Главная страница

Билл Гейтс. Америкалык программист жана ишкер Билл Гейтс планетадагы э бай деген


Скачать 13.75 Kb.
НазваниеАмерикалык программист жана ишкер Билл Гейтс планетадагы э бай деген
АнкорБилл Гейтс
Дата02.12.2020
Размер13.75 Kb.
Формат файлаdocx
Имя файлаБилл Гейтс.docx
ТипПрограмма
#156201

Билл Гейтс

Америкалык программист жана ишкер Билл Гейтс планетадагы эң бай деген

адамдарынын катарына кирет. Ал Пол Аллен менен биргеликте Microsoft корпорациясын негиздеген.

Уильям Генри Гейтс III 1955-жылы 28-октябрда Сиэтлде адвокат менен мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган. Ал мектепте окуп жүргөн кезинде эле программалаштырууга кызыга баштайт. Ал мектеп курагында программалык

долбоорлордун үстүндө иштеп, акча таба баштаган.

1975-жылы ал мектептеги досу Пол Аллен менен биргеликте Microsoft деген фирманы негиздеген. Ушул компанияда иштеш үчүн, ал Гарвард университетинен үчүнчү курсту бүтпөй чыгып кеткен. Microsoft компаниясы IBM компаниясына персоналдык компьютер үчүн MS-DOS операциялык системасын сатып,

өзүнүн алгачкы масштабдуу ишин баштаган.

1985-жылы Windows операциялык системасынын алгачкы версиясын иштеп

чыгышкан. Ал эми 1990-жылы чыккан Windows 3.0, андан кийин чыккан Windows 3.1

жана WindowsforWorkgroups 3.11 версияларын колдонуучулар ийгиликтүү иштете

башташкан. Microsoft компаниясынын продукциялары бара-бара өз позицияларын

бекемдеп, башка өндүрүүчүлөр аны менен атаандаша албай калышты.

1994-жылы интернет түйүнүн пайдалануу массалык көрүнүш боло баштагандан

кийин, Microsoft корпорациясы InternetExplorer браузерин иштеп чыккан. Ал Windows 98 операциялык системасынын ажырагыс бөлүгү болуп калган.

Билл Гейтс 1998-жылы Microsoft корпорациясынын президенттик кызмат ордун

бошотуп берген. 2000-жылы ал башкы аткаруучу мүдүрдүк кызмат ордунан да кетип, программалаштыруу жана кайрымдуулук иштери менен алектене баштаган.

Гейтс аялы менен чогуу Билл менен Мелинда Гейтстин Фондун түзүп, саламаттык

сактоо жана билим берүү тармактарында кайрымдуулук иштерин жүргүзө баштаган.

Билл Гейтс Британиялык тилектештик өлкөлөрдө кайрымдуулук иштери үчүн

2005-жылы Британия империясынын ардактуу рыцары деген наамга татыктуу болгон.

2006-жылы Forbes журналы аны дүйнөнүн эң бай адамы деп атап, эксперттер анын байлыгы 50 млрд. долларды түзөт деп баалаган.


написать администратору сайта