Главная страница

Манастын күмбөзү. Манастын күмбөзү-Шайыкова Бегимай. Манастын кмбз


Скачать 1.17 Mb.
НазваниеМанастын кмбз
АнкорМанастын күмбөз
Дата23.03.2021
Размер1.17 Mb.
Формат файлаdocx
Имя файлаМанастын күмбөзү-Шайыкова Бегимай.docx
ТипДокументы
#187270

Манастын күмбөзү



“Манас” эпосу кыргыз эли үчүн эң маанилүү ролду ойнойт. Ч.Валиханов эпосту этностун өнүгүшүнүн энцклопедиясынын бир түрү деп белгилеген.Эпостун баш каарманы-Манас баатыр –“тарыхый киши болгонбу,болсо ал качан жашап өткө,кандай иштерди кылган”-сыяктуу суроолорго бир жактуу,так жооптор боло элек.

Манас таануучу Мухтар Ауезов “Манас” эпосундагы болгон окуяларды салыштырып аны 9-10кылымдарга таандык окуя деп белгилеген.9-10кылым бардыгына маалым болгондой тарыхта В.Бартольд белгилеп өткөндөй “Улуу кыргы дөөлөтү” деген термин менен белгилүү. “Манас” эпосу менен “Улуу кыргы дөөлөтүндөгү” мезгилди салыштыруу менен айрым манас таануучулар, ортодо параллелдүү орнотуп келишет.

Эпостун сюжетине кайрылсак Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча, Манас согуш майданында эки жолу оор жаракат алып, көз жумат. Баатыр өлгөндөн кийин, анын чоролору жыйында Манастын өлгөн жеринен 15 күндүк аралыкта жайгашкан Баянды аймагындагы хандын жерин берүүнү чечишет. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты салтанаттуу түрдө өтөт. Көптөгөн малдар союлуп, бай белектер таратылууда. Ошол мезгилден бери, сыягы, бизде сөөк коюу иш-чараларын өткөрүү салтка айланган окшойт.

Ал эми Саякбай Каралаевдин вариантында жарадар Манасты алып Кытайдан Таласка кайтууну чечет. Каныкей менен Бакай аны ташып, дарылап бирок дагы бир жара ачылат. Манас аны жашыруун жерге көмүүнү керээз кылды. Хан өлгөнгө чейин эле Каныкей күмбөз тургузган, анын дубалдары күйөөсүнүн сүрөтү менен кооздолгон. Манастын сөөгү кайсы бир жерде тоолордо болот ...



Ал эми Манастын күмбөзү тууралуу айта турган болсок, Манас күмбөзү- орто кылымга таандык архитектуралык эстелик. Талас районундагы Кеңкөл өрөөнүндө. Талас шаарынан 15км чыгыш тарапта. Күмбөз эл ичинде жана илимий адабияттарда "Манастын күмбөзү" деген ат менен белгилүү. Айтмакчы кыргыз элинин арасында Каныкейдин буйругу менен тургузулган күмбөз деп айтылып келет. Бул архитектуралык эстелик биринчи жолу 1893-жылы Василий Бартольд тарабынан изилденген. Жергиликтүү тургундар Манас бул жерден түбөлүк тынчтык тапкандыгын билдиришти. Бирок 1938-жылы Александр Беленицкий жана Михаил Массон имараттын башкы фасадындагы куфи жазууларын окуй алышкан. Көрсө, ушул жерде 1334-жылы 6-майда Чагатай династиясынан чыккан Абуке-Эмирдин кызы Кенизек-Хатун жерге берилген. Баса, имараттын ички дубалдарына Ирандын "Шахнаме" эпосунан сахналар тартылган болушу мүмкүн.Күмбөз Бышкан кыштан салынган, пирамида түрүндөгү төрт бурчтуктун үстүнө орнотулган 16 кырдуу чатыры бар, оймо-чийме терракота менен кооздолгон. 1969-жылы реставрацияланган. Күмбөзгө зыярат кылуу, куран окуп, сыйынуу үчүн келгендер аз эмес

Колдонулган булактар: https://centrasia.org/newsA.php?st=1136618880

https://limon.kg/news:66266


написать администратору сайта