Ядро атома. Атом ядросу. Атом ядросу
Скачать 13.14 Kb.
|
Атом ядросу - атом бүткүл массасы жана саны б-ча нейтралдуу атомдогу бардык электрондор зарядына барабар болгон оң заряд топтолгон атом борбордук бөлүгү. Атом ядросу протон жана нейтрондон (нуклондор) турат. Атом ядросу оң электрдик зарядынын саны электрондун зарядынын бирдигинде ядро курамына кирген протондун санына барабар болуп, ал эми анын саны элемент катар номерине барабар болот. Протон жана нейтрон суммасынын саны элемент изотобунун массалык санын туюндурат. Электрондун массасы А.я. массасына караганда өтө кичине. Мис., хлор атомунда электрондун үлүшүнө =0,009 м.а.б. туура келет. Ядро атомдун ички мейкиндигинин эң кичине бөлүгүн ээлейт, анын өлчөмү 10-14-10-5 м. А.я. жашоосу атайын ядролук күчтөр аркылуу шартталат. А.я. касиеттери протон жана нейтрон саны менен аныкталат. Байланыш энергиясы - элементардык бөлүкчөлөр системасын байланыштыруучу энергия менен ошол бөлүкчөлөрдүн эркин абалындагы энергия суммасынын ортосундагы айырма. Ал энергия ядрону айрым нуклондорго ажыратуучу энергияга барабар. Байланыш энергиясы ядронун туруктуулугун мүнөздөйт. Туруктуу системанын байланышы терс жана абсолюттук чоңдугу канчалык жогору болсо, система ошончолук бышык болот. Мисалы, атом ядросу үчүн байланыш энергиясы ядродогу нуклондордун күчтүү аракети менен аныкталат. Эйнштейн катышына ылайык масса дефектисине пропорциялуу: Ат/АЕ=Атс2. Aтом ядросундагы нуклондор (протон жана нейтрондор) кармап туруучу байланыш энергиясы миллиондогон эВ менен ченелет. Өтө туруктуу ядронун байланыш энергиясы 8 -106 эВ/нуклонто (сыйымдуу байланыш энергиясына.) барабар. Бул энергия жеңил ядролордун оор ядрого кошулушунда, ошондой эле оор ядронун тез ажырашында бөлүнүшү мүмкүн. Мында сыйымдуу байланыш энергиянын төмөндөшү атомдук номердин өсүшү менен түшүндүрүлөт, к. Радиоактивдуулук. |