АРИПОВА МАКАЛА. Этнопедагогиканын башталгыч класстардагы билим берДГ мааниси баткен облусу Кадамжай району ЧонКара орто мектебинин мугалими Арипова Айнура Абдиллаевна
Скачать 38.64 Kb.
|
ЭТНОПЕДАГОГИКАНЫН БАШТАЛГЫЧ КЛАССТАРДАГЫ БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ МААНИСИ Баткен облусу Кадамжай району Чон-Кара орто мектебинин мугалими Арипова Айнура Абдиллаевна +996777060909 Баткен мамлекеттик университети Кызыл-Кия гуманитардык-педагогикалык институту, Кызыл-Кия, Кыргыз Республикасы М.Мийзамов к.п.н., доцент +996770172012 Аннатация: Бул макалада биздин келечек муунга татыктуу таалим тарбия беруу үчүн кылымдар боюу муундан-муунга өтүп келе жаткан этнопедагогиканын пайдасы, бул илимдин биздин жашообузда кеңири колдонулушу боюнча жаздык. Этнопедагогика келечек муундардын коомдо ордун таба билүүгө терең салым кошкон илим. Азыркы дүйнөдөгү социадык –экономикалык жана саяасий өзгөрүүлөр болуп жаткан учурда инсандын акыл эсинин, каада – салтты билүүсү, үрп-адатты кармануусу, ички дүйнүсүүн байлыгы эң негизги мааниге ээ болуп жатат. Биз бул макалада биздин келечек муунга кыргыз элдик оозеки чыгармалары менен окуучуларды тарбилоодо терең изилдөө менен коомубузга керектуу кадрлар даярдап, кылымдап жашап келген мурас, каада салттарыбызды, макал-лакаптарыбызды, жаңылмачтарыбызды, уламыштарды билдирүү максатында ушул макаланыжаздык. Ата-бабаларыбыздын насаат айткан сөздөрүн кулакка куйуп андан ары келечек муунга сактап жеткирип берүү биздин милдетибиз. Негизги сөздөр: Ата-Баба, этнопедагогика, каада-салт, урп-адаттар, макал-лакаптар, табышмактар, жаңылмачтар, мурас, келечек. ЗНАЧЕНИЕ ЭТНОПЕДАГОГИКИ В НАЧАЛЬНОМ ОБРАЗОВАНИИ Арипова А.А. Учитель средней школы Чон-Кара Кадамжайского района Баткенской области Баткенский государственный университет Кызыл-Кийский гуманитарно-педагогический институт, Кызыл-Кия, Кыргызкая Республика М.Мийзамов к.п.н., доцент, г. Кызыл-Кия, Кыргызская Республика Аннотация: В этой статье мы написали о пользе этнопедагогики, которая веками передавалась из поколения в поколение, и о широком применении этой науки в нашей жизни для обеспечения достойного образования нашему будущему поколению. Этнопедагогика - это наука, которая способствует способности будущих поколений найти свое место в обществе. В период социально-экономических и политических изменений в современном мире наибольшее значение приобретают интеллект человека, знание обычаев, традиций, богатство его внутреннего мира. Мы написали эту статью для того, чтобы воспитывать наше будущее поколение на кыргызских народных произведениях и готовить необходимые кадры для нашего общества, выражать наше многовековое наследие, обычаи, пословицы и легенды. Наш долг – прислушаться к словам наших предков и передать их будущим поколениям. Ключевые слова: Предки, этнопедагогика, обычаи, традиции, пословицы, загадки, наследие, будущее. THE SIGNIFICANCE OF ETHNOPEDAGOGY IN PRIMARY CLASS EDUCATION Aripova A.А. teacher of Chon-Kara secondary school, Kadamzhai district, Batken region Myizamov. M Ph.D., Assistant Professor, Batken State University Kyzyl-Kiya Humanitarian-Pedagogical Institute, Kyzyl-Kiya, Republic of Kyrgyzstan Annotation: In this article, we wrote about the benefits of ethnopedagogy, which has been passed down from generation to generation for centuries, and the wide application of this science in our lives to provide a decent education for our future generation. Ethnopedagogy is a science that deeply contributes to the ability of future generations to find their place in society. At the time of socio-economic and political changes in the modern world, a person's intelligence, knowledge of customs, traditions, and the richness of his inner world are gaining the most importance. We have written this article in order to educate our future generation with Kyrgyz folk works and train the necessary personnel for our society, to express our centuries-old heritage, customs, proverbs, fallacies, and legends. It is our duty to listen to the words of our ancestors and pass them on to future generations. Key words: Ancestors, ethnopedagogy, customs, traditions, proverbs, riddles, mistakes, heritage, future. Биз элдик педагогикадан башат алуу, ага негизденуу ошондон өнуп чыгуу, тушунуктөрду канчалык эрте мойунга алса, калкыбыздын бугунку социалдык –экономикалык, руханий, адептик жаңыруу жолунун эртеңи ошончолук айкын, ошончолук ишенимдүү, ошончолук сыймыктуу да болор эле. Биз элибиздин кылымдап топтогон педагогикалык акыл –ой мурастарын ырааттуу талдоого алган эне тилибиздеги саамалык эмгек. Биз максат элдик педагогикадагы билимдерди окуп үйрөнүү, изидөө жана жайылтуу жаатында үзүрлүү жана астейдил изденип илимпоз-адис болуп келечек муунга өрнөк калтыруу. Тажрыйбабызды жаш муундарга таалим –тарбия берүү милдетин аркалаган –болочок мугалимдерге эн чоң курал катары колдонуп келебиз. Педагогикалык жогорку жана орто окуу жайларын бутуруп чыга турган ар бир жаш адис этнопедагогиканын билимдери жана ыкмалары менен жетик куралданышы зарыл. Элдик педагогика, этнопедагогика: этнопедагогика илиминин, предмети илимий жана практикалык функциялары; - этнопедагогика илиминин тармактары, анын башка илимдер менен өз ара байланышы; - классикалык илмий педагогика жана элдин таалим – тарбиялык тажрыйбалары; этнопедагогикалык изилдөөлөрдүн тарыхы жана азыркы абалы. ”Элдик педагогика –элдин оозеки чыгармачылыкта, үрп-адат, каада –салттарда, оюн жана оюнчуктарда сакталган педагогикалык идеяларынын жана тарбиялык тажрыйбаларынын тутуму”, ”Окутуу, тарбиялоонун максаты. милдеттерин, каражаттарын, көндум, ыкмаларын өз ичине камтыган элдик эмпирикалык билимдердин тутуму” (Ханбикоа Я.И), ”Эл массаларынын тарбия жаатындагы көз караштарынын, үрп-адат. каада –салттарынын жыйындысы. Анын обьектиси-бардык жыныстагы, бардык жаш курактагы адамдар”, ”Эл массаларынын тарыхый жана социалдык тажрыйбаларынан улам жаралып, практикада, текшерилип, тастыкталып, муундан муунга оозеки өтуп келген эмпирикалык билим, көндүм, ыкмалардын тутуму”(Измайлов.А.Э.) Келтирилген мисалдар таамай көрсөтуп тургандай, окмуштуулардын ойлорунда олуттуу айырмачылыкттар деле жок, тескерисинче, алардын пикирлериндеги кээ бир өзгөчөлүктөр элдик педагогиканын маңызын ар тараптуу түшүнүүгө жардам берет. Ошондой болсо да элдик педагогикага мүнөздөмө берүүдө төмөнкүдөй принципиалдуу жагдайларды эске албай коюуга болбойт. а).Тарбиялоо жөнундө талаптар, керектөөлөр жана тажрыйбалар улут пайда болгонго чейин эле боло баштайт. М; алсак, азыркы адамдар учун эрежеге айланган улууларды сыйлоо салтынын учугу уруулук коомдо жатат. Өткөн муундардан мурас калган өнөрлөрдү, турмушка керектүү жүрүм-турум эрежелерин үйрөнүш үчүн уруу коомунун жаштары уруу башчыларын, улууларды кунт коюп угушуп, алардын акыл –насааттарын, буйруктарын өзүлөрүнө үлгү катарында кабыл алышкан жана аткарышкан. Байыркы мезгилдерден эле тартып ушул күнгө чейин бул салт эл турмушунда бекем сакталып келе жатат, тарыхтын буурул таңында көз жарган мифтерди мисалга тарталы. Мында деле адамдар жашоо-тиричилиги, адеп –ариетине байланышкан орошон ойлор, осуяттар мол. Андыктан улуттун улут болуп калыптанышындагы ошол рухий башаттар да чоң роль ойногонун эске ала жүрүү керек. б)Элдик педагогикалык идеялар, адат –салттар, жөрөлгөлөр элдик керектөөлөр улам пайда болот, өсөт жана өнүгөт. Биринчиден, элдин керектөөсүнө шайкеш келген рухий педагогикалык нарк-дөөлөттөр гана элдин салттуу ишенимине, идеалына айланат. Экинчиден элдин рухий практикалык, турмуштук талаптарынан улам өсүшү жаңы педагогикалык табылгаларды, тажрыйбаларды жаратат өнүктүрүлүп өстүрөт. в) Ар бир элдин педагогикалык маданияты өздөрү жашаган географиялык чөйрөгө жана тарыхый шарттарга байланыштуу өзгөчөлүккө ээ болот. Ал эми, географиялык чөйрө да тарыхый шарттар да бардык жерде бирдей эмес. г) Элдик педагогика –бул баарынан мурда, тигил же бул улуттун социалдык турмушунун практикасы, таалим –тарбия жаатындагы нерселуу, жөрөлгөлүү иш-аракеттеринин бөтөнчө тутуму. Демек,элдик педагогика тарбилоо, билим берүү жаатындагы акыл –ойлордун, ишеним –идеалдардын гана уюткусу эмес, ал баарынан мурда, ошол идеалдарды калыптандырууга багытталган элдин практикалык педагогикалык иш-аракеттерин өз ичине камтыган өзгөчө феномен. Жогоркуда көрүнүктүү окмуштуу-этнопедагогдордун пикирлерине жана кошумча далилдерге таянуу менен элдикпедагогикага төмөнкүдөй жалпылама аныктама берүү ылйык. Элдик педагогика –бул улут болуп калыптанганга чейин эле узак мөөнөт жашап, белгилуу географиялык жана тарыхый шарттардын элдин керектөөлөрүнүн негизинде өнүгүп-өркүндөп, адамды ишенимдердин, ыймандык нарк дөөлөттөрдун духунда тарбиялоого багытталган билимдердин, жана практикалык эмпирикалык муундан муунга мурасталган идеялардын, ишенимдердин, иш-аракеттердин бөтөнчө тутуму. Эгрде элдин рухий жактан өнүгүшү үчүн кайдыгер кароого мүмкүн болбогон, атүгүл анын тагдыры үчүн олутуу мааниге ээ болгон бөтөнчө кубулуштар бар десек, анда алардын сырт уйуңун чечмелөөчү илимдин жаралышы дал ушул мыйзам ченемдүүлүктөр менен түшүндүрүлөт.Этнопедагогика илиминин жаралышы дал ушул мыйзам ченемдүүлүктөр менен түшүндүрүлөт.Азыркы илимде аталган терминге карата Г.Н.Волков тарабынан берилген аныктама туруктуу деп кабыл алынган. Этнопедагогика –бул өсүп келе жаткан жаш муундарды тарбиялоо боюнча калайык - калктын тажрыйбасы, анын педагогикалык көз караштары, турмуш-тиричиликтин, үй-бүлөнүн, уруктун уруунун жана элдин педагогикасы жөнүндөгү илим. (Волков Г.Н. ”Этнопедагогика”,1974,66-бет) Этнопедагогика - “этнос” жана “педагогика”деген илмий терминдердин курамынан турат. ”Этнос”- урук, урук, эл улут деген түшүнүктөрдү жалпы туюнтуучу илмий термин. Демек, этнопедагогика термин элдердин, урук, уруулардын, улуттардын педагогикалык билимдери менен тажрыйбаларын жалпылоочу илим катары туура негизделген. Г.Н.Волков «элдик педагогика» жана этнопедагогика “ ортосундагы чекти ачык жана так ажыраткан. Элдик педагогика элдин таалим –тарбия идеяларын, тажрыйбаларын мүнөздөөгө карата айтылса, ал эми этнопедагогика теориялык ой жүгүртүүлөрдүн, илимдин чөйрөсу. Эгер элестүү айтсак, элдик педагогика жана этнопедагогика аттуу хрестоматиялык жыйнак түзүлө турган болсо, анын биринчисинде элдик педагогикалык мазмундагы оозеки чыгармалар, урп-адат. каада-салттардын кыскача баяндамалары орун алмак, ал эми экинчиси ошол тарбиялык салттарды, орошон ойлорду илмий талдоого алган эмгектерден турмак. Ушул биздин жылдарга чейин сакталып келе жаткан элдик оозеки чыгармалар айтылып кылымдар боюу сакталып улантылып келе жатат. Келечек муундарга татыктуу таалим тарбия берүүдө этнопедагогиканын орду бөлөкчө. Педагогика-бул улуттун тарыхый тажрыйбасына тиешелүү педагогикалык илимдин бир тармагы. Бул илим жаш муундун билим берүү маселелери боюнча, өткөн муундардын көз караштары каралат. Ошол эле учурда, бир кыйла көңүл үй-блөсу өз үйндө, өз эл жерин таанып билүүгө үйрөтөт. Чынынд а эле жашоонун темпи мурда болуп көрбөгөндөй ылдамдыкта өсүп баратат, ошондон улам ар кандай жаңы татаалдануулардын жаны тематикалык иш пландар менен иш алып баратат. Элдик педагогика-элдик оозеки чыгармачылыкта, үрп-адат, каада –салттарда, оюн жана оюнчуктарда сакталган педагогика идеяларынын жана тарбиялык тажрыйбаларынын тутуму. Ал эми илмий –тематикалык географиясын, изидөө чектерин төмөнкүчө мүнөздөп көрсөтүүгө болот: элдин негизги педагогика түшүнктөрү. (багуу, кароо, асыроо, тарбиялоо, бутуна тургузуу, эрезеге жеткируу, адам катарына кошуу) Элдик педагогиканын кенч казыналары, булактары (уламыш, болмуштар, дастандар, жомоктор, макал-лакап, табышмакттар, элдик ырлар, –колдонмо өнөрү, таштагы жазуулар, акындар, чыгармачылыгы, (санжыралар). Элдик тарбиянын мазмуну жана максат-милдеттери (пейил-мунөздү, адеп –ахлакты, акыл жана дене бой маданиятын калыптандыруу, ден-соолукту сактоо,чыңдоо,көркөм эстетикалык тартипти өстуруу ж.б). Тарбиялоонун факторлору, усулдары (жандуу жаратылыш, эне тил, эмгек, каада салт, урп-адаттар, элдик өнөр, дин,турмуш –тиричилик ж.б). Элдик тарбиячылар (ата-эне, уруулар. карыялар, усталар, уздар, саяапкерлер, мүнүшкөрлөр, эсепчилер, манасчылар. жомокчулар, акындар, санжырачылар, уламалар); элдик педагогикадагы инсандык идеалдар (чыныгы адам, эр жигит, аксакал, карыя ж.б). Элдик педагогикадагы инсан идеалы. Кыргыз эли тарбиялоонун максаты жана мазмуну жөнундөгү кылымдардан берки түзүлгөн түптүү көз караштарын “адам кылуу” деген жөнөкөй жана улуу түшүнүк менен туюнтушат. ”Адам бол” деген бийик талапты ар бир ата-эне бала сөзгө түшүнө баштагандан эле кулагына куюп. жан дүйнөсүнө сиңире баштайт. Кыргыз элинин тарбия көз карашында уул балдар менен кыздардын идеалы алардын үй-бүлөлүк жана коомдук турмуштагы ордуна, карай өз алдынча, өзгөчө мерчемдер менен аныкталган. Атап айтсак, уул балдарды тарбиялоонун идеалы-байыркы доорлордон азыркы күнгө чейин “Эр жигит” деген тушунук менен туюнтулуп келет. Жигит идеалынын мазмуну башка элдердин нарк дөөлөтөрүнө, орус элиндеги “азамат уул” (орус добрый молодец) жапан элинде “самурай”, ангиличандардагы “жентельмен” деген түшүнүктөргө жакын. Алардын баарына тең эле адептүүлүк, эр жүрөктүүлүк, тайманбастык, кичи пейилдик, калыстык, шайыр-шатмандык сыяктуу жалпы касиеттер мүнөздүү. Ал эми аял затынын идеалын таамай, так туюнтуп турган “Ак жоолук делбир” түшүнүгү төмөнкүчө чечмеленет. ”Мындай аял сымбаттуу келет. Күйөөсүнүн кенедей да көңүлүн калтырбайт. Жоро –жолдоштору дайыма келип турат. Алардын сүйлөгөн сөзу, кылган кылыгы менен ыраазы кылат. Үйүн таза кармайт. Балдарын тазалыгына көңул бурат. Маңдайы жарык болот. ”Ак көрпөжайыл ургаачы “түшүнүгү акылга дыйкан, мээримдүү, адамгерчиликтүү, жүрүм – туруму менен өзгөлөргө өрнөк боло алган аялды сыпаттоо иретинде колдонулат. ”Жабылуу кара инген” үй турмушунда бардык түйшүктү мойнуна алган, чеберчилиги менен айырмаланган, ушак - айыңга кошулбаган, ашыкча кеп сөзү жок, көтөрүмдүү, көпчүлүктүн ишине активдүү катышкан аял. Элдик педагогикалык негизги түшүнүктөр. Кыргыз элинин салттуу тарбия маданиятына таандык терминдерди жана түшүнүктөрдү талдоо төмөнкүдөй тыянак чыгарууга негиз берет. Биринчиден, азыр элдик педагогика лексикондо активдүү колдонуп келе жаткан тушунуктөр. терминдердин айрымдары бардык түрк тилдерин ислам дини менен кошо кирип, орток терминге айланып кеткен. Алсак “Тарбия”дээрлик бардык түрк тилдерине арабдардын “тарбият” деген сөзүнөн кирген. Семетикалык мааниси бардык түрк элдеринде бирдей, инсанды өнүктүрүү, өстүрүүгө байланышкан педагогикалык кубулуштарды жалпылоо маанисинде колдонулуучу түшүнүк. ”Тарбия” деген уңгу сөзгө-лоо мүчөсү жалганганда инсандын көп кырдуу сапаттарын калыптандыруу, өстүрүү, процессин, мыйзам ченемдүүлүктөрүн мүнөздөөчү түшүнүккө айланат. Жалпылап айтканда, кыргыз элидеги “тарбиялоо” түшүнүгү баланы багуу, кароо анын акыл- эсин өстүрүү. ден –соолугун чыңдоо, аны өрнөктүү жүрүм –турум адаттарына үйрөтүү дегенди билдирет. ”Тариялоо деген түшүнүктүн ажырагыс компоненттеринин бири –тартип. ”Тартип” - фарс сөзү, кыргыз тилинде “ирет”. ”ырааттулук“ деген маанини билдирет. Ал эми “тартиптүү” деген сын атооч сөз инсандын жүрүм-турумунун белгилүү ыраатка салынгандыгын, андагы өрнөктүү, үлгүлүү инсандык касиеттерди мүнөздөйт. Кыргыз тилинде тарбилоо тушунугунө синонимдеш төл сөз арбын. Элдик педагогика элдин жашоо тиричилигинин тартибинде сакталып калган, оозеки элдик чыгармачылыкка, салт –санааларда, үрп-адаттарда, балдар оюндарында ж.б. чагырылдырылган педагогикалык маалыматтардын жана тарбия беруу тажрыйбаларынын жыйындысы катарында педагогиканы этнография жана фольклористика менен байланыштыруучу атайын тармакты элдик педагогика деп түшүнүүгө болот. Элдик педагогика элдин миңдеген жылдык тажрыйбасында иштелип чыккан жана бүгүнкү күнгө чейин анын турмуш-тиричилигинде колдонулуп жаткан педагогикалык маданиятын изилдейт. Этнопедагогика болсо – бул кыйла тар түшүнүк. Ал белгилүү этникалык жалпылыктагы педагогиканы изилдейт. Этнопедагогиканын предмети болуп уруктун, уруунун, элдин жана улуттун педагогикалык маданияты эсептелет. Ар бир эл өзүнүн тарыхый өнүгүү жолунда тарбия берүү практикасын калыптандырган окутуу жана тарбия берүү ыкмаларын иштеп чыккан. Тарбия берүү тармагындагы элдик тажрыйба педагогикалык билимдердин түзүлүшүндө татыктуу орун ээлеген. Бул айтылгандар толук бойдон кыргыз элинин этнопедагогикасына да таандык. Ал азыркы Кыргызстандын аймагында жүздөгөн жылдар бою өнүгүп келген педагогикалык прооцесстин составдык бөлүгү болуп эсептелет. Этнопедагогика ошол элдин чарбалык-тиричилик укладдагы жана көз караштагы туруктуу салттарына таяанат. Кыргыз элинин улуттук этнопедагогикасы бул жагынан алганда четте калбайт. Бул салттар убакттын өтүшүнө жараша түрүн өзгөрткөн, бирок алар көп жагынан коомдун психикалык, коомдук аң-сезимдин, үрп-адаттрдын, ырым-жырымдардын көптөгөн белгилерин тиричиликтин жана бүтүндөй руханий маданияттын өзгөчөлүгүн аныктоону уланта беришкен. Кыргыз этнопедагогикасы улуттук руханий маданияттын өзөктөш бөлүгү болуп эсекптелет. Кыргыз педагогика илим изидөө институтун түзүүдө жана илимий иштерин уюштурууда анын биринчи дирктору, таланттуу педагог Б.К.Кулдашевдин (1916-1950) эмгеги зор. Кыргыз этнопедагогикасынын теориалык жана практикалык маселелерин изидөөнү Ж.Койчуманов “Тоголок Молдонун агартуучулук ишмердиги жана педагогикалык идеялары “(1964) Өткөн кылымдын 40-жылдарынын акырына чейинки мезгилде билим берүү жана жалпы педагогикалык маселелер өкмөт менен партиянын тиешелүү чечимдерине ылайык мектептер үчүн айрым окуу предметтерин, окуу программаларын жана окуу китептерин түзүүгө, ошондой эле кээ бир темалар боюнча тарбия берүүгө керектүү чакан методикалык сунуштарды жана көрсөтмөлөрдү иштеп чыгууга гана багытталып келген. Бул мезгилде педагогика адистиги боюнча илмий даражалуу бир дагы изилдөөчу окмуштуу болгон эмес. Адабияттар Асипова Н.А.,Карабалаева Г.Т., ж.б. Этнопедагогика 2019-ж210-б. Айтматов, Ч. В соавторстве с землею и водою. [Текст] / Ч. Айтматов. – Ф., 1978, – 323 б. Байышова, Г.Ж. Мектептердин башталгыч класстарынын сабактан тышкаркы иштеринде элдик салттар аркылуу экологиялык тарбиялоонун илимий негиздери [Текст] / пед. илим. канд. дис. / Г.Ж. Байышова. – Б. 2010. – 150 б. Боркошев.М.М.Экскурсиялар аркылуу эстетикалык жана этикалык тарбия берүүнү уюштуруу. Наука. Новые технологии и иновации Кыргызстана. №10, 20.05.2016. С. 104-107. Боркошев.М.М. , Тешебаев А.К.,Жакыпова Г Кыргызстандын оюндары тарыхый эстеликтерде. Наука. Новые технологии и иновации Кыргызстана. №10, 20.05.2016. С. 86-92. Муратов А. Кыргыз этнопедагогикасы. – Бишкек, 2018-жыл. Рысбаев.К.С., Ибраимова. К., Абдухамидова.Б.А. Адабий окуу. Кыргыз орто мектептеринин 4-класстары үчүн окуу китеби. «Принт Экспресс». Бишкек-2020. Стр. 28-45. |