СТАТ_ЛЕК_1_2. Лекция Статистика илимине кириш Статистиканын методу жана предмети Сатистиканын негизги категориялары
Скачать 34.33 Kb.
|
Киришүү Лекция 1. Статистика илимине киришүү 1.1. Статистиканын методу жана предмети 1.2. Сатистиканын негизги категориялары 1.3. Статистикалык белгилердин классификациясы 1.4. Статистикалык законченемдүүлүк Лекция 2. Статистикалык кѳрсѳткүчтѳр 2.1. Статистикалык кѳрсѳткүчтѳрдүн түшүнүгү, чагылдыруунун формасы жана түрлѳрү 2.2. Статистикалык кѳрсѳткүчтѳрдүн классификациясы жана формасы 2.3. Кѳрсѳткүчтѳрдүн салыштырмалуулугу Киришүү Баардык илимдердин максаты – коомду жана жаратылышты таану процесси болуп эсептелет. Биз үйрѳнүп, жаттап ала турган бир дагы баардыгын изилдеп бүткѳн илим жок. Илимдер ар дайым ѳнүгүү процессинде болуп турат. Окуу куралдары – бул илимий таанудагы деңгеелди толук эмес, кыскартылган түшүндүрмѳсү. Коомдогу жана жаратылыштагы кубулуштарды, процесстерди жана ар кандай ѳзгѳрүүлѳрдү тереңиреек билиш үчүн ар дайым атайын адабияттарды жана окуу китептерди окуш керек. Экономикалык билим берүүдө “Статистиканын жалпы теориясы” – негизги дисциплиналардан болуп эсептелет. “Статистика” термини XVIII кылымдын экинчи жармында пайда болгон. Ошо убакта статистика сабагын жогорку окуу жайларда сабак катарыры киргизип окута башатады. Адамзаттын тарыхы көргөзгөндөй статистикалык берилиштерсиз мамлекетти, экономиканын тармактарын жана секторлорун башкаруу мүмкүн эмес. Башкарууда өлкөнүн эли, ишканалар, банктар, фермердик чарбалар, ж.б. жөнүндө көптөгөн берилиштерди чогултуунун жана жалпылоонун керектигинин натыйжасында мамлекеттик статистикалык уюм түзүүнүн зарылчылыгы келип чыкты. Кайсы тармакты албайлы, демографиянын, өндүрүштүн, айыл чарбанын, курулуштун, финансанын, экономиканын ж.б. статистикалык берилиштерди сандык өлчөө, кайра иштеп чыгуу, анализ жүргүзгөнгө карата алардын статистикаларын бөлүп көргөссө болот. Мисалы демографиялык, эмгек ж.б. статистикасы бар. Статистикалык методдор негизги көрсөткүчтөрдүн динамикасын прогноздоонун негизинде фирманын, ишкананын, тармактын жана эл чарбанын өнүгүү стратегиясын, жана планын иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк берет. Окуу куралынын материалдары студенттерге керекүү билимди алууга жардам берет. Окуу куралында статистикалык изилдѳѳнүн негизги методдору: статистикалык байкоолор; сводка жана группалоо; динамика катарын анализдѳѳ; тандалма метод; анализдѳѳнүн индекстик методу; статистикалык катарды жайгаштырууну изилдѳѳ; корреляциялык-регрессиялык анализдѳѳ. Окуу куралдын түзүлүшү статистика илим катары кароодогу эки функциясына туура келет: жазылма жана түшүндүрүүчү (описательной и объясняющей). Жазылма статистика же дескриптивтик статистика (англ. descriptive statistics) эмприкалык берилиштерди кайра иштеп чыгуу, аларды системалаштыруу, графикалык жана таблица формада айкын чагылдыруу, жана дагы статистикалык кѳрсѳткүчтѳрдү сандык чагылдырып түшүндүрүү мене ниш алып барат. Жазылма статистикада статистикалык сандык берилиштерди чагылдырууда негизинен үч негизги метод колдонулат: –таблица түрдѳ берүү; – графикалык түрдѳ чагылдыруу; – статистикалык кѳрсѳткүчтѳрдү эсептѳѳ. Экономико – статистикалык моделдерде (мисалы регрессиялык анализдѳѳнүн моделдеринде), экзогендик ѳзгѳрмѳлѳр – кѳз карандысыз ѳзгѳрмѳлѳр болуп, ал эми кѳз каранды ѳзгѳрмѳлѳр – түшүндүрүүчү (объясняемой) ѳзгѳрмѳлѳр болуп эсептелет. Окуу куралы эки бѳлүктѳн турат: – жазулма жана аналитикалык бѳлүктѳн. Биринчи бѳлүктѳ (пп 1-4) тѳмѳнкүлѳр каралат: статистиканын илим катары маңызы, статистикалык методологиянын ѳзгѳчүлүгү, негизги түшүнүктѳр жана статистикалык категориялар; абсолюттук, салыштырмалуу жана орточо кѳрсѳткүчтѳрдү эсептѳѳнүн методологиясы, аларды экономико-статистикалык анализде колдонуу; статистикалык информацияларды чогултуунун методдору (статистикалык байкоолордун ыкмалары, формасы жана түрүү), статистикалык байкоолордун программно-методологиялык жана уюштуруу суроолору, байкоо жүргүзүүдѳгү жана текщерүүдѳгү алынган берилиштердин катанын маңызы; статистикалык групполоонун жана табица түзүү методдору. Экинчи бѳлуктѳ (пп 8-12) тѳмѳнкүлѳр каралат: изилденүүчү процесстердин, кубулуштардын окуялардын түзүлүштѳрүнүн изилдѳѳдѳ колдонуучу статистикалык методдор жана кѳрсѳткүчтѳр (вариациалык катарды түзүү жана анализдѳѳ, вариацианын деңгеели жана бѳлүштүрүүнүн формасы; динамикалык катарды анализдѳѳ, аларды жайгаштырууну моделин түзүү, трендди табуу жана (описание) түшүндүрүү, сезондуулукту баалоо, трендди экстраполяцялоонун негизинде прогноздоонун статистикалык методдору; корреляциялык-регрессиялык анализдѳѳнүн негизинде социалдык-экономикалык кубулштардын ѳз ара байланыштарын статистикалык изилдѳѳ; экономикалык индекстерди үйрѳнүү жана изилѳѳдѳ колдонуу. Лекция 1. Статистика илимимине киришүү (илим катары) 1.1. Статистика илиминин методу жана предмети. Статистика термини латын “Status” деген, буюмдун, кубулштардын кандайдыр бир абалы дегенди жана “Stato” - “мамлекет” деген сѳзүдѳрүнѳн келип чыккан. Ал илим катары 1749 жылы немецтик окумуштуу Готфрид Ахенваль ”Статиситка” аттуу китеп жарык кѳргѳндѳ пайда болгон. Анда Европадагы мамлекеттердин саясый түзүлүштѳрүн жазган. Бирок статистикалык каттоо (учет) илгери эле пайда болгон. Бизге белгилүү болгондой биздин доорго чейинки бешинчи кылымда Кытайда элди каттоо, байыркы Римде жарандардын мүлкүн каттоо, Афинада калктын табыгий кыймылын каттоо жүргүзүлүп келген. 18 кылымдын ортосунда статистика илимий багыт катары эки илимий багыттын: статистиканы мамлекеттүүлүкѳ киршүү деген немецтик описательной багыттын (Г. Ахенваль) жана англиялык саясый арифметикалар багытынын (В.Петти) негизинде пайда болду. 19 – кылымдын биринчи жармында статистиканын үчүнчү багыты – математикалык статистика пайда болду (А. Кетле), анын ѳкүлдѳрү статистиканын негизи болуп математикалык ишеним теориясы деп эсептеген. Статистика илиминин ѳсүшү, изилдѳѳнүн практикалык сферасынын кеңейиши, бара бара “статистика” терминин маңызынын ѳзгѳрүүсүнѳ алып келди. Азыркы мезгилде “Статистика” илимине бир нече илимий аныктама берсек болот. 1) Статистика бул коомдук турмуштун ар кайсы жактарын (ѳндүрүш, товарларды бѳлүштүрүү жана алмашуу, саясый, маданий ж.б.) сандык жактан чагылдырган, жыйынтыктоочу маалыматтардын жыйындысы (итоговая совокупность). 2) Статистика бул коомдук турмуштун баардык жактарын чагылдырган (ага байланышкан сапаттык жактарын эске алуу менен) сандык берилиштерди чогултуу, кайра иштеп чыгуу, анализдѳѳ жана жарыйалоо үчүн болгон практикалык ишмердик. 3) Статистика бул илимий дисциплина, билимдин тармагы, коомдогу массалык окуяларды, процесстерди сапаттык жактан ар дайым эске алып, сандык жактан алардын ѳсүү закон ченемдүүлүгүн анытоо максатында изилдейт. Экономика багытында адистерди даярдоодо статистика сабагы эң маанилүү болуп эсептелет. Азыркы заманбап статистика – бул ѳзүнүн объектиси, предмети жана спецификалык методдору бар ѳзгѳчѳ илим. Статистика илиминин объектиси болуп коомдогу жана жаратылыштагы баардык массалык окуялар, процесстер анын ичинде экономикалык процесстер да эсептелет. Массалык окуялар, кубулуштар деп мейкиндикте убакыт боюнча кайталануучу жана кандайдыр бир статистикалык закон ченемдүүлүктү айтабыз. Массалык окуялар жана кубулуштар тѳмѳнкү белгилерге ээ: алар жеке элементтердин кѳптүгү (ар бир элемент кээ бир жалпы касиеттерге ээ болуп) – реалдуу жашаган материалдык объектер, булар статистика илиминде белгилер деп аталат; белгинин жеке вариациясы - кѳпүктүн ар бир элементи башкалардан ѳзгѳчѳлѳнүп, изилденүүчү белгинин касиетине ээ болуш керек; элементтер бири биринен толук же толук эмес кѳз карандылыкта болуш керек. Статистика илими коомдук-экономикалык кубулуштарды конкреттүү шарттарда жана убакытта изилдейт. Статистика илиминин предмети болуп массалык коомдук кубулштардын окуялардын сапаттык жагы менен тыгыз байланышкан алардын ѳсүшүнүн закон ченемдүүлүгүн аныктоо үчүн колоднулуучу кѳлѳмү жана сандык катышы эсептелет. Стаистика ѳзүнүн предметин ѳзгѳчѳ методологиянын негизинде изилдейт. Ал жалпы эрежелердин (принциптердин) жыйындысы болуп жана статистикалык изилдѳѳлѳрдүн атайын ыкмаларынан жана методдорунан турат. Статистикалык изилдѳѳнүн жалпы эрежеси социалдык-экономикалык теориянын жана таанунун диалектикалык методдорунун принциптерине таянат. Алар стаистиканын теоретикалык базасын түзѳт. Ѳзүнүн теоретикалык базасына таянып, статистика спецификалык методду колдонот, ал статистикалык изилдѳѳнүн үч стадиясы менен мүнѳздѳлѳт: Статистикалык байкоолор, изилденүүчү кубулуштар жана окуялар жѳнүндѳ ѳзүнчѳ фактылыр боюнча баштапкы информацияларды чогултуу. Чогултулган материалдар боюнча группаларды жана сводкаларды түзүү. Груполоодо жана сводка түзүүдѳ алынган статистикалык берилиштерди системалаштыру жана классификациялоо үчүн кайра иштеп чыгуу. Статистикада илимий дисциплина катары үч деңгееди белгилесек болот: Статистиканын жалпы теориясы – бул статистика илиминин изилдѳѳлѳрдѳ колдонуучу жалпы пиринциптерин жана категорияларынын системасын иштеп чыгуу, коомдук массалык кубулуштардын окуялардын статистикалык изилдѳѳнүн жалпы методологиясын иштеп чыгуу. Экономикалык жана социалдык статистика. Экономикалык статистика – экономикалык кубулуштарды процесстерди сандык жактан изилдейт, синтетикалык кѳрсѳткүчтѳрдү иштеп чыгат. Социалдык статистика коомдук турмуштагы (маданий, саясат, илим ж.б.) ар кандай кубулштарды жана процесстерди чагылдырган жавлпылоочу кѳрсѳткүчтѳрдү иштеп чыгат. Экономикалык жана социалдык статистиканын тармактары. Экономикалык статистиканын тармактары болуп ѳнѳр жай, айыл чарба, транспорт, байланыш соода статистикасы ж.б. эсептелет. Социалдык статикага эмгек, калктын, илимдин, укуктун статистикалары кирет. Тармактык статистикалардын милдети болуп тармактардагы жана коомдук-экономикалык турмуштагы массалык кубулштарды, окуяларды изилдѳѳ, алардын ѳнүгүү законченемдүүлүгүн, тенеденциясын аныктоо болуп эсептелет. Статистика илими эбегейсиз табиат таануу мааниге ээ, себеби: статистика изилденип жаткан кубулштардын, окуялардын маңызын жана сандык жактан чагылдырып (сапаттык жагын сѳзсз эске алып), аларды баалоонун ишеничтүү жолу болуп эсептелет; статистика кубулуштардын, окуялардын ѳз ара байланыштарын сандык жактан аныктап, алардын конкреттүү формасын жана маңызын аныктайт; статистика жаңы кубулуштарды, процесстерди жана законченемдүүлүктү биринчилерден болуп аныктап, аларга сандык жана сапаттык мүнѳздѳмѳ берет. 1.2. Сатистиканын негизги категориялары. Статистика илими ѳзүнүн предметин аныктаган категорялардын (б.а. объективтүү кубулуштардын жана процесстердин негизги жалпы жана орчундуу касиетерин, белгилерин, байланыштарын жана катыштарын чагылдырган түшүнүктѳрдүн) жардамы менен изилдейт. Статистикада ушундай негизги түшнүктѳрдѳн бешѳѳ бар. Статистикалык жыйын – бул статистика изилдей турган бир же бир нече жалпы касиеттери бар жана башка бир касиеттери менен айырмаланган көптөгөн объектер же окуялар жөнүндө берилиштердин жыйындысы. Мисалы, соода жүргүзгөндө аны изилдеш үчүн жалпысынан биз аларды бириктирип статистикалык жыйын - “чекене соода” же “дүң соода” деп атайбыз. Статистикалык жыйындын өзүнчө объектери же окуялары жыйындын бирдиги деп аталат. Мисалы соода жабдыктарын эсепке алып жатканда байкоонун бирдиги болуп соода ишканалары эсептелет, ал эми жыйындын бирдиги болуп алардын жабдыктары, муздаткыч, агрегаттар, прилавкалар ж.б. эсептелет. Статистикалык жыйын статистика илиминин изилдѳѳсүнүн объектиси болуп эсептелет. Статистикалык жыйындын негизги касиеттери болуп тѳмѳнкүлѳр эсептелет: Бѳлүнбѳстүгү – статистикалык жыйындын кээ бир жеке элементтеринин жоголушу же пайда болушу, анын негизги сапаттык мүнѳздѳмѳсүн ѳзгѳртпѳйт. Мисалы университеттин студенттеринин кээ бир бѳлүгү окуу жайды бүткѳндѳ кетип, жаңы ѳткѳндѳр кошулушу студенттердин статистикалык жыйын катары каралышы алрдын негизги сапаттык мүнѳздѳмѳсүн жоготпойт. Статистикалык жыйын ар дайым канадайдыр бир белгиси боюнча бир тектүүлүгү. Баардык элементтер жок дегенде бир жалпы касиетке ээ. Статистикалык жыйындын бир тектүүлүгү ар бир конктертүү статистикалык изилдѳѳлѳрдѳ анын максатына жана милдетине жараша аныкталат. Статистикалык жыйындын эң негизги касиети болуп анын вариациясы – бир элементтен башка элементтке ѳткѳндѳгү статистикалык белгинин маанисинин сандык ѳзгѳршү. Эгерде жыйында баардык элементтердин маанилери бирдей болсо, анда статистикалык жыйынды излдѳѳнүн кажети жок, себеби бир элементти изилдеп ана баардык жыйын жѳнүндѳ бүтүм чыгарып койсок болот. Элементтердин вариациясы кандайдыр бир аныкталган шарттардын жана себептердин таасир астында пайда болот. Статистика бул шарттады жана себептердин пайда болушун изилдебейт. Муну менен атайын экономика илиминин тармактары иштейт. Статистика болсо ар бир себептин конкреттүү белгинин вариациясына таасирин сандык баа берет. Себеби бул таасирдин күчүн ар кандай деңгеелде башкаруучулук чечим кабыл алууда эске алыш керек. Баардык статистикалык жыйын тѳмѳнкү группаларга бѳлсѳк болот: Статистикалык изилдѳѳгѳ байланышпаган, табигий түрдүѳ пайда болгондор. Мисалы шаардагы ѳнѳр жай ишканасындагы жумушчулардын жыйындысы. Алар реалдуу түрдѳ, биз изилдейбизби же жокпу карабай пайда болгон. Статистикалык изилдѳѳнүн максатына жараша атайын түзүлгѳн жыйын (маркетингтик излдѳѳдѳ конкреттү товарды сатып алуусулардын жыйындысы). Стохастикалык жыйын (гипотетикалык кѳптүк) – реалдуу эмес, ойдон чыгарылган, сушунталган жыйынды (мисалы галактика мейкиндигиндеги материктердин жыйындысы, тыйынды кѳптѳгѳн ыргыткандагы түшкѳндүгүнүн саны ж.б.). Статистикалык бирдик – кандайдыр бир статистикалык белиси бар статистикалык жыйындын баштапкы кѳз карандысыз, бѳлүнбѳгѳн элементи. Ал статистикалык жыйындын бѳлүштүрүүдѳгү эң майда чеги болуп, изилденип жаткан кубулуштун же процесстин баардык касиетин сактап жыйындын бир бѳлүгү болуп эсептелет. Мисалы эмгек ѳндүрүмдүүлүктү изилдеп жатканда шартка жараша статистикалык бирдик болуп тармактын ишкнасы, ишканадагы жумушчу, цех жана бригада деңгеелинде болушу мүмүкүн. Статистикалык белги – статистикалык жыйындын аныкталган сапаты, мүнѳздүү касиети. Мисалы ишкананын статистикалык белгиси болуп анын менчик формасы, иштегендердин саны, уставтык капиталдын кѳлѳмү ж.б. Статистикалык жыйындын белгилеринин бѳлѳк – бѳлѳк маанилери варианттар деп аталат. 1.3. Статистикалык белгилердин классификациясы Статистикалык белгилерди бир нече негизде классификациялак болот. Классификацияны тѳмѳнкү таблицада кѳргѳзүү ыңгайлуу болт: Статистикалык белгилердин классификациясы. Таблица 1.1.
Атрибуттук белгилер (сапаттык белги) - кээ бир маанилер түшүнүктөр, же аталыштар менен аталган белгилер. (мисалы улуту, жынысы, кесиби мугаалим, врач,ж.б.).Бул белгилер аркылуу берилген белгинин алып жүргѳн статисткалык бирдиктердин жыйынтыктоочу санын тапсак болот. Сандык белгилер - кээ бир маанилер сандык мааниге ээ болгон белгилер. (мисалы салмак, өлчөм). Бул белгилер аркылуу конкреттү белгиге ээ болгон бирдиктердин жыйынтыктоочу берилишин - суммасын, белгинин орточо маанисин тапсак болот. Белгинин вариациалык мүнѳздѳмѳсүнѳ альтернативтик белги белгинин эки маанисинин бирине кана ээ болот. Мисалы жынысы, үй бүлѳлүк абалы ж.б., кээ бир изилдѳѳлѳрдѳ суроолорго “бар же жок” жооп. Дискреттик сандык белги болуп жалаң эле бүтүн маанилер эсептелет, алардын ортосунда ара маанилердин жокутугу (мисалы үй бүлѳдѳгү балдардын саны, жумушчулардын разряды ж.б.). Үзгүлтүксүз сандык белгилер – баардык сандык маанилерди кабылалган белгилер. Практика жүзүндѳ алар керектүү тактыка чейин тегеректелет ( мисалы бухгалтердик пайдалар ж.б.). Убакытка жараша моменттик белгилер берилген убакттын моментине жараша мүнѳздѳлѳт ( мисалы ѳлкѳдѳгү калктын саны берилген жылдын башындагы же аягындагы күнгѳ карата 01.01. жана 31.12). Интервалдык белгилер, кубулуштарды, процесстерди кандайдыр бир убакыттын периодунда (жыл, квартал, ай ж.б) мүнѳздѳйт. Кубулуштардын, процесстердин ѳз ара байланышына карата факторлук белгилер ѳзүнүн ѳзгѳрүшү менен башкалардын ѳзгѳрүшүн пайда кылат. Факторлук белгилер себеп белгилер жана шарттык белгилер болуп бѳлүнүшѳт. Натыйжалык белгилер, башка белгилердин вариациасынан кѳз каранды. Мисалы чыгарылган продукциянын баасы натыйжа белги болуп эсептелет, себеби ал факторлук белгиден (жумушчулардын санынан, эмгек ѳндүрүмдүүлүктѳн) кѳз каранды. 1.4. Статистикалык законченемдүүлүк Законченемдүүлүк философиялык категория бодуп себептүүлүк - натыйжа байланышын чагылдыруучу форма катары регулярдуу кайталанып турушу (байлашын ѳзгѳрсѳ да анча олутту эмес болот). Законченемдүүлүк - эгерде окуяны пайда кылган себеп эч ѳзгѳрбѳсѳ (же анча олуттуу эмес болсо) окуялардын эң жогорку ишенимдүүлүк менен катарлашып жайгашуусун, регулярдуу кайталануусун чагылдырат. Статистикалык законченемдүүлүк – бул массалык кубулуштардын жана процесстердин ѳзгѳрүүсүнүн объективтүү сандык законченемдүүлүгү, б.а. статистикалык законченемдүүлүк пайда болгон себептүүлүк – натыйжа байланыштын сандык формасы болуп эсептелет. Ал массалык берилиштерди анализдѳѳнүн негизинде аныкталып, статистикалык жыйындын негизинде пайда болот. Законченемдүүлүк кѳптѳгѳн сандагы турактуу таасир берүүчү себептердин (факторлордун) жана кокус пайда болгон себептердин (факторлордун) негизинде натыйжа болот. Турактуу таасир берүүчү себептер ѳзгѳрүүлѳр регулярдуулукту, кайталанууну, кокустук – регулярлууту ѳзгѳтѳт. ЛЕКЦИЯ 2. Статистикалык кѳрсѳткүчтѳр. 2.1. Статистикалык кѳрсѳткүчтѳрдүн түшүнүгү, чагылдыруунун формасы жана түрлѳрү Статистикалык кѳрсѳткүчтѳр статистиканын эң негизги категорияларына кирет. Алар массалык кубулуштарды, процесстерди изилдѳѳдѳ негизги курал болуп эсептелет. Статистикалык кѳрсѳткүч философиялык категория катары объективтүү кубулуштардын жана процесстердин касиетерин сапаттык жана сандык чагылдыруучу ѳлчѳѳ (мера) болуп эсептелет. Статистикалык кѳрсѳткүчтѳр – бул конкреттүү орун жана убакыт шартында статистикалык жыйындын кандайдыр бир касиетин сандык – сапаттык жалпыланган мүнѳздѳмѳсү. Ал белгинин жеке маанисинен (варианттан) ушунусу менен айырмаланат. Мисалы, ишканадагы жумушчулардын орточо айлык маянасы – статистикалык кѳрсѳткүч, ал эми жеке жумушчунун айлык маянасы – бул белгинин жеке мааниси (варианты). Статистикалык кѳрсѳткүчтѳр, белгинин жеке маанилеринен айырмаланып эсептѳѳ жолу менен эле алынат. Алар кандайдыр бир аныкталган түзүлүштѳ болуп сапаттык жана сандык жактар менен айырмаланат. Статистикалык кѳрсѳткүчтѳрдүн сапаттык жагы белги менен аныкталып, анын аталышында чагылдырылат, ал эми саныдык жагы – кѳрсѳткүчтүн мааниси сан менен берилиши. Мисалы Бишкек шаарында турактуу жашаган калктын саны 2019 жылы 1- январга карата 995 300 кишини түздү, мында белгинин сапаттык жагы турактуу калк, сандык жагы 995 300 киши. Статистикалык кѳрсѳткүчтѳрдүн системасы – бул кубулуштардын, окуялардын ортосундагы объективтүү болгон ѳз ара байланыштарды чагылдырган статистикалык кѳрсѳткүчтѳрдүн жыйндысы, системасы. Мындай системалардын түрү жана формасы ар кандай болуп, изилденүүчү процесстердин жана кубулуштардын татаалдыгынан кѳз каранды. Мисалы, чарба жүргүзгѳн ишканаларды мүнѳздѳѳ үчүн, тѳмѳнкү ѳз ара байланышкан кѳрсѳткүчтѳрдү колдонушат: пайда, рентабилдүүлүк, ѳндүрүштүн чыгашасы, ѳндүрүштүн кѳлѳмү, чыгарылган продукциянын кѳлѳмү, эмгек ѳндүрүмдүүлүк, иштегендердин саны, НѲФ (негизги ѳндүрүш фонду) баасы, жана башкалар. Бул кѳрсѳткүчтѳр логикалык ѳз ара башланышта болушат, жана алардын системада болушу ишкананын мүнѳзү менен түшүндүрүлѳт. Ишкананын негизги максаты – пайда табыш үчүн, эмгек ресурсу менен ѳндүрүш каражатын эффективтүү колдонуп продукция чыгаруу. Ѳндүрүштү мүнѳздѳй турган кѳрсѳткүчтѳрдүн системасы шартка жараша ар дайым жѳнѳкѳй келип, кѳптѳгѳн себептерден кѳз каранды. Себеби ѳндүрүшкѳ таасир берүүчү баардык факторлорду жана шарттарды эске алуу ѳтѳ татаал. 2.2. Статистикалык кѳрсѳткүчтѳрдүн классификациясы жана формасы Практика жүзүндѳ социалдык-экономикалык кубулущтарды жана процесстерди ар тараптуу чагылдыруу үчүн ар кандай статистикалык кѳрсѳткүчтѳрдү кодонушат. Тѳмѳнкү таблицада алрдын классификациясы берилген. Статистикалык кѳрсѳткүчтѳрдүн классификациясы. Таблица 2.1
Пландык кѳрсѳткүчтѳр – койулган максаттка жетүүгѳ багытталган директивалык функцияны аткарат. Учеттук – процесстердин жана кубулуштардын реалдуу абалын чагылдырат. Прогноздук – келечекте боло турган абалды чагылдырат. Жеке – бѳлѳк бѳлѳк объектерди, ишканаы чарбаны ж.б. мүнѳздѳйт (мисалы берилген ишканадагы иштегендердин саны, чыгарылган продукциянын кѳлѳмү ж.б.). Своддук (жалпыланган) - жыйындын жалпысынан мүнѳздѳйт (мисалы тарматар же аймак боюнча). Абсолюттук – статистикалык кѳрсѳткүчтѳрдүн баштапкы биринчи формасы. Салыштырмалуу кѳрсѳткүчтѳр – экинчи тартиптеги кѳрсѳткүчтѳр болуп, эки абсолуттук кѳрсѳткүчтүн катышы аркылуу табылат. Орточо – кубулштарды , процесстерди анализдѳѳдѳ кеңири колдонулган кѳрсѳткүч. Абсолюттук кѳрсѳткүчтѳр – изилденүүчү кубулуштарды конкреттүү мейкиндик жана убакыт чегинде, кандайдыр бир бирдикте сандык түрдѳ мүнѳздѳйт мисалы кѳлѳм, салмак, ылдамдык ж.б.). Изиленүүчү процесстердин жана кубулуштардын маңызына жараша алар натуралдык, баалык жана эмгек бирдигинде ѳлчѳнѳт. Натуралдык ѳлчѳѳ бирдиги татаал болушу мүмкүн. Мисалы электроэнергияны ѳндүрүү килловатт-саат, жүк ташуу-тонна/км. ж.б. Кээде шарттуу натуралдык ѳлчѳѳ бирдигин колоднулат мисалы – шарттуу банка, шарттуу отун (условное топливо) ж.б. Баалык кѳрсѳткүчтѳр – изилденүүчү кубулуштарды жана процесстерди акча бирдиги менен ѳлчѳѳгѳ мүмүкүнчүлүк берет. Статистикалык белгинин жалпы кѳлѳмүнүн баалык ѳлчѳмүн алыш үчүн тѳмѳнкү формуланы колдонушаи: мында: баа (белгинин баалык бирдиги), натуралдык түрдѳгү белгинин кѳлѳмү; белгинин саны. Эмгек ѳлчѳѳ бирдиги менен кээ бир техникалык процесстерде кеткен эмгек чыгашалады эсептѳѳдѳ колдонулат (жумуш убактысын эсептѳѳдѳ бир жумушчуга эмгек-саат, эмгек-күн бирдиги колдонулат). Салыштырмалуу кѳрсѳткүчтѳр – эки абсолуттук кѳрсѳткүчтѳрдүн катышынан алынган бирдик. СК – салыштырмалуу кѳрсѳткүч. Салыштырмалуу кѳрсѳткүч – эсептѳѳ жолу менен алынган туунду кѳрсѳткүч. Салыштырмалуу кѳрсѳткүчтѳрдүн бирдиги эсе же процент же пункт менен айтылат. Эгерде СК 100 кѳбѳйтсѳк анда СК*100= СК*100% (процент менен). Динамиканын салыштырмалуу кѳрсѳткүчү – бул кѳрсѳткүч изилденип жаткан кубулуштун же процесстин убакыт боюнча ѳзгѳрүүсүн чагылдырып тѳмѳнкүчѳ эсептелет: Мындай жол менен чыгарылган кѳрсѳткүч ѳзгѳрүүнүн (ѳсүш же азайуунун) коэффициенти деп аталат Пландын (прогноздун) аткарылышынын салыштырмалуу кѳрсѳткүчү (ПАСК) – финансылык чарбалык ишмердиктин баардык субъектилери ѳз иштеринде колдонушат: Экономикалык излдѳѳдѳлѳрдѳ орточо кѳрсѳткүч кеңири колдонуп, эң чоң мааниге ээ. Биз бул кѳрсүткүчтү ѳзүнчѳ тема катары ѳтѳбүз. 2.3. Кѳрсѳткүчтѳрдүн салыштырмалуулугу. Статистика илиминде эң башкы талап болуп кѳрсѳткүчтѳрдүн бири – бири менен салыштырмалуулугу, себеби бири – бирине салыштырбасак, биз объективтүү тыянак чыгара албайбыз. Статистикада салыштырмалуулукту камсыз кылыш үчүн аныкталган эрежелер иштелип чыккан. Кѳрсткүчтѳрдүн маңызы бирдей болуш керек (мааниси жок салыштруунун кереги жок(мисалы: столдун саны менен студенттердин санын салыштыруу ж.б.). Статистикалык кѳрсѳткүчтѳр бирдей ѳлчѳѳ бирдигинде чагылдырылышы керек. (мисалы аралык метр менен, салмак килограмм менен ж.б.). Эгерде баалык ѳлчѳм болсо салыштырмалуулукту камсыз кылыш үчүн салыштырма бааларды алыш керек: базистик же отчеттук жылдагы. Статистикалык кѳрсѳткүчтѳр бирдей методикалык базада эсептелиш керек. Мисалы кээ бир ѳлкѳлѳрдѳ жумушсуздуктукту ар кандай аныктап, алардын саны саны ар кандай эсептелет. Статистикалык кѳрсѳткүчтѳр убакыт жана аймак болюнча бир тектүү болушу керек (б.а. алар бирдей периоддо, бирдей датада, бир территорияда эсептелиш керек). Эгерде биз жогорку эрежелерди сактап статистикалык кѳрсѳткүчтѳрдү чогултсак аларды анализдеп изилдегенден кийин объективтүү так тыянак чыгара алабыз. Баардык статистикалык кѳрсѳткүчтѳр чогултулган, биринчи этапта иштелип чыккан (сводкалардын) баштапкы берилиштердин негизинде эсептелет. |