История лекция. 11-тема. 11тема. Совет бийлигинин алгачкы мезгилиндеги социалдыкэкономикалык курулуш (19171940жж.)
Скачать 22.64 Kb.
|
№11-тема. СОВЕТ БИЙЛИГИНИН АЛГАЧКЫ МЕЗГИЛИНДЕГИ СОЦИАЛДЫК-ЭКОНОМИКАЛЫК КУРУЛУШ (1917-1940-жж.) План: 1. Жер жөнүндө декреттер. 2. Жер-суу реформалары 3. Кооперациялар жана коллективдүү чарбалар 4. Жаны экономикалык саясат Россиянын калкынын негизин түзгөн дыйкандардын басымдуу көпчүлүгүнүн талабына ылайык жерди мамлекеттештирүү т. а. аны мамлекеттин карамагына алуу саясаты жүргүзүлгөн. Совет бийлигинин Жер жөнүндөгү декрети кабыл алынып, ага ылайык баардык жерлер мамлекеттин менчиги делип жарыяланган. Бул декрет боюнча Совет бийлигинин агрардык саясатынын төмөндөгүдөй негизги багыттары: - жерге болгон жеке менчикти жоюу, ири жер ээлеринин жерлерин конфискациялоо; - "жер аны иштеткендердики" деген эреже боюнча жерди чарбаларга тендеп бөлүп берүү; - чарбаларды жерге жайгаштыруу; - натуралай жана акчалай төлөнүүчү салыктарды, аренда акыларын, жана дыйкандардын кредиттик мекемелерге болгон бардык карыздарын жоюу; - дыйкандарга өз чарбасын түзүү үчүн материалдык техникалык, акчалай жардам берүү; - айыл чарбасын тейлөө үчүн кооперативдердин жөнөкөй түрлөрүн уюштуруу ж. б. аныкталган. Совет бийлигинин алгачкы күндөрүндө эле Кыргызстанда агрардык мамилелер түп-тамырынан бери өзгөрө баштаган. Кедей жана орто дыйкандар натуралай жана акчалай төлөнүүчү салыктардан бошотулган. Алардын кредиттик уюмдарга, сүткөр банкирлерге болгон карыздары жоюлган. Жеке менчикте турбаган бардык жерлер мамлекеттин менчиги делип жарыяланып, жергиликтүү бийлик органдарынын көзөмөлүнө кеткен. Бул жерлерде кийин совхоздор, коллективдүү чарбалар уюштурулган, бир бөлүгү жерсиз дыйкандарга бөлүнүп берилген. Дыйкандар токой байлыктарын да оздорунун керектөөсү үчүн пайдалана баштаган. Аларга үй, короо-жай курулушу үчүн курулуш материалдары бекер же арзан баада берилген. Кыргызстандагы жер маселесинин татаалдыгы, падышачылыктын колониялык саясатынын калдыгынын күчтүүлүгү бул маселенин чечилишин татаалдаткан. 1917-1920-жж. аралыгында кулактар, байлар жана манаптар тарабынан дыйкандардын жерлерин өз бетинче тартып алуу күч алат. Бул дыйкандардын, өзгөчө кыргыздардын жакырдануусуна алып келген. 1921-ж. январда өткөн Түркстан АССРинин казак жана кыргыз кедейлеринин крайлык 1-съезди келгин дыйкандар ээлеп алган кыргыздардын жерлерин кайтарып бермейинче кыргыз элинин абалын ондоого болбой тургандыгын баса белгилейт. 1921-ж. 4-февралда Жети-Суу областтык революциячыл комитети бул максатты ишке ашыруу үчүн жер-суу реформасын жүргүзүү жөнүндө буйрукка кол койгон. Жер-суу реформалары 20-жж. башындагы жер-суу реформасы жер реформалары суу маселеси боюнча орус жана кыргыз дыйкандарынын ортосундагы колониялык мезгилден калган тенсиздикти жоюуга багытталган. Ал үчүн орус дыйкандарынан ашыкча жерлерди алуу, мал өтүүчү жерлерге жана суунун башына жайгашып алган орус кыштактарын жана хуторлорун жоюу керек эле. Мындан тышкары жергиликтүү байлардын жерлери алы-нып, бошогон жерлер кедей дыйкандарга берилмек. Көчмөн калкка жайыттан тышкары айдоо жерлери да бөлүнүп, аларга мамлекет тарабынан акчалай жардам, айыл чарба шаймандарын, үрөн ж. б. берүү милдети турган. Жер-суу реформасынын биринчи этабы 1921-1922-жж. жүргүзүлгөн. Реформа мурун падышалык-помещиктик колония күчтүү орногон Жети-Суу областынын Верный, Бишкек, Каракол уезддеорин; Сыр-Дарыя областынын Олуя-Ата (Талас өрөөнү), Чымкент, Ташкент уезддерин; Фергана областынын Жалал-Абад жана Мархамат райондорун камтыган. 1920-ж. ноябрдан баштап партиянын тапшырмасы менен реформаны жүргүзүү үчүн тажрыйбалуу коммунисттер айыл жерлерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн жөнөтулгөн. Жер жана сугат иштери боюнча адистерди даярдоочу курстар ачылган. Жер-суу реформасын жүргүзүү айыгышкан тап күрөшүнүн формасында өткөн. Байлар менен кулактар бул реформа аркылуу Со¬вет бийлиги кыргыз айыл-кыштактарын 1916-жылдагыдай талкалайт экен же орус кыштактарын жоюп, аларды Кыргызстандан кубалайт экен деген сөздөрдү таркатышкан. Жергиликтүү улутчулдар болсо бардык орустарды колонизаторлор деп айыптап, аларды Россияга көчүрүүнү, ал эми шовинисттик маанайдагы орус дыйкандары мурун алган жерлерибизди бербейбиз, бардык жерлер мурда бөлүштүргөн бойдон калсын деген талаптарды коюшкан. Реформаны ишке ашыруу үчүн Кыргызстанда үч адамдан турган "үчтүктөр" органы жана 285 болуштук жана айылдык жер боюнча комиссиялар түзүлүп аларга бардык коомдук уюмдардын өкүлдөрү кирген. Алар жерлердин, айыл чарба шаймандарынын, үрөндүн ж. б. эсебин алып кедей дыйкандарга жер бөлүштүрүүдө зор иштерди аткарышкан. 1922-ж. жазгы талаа жумуштарына чейин реформанын биринчи этабы аяктаган. 1921-1922-жж. жүргүзүлгөн реформанын натыйжасында, өз алдынча уюшулган, мал айдап өтүүчү жолдорго, арыктардын башына жайгашкан кыштактар жоюлган. Кулактарга, байларга тиешелүү жерлер, келгин дыйкандар ашыкча ээлеп алган жерлер тартылып алынган. Бардыгы болуп 197 минден ашуун жер бошотулуп, ал жерлерде 6 минге жакын дыйкан чарбалары уюштурулган. 1921-1922-жж. жер-суу реформасынын жана социалисттик жерге жайгаштыруу саясатынын натыйжасында кыргыз жана орус дыйкандарынын жерлеринин өлчөмү тенделген. Жерге жайгашкан кыр¬гыз дыйкандарынын саны өскөн. Натыйжада айдоо жерлер көбөйүп, жерди иштетүү жакшырган. Реформаны жүзөгө ашырууда бай-манаптарга жана кулактарга карата чечкиндүү күрөш жүргүзүлгөн. 1923-ж. жазынан реформанын экинчи этабы башталып, Жети-Суу областынын калкын жапырт жерге жайгаштыруу иши жүргүзүлгөн. 1923-1926-жж. реформа толук социалисттик мүнөздө болуп, дыйкандарды жерди жеке пайдалануудан коллективдүү пайдаланууга өткөрүү максатын көздөгөн. Жерди иштетүүнүн социа¬листтик формасына өтүү үчүн Кыргызстанда адегенде көчмөн жана жарым көчмөн чарбаларды отурукташтыруу керек эле. Совет өкмөтүнүн чечими боюнча ар бир дыйкан жерди жекече же биргелешип иштетүүнүн формаларын тандап алууга, жалданма жумуш күчүн пайдаланууга укуктуу болгон. Отурукташууга өткөн дый¬кандарга он жылдык мөөнөт менен айыл чарба шаймандары, унаа, үрөн бөлүштүрүлүп, мындан тышкары үй, короо-жай курулушу үчүн материалдар бекер берилген. Отурукташкан дыйкандар мамлекеттик жана жергиликтүү салыктан беш жылга бошотулган. Кооперациялар жана коллективдүү чарбалар 1929-ж. Кыргызстанда кооперациянын адистешкен формаларын түзүү жөнүндө чечим кабыл алынып, ага ылайык, "Кыргыз пахта союзу", "Кыргыз мал чарба союзу", "Кыргыз колхоз союзу" ж. б. түзүлгөн. Булар өнөр жай менен дыйкандардын ортосундагы байланыштыруучу органдар болуп калган. Бул кооперативдик союздар дыйкандарды өндүрүштүк кооперациянын башкы формалары жерди биргелешип иштетүү шериктештигине (ТОЗ) жана айыл чарба артелдерине биригишине даярдоодо чон роль ойношкон. Бул иште Совет бийлигинин алгачкы мезгилинде эле байлардын, кулактардын жерлерин, малын конфискациялоо учурунда түзүлүп, чындалып калган колхоздор да туртку болгон. Кыргызстанда жүргүзулгөн жер-суу реформасы, жерге жайгаштыруу саясаты, кооперативдик-колхоздук курулуш республиканын айыл чарбасынын өсүшүнө ынгайлуу шарттарды түзгөн. Натыйжада Кыргызстандын айыл чарбасы калыбына келтириле баштаган. Жаны экономикалык саясаттын таасири менен дыйкан чарбаларынын түзүлүшүндө орто дыйкандардын саны көбөйүп, кедей дыйкандардын саны азая баштаган. Бирок, ошол кездеги айыл кыштактарда жумушсуздук өтө көп болгон. Жер алганы менен көпчүлүк дыйкандар аны иштете албай бош калтырышкан. Жаны экономикалык саясат 1925-ж. апрелде Чехословакиянын коммунист жумушчуларынын демилгеси менен Бишкек шаарында "Интергельпо" ("θз ара жардам") интернационалдык кооперативдик шериктештиги түзүлгөн. Кыргызстандын өкмөтү ага Пишпек станциясынын жанынан 43 га жер бөлүп берген. Алар кыска мөөнөттө эле айына 4 мин терини иштетүүчү завод, сукно фабрикасын, кирпич, тактай заводдорун, электр станциясын, бир нече мастерскойлорду курушкан. 14 улуттун өкүлдөрүнөн турган бул коллектив республика¬нын өнөр жайынын өнүгүшүнө, жумушчу адистерди даярдоодо колдорунан келген жардамдарын берген. Эмгекчилердин тынымсыз аракетинин жана Совет өкмөтүнүн жардамы менен 1928-ж. Кыргыз АССРинин эл чарбасынын бардык тармактары согушка чейинки денгээлине өсүп жеткен. өнөр жайынын өсүшү менен жумушчулардын катары көбөйгөн. 1926-ж. Бүткүл союздук эл каттоонун маалыматы боюнча Кыргызстанда 16,4 мин жумушчу болуп, алардын 4 минин гана кыргыздар түзгөн. Кыргыз жумушчуларынын көпчүлүгү айыл- кыштактардагы майда кустардык ишканалар да эмгектенишкен. 1930-ж. баштап жаны экономикалык саясаттын принциптери бузулуп, сталиндик административдик буйрукчул система күчүнө кире баштайт. Бюрократизм күчөп, субъективдүү пландарды тануулоо, аны аткарууга мажбурлоо ыкмалары күчөгөн. Бул чарбалык эсептин жана акча-товар мамилелеринин өнүгүшүнө тоскоолдук кылган. Көптөгөн кыйынчылыктарга карабастан биринчи беш жылдыкта Кыргызстанда 41 жаны өнөр жай ишканасы ишке киргизилген. Алардын ичинде Бишкектеги металл иштетүүчү механикалык завод, эт комбинаты, Канттагы кант заводу, Кара-Суудагы механикалык ремонт заводу, эки чон тери заводдору, Фрунзеде ун комби¬наты, күрүч тазалоочу завод ж. б. болгон. Мындан тышкары беш кирпич заводдору, Таласта черепица заводу иштей баштаган. Кара-Балтада жана Ново-Троицкийде кант заводдору курула баштап, Оштогу жибек заводу жаныча жабдылган. Биринчи беш жылдыкта Кыргызстанда 11 чоң жана кичине электрстанциялары иштей баштаган. Булар индустриялаштыруунун өнүгүшүнө өбөлгө болгон. 1935-жылы Таш-көмүр кени ишке киришип, башка көмүр кендери реконструкцияланган жана жаны механизмдер менен жабдылган. 1930-ж. мартында И. Сталин "Ийгиликтен баш айлануу" деген макаласында коллективдештирүүнүн жүрүшүндөгү аша чабууларды сынга алган. Бирок коллективдештирүүнүн принциптерин кайрадан карап чыгуу маселеси коюлган эмес. Кийинки жылдарда деле бул иште көптөгөн катачылыктар кетирилген. 1931-ж. ВКП(б)нын Кыргыз обкомунун чечими боюнча Аламүдүн, Балыкчы, Каракол, Кара-Балта, Киров, Сталин, Чүй райондорунда туташ коллектив-дештирүү жүргүзүлгөн. Ошентип, дыйкандардын негизги массасы колхоз курулушуна өттү деген жыйынтык чыгарылган. Коллективдештирүү саясатынын жүрүшүндөгү кетирилген катачылыктар 1932-1933-жж. дагы кайталанган. 1932-ж. Кыргызстанда 1522 колхоз түзүлүп, 53 гана ТОЗ уюштурулган. 1937-ж. баштап ТОЗдор айыл чарба артелдеринин уставына өткөрүлгөн. Ушул жылы дыйкан чарбалардын 89,1 проценти колхоздорго бириккен. Айдоо аянттарынын 97 проценти колхоз-совхоздорго тиешелүү болуп калган. Аларды 53 МТС 4 миндей тракторлору, 500дой комбайндары менен тейлеген. 1940-ж. дыйкан чарбаларынын 98,9 проценти айыл-чарба артелине - колхоздорго кирген. Ошентип, үчүнчү беш жылдыктын Улуу Ата Мекендик согушка чейинки жылдарында Кыргызстанда айыл чарбасын коллективдештирүү процесси аяктаган. Кыргыз элинин отурукташкан турмушка толук өтүшү, албетте, прогрессивдүү көрүнүш эле. Мунун натыйжасында Кыргызстанда туруктуу айыл-кыштактар, чарбалык борборлор пайда болгон. Аларда түрдүү агартуу мекемелери, мектептер, турмуш-тиричилик ишканалары курулган. Феодалдык-патриархалдык ан-сезим жаны коомдук идеология менен алмаша баштаган. Бирок отурукташтырууда да олуттуу жанылыштыктарга жол берилген. Бул ишке жетекчилик кылгандар борбордун көрсөтмөсү менен Кыргызстанда Россиядагыдай типтүү кыштактарды курууга аракеттенишкен. Ал үчүн көчмөн айылдарды бир кыштакка чогултушкан. Жаны кыштактар мал жайыттарынан алыс жайгашкандыктан малды багуу кыйынчылыкка учурап, кыргыз элин мал чарбачылык салтынан оолактаткан. Отурукташтыруу коллективдештирүү саясаты менен коштолуп, жаны эле отурукташа баштаган эл зордук менен колхоздорго киргизилген. Отурукташууну, колхозго кирүүну каалабаган көч¬мөндөрдү куугунтукка алуу күчөгөн. Айрым жерлерде кыргыз эли¬нин турмуш-тиричилигинин өзгөчөлүктөрү эске алынбастан эле европалык типтеги көп квартиралуу үйлөр да курула баштаган. Ушул өндүү кемчиликтерге карабастан кыргыз элинин отурукташууга өтүшүнүн натыйжасында элибиздин коомдук көз карашы, экономикасы жана маданияты азыркы цивилизациянын негизинде өнүгүүгө мүмкүндүк алган. Адабияттар: 1.Абрамзон С. М. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер. - Б, 1999. 2.Осмонов О. Дж. История Кыргызстана (с древнейших времен до наших дней) - Бишкек.,2012. |