Главная страница
Навигация по странице:

  • 1.1. «Интерактивдүү окутуу» терминине түшүнүк .

  • 1.2. Интерактивдүү термининин окутуу процессинин мүнөзүнө тийгизген таасири.

  • 1.3. Интерактивдүү окутуу процессинде билимди өздөштүрүүдө Б.Блумдун таксономиясы.

  • Билим

  • Колдонуу

  • Синтез

  • Интерактивдүү окутуунун салттуу окутуудан принципиалдуу айырмачылыктары

  • Мазмунду өздөштүрүүнү активдештирүү- нүн жолдору

  • Өз алдынча кайталоо үчүн суроолор

  • Пайдаланылган жана сунушталган адабияттар

  • Методика лекци. 2-курс_1-лекция СЭБОМ. 7_09_20_. Лекция чн материал vi бап тарых сабагында интерактивд ыкмаларды колдонуу интерактивд сабактардын усулдук згчлктр


    Скачать 82 Kb.
    НазваниеЛекция чн материал vi бап тарых сабагында интерактивд ыкмаларды колдонуу интерактивд сабактардын усулдук згчлктр
    АнкорМетодика лекци
    Дата10.05.2021
    Размер82 Kb.
    Формат файлаdoc
    Имя файла2-курс_1-лекция СЭБОМ. 7_09_20_.doc
    ТипЛекция
    #203297

    1-2-лекция үчүн материал
    VI БАП

    ТАРЫХ САБАГЫНДА ИНТЕРАКТИВДҮҮ ЫКМАЛАРДЫ КОЛДОНУУ
    §1. Интерактивдүү сабактардын усулдук өзгөчөлүктөрү
    1.1. «Интерактивдүү окутуу» терминине түшүнүк. Мектептин окуу планында орчундуу орунда турган тарых курстарын окуп үйрөнүүгө Кыргыз Республикасынын коомдук-саясий турмушунда, билим берүү тармагында анын ичинде жалпы билим берүүчү мектептерде XX кылымдын 90-жылдарынан бери карай болуп жаткан кардиналдуу реформалар таасирин тийгизди.

    Коомдук-саясий турмуштагы демократиялык процесстер, окутууда мугалим үчүн мектеп окуучусун субъект эмес татыктуу өнөктөш катары белгилүү орунга койду.

    Тарыхый билим берүүдө окуу процессине бул мезгилге чейин калыптанган салттуу сабактардан формасы жана усулдары боюнча айырмаланган инновациялык же интерактивдүү сабактын типтери киргизилди.

    Мектептер үчүн тарых мугалими адистигине даярдоодо мурунтан келе жаткан салттуу педагогиканын тандалган классикалык жактарын сактоо менен, дүйнөлүк педагогикадагы, окутуу процессинин жаңы багыттарынан артта калбастан белгилүү деңгээлде колдоно билүү талабы коюлуп жатат.

    «Интерактивдүү окутуу» педагогика илимине аралашканына 20 жылдай убакыт болду. Анын негизги идеялары XX кылымдын башында батыштын педагогикалык мектебинин өкүлдөрү А.Маслоу, К.Роджер, С.Френе жана орустун көрүнүктүү педагогдору жана психологдор А.П.Блонский, К.Д.Ушинский, А.В.Петровскийдин илимий эмгектеринде чагылдырылган. Ал эми Кыргызстандык окумуштуу-педагог И.Б. Бекбоев, М.Мамбетакунов, Н.А.Асипова, Л.П.Кибардина, Т.Ү.Кочкарованын, М.М Эсенгулованын, Ж.Дуйшенованын, Л.П.Низовскаянын, Н.П.Задрожнаянын, К.Эсеналиевнын, А.Э.Турусбекованын, Н.У.Гатаулинанын эмгектеринде да интерактивдүү окутуунун теориялык жана практикалык негиздери изилденген.

    Интерактивдүү окутуунун илимий негиздерине кайрылсак, бул окуу процессин гумандаштыруу багыттары боюнча идеялары: орус психологу Л.С.Выготскийди «Жакындаштырылган өсүп-өнүгүүнүн аймагы»; Швейцариялык окумуштуу Жан Пиаженин «Баланын өсүп-өнүгүшүнүн теориясы», «Конструктивизм», Америкалык окумуштуу Джон Дьюинин «Прагматизм» Г.Гарднердин көп түрдүү интеллектти эске алуу («Рамки ума: теория множественности интеллекта» 1983) идеялары жатат.

    «Интерактивдүү окутуу» термини жогоруда белгилегендей Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагында XX кылымдын 80-90-жылдарында пайда боло баштаган. 1990-жылдан баштап Кыргыз Республикасында ар кыл категориядагы угуучулар үчүн эл аралык семинарлар өткөрүлө баштаган.

    Интерактивдүү” деген сөздүн этимологиясын алып карасак, Ин-латын тилинде ички (внутри), интер - аралык (между), акт- иш-аракет, иш чара (лат. действия), интеракт (interaction - взаимодействие) - өз ара алака, биргелешип иштөө, өз ара жардамдашуу иш аракети деген сөздү билдирет.

    Дүйнөлүк масштабда интерактивдүү окутуунун ар кандай аталыштары кездешет. Алар коммуникативдик усулдар, же инсанга багытталган усулдар, гумандуу окутуу деген ат менен да белгилүү.

    Интерактивдүү окутуу батыш мектептеринин гуманисттик психологиясынын жетектөөчү идеяларын өзүнө камтыйт. Ал эми советтик педагогикада интерактивдүү окутуу «кызматташуу педагогикасы» деп аталган. Бул аталыш жалпы тажрыйбаларда советтик мектептин эң жакшы салттарын, орус жана чет элдик психологиялык-педагогикалык илимдин жана практиканын жетишкендиктерин бириктирген 80-жылдардагы жаңычыл мугалимдердин тобу тарабынан берилген.

    1.2. Интерактивдүү термининин окутуу процессинин мүнөзүнө тийгизген таасири. Ал эми дүйнөлүк масштабда интерактивдүү окутуу окуу процессин:

    1. Гумандаштыруу

    2. Демократиялаштыруу

    3. Интеграциялаштыруу

    4. Дифференциялаштыруу

    5. Кызматташуу, кабарлашып окутуу, биргелешип иштөө

    6. Адилеттүүлүк, укуктук теңчилдик, бири-бирин басмырлоого жол бербөө

    7. Инсанга багытталган окутуу

    8. Коммуникативдик усулдардын негиздери деген бөлүмдөрдү өз ичине камтыйт.

    Анын ар кандай аталыштары да кездешүүдө. Алар гумандуу окутуу, же инсанга багытталган окутуу, коммуникативдик байланыш түзүү усулдар деген аталыштар менен да белгилүү. Жогоруда белгилегендей, Кыргыз Республикасында интерактивдүү усулдарды билим берүү системасында, окутуу процессинде колдонуу XX кылымдын 90-жылдарынан баштап, кеңири жайылтылган. Бул кадамдарга баруу, мындай усулдарды адистик деңгээлде колдонуу, интерактивдүү окутуунун белгилүү программасы адистигин жогорулатуу боюнча тренингдерден өткөндөн кийин гана мүмкүн экендигин түшүнгөн мугалим, белгилүү көлөмдө расмий иштелип чыккан программалар боюнча адистигин жогорулатуу курсунан өтүшкөн.

    Мына ушундай багыттагы Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагындагы программалардын бири Кыргызстан-Сорос Фондунун алдындагы «Сынчыл ойломду өнүктүрүүдөгү окуу жана жазуу» программасы (СОӨОЖ) болуп калды. Программанын тренерлери 1994-жылдан бери карай миңдеген окутуучулардын жана мугалимдердин билимин жогорулатуу багытындагы семинар-тренингдерди уюштурушкан.

    СОӨОЖ семинарларына катышкан мугалимдерге, айтылган методика боюнча сабак үч баскычтан (Чакыруу, түшүнүү, ойлонуу) турары белгилүү. Семинардагы ар бир ишмердүүлүк ушул үч баскычтын ичинде жүрөт. Катышуучулар өзүлөрү окуучунун ролун аткарып, сунушталган баскычтарды басып өтүшөт. Ал эми сабакты пландаштыруудагы иштер мугалимге таандык.

    Ар бир сабакка даярдануу мугалимдин сабакты пландаштыруу процессине байланыштуу. Мугалим буга чейин салттуу сабактардын формалары боюнча сабактарды пландаштырууну мыкты өздөштүргөн, машыккан.

    Эми «Сынчыл ойломду өнүктүрүүдөгү окуу жана жазуу» программасы боюнча куралданган мугалим тарых сабагын пландаштырууга бел байлайт. Сабакта өтүлө турган теманы пландаштыруунун алдында, башкача айтканда сабакка чейин мугалим салттуу сабактардын максаттарын аныктап алган сыяктуу, мындай сабактын өтүлө турган мотивин (максаттар, өбөлгөлөрү, баалоо, убакытты бөлүштүрүү, топтоштуруу), өтүлө турган темага карата кандай стратегия кол-донууну ирээтке салып алуусу абзел. Белгилеп коюучу нерсе колдонула турган ар бир стратегия (инструмент, ык-жөндөмдөр) өзүнүн ичинен кайрадан үч баскычты камтып турат. Же болбосо, традициялык сабактын билим берүүчү, тарбиялык, өнүктүрүүчү максаттары, жабдылышы, сабакта колдонулуучу усулдар, сабакты уюштуруу учурлары бүт бойдон сабактын мотивациясы катары программанын чакыруу баскычында аныкталат.

    Салттуу сабактарды пландаштырууда адатта мугалимдер сабактын максаттарын туура коё билгенде гана сабак натыйжалуу болуп, билимдин окуучуларга жугумдуу болуу шарты ишке ашат. Ошондой эле СОӨОЖ программасында да сабактардын мотивациясын туура ирээтке салуу максатка ылайык. Белгилүү педагог И.Б.Бекбоев мотив жөнүндө төмөнкү оюн ортого салган: «Мотив-бул керектөөлөрдү канааттандыруу боюнча ишмердүүлүктүн стимулу». Окуучу билим алууда мектепке барып жүрөт, анткени башкалардын бардыгы барышат, бирок мектеп аны кызыктырбайт. Ал мектепке өз каалоосу боюнча эмес, аргасыздан барып жүрөт, башкача айтканда, анын окуу ишмердүүлүгүнүн мотиви окуп билим алуу максатына кирбейт, окуу ишмердүүлүгүнүн мотиви тышкы мүнөздө болуп, окуучуда бир катар психология-лык тескери абалдарды туудурат. («Сага керек» деген үчүн эле). Экинчи бир окуучу да мектепке барып жүрөт, анткени, бирин-чиден, бул анын милдеттүү иши, экинчиден, мектеп ал үчүн кызыктуу, ошондуктан ал ага баргысы келет («Мага керек» позициясында) [1].

    Бул окуучунун мотиви ички мотив, ал аны таанып-билүү керектөөсү менен жана окуу ишмердүүлүгүнүн максаты менен түздөн-түз байланышкан.

    Адаттагы сабактарды окутуу жөндөмдөрүнөн интерактивдүү окутуу жөндөмдөрү кескин айырмаланып турат. Салттуу усулдар репродуктивдүү мүнөздө болсо, интерактивдүү окутуу ык-жөндөмдөрү продуктивдүүлүгү менен өзгөчөлөнөт.

    Традициялык шартта берилген тарыхый материалдагы фактыларды эске тутуу талабы коюлса, интерактивдүү окутуу процессинде фактылар боюнча конкреттүү чымырканган ой жүгүртүү талап кылынат. Алсак, окуучуларга 1916-жылдагы көтөрүлүш тууралуу сүйлөшөбүз деген суроонун ордуна, конкреттүү түрдө «1916-жылдагы көтөрүлүштүн себеби, өбөлгөлөрү, тарыхый мааниси тууралуу сөз болот» деген багыттагы суроо окуучулардан чымырканган концептуалдык көз караштагы ой жүгүртүүчү ык-жөндөмдөрдү калыптандырат.

    1.3. Интерактивдүү окутуу процессинде билимди өздөштүрүүдө Б.Блумдун таксономиясы.

    Интерактивдүү окутуудагы билимдерди өздөштүрүүнүн конструктивдүүлүгү программада Блумдун 6 таксономиясына таянат. Салттуу педагогикада билимдерди өздөштүрүүнүн үч деңгээли каралса, мында алты деңгээлден турган баскыч сунуш кылынат.

    1. Билим: маалымат кандай угулуп алынса, аны так ошондой формада кайталап айтуу жөндөмү.

    2. Түшүнүү: идеяны өз сөзү менен же дагы бир башка жол менен кайра айтып берүү жөндөмү.

    3. Колдонуу: идеяны башка бир кырдаалда колдонуу жөндөмү, жаңы эле өздөштүрүлгөн ыкманы пайдаланып, жаңы маселени чечүү.

    4. Анализ: татаал идеянын себебин, натыйжасын жана башка курамдык бөлүктөрүн табуу жөндөмү.

    5. Синтез: бир нече идеянын жаңы вариантын түзүү: идеяларды бир сферадан же жанрдан башкасына алып баруу; бир нече идеяларды колдонуп татаал маселелерди чечүү;

    Баалоо: кандайдыр бир тезисти түшүндүрүү үчүн конкреттүү идеянын же убакыттын адекваттуулугун баалоо жөндөмү.

    Блумдун ой-жүгүртүү жөндөмдөр системасында окуучу кандай ык-жөндөмдөргө ээ болушу керек? Сабактагы тапшырмалар бир эле мезгилде тактыгы, түзүлүшү менен айырмаланып, окуучулардын ойлоо процессинин көп аспектүүлүгүнө байла-ныштуу болот.

    Мисал катары «1916-жылдагы көтөрүлүш» деген теманы алып көрөлү:

    1. Окуучулар 1916-жылдагы көтөрүлүштүн социалдык-экономикалык жана саясий өбөлгөлөрү жөнүндө эки же үч мисал келтириши керек;

    Тарыхты окутууда интерактивдүү ык-жөндөмдөрдү колдонуу тарыхтагы фактологиялык суроолорду концептуалдык багытта чечмелөөгө, окуучулардын активдүү чыгармачыл ой-жүгүртүүлөрүн өстүрүүгө, окуучулардын топтордо иштөө жөндөмдүүлүгүн арттырууга шарт түзөт. Сабакта окуучулардын жообундагы фактологиялык туура деп эсептелген жооптор эле эмес, алардын аң-сезимдүүлүк менен ойлонулган концептуалдык багыттагы жооптору да мугалим тарабынан бааланат. Ошондой эле окуучулар ишмердүүлүктөрүнөн өз алдынча жыйынтык чыгарууга, бири-бирин баалоого үйрөнүшөт.

    Окутуу процессинде мугалимдин алдында интерактивдүү окутуунун методикасын колдонуу керекпи? деген суроо туулат.

    Ушул суроого жооп берүү үчүн педагог Л.П.Кибардинанын салттуу жана интерактивдик окутуунун ортосундагы айырмасын салыштыруу таблицасын сунуш кылабыз.
    Интерактивдүү окутуунун салттуу окутуудан принципиалдуу айырмачылыктары


    Салыштыруу-

    дагы негизги багыттар

    Кабыл алуу

    аркылуу

    Мазмунду өздөштүрүүнү активдештирүү-

    нүн жолдору

    Окуу процессин уюштурууда

    Мугалим окутуу процессинде билим берүү максатын башкы максат катары түзөт.

    Мугалим окуу процессинде окуучу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүнү башкы максаттар катары аныктайт. Ушундай шартта окуп үйрөнүү жолдору окуучуну изденүүгө түртөт.

    Билим берүү процесси

    Окутууга зарыл болгон даяр билимдерди берүү

    Окутуу чыгармачылык менен изденүүчү активдүү процесс, өз алдынча окуп билим алуу мүмкүнчүлүгү.

    Мугалимдин ролу, позициясы жана ишмердүүлүгү

    Мугалим маалымат берүүнүн башкы булагы, маданий нормаларды таратуучу, окуучунун окуу ишмердүүлүгүн пландаштыруучу, уюштуруучу, текшерүүчү.

    Билим берүү траекториясынын консультанты, окуу ишмердүүлүгүн окуучу менен биргелешип пландаштырат.

    Окуучунун позициясы

    Пассивдүү. Бардык маселелерди мугалим чечет деп ойлойт.

    Активдүүлүк менен көп ийгиликтерге жетише алам, мугалим жардам берет.

    Окуучунун кызыкчылыгы

    Кээ бир мезгилде гана мугалим тарбынан колдонот.

    Өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн, жөндөмдөрүн өзүн-өзү таанып билүүдө пайда болот.



    Максаты

    Мурунку муундар тарабынан түзүл

    гөн баалуулуктардын системасын өздөштүрүү.

    Өзүнүн мүмкүнчүлүктөрү уюштура билүү менен окуучунун инсандык жеке өнүгүүсүнө таянат.

    Максаттарды проектилөө, ирээттештирүү

    Мугалимдин жеке көрсөтмөсү жана социалдык заказ аркылуу ишке ашырылат.

    Окуучулардын кызыкчылыгынын негизинде социалдык заказды эске алуу менен максаттарды биргелешип түзүү.

    Биргелешип иштөөнүн өзгөчөлүктөрү.

    Мугалим-субъект. Окуучу-объект.

    Субъект-субъективдүү. Билим берүү процессинде мугалим менен окуучу өнөктөштөр.

    Окуу мейкиндиги

    Туруктуу

    Окутуунун уюштуруу милдеттеринин өзгөрүшү жана өзгөрүүлөрдөн турат.

    Өз ара аракеттенүү ишмердүүлүгүнүн формасы

    Монолог

    Диалог

    Приоритеттери (артыкчылык берилүүчү багыттар)

    Объективдүүлүккө. Универсалдуулукка. Билимге.

    Өзгөрүп туруучу. Субъективдүү жана салыштырмалуу.

    Инсанга.

    Мазмуну

    Бардыгы үчүн бирдей.

    Ар бир окуучу үчүн дифференциалдуу.

    Окутуу

    Билимге басым кылуу, когнитивдүү (таанып билүүчү) окутуу.

    Окуучуну инсан катары баалоо менен курчап турган чөйрөгө сүңгүп кириши.

    Таркатуучу материалдар

    Практика жүзүндө көп деле колдонулбайт

    Окутуудагы негизги курал.

    Аудио, видео, ТВ, компьютер

    Мүмкүнчүлүккө карата, сейрек.

    Дайыма маалымат алуунун булагы катары

    Тесттер

    Мугалим тарабынан контролдоо катары.

    Өзүн-өзү контролдоо, баалоо үчүн

    Билим

    Жыйынтык

    Үзгүлтүксүз процесс.


    Жыйынтыктап айтканда, интерактивдүү окутуу ык-жөндөмдөрү, окуучулардын өз ара биргелешкен ишин активдештирүүчү каражаттар болуп саналат. Алардын негизги айырмасы жупта, топто иштеп, ар бир адам билим алуу процессине жандуу тартылууга тийиш.

    Өз алдынча кайталоо үчүн суроолор


      1. «Интерактивдүү окутуу» терминине түшүнүк бергиле.

      2. Интерактивдүүлүктүн окутуу процессине тийгизген таасири.

      3. Интерактивдүү окутудагы билимдерди өздөштүрүүдө Б.Блумдун алты баскычтан турган таксономиясы.

      4. Интерактивдүү окутуунун салттуу окутуудан принци-пиалдуу өзгөчөлүктөрүн таблица боюнча талдап бергиле.


    Пайдаланылган жана сунушталган адабияттар
    Буйских Т.М., Задорожная Н.П. Критическое мышление в преподавании общественных дисциплин. - Бишкек, 2003.

    Бекбоев И.Б. Инсанга багыттап окутуу технологиясынын теориялык жана практикалык маселелери. - Бишкек, 2004.-293-294.

    Бекбоев И.Б. Развитие мышления учащихся в процессе обучения. // Эл агартуу.-1987.-№4.-С.48-52.

    Азыркы шарттагы окутуунун мазмуну менен техноло-гиясына карата. (науч.-прак.журн.по проблемам образования.-Бишкек, 1999.-С.14-20.

    Бекбоев И.Б. Применение инновационно-образовательных технологий-основа пед. творчества. // Вестник Ошского госуниверситета // ОшГУ:2001.-№3.-С.5-22.

    Глеб Фирсов Урок истории в шестом классе // Перемена-Международный журнал о развитии мышление через чтение и письмо.-2001-№3.

    Дуйшенова Ж., Казак кызы Н. Эсенгулова М. М., Мен лидер болгум келет.- Бишкек, 2007.

    Жыргалбекова Г.К. Билим берүүдөгү жаңы технологиялар тууралуу. // Вестн. Сер. История №4.2001.

    Жыргалбекова Г.К. Подготовка студентов к инновационной деятельности в образовательных учреждениях // Материалы междун. конф. КГПУ им. И.Арабаева.-Бишкек, 2001.

    Жыргалбекова Г.К. Жаңы педагогикалык технологиялар тууралуу // Мектеп-Школа.-Бишкек, 2000.-№4.

    Женни Стил, Керт Мередис Сынчыл ойломду өнүктүрүүнүн негиздери. Методикалык колдонмо.

    Женни Стил, Керт Мередис, Чарльз Темпл Сынчыл ойломдун өнүгүшүнө өбөлгө түзгөн методдор.

    С.Заир-Бек Сынчыл ойломду өстүрө турган окуу жана жазуу программасынын хрестоматиясынан. -Бишкек, 2004.-26 б.

    Инна Валькова, Марина Друзь Ирина Низовская, Ольга Соболева Развитие критического мышление 2-е дополнительное пособие.

    Карасартова Ч.Ж. Актуальность инновационных методов преподавания в Вузе // Вестн.Сер. История.-Бишкек, 2002.-№2.

    Кибардина Л.П. Интерактивное обучение в Вузе.- Бишкек, 2002.

    Перемена Международный журнал о развитии мышления через чтение и письмо.-2001.-№6.

    Эсенгулова М.М. Критическое мышление как интерактивное обучение. //Матер. Междун. конф.» Модернизация высшей школы в переходный период: состояние и перспективы» к 50-летию КГПУ им. И.Арабаева.17-18-мая-Бишкек, 2002.

    Эсенгулова М.М. Сынчыл ой жүгүртүү методикасы боюнча сабакты пландаштыруу /Мектеп/Школа №12 2005.- 44 -45 б.

    Эсеналиева К.Э. Азыркы педагогикалык процесстеги интерактивдүү окутуунун абалы.-/Мектеп/Школа №3/ 2006, 78 б.




    написать администратору сайта