срс. СОИ.БакытбековаМарал. Багыты 710400 Программалык инженерия Си тема Пунктуация Аткарган пи(б)120 группасынын студенти Бакытбекова Марал Текшерген Стамалиева Айнура Баатырбековна
Скачать 30.99 Kb.
|
Кыргыз Республикасынын билим жана илим берүү министрлиги И.Раззаков атындагы Кыргыз Мамлекеттик университети Кафедра: компьютер тутумдарынын программасы Багыты: 710400 «Программалык инженерия» СϴИ Тема: Пунктуация Аткарган: ПИ(б)-1-20 группасынын студенти Бакытбекова Марал Текшерген: Стамалиева Айнура Баатырбековна Бишкек 2020 Тутуму Киришүү Пунктуация деген эмне ? 4 Тыныш белгилердин коюлушу 5 Кабатталып коюлган тыныш белгилер 9 Корутунду 10 Киришүү Тил адам баласынын өз ара катнашынын маанилүү куралы болуп саналат. Демек, тил аркылуу адамдар бири-бирине өз ойлорун түшүндүрүп, пикир алышып, байланышып турушат. Коомдун мүчөлөрүн бири-бири менен пикир алыштыруунун, өз ара байланыштыруунун негизги формасы катары сүйлөм пайдаланылат. Ал эми сүйлөмдүн өзү болсо сөздөрдүн жана сөз айкаштарынын тизмегинен уюшулат. Адам баласы өз оюн башкаларга оозеки түрдө жана жазуу түрүндө билдирери белгилүү. жазма тил аркылуу берилген ойго, ар түрдүү сезимдерге ачык, толук жана туура түшүнүүгө жардам берүүчү кошумча каражат катары дайыма тыныш белгилери (пунктуация) пайдаланылат. Жазууда тыныш белгилери колдонулбаса, анда айтылуучу ой-пикирдин мааниси чаташып, сүйлөмдө адамдын кандай сезими берилип жаткандыгы белгисиз болуп калар эле. 3 Пунктуация деген эмне? Жазма тилдеги сүйлөмдөрдүн аягына же сүйлөм ичиндеги сөздөрдүн, сөз тизмектеринин арасына коюлуучу белгилер тыныш белгилери деп аталат («тыныш» — «тыныгуу» деген мааниде). Тыныш белгилерин коюу жөнүндөгү эрежелердин жыйындысы пунктуация деп аталат; экинчиден, бул термин «тыныш белгилери» деген мааниде да колдонулат (латынча punctum — «чекит» деген мааниде). Тыныш белгилеринин милдети тексттеги сүйлөмдөрдүн жана сүйлөмдүн курамындагы синтаксистик категориялардын чегин ажыратып, айтылып жаткан ой-пикирге так, толук жана туура түшүнүүгө жардам берүү, сүйлөмдө берилген ар түрдүү ички сезимди окуучуларга толугу менен жеткирүү болуп эсептелинет. Тыныш белгилери текстти жазуучу кишилерге да, аны окуучу кишилерге да бирдей тиешелүү. Анткени алар, биринчиден, жазуучу адамга өз оюн, ар түрдүү эмоциялык сезимдерин так жана толук билдирүүгө жардам берсе, экинчи жагынан, окуучу адам жазылган текстте коюлган тыныш белгилерин көрүп, ошолордун негизинде ал тыныш белгилери кандай маанини, кандай эмоциялык сезимди билдирип тургандыгына түшүнөт. Демек, тиги же бул тилде колдонулган тыныш белгилери билдирген маанилерге, майда маанилик өзгөчөлүктөргө жазуучу адам да, окуучу адам да, б.а., бардык сабаттуу адамдар бирдей мааниде түшүнүүгө зарыл. Жогоруда белгиленгендей, тыныш белгилери адамдын ой-пикирин, эмоциялык сезимдерин жазуу түрүндөгү кепте так, толук жана туура берүүгө жардам берүүчү кошумча каражаттар болуп эсептелинет. 4 Тыныш белгилердин коюлушу Чекит - Сүйлөм кандайдыр бир ой-пикир тууралуу жайынча кабар берип тургандыгын билдирет. Мисалы: Ынтымактуу үйгө ырыс түнөйт (макал). Суроо белгиси - Суроо белгиси ал сүйлөмдүн суроолуу мааниде айтылгандыгын көрсөтөт. Мисалы: Эми бул вагондорду кайда алып бара жатышат? (Ч.А.) Илеп белгиси – Илеп белгиси ал сүйлөм сүйлөөчүнүн ар түрдүү ички сезимин (кубануу, таң калуу, ачуулануу ж.б.) билдирип тургандыгын туюндурат. Мисалы: Бах, эмгек сүйгөн кишилер алп экен го! (Т.С.) Көп чекит - Ой толук айтылбай калган кезде сүйлөмдүн аягына көп чекит коюлат: Мисалы: Эртен… Эмне… эмне дейсиӊ?.. Кой эми… Же толук айтылып, уландысы бардай болгон сүйлөмдөн кийин: Баары өзүӊ билгендей… Окуя ушундай болду… Сызыкча – Жалпылагыч сөз бир өӊчөй мүчөлөрдөн кийин кийин келгенде, анын алдына коюлат. Мисалы: Ажар Жазгүлдү да, Айгүлдү да, Сапарбекти да – баарын жакшы көрөт. Ээ менен баяндоочтун ортосуна коюлат. 5 Мисалы: Мыкты кесиптин ээси болуу – биздин асыл максатыбыз. Татаал сүйлөмдүн тутумундагы биринчи жөнөкөй сүйлөм себебин, экинчиси анын натыйжасын билдиргенде коюлат. Мисалы: Баласы аман-эсен кайтып келди – бүгүн Бурма аябай бактылуу. Татаал сүйлөмдүн тутумундагы эки жөнөкөй сүйлөм мааниси боюнча бири-бирине карама-каршы болгондо коюлат. Мисалы: Издедим – таппадым. Татаал сүйлөмдүн экинчи сүйлөмү биринчисинин күтүлбөгөн натыйжасын билдиргенде коюлат. Мисалы: Эшикти ача салсам – кар. Тырмакча – Төл жана бөтөн сөздүн бөтөн бөтөн сөзү тырмакчага алынат. Мисалы: Агайым: «Бул иш сенин колуӊдан келет»,- деп мени ынандырды. Какшык, мыскыл иретинде колдонулган сөздөр тырмакчага алынат. Мисалы: Ал «акылдуу» баарын ойлонуп коюптур. Эми сен «кыйынсыӊ» да, колуӊан баары келет эмеспи. Кашаа – Сүйлөмдөгү айрым сөздөрдүн маанисин тактоо, толуктоо, тагыраак түшүндүрүү үчүн колдонулат. Мисалы: Балка(Аалы Токомбаев) мыкты чыгармаларды жазып калтырган. Кош чекит – Бир өӊчөй мүчөлөрдөн мурун келүүчү жалпылагыч сөздөн киийн коюлат. Мисалы: Ажар баарын: Жазгүлдү да, Айгүлдү да, Сапарбекти да жакшы көрөт. Татаал сүйлөмдүн тутумундагы биринчи жөнөкөй суйлөм натыйжаны, экинчиси анын себебин билдиргенде коюлат. 6 Мисалы: Бүгүн Бурма аябай бактылуу: баласы аман-эсен кайтып келди. Татаал сүйлөмдүн тутумундагы биринчи жөнөкөй суйлөм жалпыланган түшүнүктү билдирип, экинчиси анын себебин билдиргенде коюлат. Мисалы: Анын мойнуна тагылган милдети бар: ал чет элдиктерге жер көргөзөт. Υтүр – Сүйлөмдүн бир өӊчөй мүчөлөрүнүн арасына коюлат. Мисалы: Облус аймагында ири мөӊгүлөр, суулар, шаркыраткамалар бар. Обочолонгон түшүндүрмө мүчөлөрдө коюлат. Мисалы: Бүгүн Жанаранын, үйдүн эӊ кенже кызынын, туулган күнү. Биз, өлкө жарандары, мамлекеттин өнүгүшү үчүн салым кошууга милдеттүүбүз. Үтүр модалдык сөздөрдө коюлат. Модалдык сөз – айтуучунун айтылып жаткан ойго карата ар кандай мамилесин билдирет. Мисалы: Балким, биздин ишибиз оӊунан чыгып калар. Анын айткандары, чындыгында, мени ойго салып койду. Сен менин ишеничимди актаарыӊа ишенем, албетте. Үтүр киринди сөздөрдө же сүйлөмдөрдө коюлат. Киринди сөз – айтуучунун айтылып жаткан ойго карата ар кандай мамилесин билдирет. Киринди сөздөр көбүнчө модалдык сөздөрдөн болушат, кээде башка сөз түркүмдөрүнөн да болушу мүмкүн.Модалдык сөз морфологиялык түшүнүк болсо, киринди сөз – синтаксистик түшүнүк. Мисалы: Биринчиден, экөөнүн теӊ күнөөсү бар. (Биринчиден – киринди сөз) Эртеӊ, синоптиктердин айтуусу боюнча, жаан жаайт. (синоптиктердин айтуусу боюнча - киринди сүйлөм) Үтүр каратма сөздөрдө коюлат. Каратма сөз – айтылган ой багытталган адамдын же башка бир нерсенин атын билдирген сөз. Мисалы: Кызым, суу берип койчу. 7 Айтканыӊда калет жок, уулум, бирок чындыктын да айтылчу жери болот. Бери келчи, каралдым. Апа! Сизди аябай сагындым! Үтүр сырдык сөздөрдө коюлат. Сырдык сөздөр - адамдын ар кандай ички сезимдерин жана айбанатка карата эркин билдирүүчү сөздөр. Мисалы: Ай-иий, ушунун баары магабы? Мына, баракелде, ушундай иштөө керек. Чү, тору атым, чү! Үтүр айрым бөлүкчөлөрдө коюлат. Бөлүкчөлөр – кызматчы сөздөрдүн бир түрү. Мисалы: Ыя, качан келесиӊ? Ме, муну ал. Эскертүү: Качан келесиӊ ыя? Китебиңди ме. – Мындай учурларда үтүр коюлбайт. Үтүр татаал сүйлөмдөрдө коюлат. Мисалы: Жигиттин иши оӊолуп, малынын саны көбөйөт. 8 Кабатталып коюлган тыныш белгилери Суроо белгиси + илеп белгиси (?!) – суроолуу сүйлөм күчтүү сезим менен айтылганда коюлат. Ал жакында келет бекен?! Баары жакшыбы?! Балам ойгондубу?! Илеп белгиси + көп чекит(!..) – аягына чыкпаган илептүү сүйлөмдөргө коюлат. Түтүк жарылып кетти. Үйдү суу... суу каптап!.. Суранам, келе калчы!.. Суроо белгиси + көп чекит (?..) Досуң келеби?.. Мүмкүн, тамак жей беребиз?.. 9 Корутунду Демек, Пунктуация эрежелери – тыныш белгилерин туура колдонуу эрежелери. 10 |