, № 6.

Компьютердик практикум

7-иш. Компьютердик документтерди даярдайбызОкуу китебиндеги тапшырмалар:

№ 4. Эки жолу таразага тартуу керек болот.

1- кадам. Монеталарды үч үймөккө бөлөбүз: 3 + 3 + 3.

2-кадам.Тандалып алынган эки үймөктү салыштырабыз.Эгерде алардын салмактары бирдей болсо, анда жасалма монета үчүнчү үймөктө болот, болбосо үймөктүн эң жеңилинде.

3-кадам. Эки тандалып алынган монетаны салыштырабыз.Эгерде алардын салмактары бирдей болсо, анда үчүнчү монета жасалма болот, анын салмагы эң жеңил.


10–1-сабак

Числосу__________________ _______ классы

Текшерген окуу бөлүмүнүн башчысы ________
Сабактын темасы: Аткаруучу ГРАТ (Чиймечи).

Алгоритмдик башкаруунун мисалы ГРАТ (Чиймечи)
Сабактын максаты:

А. предметтик – аткаруучуну башкаруу үчүн алгоритмдерди түзүү билгичтиги калыптанат;

Б. метапредметтик – коюлган максатка жетүүнүн жолдорун өз алдынча пландоону билишет; өзүнүн аракеттерин текшерип турушат, сунуш кылынган шарттын алкагында жасалуучу иштин ыкмаларын аныктап, өзгөрүп кеткен абалдарга ылайык жасалуучу аракеттерге түзөтүүлөрдү киргизишет; окуу тапшырмаларынын туура аткарылгандыгын баалоо; аткаруучуга түзүлгөн алгоритмдин жардамы менен башкаруунун жана чечим кабыл алуунун тажрыйбаларын арттырышат

В. жеке инсандык –окуу материалынын мазмунун өзүнүн

жеке турмушундагы тажрыйбалар менен байланыштыра алышат, азыркы заманга ылайык адамдын алгоритмдик ой жүгүртүүсүнүн маанисин түшүнүшөт.

Чечилүүчү окуу маселелери:

-окуучуларда аткаруучулар тууралуу түшүнүгүн өнүктүрүү

- алгоритм тууралуу аткаруучунун ишмердүүлүгүнүн модели экендиги түшүнүгүн калыптандыруу;

-чиймечи аткаруучу менен (чөйрө, чечилүүчү тапшырмалардын чөйрөсү, АКС, иштөө режимдери, иштебей калуу (отказ) тааныштыруу.

Сабакта карала турган негизги түшүнүктөр: алгоритм; аткаруучу; формалдуу аткаруучу; аткарыла турган тапшырмалардын алкагы; аткаруучунун чөйрөсү; аткаруучунун командалар системасы (АКС); аткаруучунун иштебей калган учурлардагы системасы (отказ); аткаруучунун иштөө режимдери (түздөн-түз, программалык); башкаруу; салыштырма жылуу; абсолюттук жылуу.

Сабакта колдонулуучу ИКТ каражаттары: мугалимдин персонал компьютери, мультимедиалык компьютер, экран; окуучулардын персонал компьютерлери;

Окуу материалына берилген электрондук тиркеме:

1.«Чиймечи аткаруучусун башкаруу» презентациясы. Программалык жабдылыш (лицензия талап кылбаган)

2.КуМир (http://www.niisi.ru/kumir/) системасындагы Чиймечи алгоритм аткаруучу.

Сабактын мазмунун баяндоонун өзгөчөлүктөрү: Сабактын башталышында үй тапшырмасын текшерип жана окуучулардын көңүлүн төмөндөгү суроолорго буруу зарыл:

-Алгоритм деген эмне?

-Кандай алгоритмдер сызыктуу деп аталышат?

-Аракеттердин кандай уюштурулушу тармактануу деп аталат?

-Кандай алгоритмдерди циклдык алгоритмдер деп аташат?

-Алгоритмди аткаруучулар жөнүндө эмнелерди билесиңер?

-Формалдуу аткаруучу эмне менен мүнөздөлөт?

Сабактын теориялык бөлүгүн айтып берүү «Чиймечи аткаруучусун башкаруу» презентациясы менен коштолот. Окуу материалы окуучулар менен бирдикте активдүү талкуунун негизинде ирети менен берилет, себеби кайсы бир алгоритмдер туурасында окуучулар өздөрүнүн турмуштук тажрыйбасынан билишет.

Бул теманы ачып көрсөтүүдө ушул сабакта жана кийинки эки сабакта КуМир программалык чөйрөсүндө компьютердик практикумдарды уюштуруу зарыл.

Чиймечи программасы менен таанышууну § 7 окуу материа­лынын негизинде өтүү сунушталат. Окуучуларга түшүндүрүү убагында параграфка киргизилген суроолордун тексттерин эске алуу керек. Чиймечи программасын башкарууну теориялык түрдө эмес, иштөө процессинде көрсөтүү керек.

Үй тапшырмасы: § 7, № 1, № 2, № 3. Компьютердик практикум 8-иш. Графикалык моделдерди түзөбүз

10–2-сабак

Числосу ____________________ _________ классы

Текшерген окуу бөлүмүнүн башчысы _____________
Сабактын темасы: Жардамчы алгоритмдерди колдонуу
Сабактын максаты:

А. предметтик – аткаруучуну башкаруу үчүн алгоритмдииштеп чыгуу билгичтиги;

Б. метапредметтик – коюлган максатка жетүүнүн жолдорун өз алдынча пландоону билишет; өзүнүн аракеттерин текшерип турушат, сунуш кылынган шарттын аймагында жасалуучу жу-муштун ыкмаларын аныктап, өзгөрүп кеткен абалдарга ылайык жасалуучу аракеттерге түзүтүүлөрдү киргизишет; окуу тапшырмаларынын туура аткарылгандыгын баалоо; аткаруучуга түзүлгөн алгоритмдин жардамы менен башкаруунун жана чечим кабыл алуунун тажрыйбасы.

В. жеке инсандык – окуу материалынын мазмунун өзүнүнжеке турмушундагы тажрыйбалар менен байланыштыруу жөндөмдүүлүгүн, азыркы заманга ылайык адамдын алгоритмдик ой жүгүртүүсүнүн маанисин түшүнүшөт.

Чечилүүчү окуу маселелери:

- окуучуларда аткаруучулар түшүнүгүн өнүктүрүү;

- алгоритм тууралуу аткаруучунун ишмердүүлүгүнүн модели экендиги түшүнүгүн калыптандыруу;

- жардамчы алгоритмдер менен тааныштыруу;

- Чиймечи аткаруучу башкаруунун көндумдөрүн бышыктоо. Сабакта карала турган негизги түшүнүктөр: алгоритм; аткаруучу; формалдуу аткаруучу; аткарыла турган тапшыр-малардын алкагы; аткаруучунун чөйрөсү; аткаруучунун ко-мандалар системасы (АКС); аткаруучунун иштебей калган учурлардагы системасы (отказ); аткаруучунун иштөө режим-дери (түздөн-түз, программалык); башкаруу; негизги алго-ритм; жардамчы алгоритм.

Сабакта колдонулуучу ИКТ каражаттары: мугалимдин персонал компьютери, мультимедиалык компьютер, экран; окуучулардын персонал компьютерлери;

Окуу материалына берилген электрондук тиркеме:

1.«Чиймечи аткаруучусун башкаруу» презентациясы. Программалык жабдылыш (лицензия талап кылбаган)

2.КуМир (http://www.niisi.ru/kumir/) системасындагы Чиймечи аткаруучу.

Сабактын мазмунун баяндоонун өзгөчөлүктөрү: Окуу материалдары кандай деңгээлде өздөштүрүлгөнүн жана алган билимдерин актуалдаштыруу үчүн төмөндөгүдөй удаалаштыктагы жумуштарды аткаруу сунуш кылынат:

1.негизги аныктамаларды кандай өздөштүргөндүктөрүн билүү максатында блиц-сурамжылоо: аткаруучу, формалдуу ат-каруучу, формалдуу эмес аткаруучу;

2.окуучулар формалдуу жана формалдуу эмес аткаруучуларга мисалдарды келтирет;

3.үй тапшырмаларын текшерүү жана талкуулоо. Сабактын кийинки этабында жардамчы алгоритм түшүнүгү киргизилет. Окуу материалында келтирилген почта индексин жазуу мисалы каралат. Чиймечи аткаруучу программасынын жардамы менен 2 практикалык мисал каралат.

Үй тапшырмасы: § 7, № 1, № 2, № 3.

Компьютердик практикум 8-иш

Графикалык моделдерди түзөбүз.

Окуу китебиндеги тапшырмаларга көрсөтмөлөр, коммен-тарийлер, жооптору жана чыгарылыштары башка параграф-тан айырмаланып, окуу китебиндеги мисалдар менен берилген. Себеби, ал тапшырмалар компьютерде практикалык жумуш-тар менен аткарылат.


10–3-сабак

Числосу _______________ __________ классы

Текшерген окуу бөлүмүнүн башчысы _________________
Сабактын темасы: ГРАТ (Чиймечи) аткаруучу үчүн кайталануучу алгоритмдер
Сабактын максаты:

А. предметтик –аткаруучуну башкаруу үчүн алгоритмдерди иштеп чыгуу билгичтиги калыптанат;

Б. метапредметтик –коюлган максатка жетүүнүн жолдорун өз алдынча пландоону билишет; өзүнүн аракеттерин текшерип, сунуш кылынган шарттын аймагында жасалуучу иштин ыкмаларын аныктай алышат, өзгөрүп кеткен абалдарга ылайык жасалуучу аракеттерге тузөтүүлөрдү киргизишет; окуу тапшырмаларынын туура аткарылгандыгын баалоо; аткаруучуга түзүлгөн алгоритмдин жардамы менен башкаруунун жана чечим кабыл алуунун тажрыйбасы.

В.жеке инсандык –окуу материалынын мазмунун өзүнүнжеке турмушундагы тажрыйбалар менен байланыштыруу жөндөмдүүлүгү, азыркы заманга ылайык адамдын алгоритмдик ой жүгүртүүсүнүн маанисин түшүнүшөт.

Чечилүүчү окуу маселелери:

- окуучуларда алгоритмди аткаруучулар түшүнүгүн өнүктүрүү;

- алгоритм аткаруучунун ишмердүүлүгүнүн модели катары экендиги түшүнүгүн калыптандыруу;

- жардамчы алгоритмдер менен тааныштыруу;

- Чиймечи аткаруучуга циклдик (кайталануучу) алгоритмдин формасы менен тааныштыруу.

Сабакта карала турган негизги түшүнүктөр: алгоритм; аткаруучу; башкаруу; негизги алгоритм; жардамчы алгоритм, циклдык алгоритм.

Сабакта колдонулуучу ИКТ каражаттары: мугалимдин персонал компьютери (ПК), мультимедиалык компьютер, экран; окуучулардын персонал компьютерлери;
Окуу материалына берилген электрондук тиркеме:

1.«Чиймечи аткаруучусун башкаруу» презентациясы. Программалык жабдылыш (лицензия талап кылбаган)

2.КуМир (http://www.niisi.ru/kumir/) системасындагы Чиймечи алгоритм аткаруучу.
1   2   3   4   5


написать администратору сайта