дз. 6 Сйлшнн стилдери жана анын трлр Стилдин трлр, анын чйрг жараша згрш
Скачать 22.37 Kb.
|
№ 6 Сүйлѳшүүнүн стилдери жана анын түрлөрү Стилдин түрлөрү, анын чөйрөгө жараша өзгөрүшү. 1.Стиль 2.Кептин стилдери 3.Стилистика Стиль (гр.— жазуу таякчасы деген сөзүнөн) — көркөм чыгарманын бүтүндөй идеялык- тематикалык системасынан ( идея , тема, образ, сюжет, тил) көрүнүүчү көркөм биримдик, башкалардан айырмалап турган өз алдынчалык. Өзүнүн стили жок жазуучу адабий чөйрөдө көпкө жашай албайт, жазуучу үчүн эң негизги нерсе — өз стилин табуу. Кептин стилдери Стиль – латындын сөзү, кыргызча «жазуу куралы» деген маанини түшүндүрөт. Ал коомдук турмуштун бардык жактарын тейлөөчү жалпы элдик тилдин же адабий тилдин ар түрдүүлүгү. Стилистика – тилдеги көрүнүштөрдү мааниси жана көркөмдүүлүгү жагынан кылдат карап, ой пикирди даана, так, көрктүү кылып берүүгө, сөздөрдү өз орду менен маанисин бузбай сөз айкаштарын туура колдонууга үйрөтөт. Оозеки стиль Оозеки стили – адамдын күндөлүк турмушунда өз ара пикир алышуу үчүн колдонулат да, көбүнчө диалогдук - жагдайлык кырдаалдарда ишке ашырылат. Оозеки стилине мүнөздүү белгилер: интонация, элестүүлүк ( ымдоо, жандоо, жаңсоо), эмоционалдуулук ( кубануу-ура мүнөздүү ; өкүнүү-кап, аттиң, балакет баскыр, атаны балакет ай-э; чочуп кетүү - апей,бетимдин беш териси, кокуй кантет; таң калуу - оо-иий,ой шумдук; суктануу - бах, чиркин, баракелде). Жазма стили Жазма стили – оозеки стилинен айырмаланып тилдик каражаттардын ( сөз тизмегинин ыраттуулугу, сүйлөм мүчөлөрүнүн туура жайгаштырылышы, уңгуга мүчөлөрдүн туура жалганышы) бардыгын талап кылат. Жазма стили өз ара төрткө бөлүнөт: Көркөм стиль 1. Көркөм стиль – образдуулук, эмоционалдуулук, экспрессивдүүлүк касиеттерге ээ экендиги жана көркөм чыгармаларга мүнөздүү болушу менен функционалдык стилдердин ичинде өзгөчө мааниге ээ. Көркөм чыгармаларга ыр, аңгеме, поэма, повесть, романдар кирет. Максаты – окурмандарга, угуучуларга таасир калтыруу. Ал үчүн акын жазуучулар белгилүү бир образды сөз аркылуу сүрөттөп, тилдеги көркөм каражаттар ( метафора, метонимия, эпитет …) диалектизм, архаизм, макал –ылакап, фразеологизмдерди ж.б. колдонушат. 2. Илимий стиль Илимдин жана техниканын тармактарынын өзгөчөлүктөрүнө ылайык атайын терминдер менен жазылган эмгектин бир түрү илимий стиль деп аталат жана ага ачыктык, тактык, далилдүүлүк мүнөздүү болот. Илимий стилге илим жана техника тармагында жазылган монографиялар, энциклопедиялар, окуу куралдары, рефераттар кирет. Илимий стилдин милдети – теориялык мааниге ээ маалыматтарды билдирүү, кубулуштардын себебин түшүндүрүү болуп саналат. Ар бир илим тармагында өзүнө таандык атайын терминдер колдонулат. Мисалы: 1. Тил илиминен: морфология, синтаксис, фонема, морфема, сингармонизм, ассимиляция… 2. Экономика илими: макроэкономика, микроэкономика, насыя, пайыз, инфляция, салык, күрөө, ижара, ички жана тышкы экономика, экспорт, импорт… 3. Публицистикалык стиль Учурдагы коом турмушунун актуалдуу маселелери менен көрүнүштөрү саясий кырдаалдар, мамлекеттин ички жана тышкы байланыштары, анын өсүп-өсүүсү, калайык-калкка толук кандуу маалымат берген чыгарманын түрү – публицистика деп аталат. Публицистика деген сөз грек сөзүнөн алынып, «көпчүлүк» деген маанини түшүндүрөт, башкача айтканда бул чыгарма элдин кеңири массасына ылайыкталып, коомдук-саясий маселелер боюнча жазылат. Публицистика чыгарманын түрү болгондуктан өзүнө тиешелүү стили бар, ал публицистикалык стиль деп аталат. 4. Расмий - иштиктүү стиль 4. Расмий - иштиктүү стиль - кызматка, административдик-башкаруу иштерине, укуктук мамилелерге тиешелүү иш кагаздардын даярдалышына колдонула турган стиль. Расмий - иштиктүү стилге кирет: 1.Мыйзам маанисиндеги иш кагаздары ( мыйзам, устав, жарлык, акт) 2.Административдик-канцелярдык иш кагаздары (буйрук, арыз, кулактандыруу, мүнөздөмө ж.б.), 3.Дипломатиялык мамилелерге тиешелүү иш кагаздары ( келишим, нота, коммюнике…) Расмий - иштиктүү стилдин негизги максаты – кызыкчылыгы бар тараптардын (мамлекеттин, мекеменин, калктын, бийлик органдарынын) иш-аракеттерин, макулдашууларын, уюшкандыгын ырааттуулукка келтирүү. Стилистика Стилистика — тил илиминин тилдик карым-катнаштын ар кандай шарттарында адабий тилдин нормаларынын колдонулушун, речтин ар түрдүү стилдерин жана жазуу өзгөчөлүктөрүнүн түрлөрүн иликтеген илим . Стилистика – тилдин бардык деңгээлин стилдик көз карашта изилдеген илим. Ал тилдик каражаттардын ар түрдүү сүйлөшүү чөйрөлөрүндө стилдик жана грамматикалык жактан туура, ылайыктуу, ийкемдүү, логикалуу, маанилүү, көркөм, угумдуу, таасирдүү, маданияттуу колдонулушунун негиздерин жана көркөм текстте тилдик каражаттар аркылуу кыйытып айтылган ойду, подтексттик информацияны, негизги маңызды талдап түшүнүүнү, көрөңгөлүү маңызды көркөм кабыл алууну, сөз төркүнүн астыртан аңдап билүүнү, сүйлөшүүнүн чөйрөлөрүндө тилдик каражаттарды ылгай билүүнү үйрөтүүчү, көзөмөлдөөчү тил илиминин бир бутагы. Стилистика, кептин стилин жана андагы тил каражаттарын колдонууну изилдөөчү илим. Тестти иштегиле Тема: Кептин стилдери Кептин негизги стилдери: в) оозеки, жазуу, иш кагаз стили 2. Такталган, эрежеге баш ийип, нормага салынган кептин стили б) жазма 3. Кептин функционалдык стилдери б)3 4. Аккуласын алкынтып, Манас баатыр келе жаткансыйт. Сүйлөмдүн стили б) публицистикалык 5. Көркөм стиль мүнөздүү сүйлөм: г) Сабакты класс, парталар Шыбырап турчу билбесем. 6)Жогорудагыларды угуп жана талкуулаш, класстык чогулуш токтом кылат. Алды сызылган сөздөргө карай сүйлөмгө мүнөздүү стиль а) публицистикалык 7. Чогулуштун токтому, маалымдама, кулактандыруу кирген иш кагаздарынын түрү б) официалдуу 8. Биз төмөндө … түзүп, кол коюучулар Көп чекиттин ордуна койгондо иш кагаз стилине кире турган сөз: г) ишеним кат 9. Кептин сүрөттөө тиби мүнөздүү стили г) оозеки сүйлөө 10. Акын, жазуучулар колдоно турган стиль: а) илимий 11. Кулактандыруу, мүнөздөмө кирген иш кагаздарынын түрү: г) иш кагаздарынын стилине 12. Газета-журналдардын, радио-теле берүүлөрдүн тил өзгөчөлүгүнүн стили: а) коомдук-публицистикалык 13. Кептин стили деген... а) тилдин колдонуш өзгөчөлүгү 14. Жазма кептин стилинин мүнөздүү белгилери ... а) көпчүлүккө арналгандыгы 15. Мен бул көйнөктү сатып алдым. Жөн эле кийип жүрүү үчүн. Кандай экен? Сүйлөмдүн стили ... г) бардык стилдин белгилери бар 16. Терминдерге көбүнчө мүнөздүү стиль: в) көркөм 17. Сүйлөшүү стилине мүнөздүү чөйрө: г) үйдө 18. Көркөм стилдин чыгармалары: г) көркөм адабий чыгармалар 19. ‘’Сабакты класс, парталар, Шыбырап турчу билбесек’’ Сүйлөмгө мүнөздүү стиль: б) публицистикалык 20. Биз төмөндө ... түзүп, кол коюучулар. Көп чекиттин ордуна келүүчү сөз: б) акт |