Главная страница
Навигация по странице:

  • Урайымова Гулгакы Мурзалиевна

  • ДОКЛАД МАНАС. Манас эпосундагы адепахлак идеяларын тарбиялоонун каражаты катарында колдонуу


    Скачать 72.83 Kb.
    НазваниеМанас эпосундагы адепахлак идеяларын тарбиялоонун каражаты катарында колдонуу
    Дата11.05.2021
    Размер72.83 Kb.
    Формат файлаrtf
    Имя файлаДОКЛАД МАНАС.rtf
    ТипДоклад
    #203474

    БАТКЕН МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ

    КЫЗЫЛ-КЫЯ ГУМАНИТАРДЫК-ПЕДАГОГИКАЛЫК ИНСТИТУТУ

    ПЕДАГОГИКА ФАКУЛЬТЕТИ

    Башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы кафедрасынын

    улук окутуучусу Урайымова Гулгакы Мурзалиевна

    ДОКЛАД

    Тема: «Манас» эпосундагы адеп-ахлак идеяларын тарбиялоонун каражаты катарында колдонуу.

    «Манас» эпосу – кыргыз элинин улуу мурасы. «Манас» эпосун өтө байыркынын жаңырыгы, жакынкы мезгилдердин элеси деп кароого болот.

    Түрк тилдүү элдерде бала деген баарынан маанилүү социалдык-нравалык категория болуп эсептелет. Өзүнөн кийин калуучу бала жөн гана “дене бала” эмес, биринчи иретте, атанын асыл нарктарын, салттарын татыктуу уланткан руханий бала болууга тийиш. “Туяктын” маңызы – рухта, адеп-ыйманда, маданиятта. “Манаста” перзент аттуу “биологиялык жан” эл-жер, мекен, салт, мамлекет, рух деген чоң түшүнүктөр менен жуурулушуп каралат. “перзент энеден туулат, эл үчүн белин буунат”. Эпосто “туяк”, “бала” жөнүндөгү философиясы анын ушул элдик акылмандыктын нугунда турат.

    Түрк тилдүү элдерде бала деген баарынан маанилүү социалдык-нравалык категория болуп эсептелет.

    Өзүнөн кийин калуучу бала жөн гана “дене бала” эмес, биринчи иретте, атанын асыл нарктарын, салттарын татыктуу уланткан руханий бала болууга тийиш. “Туяктын” маңызы – рухта, адеп-ыйманда, маданиятта.

    “Манаста” перзент аттуу “биологиялык жан” эл-жер, мекен, салт, мамлекет, рух деген чоң түшүнүктөр менен жуурулушуп каралат. “перзент энеден туулат, эл үчүн белин буунат”. Эпосто “туяк”, “бала” жөнүндөгү философиясы анын ушул элдик акылмандыктын нугунда турат

    Манастын бала катары өзгөчөлүгү – бул анын ашкере тентектиги. Анын тентектиги эпосто мындай сүрөттөлөт:

    Балдарды көрсө жыйыптыр,
    Мазарды көрсө кыйыптыр,
    Бай Жакыптын бул уулу
    Бир балакет кылат деп
    Калайык ушак кылыптыр. [3,90-б]

    Акбалта баланы жазалап жабыркатып жинкинин кууратуудан коргоп, “эркек бала шок болсун, мал багар уул болгончо бар болгончо жок болсун”, деп Жакыпка насыятын айтып, уулунун тентектигине сабырдуу кароого, өсүп бара жаткан чүрпөнү өксүтө турган катаалдыкка баруудан сак болууга чакырып, туягынын келечегине кең акыл менен кароого үндөйт.

    Чыйырды эне баласы Манаска өзүнүн мээримин төгүп:

    Сөзү таттуу балдайым,

    Сөөлөтү сонун айдайым,

    Эрик үчүн, эл үчүн,

    Ылаачындай талбагын,

    Көк жал Манас сени мен,

    Күрөш үчүн атадым [1,23-б] деп отурганы жөн жерден чыгып жаткан жок. Чыйырды эненин тарбиячыл мүдөөсү - уулун калк үчүн, эл үчүн өстүрүү болгон.

    Баланын жеке өзгөчөлүгүн аңдап билүү, анын өздүгүнө жараша мамиле кылуу, жеке жөндөмүнө жараша эркин канат күүлөшүнө сүрөөнчү болуу билгичтиги “Манас” эпосундагы адеп ахлактын, ата бабалардын тарбиясынын нарктуулугунда болгон.

    «Манас» эпосунун педагогикасы - бул балада тарыхый эстутумду тарбиялоо аркылуу улутту сактоонун педагогикасы. Саны аз калктарды жок кылууга жөндөмдүү бүгүнкү глобалдашуунун агрессивдүү чабуулдарынын шарттарында бабалардын бала тарбиялоо даанышмандыгын эске түйүү жана пайдалануу жаш муундарыбызда улуттук баалулуктарды, этномаданий компетенттүүлүктү калыптандыруу бүгүнкү күндүн актуалдуу маселеси болуп кала берет.

    Мамлекеттик идеялогия болгон Манастын 7 осуятында да тарбия, адеп-ахлак таамай көрсөтүлгөн.

    1. Гумандуулук, айкөлдүк, кечиримдүүлүк;

    2. Эл журттун ажырагыс биримдиги жана бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган ички биримдиги;

    3. Кыргыз мамлекетин чыңдоо жана аны көздүн карегиндей сактоо;

    4. Улуттук ар намыс жана атуулдук ариет;

    5. Табигат менен таттуу мамиледе болуу;

    6. Арыбас мээнет, алдыңкы өнөр жана билим аркылуу бакубат дөөлөткө умтулуу;

    7. Улуттар аралык ынтымак, достук жана кызматташтык

    Ошондой эле бала Манастын жетилишинде эмгек тарбиясынын ролун бас а белгилөөгө болот.

    Биринчиден, баланы адам катары калыптандыруунун атуул катары жетилтүүнүн куралы;

    Экинчиден, эмгек жөнүндө куру насаат айтуу менен чектелбестен, баланы жашынан өз алдынча жумуш жасоого үйрөтүү, баланы эмгек мектебинен өткөрүү;

    Манастын аскердик-жоокердик өнөргө тапталышы:

    Эрендикти эби жок, Эби жок баатыр болсун, - деп

    Тилегенин көрдүңбү! Сүрөгөнүн көрдүңбү!

    Качырып жоого киргенде, Ары-бери которуп,

    Бири айнып калбаска, Бүлөгөнүн көрдүңбү!

    Бүлөгөнүн көрдүңбү!

    Бул саптардан бала Манас болочоктогу боштондук үчүн күрөшүнө чейин эле, жоокердик-аскердик өнөр чеберчилигине үйрөтүлүп, андан ары да бул ишке машыгып жүрүп отургандыгын байкоого болот.

    Санарип заманындагы даяр маалыматтардын кулу болгон жаштарга, Манас атанын күндүр –түндүр тынбаган жекече акыл -ой мээнети менен өзүн инсан кылып жараткан өрнөгү табылгыс таалим болор эле. Дене бойдогу алп күч-кубаттын гана ээси эмес, акыл мээнетинин да баатыры – Манастын образын бүгүнкү тарбиянын, адеп-ахлактын таянычы катары таанышыбыз абзел.


    Колдонулган адабияттар

    1. С.Байгазиев. “Манас” эпосунун педагогикасы. Бишкек-2021.

    2. Манас I китеп. С.Каралаевдин варианты.

    3. Манас I китеп. Сагымбай Орозбак уулунун варианты боюнча.

    4. Манас энсциклопедиясы. Бишкек -2015

    5. Кыргыз адабиятынын тарыхы. “Манас” жана манасчылар. Фольклористика 2 том. А.Акматалиевдин жалпы редакциясы астында. Бишкек – 2002

    6. С.Байгазиев. Манас, Бакай, Кошой Ата журтка жеңиш жана бакыт алып келген жарандык улуу биримдиктин символу. Бишкек-2019.

    7. М.А.Абдыкеримова, Э.Т.Токсомбаева, Р.Т.Кадырбекова. Жалпы педагогика. Бишкек-2013


    написать администратору сайта