Главная страница
Навигация по странице:

  • 9.2.

  • 9.5.

  • Кыргыздардын турак жайы жана кийим кечеси

  • Кыргыздардын диний ишенимдери

  • Кыргыз элинде колдонмо искусствонун онугушу

  • Кыргыздардын оозеки чыгармачылыгы

  • Элдик музыканын онугушу.

  • Бышыктоо учун суроолор

  • К шу гк. лекция 9. Лекция 9 Тема Кыргызстандын маданияты. Кыргыздардын турак жайы жана кийим кечеси


    Скачать 32.8 Kb.
    НазваниеЛекция 9 Тема Кыргызстандын маданияты. Кыргыздардын турак жайы жана кийим кечеси
    АнкорК шу гк
    Дата10.05.2022
    Размер32.8 Kb.
    Формат файлаdocx
    Имя файлалекция 9.docx
    ТипЛекция
    #519984

    «Кыргызстан тарыхы». 2-курс

    «Отконун билбеген эл келечекке жол таппайт»
    Лекция №9 Тема: Кыргызстандын маданияты.

    9.1.Кыргыздардын турак жайы жана кийим кечеси

    9.2. Кыргыз элинде колдонмо искусствонун онугушу

    9.3. Кыргыздардын диний ишенимдери

    9.4. Кыргыздардын оозеки чыгармачылыгы

    9.5. Элдик музыканын онугушу.

    Адабияттар:

    1. История кыргызов и кыргызстана Бишкек 1998г

    2. Кыргызстандын тарыхы энциклопедия Бишкек 2003

    3. Ө.Ж. Осмонов А.С Мырзакматова. «Кыргызстандын тарыхы»10кл

    4. История Кыргызстана (с древнейших времен до наших дней) Бишкек 2002г.

    5. Анвар Байтур «Кыргыз тырыхы» Бишкек 2003ж


    • Кыргыздардын турак жайы жана кийим кечеси

    Кыргыздардын турак жайлары көчүрүлмө жана туруктуу болуп экиге бөлүнгөн. Көчмөнчүлүк жана жарым көчмөнчүлүк мезгилде негизги турак жай боз уй болуп, көчмөндөрдүн бүткүл турмушу ошондо өткөн. Боз үйдүн кереге-ууктары, үзүк-туурдуктары көчмөндөр тарабынан кылымдар бою улам жакшыртылып келген. Боз үй чечүүгө, чогултуп кайра таңууга, ошондой эле унаага жүктөөгө өтө жеңил, ынгайлуу, бөлүк-бөлүгү менен таңылыш, кайра тез кураштырылып тигилет. Бир конуштан экинчи конушка көчкөндө боз үйдүн жыгач-ташы, кийиздери жылкы, топоз, төөлөргө жүктөлгөн. Аны тнгүүдө, адегенде 5-6 канаттан, чоң боз үйлөрдө 8-12 каяаттан турган керегелери тегерек кылынып жазылып, бириктирилет да, бөлүкчөлөрдөн турган босогосу ашталып, ага эки жакка ачылма каалга орнотулат. Боз үйдүн орточо диаметри 5 м, бийиктиги 3-3,5 метрге жетет. Кереге орнотулгандан кийин бакандын жардамы менен түндүк көтөрүлүп, ага ууктар сайылып ууктун билеги керегенин ачаларына бекитилип байланат. Керегенин сырты чырмалган чий менен капталып, боз үйдүн бүт тулкусу ар кыл кийиздер менен (үзүк, туурдук, түндүк жана эшик жабуулар) жабылат. Кыргыз боз үйү казак жана Борбордук Азиянын башка элдеринин боз үйлөрүнө окшош келсе да, көркөмдүүлүгү, ички, тышкы жасалгалары менен айырмаланып турат. Боз үйдүн ичине жүндөн токулган таар, кийиз, шырдактар, талпак, көлдөлөң жана жер төшөктөр салынат.

    Үй-бүлө мүчөлөрүнүн боз үйдөгү орун алышы кылымдардан бери улуулугуна, сыйлуу меймандыгына карата болот. Эшиктен кире бериш оң тарабы эпчи жак деп аталып, бул аялдарга тиешелүү, мында тамак-аш, идиш-аяк сакталат; сол тарабы эр жак деп аталып, ал эркектерге тиешелүү, кире бериштен баштап эле малчылыкка, аңчылыкка керектүү буюмдар жана ат жабдыктары илинип коюлат. Боз үйдүн төр жагына сандык, жыгач такта же кыдырата тизилген таштардын үстүнө үй-бүлөнүн бүткүл турмуш-тиричилик байлыгын түзгөн килем, жууркан-төшөк, жаздык, ар түрдүү кийиздердин түрмөгү, кийим-кече оролгон таңгак, куржун жана башкалар текчеленип жыйылчу. Ушул жыйылган жүктөрүнө жараша үй-ээсинин материалдык байлыгыяын өлчөмүн байкоого болгон. Байлардын ар кандай чондуктагы, бир нече боз үйлөрү болуп, алар үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө, келүүчү меймандарга, жаңы үйлөнгөндөргө, тамак-аш бышырууга атайы арналып тигилген.

    Кыргыздар XIX к. ортосуна чейин эле (өзгөчө түндүк Кыргызстанда) негизинен боз үйлөрдө жашашкан.

    Кыргыздар адатта уруу-урук боюнча бир айылга биригип, биргелешип көчүшкөн. Кыштоолору анча бийик эмес өрөөндүн шамал тийбеген ыктоо кокту-колотторуна, сууга жакын жана малга оттуу жерлерде болгон. Мал киргизиле турган короо-сарай, бастырма-калканчы таш, чырпык же ылайдан курулган. Бара-бара кыштоолорго туруктуу туракжайлар жана чарбачылыкка ылайыктуу курулуштар салынып, айрым ыңгайлуу кыштоолордо кийин калк отурукташкан кыштактар пайда болгон. Кыргыздар дыйканчылыкка өткөндөн кийин да, көпчүлүк үй-бүлөлөр боз үйлөрдө жашашкан, же аны экинчи турак жай катары пайдаланышкан.

    Кыргызстанда турук алган айылдардын жана турак жайлардын чон айырмачылыктары болгон. Бул болсо географиялык жана тарыхый өзгөчөлүктөр, жергиликтүу салт, ошондой эле кыргыз элинин отурукташууга өтүүсү бир убакыттын ичинде жүргүзүлбөгөндүгү менен түшүндүрүлөт. Эгерде туруктуу турак жайлар түндүк жана түштүк батыш райондордо XIX к. биринчи жарымында эле пайда болсо, калган аймактарда негизинен XX к. башында курула баштаган.

    Үй куруунун техникасы боюнча кыргыздар ар түрдүү ыкмаларды пайдаланышкан. Түндүк райондордо үйдү топурактан согуп жасашса, Ысык-Көлдө мындай сокмо тамдардан сырткары жыгач үйлөрдү да курушкан. Түштүк райондордо адатта үйлөрдүн дубалын ылайдан томолоктолгон (пакса) же кесек (гувалак) коюу аркылуу көтөрүп курушкан. Түштүкбатышта каркастык дубалды ылай менен бекитип жасоо кеңири тараган. Кийинчерээк бардык жерде үйлөрдү бышырылбаган, айрым учурларда бышкан кирпичтер менен курууга өтүшкөн.

    Кыргыздардын байыркы салттык кийимдери бир аз гана өзгөрүүлөрү менен отурукташууга чейин сакталып келген. Мал чарбачылыгы басымдуулук кылган жерлерде кийим-кечектин абалкы түрлөрү, адатта үйдө даярдалган материалдардан: жапайы айбандардын жана малдын кол менен иштетилген терилеринен, бышык басылган жука кийизден, койдун, төөнүн жүндөрүнөн токулган таарлардан тигилген. Ошондой эле, көчмөнчүлүктүн шартында да кыргыздар сырттан келген товарларды: орто азпялык жава кашкарлык кустардык өндүрүштүн кездемелерин, жибек, жүидөн токулган кездеме, баркыттарды алып пайдаланышкан.

    XIX к. башында эркектердин эски үлгүдөгү ич кийими катары боору ачык көйнөк, дамбал жана башкалар эсептелген. Көйнөктү ак боздон же матадан кементайга окшош бычып, этегнн тизеден төмөн түшүрүп, жени колдун учун жапкандай балбырата тигишкен, алар кайырма жакалуу же жакасыз болгон.

    Сырт кийимдердин бардыгы халат сыяктуу келип, жакалуу же жакасыз эле өтө кенен тигилген. Кышкы кнйимдин жакасын көрпөдөн, ац терилеринен жасашкан. Анын четтерине кара сатин, баркыт же кара көрпө бастырылып кооздолгон. Кышкы сый кийими карышкыр, сүлөөсүн, кундуз терилеринен жасалып, сырты нооту менен тышталган ичик болгон. Кышкысын териден жасалган тон кийишкен. Кыргызстандын түндүгүндө жана түндүк чыгышында ак же каралжын жүндөн жасалган кемевтайларды кийишкен. Ак кементай колунда барлардын арасында кеңири таралган. Аны кооздоп, баркыт менен кыюулап жасашкан. Колго ийрилип, жүндөн токулган таардан жени узун, жакалуу же жакасыз, узун жана кенен чепкен. тигишкен. Жылуулук мезгилдерде кийилүүчү тыгыз кездемеден тигилген орнотмо жеңдүү, чөнтөктүү, адамдын денесине ылайыкталып тигилген биринчи сырткы кийим беишант деп аталган.

    Абалтан эле эркектер кийимдин сыртынан кур курчанышкан. Эң байыркы колдо жасалган курлар кийинчерээк фабрикалык, кездеме же кайыш курлар менен алмаштырылган. Колунда бар кыргыздар бетине күмүш купалар чаптырылып, булгаарыдан жасалган жазы кемерлерди курчанышкан. Курга кындуу бычак, устара, шибеге жана оттук таш байланып жүрүшкөн.

    Баш кийимдердин кенири тараган түрү тебетей болгон. Анын төбө жагы төрт талаалуу тигилип, кырына түлкү же кара күрөн түстөгү козунун көрпөсүнөн кыргак капталган. Көрктүү жана баалуу баш кийимдерди суусардын, калтардын терилеринен жасашкан. Аларды бийлер, бай-манаптар гана кийишкен. XIX к. эркектердин кенири таралган баш кийими кышкысын — көрпө тебетей, жайкысын ак калпак болгон.

    Кыргыздардын эзелки бут кийимдерине көк булгаарыдан жасалган өтүк, ошондой эле чылгый териден жасалып, кыдырата үстүнкү тегерек чети кайыш тасмалар менен бүгүлүп тартылып, байлануучу чарык чокойлор болгон.

    Аялдардын кенири тигилген көйнөк, дамбал сыяктуу ички кийимдери болгон. Жгип келин кыздар ар түрдүү түстөгү, көбүнчө кызыл көйнөктөрдү кийишкен.

    Аялдардын сырткы кийимдери бычымы боюнча эркектердикине окшош (чапан, тон) болгон.

    Кыргыз аялдарынын этностук өзгөчөлүгүн күбөлөөчү илгерки кийими белдемчи болгон. Ал аялдын келбетин келишимдүү көрсөткөн. Кыргыз аялдарынын баш кийимдери көп түрдүү, жасалышы татаал жана өзгөчө болгон. Кыздардын баш кийими шуңшугуй төбөлүү тебетей эле. Кыздар үйлөнүү тоюнда күмүш, шуру, бермет, седеп жана башкалар менен кооздолгон шөкулө кийишкен. Аялдардын бардык жердегн негизги баш кийими элечек болгон. Кийинчерээк элечек жоолук менен алмаштырылып, адегенде жоолукту элечек сымал салынышкан. Аялдардын келбетине кошумча көрк кошкон, улуттук өзгөчөлүктү түзгөн жасалгалар күмүш иймек, шакек, билерик, чачпак, чач учтук кеңири колдонулган.


    • Кыргыздардын диний ишенимдери

    Кыргызстанда патриархалдык феодалдык мамилелердин үстөмдүк кылып келиши элдин рухий турмушунда диндин маанилүү орунду ээлешине себеп болгон. Кыргыздардын официалдуу дини ислам болуп эсептелсе да, ал элдин диний түшүнүктөрүнүн толук мазмунун түзгөн эмес. Анын үстүнө мусулманчылык менен катарлаш диндин алгачкы формаларынын калдыктары да кыйла даражада сакталып келген. Азыркы Кыргызстандын аймагында исламдын таралышы IX-XII к. таандык. Кыргыздар алгачкы диний ишенимдерин XVI к. чейин гана эмес, андан кийин да узак убакыттарга чейин кармап келишкен. Осмон түрктөрүнөн чыккан Сейфи (XVI к.) кыргыздарды «мусулман да капыр да болгон эмес» деп жазган. Махмуд ибн-Вели (XVII к.) кыргыздарды капырлар деп атап «алар өлкөгө өзбектердин келиши менен мусулман болуп калышы ыктымал» деген. XVII к. ТенирТоолук кыргыздарга жунгарлардын бир катар кол салууларынын мезгилинде кыргыздардын бир бөлүгү мусулман калкы жашаган Фергана өрөөнүнө жана ага тутумдаш тоолуу райондорго оошуп отурукташуусуна байланыштуу мусулман дини кыргыздарга кеңири тарала баштаган. Жаны чөйрөдө кыргыздар жаны динди да тез кабыл ала баштайт. Бирок Жуңгар хандыгы кулагандан кийнн кыргыздардын мурдагы жашаган жерлерине кайтып келиши менен алардын мусулмандашуу процесси кайрадан солгундаган.

    Кыргыздардын арасында ислам дининин өтө кеңири таралышы Кокон хандыгынын учуруна туура келет. Анткени, динди таратуу Кокон башкаруучуларынын саясатынын бир бөлүгү болгон. Кыргызстандын аймагындагы стратегиялык мааниси бар жайларда чептер курулуп, мечиттер салынып, кокондук молдолор мечиттерди тейлей баштаган. Бирок кыргыздардын диний турмушунда мечиттин ролу чектелген абалда болду. Анткени, мечиттер көбүнчө чеп ичинде курулуп, ал эми кыргыздар болсо алардан оолагыраак көчүп жүрүүгө аракет кылышкан. Ошого карабастан XIX к. кыргыздар маңызын терен түшүнбөсө да, исламдын негизги ырым-жырымдарын өздөштүрө баштаган.

    Исламга чейинки коомдук өнүгүүнүн ар түрдүү баскычтарынан калган диний ишенимдер каада-салттарда ислам менен бир катарда, айрым учурларда ага аралашып жашап келген. Кыргыздардын көз карашында диний ишенимдердин мурдагы калдыктарынан сакталып калган эң алгачкы формаларынын арасында тотемдик (ыйык) түшүнүктөр да болгон. Ал боюнча айрым уруктардын же уруулардын келип чыгышы жагынан кээ бир айбанат, канаттуулар менен тукумдаш (бир кандаш) деген идеяга негизделип, ошолордун сөөктөрүн, канаттарын жана башка мүчөлөрүн ыйыкташтырууга алып келген. Түндүк кыргыздардын бир чоң уруусунун "бугу” деп аталышы, ага байланыштуу бир катар ишенимдердин болушу кыргыздардын бүгүнкү күндө да өздөрүнүн түпкү теги катары айрым бнр жаныбарларды урматтаганын айгинелейт.

    Буга бүркүт, карышкыр, тоо текени урматтоо жөнүндөгү кеңири жайылган ишенимдерди да байланыштырууга болот.

    Ошону менен катар, кыргыздар зороастризмдик мүнөздөгү ишениыдерге ылайьж кээ бир айбанаттарга да сыйынышат. Мындай урматтоолордун объектиси мифтик ак тайлак, ак илбирс, жылан, үкү, аюу ж. б. болгон. Кыргыздардын диний түшүнүгүндө маанилүү орунду табияттын көрүнүштөрүнө табынуу ээлеп, алардын эн эле байыркысы асманга-теңирге сыйынуу болгон. Кыйынчылык учурунда кыргыздар асманды карап: «Теңир колдой көр»деп тилек кылып суранышкан. Жаштарга бата бергенде же кимдир бирөөнү жакшы тилек менен алкаганда «Теңир жалгасын», ал эми кнмдир бирөөнү каргаганда «Теңир урсун» дешкен. Кыргыздар асманды кудай катары баалоо менен бирге, Айга, жылдыздарга да табынышкан. Табиятка сыйынууда тиричиликтин башаттары катары Жер менен сууга табынуу да маанилүү орунду ээлеген. Кыргыздар бүткүл жер бетин, «жер-сууну» жараткан катары көрүшкөн. «Жер-сууга» сыйынууда курмандыкка мал союу да эң байыркы ырым-жырымдардын бири болгон.

    Кыргызстандын Түштүгүндө жашаган эл эн байыркы замандан эле Сулайман тоосун ыйык тутуп, ага сыйынып келген. Ислам дини чыккандан кийин бул тоо Фергана чөлкөмү үчүн экинчи Меккеге айланган. Түндүк Кыргыздардын эли Кочкор өрөөнүндөгү «Кочкор-Ата» тоосуна сыйынып, ал жер ыйык маэарга айланган. Кыргыздардын тоо, көл, булак, дарак, ашууларды ыйык тутуусу чарбачылыкка көчмөн турмушка байланыштуу келип чыккан. Табияттын көрүнүштөрүнө сыйынуунун укумдан-тукумга калып келген элементтери отко сыйынуудан < коломтого сыйынуудан» көрүнөт. Ал коломто менен байланышкан үй-бүлөлүк турмуштук ырым-жырымдарды жана байыркы түркчө түшүиүктөгү Тенирдин жары Умай Энеге сыйынуунун калдыктарын бириктирген.

    Жаратылыштын күчтөрүнө сыйынуу, мисалы: «обо» асман, көктүн, жер, таштын, бардык нерселердин «ээси» бар деп эсептөө дагы исламга чейинки диний ишенимдердин арасынан өзүнчө бир көрүнүш катары кароого болот.


    Кийинчерээк, азыркы мезгилде деле, байбичелер бала-бакыраны эмдеп, жүрөгүн көтөрүп, бешикке салганда: *Менин колум эмес Умай Эненин колу», деп ырымдап айтканы кездешет.

    Шаман дини жана дарылоонун ага байланышкан түшүнүктөрү, ыкмалары кыргыздардын көз карашында маанилүү орунду ээлеп, алардын турмуш-тиричилигинде бекем сактальга келген. Шаман эркектерди «бакшы», ал эми шаман аялдарды «бубү» деп аташкан. Бакшылар ак жана кара болуп, өтө кудуреттүүсү кара бакшы деп эсептелген. Бакшылардын негизги милдети ооруларды, эн башкысы жандуу (нерв) ооруларын дарылоо, «көзү ачыктык» кылуу болгон. Алар «жиндердин» жардамы менен «дарылап», «көзү ачыктык» кылышкан. Бакшылык касиет укумдан-тукумга калат ден эсептелген.

    Ата-бабалардын арбагына сыйынуу кыргыздардын исламга чейинки диний көз караштарынын ичинен көрүнүктүү орунда турат. Элдик диний ишенимдерди изилдөөчү археологиялык, этнографиялык жана ошондой эле фольклордук материалдар муну тастыктай алат. Эгерде археологиялык материалдар диндин тарыхынын байыркы мезгилин изилдөөдө жардам берсе, этнографиялык, өзгөчө фольклор, анын ичинде «Манас» эпосу кыргыздардын кийннки мезгилдеги бир топ диний ишенимдери жөнүндө баалуу маалымат берет.

    Өлгөн адам жөнүндө жаман пикир айтууга болгон эмес, өлүк коюлган күмбөз, мүрзөлөр «ыйык жерлер» деп эсептелген. Жан-жаныбарлардан садага чабылып, мал союлган.

    Бизге белгилүү болгондой ата-бабалардын арбактарына сыйынуунун негизин «ата-бабалардын жаны реалдуу жашайт», деген анимистикалык көз караш түзөт. Ал боюнча ата-бабалардын арбактары өздөрү өлсө дагы, тирүүлөрдүн турмушун байкап, өзүнүн укум-тукумун колдоп турат. Бул сыйынуу коомдук өнүгүүнүн патриархалдык-уруулук коомуна тиешелүү. Себеби бул мезгилде уруунун аксакалдары жогорку сый-урматта болуп, алар өлгөндөн кийин дагы өздөрүнүн уруусундагы адамдардын турмуш-тиричилигинин баарын көрүп, аларды колдоп турат дешкен.

    Эпикалык чыгармаларда дагы «арбакка арнап соёлу», «ата-баба арбагы бизди колдой кер», — деген саптар көп кездешет. Кыргыздарда ата-бабанын арбагына сыйынуу өзгөчө орунда тураарын биринчилерден болуп Ч. Валиханов айтып кеткен. Кыргыздар адам өлгөн менен анын жаны түбөлүк жашайт деген бекем ишеничте болгон.


    • Кыргыз элинде колдонмо искусствонун онугушу

    Кыргыз элинин жасалга-колдонмо искусствосу байыркы доордо эле калыптанып өнүгүп келген. Анын материалдык негизин мал чарбачылыгынын продуктулары, жыгачты, металлды ж. б. иштетүүгө байланышкан үй өндурүшу түзгөн. Бул өндүрүшкө эмгекке жарактуу ар бир үй-бүлө мүчөсү катышкан. Үйдөгү өндүрүш жана кол өнөрчүлүктүн өнүгүшү жалаң эле үй тиричилигине жана турмуштук зарылчылыкка шартталбастан, элдин сулуулукка, кооздукка, өнөргө умтулуусуна да байланыштуу болгон.

    Эстетикалык керектөөнү канааттандырууга, тнричиликти көркөмдөөгө болгон мүмкүнчүлүктү толук пайдаланууга умтулуу көркөм кол өнөрүнүн ар тармагын өнүктүргөн.

    Ал өзүнүн көп түрдүүлүгү, оймо-чиймесинин (орнаменттик) тактыгы, өзгөчөлүгү түстөрдүн жана тондордун айырмалуулугу, бай, ажайып фантазиясы менен белгнленген. Көчмөн турмуш көркөм искусствонун өнүгүш мүмкүнчүлүгүн чектегенине карабастан, узакка пайдаланууга ылайыкташылган турмущ-тиричилик буюмдары (турак жайынын ички, тышкы жасалгасы, аялдардын кооздук, асем буюмдары, ат жабдыктары) гана эмес, күнүмдүк кийим-кече, үй тиричилигинде дайыма урунула турган буюмдары дагы көркөм чыгармачылыктын деңгээлин көрсөтө алган.

    Үй шартындагы өндүрүштө жана кол өнөрүнөн жасалган ар кандай көркөмдөлгөн буюмдар турмуш-тиричиликте пайдаланылган. Элдин аң-сезиминде кол өнөрү турмуш-тиричиликтен ажырагыс болуп эсептелген. Кыргыз көркөм өнөрүнүн кайталангыс шедеврлери сыймыктанууга татыктуу болсо дагы, ал көркөм чеберчиликтин уникалдуу үлгүсү катары бааланбастан, турак жайдын же интерьердин бир бөлүгү, кийим-кече, же ат жабдыгынын ажырагыс элементи катары кабыл алынган да анын көркөмдүүлүгүнө караганда, пайдаланууга ыңгайлуулугу жогору бааланган. Кыргыз элинин жогорку денгээлдеги чеберчиликке жөндөмдүүлүгү, дилгирдиги өзгөчө көркөм өиөр искусстосунан ачык көрүнгөн.

    Өнөрчүлүктү биздин элдин маданиятынын, искусствосунун рухий турмушунун башка тармактарынан бөлүп кароого болбойт. Кол өнөрчүлүктүн чыгармалары, оюу-чийүү орнаменти, элдик поэтикалык оозеки жана музыкалык чыгармачылыгы менен органикалык байланыштары өнүгүп, бири-бирине таасирин тийгизгендиги алардын ортосундагы жалны белгилерден байкалат. Бул жалпылык элдик нукура терен реалисттик стнли, айкын көркөыдүк, өтө бай образдуулугу, чеберчилиги менен айкалышкан.

    Көркөм чыгармачылык укумдан-тукумга өтүү менен өнүгүп олтурган. Чеберчилик менен салт улам кийинки муунга мурасталып, элдин тарыхы менен кошо өнүккөн. Кыргыздардын колдонмо өнөрүнө өзүнө таандык өзгөчөлүк, таланттуулук, укмуштуудай көп түрдүүлүк мүнөздүү. Буюмдун практикалык функциясы ыенен көркөы жасалганын айкалышы жана жалпы элдик мүнөздө болушу анын эн баалуу сапаты болгон. Кыргыз эли көчмөн турмушка тыгыз байланышкан боз үйдүн, ат жабдыгынын кайталангыс өзгөчө жасалгасын жараткан. XIX к. кыргыз жасалга-колдонмо өнөрү жогорку деңгээлге жеткен. Түс (өң) менен оймо-чийме жасалгалоонун негизги каражаты болуп кала берген. Анда элдин рухий дүйнөсү жана таланты чагылдырылган. Эл түс маданиятынын эстетикалык нормаларын иштеп чыгьш, анын оймо-чийме менен айкалыш эрежелерин калыптандырган. Өзүнүн жөнөкөйлүүлүгү жана таасирдүүлүгү боюнча эн сонун шайкештик пайда болгон.

    Кыргыз элинин кездемелеринин, түктүү килемдеринин, саймаларынын, чырмалган чийлеринин жана шырдактарынын колорити шаңдуу ыргакты түзүп, өтө мыкты ачык түстөрдөн түзүлүп, кызыл түс басымдуулук кылган. Аларга өсүмдүктөрдөн жасалган боёктор колдонулган. Оймо-чийыелер элдин демилгеси менен фантазиясын көрсөткөн эн сонун көркөм мурас, жасалганын өзгөчө тармагы. Алар өтө көп түрдүү, колдонмо өнөрүнүн ар бир түрүнүн өзүнчө кооздугу бар. Кыргызстандын оймо-чиймелеринин жаралуусу ар кайсы мезгилдерге таандык. Аларда Орто Азня жана Казакстан, Волга бою, Кавказ ж. б. элдердин оймо-чийыелерине окшош жалпылыктар кездешет. Бул кыргыз элинин башка региондогу элдер менен этностук жана маданий байланышта болгондугун айгинелейт.
    Элдик оймо-чиймелердин аттары жана мотивдери да ондоп саналат. Алардын көпчүлүгү байыркы оймо-чиймелерден туруп, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүн, көчмөн тнрнчиликтн чагылдырат. Бир кыйла туруктуу оймо-чиймелер колдонмо өнөрүнүн азыркы түрлөрүндө да кездешет. Алардын негизгилери ар түрдүү варианттарда түшүндүрүлүүчү кочкор мүйүз, кочкорок, сыңар мүйүз, кайкалак, көз жоосун алган кыял оюсу, үч бурчтук, кара тырмак, иг куйрук, тогуз дөбө жана башка оймо-чиймелер кенири тараган. Оймо-чиймелердин кээ бир эскилери жоюлуп, азыркы мезгилди чагылдырган жаны түрлөрү да пайда болууда.

    Кыргыздардын чыгармачылыгыыда жүндөн жасалган көркөм буюмдар да негизги орунду ээлеген. Кийнз көчмөн адамдын тиричилнгинде эзелтен эле анын, турак-жайы менен төшөнчү-орунун, кийим-кечеси менен ат жабдыктарынын, эмерегинин ажырагыс бөлүгү болуп келген. Шырдак менен ала кийиз кыргыз элинин кийизден буюм жасоодогу зор чеберчилигинин далили. Алар да кыргыздардын жасалга-колдонмо өнөрүнүн негизин түзөт десек болот. Элдик чеберлер байыртадан келе жаткан көркөмдүк нринциптерди өнүктүрүү менен катар өздөрүнүн жеке чыгармачылыгы аркылуу жанылыктарды да киргизип, оймо-чиймелердин мазмундарын байытып, кеңейткен. Кыргыздын кайталангыс оймо-чиймелер менен кооздолуп, чырмалган чийлерн да көркөмдүүлүгү менен өзгөчөлөнөт. Саймачылык өнөрүнүн техникалык ыкмалары жана оймо-чийме мотивдери өтө ар түрдүүлүгү менен айырмаланат.

    Эл чыгармачылыгынын бул түрүнүн эволюциясын матага, булгаарыга, кийизге, жүн жип менен сайылган байыркы саймаларды кийиичерээк тукабага жана ноотуга түшүрүлгөн саймаларга салыштыруу менен байкоого болот. Сайма өнөрүнүн улуттук сыймыгы туш кийиз болуп калды.

    Кымыз куюучу көөкөрлөр, чыны каптар жана башка буюмдар өздөрүнүн кайталангыстыгы менен айырмаланат. Наар түшүрүлгөн ат жабдыктары да өтө зор көркөм баалуулукка ээ. Элдик зергерлер кооздук, асем жасалгаларын жасоодо байыркы техниканы XX к. чейнн сактап келишкен. Айрым усталар металлга оюу түшүрүп, калыпка металл куюп, наар түшүрүп, асыл таштарды бүртүктөсө, экинчнлери алтынкүмүш зымдарын кооздоп ийүү чеберчилигин өздөштүргөн. Дагы бирөөлөрү ат жабдыктарды, кемер-курларды, булгаарыны, жыгач буюмдарын боз үйдүн жыгачын жасоого адистешкен. Жергиликтүү зергерлердин күмүш билерик, шакек, сөйкө, чачпак жана башка жасалгалары аялдардын кийимдерине көрк берип турган. Кыргыз элинин улуттук маданиятынын ажырагыс бөлүгү болуп калган элдик өнөр элдин байыркы маданиятын, мүнөзүн жана рухий дүйнөсүн, көркөм ой жүгүртүүсүн, этностук байланыштарын чагылдырган тарыхый дарек катары абдан баалуу.


    • Кыргыздардын оозеки чыгармачылыгы

    Оозеки чыгармачылыгы жөнүндө сөз болгондо биринчи кезекте эле «Манас» эпосу эске түшөөрү шексиз. Чындыгында эле «Манас» кыргыз эпосунун байыркы үлгүсү катары кыргыз элинин азаттык, көз карандысыздык үчүн күрөшүн, анын адилет, жыргал турмушу туурасындагы ой-тилегин көркөы чагылдырган чыгарма. Жазылып калган тарыхы жок, өзү жөнүндө жазуу даректери анча көп болбогон көчмөн эл үчүн «Манас» эпосу оозеки поэзиянын башка жанрларындай эле жазуу адабиятынын да, сүрөт өнөрүнүн да, театрдын да милдетин аткарган.


    «Манас» эпосунда баатыр Манастын образынын айланасында үчилтиктин окуялары өнүгүп, негизги идеяга — кыргыздын бытыраган урууларын бириктирүү идеясына баш ийдирилет. «Манас* үчилтигннин 1-бөлүгү Манас баатырдын Бээжинде жеңилиши, эр жүрөк баатырлары Алмамбет, Чубак, Сыргак, Эр Көкчөнүн өлүшү. Манастын өзү да катуу жарадар болуп дүйнөдөн кайтышы менен аяктагандыктан, эпопеянын андан ары уланышына шарт түзүлөт.

    Үчилтиктин 1-бөлүмүнүн кайгылуу аякталышы реалдуу чындык деңгээлинде көтөрүлгөн. Манастын керезинде уруулар арасында чыр-чатактар, Манас баш коштурган кыргыз элинин күч-кубатынын начарлаганы жөнүндө айтылат. Манастын уулу Семетейдин төрөлүшү келечекте атасы үчүн өч алууну алдын ала шарттайт. Ошентип, биринчи бөлүк менен идеялык жана сюжеттик жактан байланышкан экинчи бөлүк пайда болуп, анда өз аталарынын эрдиктерин кайталап, чет жердик баскынчыларды талкалап чыккан Семетейдин жана анын шериктеринин турмуш жолу менен эрдиктери баяндалат.

    «Семетей» баатырдык поэмасы үчилтиктин бир кыйла көп айтылуучу бөлүгү. Поэманын эр жүрөк каармандары баштагыдай эле адилетсиздиктин курмандыгы болушат. Бирок, буга чет жердик баскынчылар эмес, элди бузган уруу башчылары же хандар, т. а. ички душмандар себепкер болушкан.

    Ички душмандарга каршы күрөшүүнү эпикалык баяндоого «Сейтек» бөлүмү арналат. Анда акыры адилеттик жеңип чыгат. Семетей менен Сейтектин образдарында элдин Манас жөнүндөгү легенданы укум-тукумдарына сактап калууга умтулуусу көрүнөт. Эпосто кыргыз элинин тагдырына байланыштуу өтө урунттуу тарыхый окуялар ар кыл даражада чагылдырылган. Сюжеттин курулушуна Түрк кагандыгынын тарыхына байланышкан орто кылымдын алгачкы мезгили, ошондой эле Борбордук Орто Азиянын аймагындагы элдердин, уруулардын жер которуштуруусуна, ассимиляцияланышына алып келген монголдордун басып кирүү доору, Жуңгар хандыгынын түзүлүш мезгили да из калтырган.

    «Манас» элдик адабияттын эк ири эстелиги катары кыргыз тилинин калыптанышында, анын диалекттеринин жакындашында, грамматикалык нормаларынын такшалышында, сөздүк курамынын байышында баа жеткис роль ойногон. «Манастын» идеясынын кылымдар бою кыргыз элинин этикалык нормаларынын, улуттук мүнөзүнүн калыптанышына олуттуу таасир тийгизип келгендигинен да көрүнөт. Эпос адамдардын бири-бирине болгон өз ара мамилелериндеги этикалык иормаларды даназалайт, ушундан улам ал биздин күндөрдө да өзүнүн тарбиялык маанисин жоготкон жок. «Манас» эпосу элдик оозеки чыгармачылыктын дүйнөлүк мыкты үлгүлөрүнүн арасында татыктуу орунда турат.

    Кенже эпостор да баатырдык менен каармандыкты даназалоого арналгая. Буларда коомдун социалдык-турмуштук проблемалары лирика-романтикалык маанайда баяндалат. Кылымдар бою айтылып келген эпостордун жаралуу мезгилин аныктоо мүмкүн эмес. Алар ар башка доорлордун окуяларын камтып, көп алектен өтүп, акын аткаруучулардын таланттары менен байыган.

    Кенже формадагы эпикалык чыгармалардын арасында баатырдык жана социалдык-турмуштук дастандар бар. «Эр Төштүк», «Кожожаш» өндүү дастандар мифологиялык-жомоктук негизде курулуп, байыркы доордон кабар берет. «Эр Табылды», «Курманбек» дастандарында кыргыздардын кийинки учурлардагы уруулук чыр-чатактары, чет элдик баскынчыларга каршы күрөшү баяндалат.


    «Олжобай менен Кишимжан», «Саринжи-Бөкөйдө» кыргыз урууларынын тарыхындагы ар кандай доордун социалдык-турмуштук проблемалары романтикалык маанайда чагылдырылган.

    Лирикалык ырлар да кыргыздардын маданиятында элдик оозеки поэтикалык чыгармачылык кенирн роль ойногон. Анда элдин тарыхый тагдыры, өзгөчөлөнгөн байыркы маданияты, эмгеги, үмүтү, тилек-максаты, жаратылышы, каада-салты поэтикалык бийик деңгээлде кенири чагылдырылган.

    Нечендеген кылымдарда ар кандай тагдырга туш келген элибиз фольклорго өтө бай. Эмгек процессин камтыган эмгек ырлары салт-кааданы чагылдырган салт ырлары, элдик ырым-жырымдарга ылайык эм-дом ырлары, лирикалык секетбай, күйгөндөр, мелдеш айтыштар да түгөнбөс казына. Көлөмдүүсүбү же чаканыбы, ар бир чыгарма алгач ирет жеке адамдар тарабынан чыгарылат. Ошол көркөм материал мазмуну жана формасы жактан башкалардын да купулуна толсо үйрөнүү, эсте сактап калуу жолу менен ооздон-оозго өтүп, көпчүлүккө тарап элдик мүнөзгө өткөн. Кийин бирөөдөн экинчиге өтүп, оозеки айтылганда алар алымча-кошумчаларга учурап, өзгөртүүлөр, тактоолор киргизилген. Натыйжада алгач чыгарган адамдын аты унутулуп, андай чыгарма көп адамдардын элегинен өтүп, толукталып, жалпы элдин энчисине айланган.

    Адамдын ички сезимин, ой толгоолорун көбүнчө ыр түрүндө баяндаган көлөмү чакан ырларды лирикалык ырлар дейбиз. Лирика деген түшүнүктүи түпкү теги гректердин «лира» аттуу музыкалык аспабынын атынан келип чыккан. Байыркы гректерде ошол лира аспабынын коштоосу менен аткарган чыгармалар лирикалык ырлар деп аталган.

    Лирикалык ырлар тематикалык мүнөзүнө жараша эмгек ырлары, турмуш ырлары болуп бөлүнөт. Турмушта лирикалык ырлардын тарбиялык мааниси зор.

    Кыргыздыи эн байыркы доордо жаралып биздин күндөргө чейин жашап келген эмгек ырларына »0п майда», «Бекбекей», «Шырылдан» кирет.

    Кыргыздар коомдук түзүлүштүн баскычтарына, күндөлүк тиричиликтин түрлөрүнө ылайык узак жылдар сакталып, элге сиңген үрп-адаттарга, каада салттарга бай. Кыргыздын фольклордук чыгармаларынын ичинен үрп-адатка байланыштуу чыгармалар көп. Ошондуктан аларды үрп-адат ырлары дейбиз. Үрп-адат ырларына кошоктор, (киши өлгөндө, кыз узатканда айтылган), керез ырлары, арман ырлары, сүйүү ырлары, жарамазан, мактоо ырлары, бешик ырлары, оюн ырлары кирет. Үрп-адат ырлары эл арасында кеңири таралган.

    Кыргыз элинин аш-тойлору, майрамдары акындарсыз өтчү эмес. Акындык өнөр кыргыз элинде өтө жогору бааланган. Натыйжада оозеки элдик чыгармачылыктын төкмөчүлук өнөру күчтүү өнүккөн. Төкмө акындар ой жүгүртүүсүнүн тездиги, баамчылдыгы, өзгөчө таланттуулугу менен айырмаланган. Элибиздин толуп жаткан оюн-зооктору менен катар акындарды айтыштыруу да кеңири жайылган салт болгон. Эки ырчынын акындык дареметин салыштырып, бирин-бири женүү максаты менен ырдаган ырлары айтыш ырлар делип айтылган. Айтыш ырлары акындардын чеберчилигин айгинелеп, бул жанрдын өсүшүнө түрткү берген.


    • Элдик музыканын онугушу.

    Кыргыз эл музыкасы элдин маданиятын, дүйнөгө көз карашын, турмуш-тиричилигин, тарыхын, этностук жана эстетикалык идеяларын чагылдыруучу баа жеткис мурас.


    Анын тамыры байыркы замандардан башталат. Кыргыз музыкасы жөнүндөгү алгачкы жазуу маалыматтары бир катар адабияттарда кездешет. Кытайдын белгилүү дин кызматкери жана саясатчысы Сюан-Цзан 630-ж. азыркы кыргыз жеринде болуп, жергиликтүү эл жөнүндө: «Мени тосуп алууга арналган той кулакка жагымдуу, жүрөк менен көңүлдүү эргиткен лирикалык күү менен башталды», деп белгилеген. Бирок ушул убакка чейин байыркы кыргыз музыка өнөрү тууралуу кабарлаган буюм, маданият эстеликтери табыла элек. Кыргыз элинин музыкалык фольклору кагаз бетине түшүрүлбөгөндүктөн, искусствонун бул тармагын тарыхый мезгилдерге бөлүү өтө кыйын.

    Кыргыздарда өзүнчө музыка теориясы, улуттук музыкалык-поэтикалык өнөр жөнүндө илим, тажик элдериникиндей музыкант-окумуштуулар болгои эмес. Негизинен чыгарма жекече аткарылып, көп үн менен ырдоо жана күүнү ансамбль менен аткаруу салтка айланбаган. Кыргыздарда айтышуу ыкмасындагы аткаруу кеңири тараган. Ыр бир үн менен аткарылып, аспаптык музыкада комуздун жана кыл кыяктын эки кылынын жардамы менен эки-үч добуштуу үндөштүк жаралган. Фольклор оозеки түрдө гана жашап, ал эми эл музыканы жаттап алуу жолу менен бири-биринен үйрөнүшкөн. Ошондуктан тигил же бул музыкалык чыгарманы аткарган адам аткаруучу гана эмес, ошол күүнүн жаңы вариантын жаратуучу да болуп калган. Ыр-күүлөрдүн мындайча таралышы элдян музыкалык ан-сезиминин өзгөчө бир түрдө калыптанышын жана өнүгүшүн шарттаган.

    Кыргыздын музыкалык өнөрүн комузда, кыякта (кыл кыяк), темир (жана жыгач) комузда, чоордо, сыбызгыда ж. б. аспаптарда ойноп, күү чыгарган өнөрпоздор байытышкан.

    Салттык кыргыз күүлөрүнүн ичинен «Камбаркан», «Кет Бука», «Ботой», «Кербез», «Шыңгырама» сыяктуу кылым карыткан күүлөрү бүгүнкү күнгө чейин жеткен.

    Кыргыз күүлөрүндө элдин турмушундагы орчундуу окуялар, жашоо-турмушту, дүйнөгө болгон көз карашты чагылдырган философиялык ой толгоолор камтылган. Кыргыздар байыртадан эле күү угуп, өксүгөн көңүлдүн бөксөсүн толтурушкан, чаялыккан жаиына кубат алышкан. Жан кейкгенде, арман жүрөктү эзгенде күүгө кулак төшөп көкүрөгүн тазартышкан, рух оорусун күү менен дарылап келишкен.

    Кыргыз элинин байыркы музыкалык аспаптарынын бүгүнкү күнгө чейин сакталып келген негизги өзгөчөлүгүнүн бири бул алардын бир эле мезгилде күнүмдүк турмушта, ырым-жырым, үрп-адаттарында ж. б. кеңнри колдонулуп келгендигинде,

    Ал аспаптардын сырткы түзүлүшүнө, жалпы көрүнүшүнө элибиздин социалдык, чарбалык карым-катнашы, улуттук бөтөнчөлүгү, эстетикалык, философиялык көз карашы, көркөм өнөрдү баалай билүүсү өз таасирин тийгнзбей койгон эмес.

    Комуз кыргыз элинин чертме кылдуу музыкалык аспабы. Турк элдеринде тартма, кылдуу жана какма аспаптарынын кобус (хобус) комыс, кобус (хомуз), кумуз деп аталган аспаптары бар. Бул комуздун эң байыркы музыкалык аспап экенин далилдейт. Комуз өрүк, алмурут, карагай, арча, жапан тал, өңдүү экме жана жапайы жыгачтардан чабылат. Жалбырактары күбүлгөн жана мөмөсү бышкан кезде кыйылган жыгач сомдолуп, сууга кайнатылып, анан ышталган. Комуз: баш, моюн, тулку, чара, капкак, тепкек, үч кулак, үч кылдан түзүлөт.

    Кулагы өрүктөн, арчадан же мүйүздөн жасалат, ал эми кылы көбүнчө эки тиштүү кыргыз койлорунун ичегисинен жасалган. Муздак сууга салынгая ичегинп сыдыргы менен тазалаган соң, ийик менен оңго ийрип, анан аябай кере тарттырып кургатышкан. Залкар комузчулар кылды добушуна жараша өтө кылдаттык менен таядашкаи. Кээде бир койдун ичегисияен бир кыл гана жасалган.
    Кыл кыяк улуттук кылдуу, жаалуу музыкалык аспап. Ал негизинен кулак, чара, моюн, куткун, тээк жана башка бөлүктөрдөн турат. Тулкусу көк арчадан, өрүктөн, сом жыгачтан чабылат. Узундугу — 65-70 см. Моюну кыска, беренеси жок. Добуш чыгаруу чарасы тең бөлүнгөн алмурут сыяктуу. Анын жарымы төөнүн териси менен капталат. Алдына туурасыная кнчинекей ичке жыгачтан бертик (төшөгүч) коюлат. Капкактын ортосунан төмөн карай ичке кайыш тартылып, чарасына бекитилет. Кыл кыяктын аягы санга коюп тартуу үчүн ылайыкталып ичке келет, башында карама-каршы эки кулагы бар. Ал ыргай, чычырканак, табылгыдан жасалат. Кыл кыяктыя тепкеги (тээги) үч бурчтук формасында эки ача жыгачтан куткуну кайыш же булгаарыдан эки тилтшп жасальга ага кыл тартылат. Аспапты аттын куйрук кылы тартылган жаа менен жаньш ойнойт. Кыл кыякка добушу бийик, мукам, уккулуктуу болуш учүн эки асый жылкынын куйрук кылы (60-70 талдан апшаган) тагылат. Адатта кылды аспалка тагаарда аны самындап жууп, тарап, карагайдын чайырын (дабыркайын) кайнатып сүйкөйт. Ойноор алдында да кылга чайыр сүйкөлөт. Кыл кыяктын түрлөрү дүйнөгө, айрыкча түрк элдеринде кеңири тараган. Алардын ичинен кыргыздын кыл кыягы тембри, добушу, күүлөнүшү, жалпы формасы, чабылышы, тартылышы жагынан казактардын кыл кобызына, кара калпактардын кобызына, тувалыктардын иглесине, хакастардын ыыхына, алтайлыктардын иклемине окшош.

    Кыл кыяктын коңур добушу адамдын үн интонациясына өтө жакын. Анда адамдардын ар кандай турмушун, согуштук жүрүшүн баяндаган күүлөр тартылат. Адамдардын күлгөнү, ыйлаганы, кошкону, баланын, келиндин, кемпирдин, чалдын үндөрү, жан-жаныбарлардын аракети, табигый көрүнүштөрү так тууралып баяндалат.

    Кыл кыяк көбүнчө кенже эпосторду айтуучулардын, жомокчулардын жана элдик ырчылардын коштоочу аспабы катары пайдаланылган. Кыл кыякта өзүнө мүнөздүү обон, күүлөр менен бирге комуз, темир комуз күүлөрү да тартылат.

    Булардан тышкары кыргыздардын чоор, ооз комуз, жылаажын, сыбызгы, добулбас, керней, сурнай өңдүү толуп жаткан музыкалык аспаптары болгон. Алардын айрымдары бүгүнкү күнгө чейин колдонулууда.
    Бышыктоо учун суроолор:

    1. Боз уйдун тузулушун айтып бер?

    2. Боз уйдун ички жагы канчага болунот?

    3. Кыргыздардын баш кийимдерин атагыла.

    4. Улуу жана кенже эпосторду белгилегиле.

    5. Элдик музыкаларга эмнелер кирет?

    6. Улуттук музыкалык аспаптарга эмнелер кирет?

    7. Кыргыздын улуттук оюндарын атагыла?

    8. Кыргыздардын ислам динин кабыл алганга чейинки диний ишенимдери.


    написать администратору сайта