БИОСФЕРА. Биосферанын структурасы жана В. И. Вернадскийдин биосфера жннд окуусу
Скачать 1.66 Mb.
|
Тема: Биосферанын структурасы жана В. И. Вернадскийдин биосфера жɵнүндɵ окуусу Аткарган: Урматбекова Керемет Группа: Э-ФК-20-1 Биосфера ( грек тилинде био – тиричилик, сфера – шар, чөйрө) планетабыздагы бардык тирүү организмдер жана алардын жашоо чөйрөсүн өз ичине алган бүтүн бир система болуп эсептелет. Жерде жашоонун пайда болушу жана өнүгүшү биосферанын курамы жана структурасынын калыптанышына алып келди. Экологиялык көз караш боюнча биосфера Жер планетасындагы бардык экосистемаларды бириктире турган, токтоосуз заттар жана энергиянын алмашуусу пайда боло турган глобалдык экосистема. «Жашоо кабыгы» жөнүндөгү алгачкы пикирлер Ж.Б.Ламарктын аты менен байланыштуу. Биосфера терминин биринчи болуп илимге 1875- жылы австралиялык окумуштуу Эдуард Зюсс тарабынан киргизилген. Академик В.Л.Вернадский биосфера жөнүндөгү эмгегин 1926-жылы жарыкка чыгарган.Бул окууга негизинен, биосфера -табияттагы бардык тирүү организмдер жана алардын калдыктарын, атмосфера, гидросфера, литосферанын тирүү организмдер жашай турган же болбосо алардын жашоо ишмердигинин издерине ээ болгон бɵлүктɵрүн ɵз ичине алат. В. И. Вернадский уч турдуу ойдо болгон:
2) тиричилик Жер пайда болгондон кийин жаралган; 3) Жер менен бир учурда тиричилик пайда болгон. Ал озунун оюн талдап, мындайча айтканда Жер менен бир учурда биосфера пайда болгон деген жыйынтыкка келген. Вернадский: «Биосфера – бул Жердин жука кабыгы, мына ушунун ичинде организмдердин тиричилиги журот», – деп биосферага аныктама берген. Владимир Иванович Вернадский (1863-1945), табият таануучу окумуштуу биосфера жана ноосфера окуусунун негиздөөчүсү Биосфера литосферанын, гидросферанын жана атмосферанын кошулган жерлеринен орун алган . Тиричилик атмосферада 25–27 км жакын бийик тикке чейин таралган, океанда болсо 11 км чейинки терендикте, ал эми жердин катуу болугундо 3 км томонку катмарында жашайт. Кургактыкта жана океан мейкиндиктеринде осумдуктор менен жаныбарлар дуйносу буткул биосферанын калындыгына караганда организмдердин жашоосу учун бардык шарттар бар: кундун жарыгы менен жылуулугу, курамында эритме турундогу органикалык бирикмелер, комур кычкыл газы жана кычкылтек, суу. Мында Жерде азыктануучулардын турлору кезигишет. Литосферада негизинен топурак катмары орун алган. Тиричилик заттардын таасири менен литосферада коп процесстер болуп турат. Гидросфера балырлуу жана туздуу суулардан турат. Биосферанын жогорку чекарасы атмосферанын озон катмарында жайгашкан. Ал 20-25 км ге чейин болуп, жерде 99% ультра кызгылт нурлары жутулат. Биосферанын түзүлүшү В. И. Вернадский биосферанын түзүлүшүн тɵмɵнкудɵй бɵлгɵн:
Биосферанын тирүү заттары – биздин планетанын бардык организмдери. Биосферада тируу заттар бир калыпта бɵлүнгɵн эмес. Топурак, суунун, абанын жана тирүү организмдердин таасиринен пайда болгон, б. а. органикалык жана органикалык эмес заттардын татаал оз ара аракеттешүүсүнүн натыйжасында пайда болгон жаратылыш түзүлүштөрү. Биосферанын биогендик заттары - кен байлыктардан туруп, организмдердин катышуусу менен тектерди, мисалы, акиташ, нефть, газ, көмүр, чым көң ж. б. пайда кылат. Биосферанын кыйыр заттары - организмдердин катышуусуз, геологиялык иштердин катышуусунун негизинде: тоолордун, вулкандардын жаралышы жана минералдардын пайда болушу менен аныкталат. Биосферанын тирүү заттары жана аткарган кызматтары Планетадагы бардык организмдердин биомассасы 2,4·10¹² Т кургак заттан, ал эми запаста 30·10²¹ Дж энергияны кармап турат. Ал эми мунун 90% осумдуктор жана жаныбарлар тузуп, биомассанын коп болугун ээлейт.Биосферанын тируу заттары бир катар геохимиялык кызматтарды, алардын эн маанилуу томонку кызматтарды аткарышат:
Газдык - газ сыяктуу заттарды керектеп жана болуп чыгарып, атмосферадагы газдардын курамын дайыма туруктуулукта кармап турат. Концентрациялык - организмдердин денесинде химиялык элементтердин (көмүртек , суутек, кычкылтек, кремний, фосфор) бирикмелердин топтолушу менен байланыштуу. М; кальций карбонаты жаныбарлардын соокторундо, тиштеринде жыйналат; йод дениздеги күрөң балырларда топтолот. Кычкылдануу-калыбына келтируу - организмдердин тиричилик аракетинде бир катар химиялык бирикмелердин кычкылдануусун жана калыбына келтируусун камтыйт. Мисалы, фотосинтез мезгилинде жашыл өсүмдүктөр көмүркычкыл газын көмүртекке чейин калыбына келтирет, ал эми дем алуу мезгилинде көмүртектер организмдер аркылуу көмүр кычкыл газына жана сууга чейин кычкылданат. Биосферадагы тируу заттардын аткарган кызматын В. И.Вернадский адамдын биогеохимиядагы ишмердуулугу деп өз алдынча бɵлгɵн. Айтмакчы, адам өзүнүн табиятында жаратылыштын туундусу болуп, В. И. Вернадскийдин пикири боюнча тиричилик заты организм жана айлана чөйрө менен дайыма тынымсыз алмашууда болуп турат. ϴзү социалдык жашоотиричиликке жетип, бирок курган чөйрөсүн жок кылуу акыл эстүүлүккө жатпайт. Ошондуктан адам өзү жашаган чөйрөсүнө өтө ырайымдуулук менен мамиле кылышы керек. В. И. Вернадский жазып кеткендей, «адамзат жалпы алганда эң бир күчтүү биологиялык күчкɵ айланды». Адам жана анын эмгеги ɵзүнүн кызыкчылыгы үчүн биосфераны жɵнгɵ салуу максатын табышы керек деген. |