Главная страница
Навигация по странице:

  • 7. Учурдагы жалпы мектептик билимдин мамлекеттик билим берүү стандарты качан бекитилген

  • 15. Окуучулардын билим-тарбия алуусуна кимдер жооптуу

  • 17. Ата-энелер комитетинин мүчөлөрү канча жылда бир шайланат

  • 29. Окутуу усулдарынын кайсыл тобу артыкчылыкка ээ

  • Тест-1. Заманбап мугалим кароосынагынын диагностикалык тестирл чн тесттик тапшырмалары


    Скачать 22.26 Kb.
    НазваниеЗаманбап мугалим кароосынагынын диагностикалык тестирл чн тесттик тапшырмалары
    Дата10.09.2022
    Размер22.26 Kb.
    Формат файлаdocx
    Имя файлаТест-1.docx
    ТипДокументы
    #669784

    «Заманбап мугалим» кароо-сынагынын диагностикалык тестирлөө үчүн тесттик тапшырмалары

    Диагностикалык тестирлөө сынактын катышуучуларынын билим берүү системасы боюнча жалпы билимдерин баалоо үчүн 30 тесттик тапшырмаларды камтып, 10 тапшырмага туура жооп берген катышуучулар сынактын кийинки баскычына өтө алышат. 1 туура жооп 1 балл менен бааланат.

    1. Билим берүү системасын жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актылардын иерархиясынын эң жогорку бөлүгүндө турган документти белгилеңиз:

    А) КРдин “Билим берүү жөнүндө” мыйзамы

    Б) КРда жалпы мектептик билимдин мамлекеттик билим берүү стандарты

    В) КРдин Конституциясы

    2. КРдин “Билим берүү жөнүндө” мыйзамы кабыл алынган:

    А) 2003-жылдын 30-апрелинде

    Б) 2006-жылдын 28-декабрында

    В) 2021-жылдын 23-марты

    3. Билим берүү тармагын уюштуруунун, башкаруунун жана анын иштөөсүнүн негизги принциптерин белгилөөчү, аларды ишке ашыруунун укуктук базасы катары кызмат өтөөчү укуктук акт:

    А) Билим берүү стандарты

    Б) Ченемдик-укуктук акт

    В) Билим берүү жөнүндө мыйзам 

    4. Инсанды, коомду жана мамлекетти гармониялуу өнүктүрүү максатында окуп жаткандардын мамлекет тарабынан белгиленген билим берүү деңгээлине жетишүүсүн тастыктоо менен коштолгон тарбиялоонун жана окутуунун тынымсыз, тутумдуу процесси:

    А) Билим берүү

    Б) Тарбиялоо

    В) Өнүктүрүү

    5. Негизги билим берүү программаларынын мазмунунун билим берүү минимумун, бүтүрүүчүлөрдү даярдоо сапатына коюлуучу базалык талаптардын, окуп жаткандарга жетимдүү окуу жүктөмүнүн чегин аныктоочу ченемдер менен эрежелердин жыйындысы:

    А) Окуу-методикалык комплекс

    Б) Билим берүү стандарты

    В) Окуу программалары

    6. Таалим-тарбиянын маанисин, максатын, милдеттерин, мыйзам ченемдүүлүгүн, коомдук турмуштагы ордун жана окутуунун мазмунун, формаларын жана методдорун үйрѳтүүчү окутуу, билим берүү жана тарбиялоо жөнүндөгү илим:

    А) Психология

    Б) Дидактика

    В) Педагогика


    7. Учурдагы жалпы мектептик билимдин мамлекеттик билим берүү стандарты качан бекитилген?

    А) 2014-жылдын 21-июлунда

    Б) 2016-жылдын 15-ноябрында

    В) 2018-жылдын 7-декабрында

    8. Конкреттүү бир деңгээлдеги, багыттагы же адистиктеги билим берүү мазмуну:

    А) Окуу планы

    Б) Билим берүү программасы

    В) Сабактын план конспекти

    9. Мектептик билимдин мамлекттик билим берүү стандарты төмөнкү документтердин тутуму аркылуу ишке ашырылат:

    А) Предметтик стандарттар, окуу пландары, окуу-методикалык комплекстер

    Б) Предметтик стандарттар, окуу китеби, окуу программалары

    В) Предметтик стандарттар, сабактын план-конспектилери, компетенттүүлүккө багытталган тапшырмалар

    10. Билим берүү уюмдарына билим берүү ишин жүргүзүүгө уруксат берүү:

    А) Билим берүү мекемесин аккредитациялоо

    Б) Билим берүү мекемесин аттестациялоо

    В) Лицензиялоо

    11. Билим берүүнүн тиешелүү деңгээлиндеги окуу сабактарынын (предметтеринин) тизмегин жана көлөмүн, аларды окуп үйрөнүү тартибин жана контролдоо формасын жөнгө салуучу документ

    А) Предметтик стандарттар

    Б) Окуу планы

    В) Преметтик окуу программалары

    12. Мектептеги эң жогорку коллегиалдуу башкаруу органы:

    А) Жалпы мектептик ата-знелер чогулушу

    Б) Мектептин педагогикалык кеңеши

    В) Мектеп директору

    13. Билим берүү муктаждыктарынын ар түрдүүлүгүн жана жеке мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен, бардык окуучулар үчүн билим берүүгө бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу:

    А) Инклюзивдик билим берүү

    Б) Инсанга багытталган окутуу

    В) Дифференцирленген окутуу

    14. Бул документ 7 билим берүү тармагынан туруп, алардын ар бири өзүнө белгилүү предметтерди, анын ичинде интеграцияланган предметтерди камтыйт:

    А) Окуу программалары

    Б) Окуу планы

    В) Мамлекеттик стандарт


    15. Окуучулардын билим-тарбия алуусуна кимдер жооптуу?

    А) Ата-эне жана окуучу

    Б) Мугалим жана мектеп администрациясы

    В) Мугалим/мугалимдер, окуучу, ата-эне, жалпы коомчулук

    16. Педагогиканын бир бөлүгү, билим берүүдө көйгөйлүү болгон маселелерди изилдейт:

    А) Психология

    Б) Дидактика

    В) Андрогогика


    17. Ата-энелер комитетинин мүчөлөрү канча жылда бир шайланат?

    А) 1

    Б) 2

    В) 3

    18. Адамдын туулгандан тартып, карыганга чейинки аралыктагы психологиясынын өнүгүүсүнүн жана инсан катары калыптанышынын мыйзам ченемдүүлүктөрүн изилдеп үйрөтүүчү психология илиминин тармагы:

    А) Социалдык психология

    Б) Педагогикалык психология 

    В) Курак жаш психология

    19. Милдеттүү предметтердин тизмесин, аларды окутуунун ырааттуулугун, окуу жүгүнүн көлөмүн жана формасын белгилеген документ

    А) Базистик окуу планы 

    Б) Календардык-тематикалык план

    В) Мектептин окуу планы

    20. Окуучуларды баалоонун жыйынтыктарын сандык жана сапаттык чагылдыруу:

    А) Баа

    Б) Баа берүү

    В) Баалоо

    21. Негизги компетенттүүлүктөрдүн калыптанышынын үчүнчү деңгээли:

    А) Креативдик

    Б) Репродукциялык

    В) Продукциялык

    22. Бул документ 2 негизги компоненттен (мамлекеттик жана мектептик) турат:

    А) Мамлекеттик стандарт

    Б) Окуу-методикалык комплекс

    В) Окуу планы

    23. Окутуу натыйжаларын жакшыртуу үчүн баалоо:

    А) Диагностикалык баалоо

    Б) Калыптандыруучу (ыормативдик) баалоо

    В) Жыйынтыктоочу (суммативдик) баалоо

    24. Мектептеги усулдук кызматтын башкы звеносу:

    А) Предметтик усулдук бирикмелер

    Б) Усулдук Кеңеш

    В) Педагогикалык Кеңеш

    25. Мугалимдин укуктары жана милдеттери төмөнкү документте бир топ деталдуу баяндалган:

    А) КР дин Конституциясында

    Б) КРдин “Билим берүү жөнүндө” мыйзамында

    В) КРдин “ Мугалимдин статусу жөнүндө” мыйзамында

    26. Учурдагы билим берүүнү өнүктүрүүгө багытталган эң узак мөөнөттүү документ бул:

    А) 2021-2023-жылдарга билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясы

    Б) 2021-2030-жылдарга билим берүүнү өнүктүрүү концепциясы

    В) 2021-2040-жылдары Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү программасы

    27. Окуучулардын ортосундагы жылуу мамилени, жагымдуу чөйрөнү жаратууга жардам берген курал.

    А) Муз жаргыч

    Б) Жагымдуу маанай тартуулоо көнүгүүлөрү

    В) Мээ чабуулу

    28. Жалпы мектептик билимдин мамлекеттик билим берүү стандартынын талабына ылайык окутуунун натыйжасы бул:

    А) Окуучунун билим деңгээли

    Б) Негизги компетенттүүлүктөр тизмеси (же жыйындысы)

    В) Билим, билгичтик, көндүмдөр


    29. Окутуу усулдарынын кайсыл тобу артыкчылыкка ээ?

    А) Активдүү жана интерактивдүү

    Б) Пассивдүү

    В) Ар биринин өз-өзүнчө артыкчылыктары бар

    30. ЖОЖду жаңы бүтүп, ишке кирген жаш мугалим педкеңештин отурумуна катыша алабы:

    А) Жок, анын такыр педагогикалык стажы жок

    Б) Ооба, толук укугу бар

    В) Насаатчысынын сунушу менен катыша алат



    написать администратору сайта