неважно. извините. реферат. Энелик инстинкт. Реферат Энелик интинкт Аткарган Анарбеков Бексултан Текшерген Наркулова Сааткан План Кириш
Скачать 28.39 Kb.
|
Кыргыз-Түрк Манас Университети Айыл-Чарба факультети Бакча жана талаа өсүмдүктөрү бөлүмү Реферат: Энелик интинкт Аткарган: Анарбеков Бексултан Текшерген: Наркулова Сааткан План: Киришүү 1 Тарыхы 2 Келип чыгышы 3 Табиятта инстинкттин көрүнүүсүнө байкоо жүргүзүү Адабият КиришүүЭнелик инстинкт (эненин инстинктти) — өзүнчө жашоочу организмдин айлана-чөйрөнүн зыяндуу таасирлеринен алсызыраак организмди (индивидди) назик мээрим жана көңүл буруу менен коргоого умтулуу жүрүм-турумдарынын жалпыландысы болуп эсептелинет. Бул көрүнүш адамдарда жана башка сүт эмүүчүлөрдө, ошондой эле балыктарда, курт-кумурскаларда жана канаттууларда байкалат. Көбүнчө энелик инстинкт деп, эненин (же асырап алуучу) жүрүм турумдарынын бир түрүн, баласын коргоосун, кам көрүүсүн жана тарбиялоосуна умтулуусун айтабыз. Жалпы эне инстинктинин көрүнүшү, биринчи баланын төрөлүшүнөн башталат деп кабыл алышат. Бакма энелерге карата болсо - бала үй-бүлөгө кабыл алынган учурдан тарта. Эне инстинктинин феномени дагы деле болсо илимий изилдөө объектиси болуп келет. ТарыхыМындай энелик инстинкт илгертен эле байкалып келген. Тарыхта “энелик инстинкт” түшүнүгүн ким киргизгени белгисиз, бирок анын автору деп англо-америкалык психолог Уильям Мак-Дугалды эсептешет. бирок ал муну түздөн-түз энелик инстинкт деп атаган эмес. Адамдын жүрүм-турумунун негизги кыймылдаткыч күчү катары ал ирроцияналдык, инстинкттик үндөөлөрдү эсептеген (анын инстинктти түшүнүгү, анын так эместигинен улам, этологдордун сынына кабылды, айрыкча, К. Лоренске.) Жүрүм-турумдун негизиде кыймыл-аракеттин тигил же бул механизми менен байланышып, илимде көрүнүшүн чагылдырып гана турган, тубаса инстинкт аркылуу байкалган кызыгуу жайгашкан. Төрөлгөндөн баштап ар кандай органикалык дене, запастары жана бөлүштүрүү (разряддоо) формалары инстинкттердин репертуары тарабынан алдын-ала аныкталган кандайдыр бир энергияга ээ. Баштапкы импульс белгилүү бир максаттарга багытталган мотив түрүндө аныкталаар замат, алар тийиштүү дене адаптациясында өз көрүнүшүн алышат. “Инстинкт” термини андан ары Мак-Дугалдын эмоцияналдык толкундануу жана кыймыл-аракетке даярдык маалыматты иштеп чыгуунун белгилүү бир ырааттуулугун камтыган түрткү берүүчү жана көзөмөлдөөчү функцияларга ээ болгон тубаса билимдеги “көз-карандылык” термини менен алмаштырылган. Баштапкы импульс белгилүү бир максаттарга багытталган мотив түрүндө аныкталаар замат, алар тийиштүү дене адаптациясында өз көрүнүшүн алышат. Алгач инстинкттин 12 түрү айырмаланып турган: качуу (коркуу), четке кагуу (жийиркенүү), кызыгуу (таң калуу), 1908-жылы Мак-Дугалл, жогорку приматтарда таанып билүү мотивациясынын бар экендигин белгилеген, аларга да агрессия (ачуулануу), өзүн баалоо (уялуу), өзүн тастыктоо (илхам), ата-эне инстинкти (мээрим), тукум улантуу инстинкти, үйүр инстинкти, алуучулук инстинкти, жаратуу инстинкти. Анын ою боюнча негизги инстинкт тиешелүү эмоциялар менен түздөн-түз байланыштуу, эмнеге дегенде эмоция ички сезимдердин чагылдыруучусу. Ч.Дарвиндин эмоциялар жөнүндө окуусуна таянып, аларды инстинктивдик процесстин аффективдүү жагы катары чечмелеген. Ар бир баштапкы импульска белгилүү бир эмоция туура келет: качууга умтулуу коркуу менен, кызыгуу таң калуу менен, ачуулануу ачуулук менен, энелик инстинкт мээрим менен. “Зоопсихологиянын негиздери” китебинин автору, белгилүү орус зоопсихологу Курт Эрнестович Фабри (1976 – 1990) инстинкт жана бир нерсеге үйрөнүү жүрүм-турумдун эволюциялык өнүгүшүндө ырааттуулукта жайгашып 2 этапты түзбөйт жана бир жүрүм-турум процесстеринин ажырагыс компоненти болгондуктан алар бири-бирисиз жашай алышпайт. Башкача айтканда, “таза” деп атоого болгон инстинкттер жок. Ошондуктан классификациялоодо, мисалы, аарылардын, балыктардын, чычкан жана шимпанзелердин уяларын курууда жүрүм-турумдардын психофизиологиялык механизмдеринин ар түрдүүлүгүн эске алуу керек, ал көбүнчө окутуунун жана интелектуалдык чечимдин натыйжасы болушу мүмкүн. 1919-жылы Карл Густав Юнг “Инстинкт жана аң-сезимсиздик” деген эмгегинде психологиялык архетип түшүнүгүн киргизген. Анын түшүнүгү боюнча архетиптер – тажрыйбабызда таанылган жана эреже катары түштөрдүн образдарында жана мотивдеринде жамааттык аң-сезимдин мазмунун түзгөн универсалдык тубаса психологиялык структуралар болуп саналат. Архетиптин айланасындагы эскерүүлөрлүн жана байланыштардын тобу комплекс деп аталат. Бул комплекстердин бири энелик архетипке байланыштуу энелик комплекс эсептелинет. Юнг архетиптерди дене мүчөлөрүнө окшош психологиялык органдар деп эсептеген, анткени экөөндө тең өнүгүү процессинде байкалган морфологиялык ыктоолор бар болгон. Көпчүлүк учурларда эненин образы жумшак, камкор жана түшүнүктүү аял катары көрүнүшүн, ал баланын энелик инстинктке берген жообу деп түшүндүрдү. Келип чыгышыБир жагынан биохимиктер энелик инстинкт кош бойлуулук жана лактация учурунда атайын пролактин протеинин өндүрүүгө негизделгенин далилдеп келишет. Бирок ошол эле учурда, башка илимий группалар тажрыйбалардын негизинде энелик инстинкт башка балдарды багып алганы калган, балдары жок ургаачыда да пайда болушун көрсөтүшкөн. Кемирүүчүлөрдү, приматтарды жана ал тургай адамдарды изилдөөдө визуалдык натыйжалар алынган. Ветеринардык медицина мектебинин нейробиологдору Мияко Фурута жана Роберт Бриджес мээнин субвентрикулярдык аймагында пайда болгон жаңы нейрондордун саны өз тукуму жок жана башка бирөөнүн тукумун багып алууга албаган келемиштер менен тукумсуз бирок баланы тарбиялоого алган келемиштерден кескин айырмаланып турат. Кошумча изилдөөлөр нейрондордун мындай өсүшү кош бойлуу жана эмизген ургаачы кемирүүчүлөрдө жана приматтарда байкалган. “Бардык илимий изилдөөлөрдөгүдөй эле, биздин ишибизде бир жооп жана көптөгөн жаңы жаңы суроолор берилди, - дейт, Тафтс университетинин ветеринардык медицина мектебинин нейрофизиология жана репродукция бөлүмүнүн жетекчиси Роберт Бриджес. Изилдөөнүн кийинки этаптарында дагы бир нече сырды ачууга туура келди. Эмне үчүн ургаачылар көп учурда ушул сыяктуу балдардын арасында өз балдарын табышат? Же, мисалы, эгер алар бир жерде пайда болсо жаңы нейрондор мээнин башка бөлүктөрүнө кантип өтөт.” Тукумга кам көрүү маданияттуу адамда төрөлгөндөн баштап узакка созулган алсыздыкка чейин болгон жана турмуштун социалдык шарттарына узак даярданууну талап кылган мөөнөттөрдө эң жогорку өнүгүүгө келет. Сүт эмүүчүлөр өз балдарын, адатта төрөлгөндөн кийин бир канча жумага, эң көбү бир канча айдан бир канча жылга чейин созулган мөөнөттө аларды өздөрүнө өздөрү тамак таап калышканга чейин карашса, адамдарда болсо бул период өз алдынча азык-түлүк алуу мүмкүнчүлүгүн алганга чейин, ал эми маданияттуу класстын өкүлдөрүндө болсо акыл эси толук жетилгенге чейин созулат. “Нерв ткандарында болуп жаткан көп жагынан дагы деле болсо биз үчүн табышмак бойдон калууда. Ар бир жаңы ачылыш чындыгында ага жооп бергенден көп суроолорду берет. Регенерация механизмдери жөнүндө эмне айта алабыз. Азыркы неврология алардын көпчүлүгүн түшүндүрө албайт – муну азырынча жөн гана божомолдоого болот. Жок дегенде адамдын денесинин татаалдыгын көрсөтүү үчүн, бир гана биз ар бирибиз бир бүтүн нерсе гана эмес, ал эми сан жеткис органикалык клеткалардын жамааты, алардын ар бири өз жашоосу менен жашашын жана чоңураак нерсенин бир бөлүгү экендигин билбешин гана эске алышыбыз керек. Биз денени башкарууну жана аны коргоого мүмкүндүк берген жашоо образын түшүнүшүбүз керек.” Эненин баланы тойгузууга болгон умтулуусу жана анын умтулуусун аткарган атайын орган – сүт бездеринин жардамы менен ишке ашыруу жөндөмлүүлүгү жаңы төрөлгөн баланын жашоосун сактап калуу жөндөмүн толугу менен алмаштырат. Бул экөөнүн бирөөсү ашыкча жана максатка ылайыктуулук ашыкчалыкты талап кылбаса, анда энелик инстинкттин ортосундагы айтылган тескери байланыш жана жаңы төрөлгөн баланын өзүн-өзү сактоо жөндөмү чындыкка бир топ дал келип калат. Жумурткадан чыккан курт өзүн-өзү тойгуза алат, ошондуктан ал эч кандай энеге муктаж эмес, сүт эмүүчү энесиз эрте жан бермек, ошондуктан эне тукум куучулук инстинктинин жардамы менен баласына кам көрөт. Табиятта энелик инстинктин көрүнүшүнө байкоо жүргүзүүЭгерде эң төмөнкү организмдердин жөнөкөй жана кыйыр бөлүнүү процесстеринде тукумду коргоого эч кандай каалоо байкалбай жатса, анда эки жаш индивид эненин организминен бөлүнүү жолу менен өнүгүп жаткандыктан, бул жерде ата-энелик организм өзүн толугу менен урпактарга курмандыкка чалышы, бул фактыга толугу менен ылайыктуу деп айта алабыз. Белгилүү бир мезгилге чейин бүчүр менен бөлүнүүдө, тукум бүтүндөй эненин эсебинен мителеп азыктанып турат. Жыныссыз көбөйүүдө болсо, тукум ата-эненин организминде, жашоого мүмкүнчүлүк алганга чейин калат. Жыныстык жол менен көбөйгөн жаныбарлардын ата-энелери өз тукумдарына кам көрө баштайт. Айрым курт-кумурскалар келечектеги тукумун камсыз кылган өзгөчө камкордуктарды бардыгы билишет , айрыкча кумурска жана аарылар. Ошондой эле, балыктардын көпчүлүгү жасалма чуңкурларга жумуртка таштоосу белгилүү. Ушул максатта, мисалы, форель жумуртка тууганы тешикти куйругу менен оюп алат. Лосось да жумуртка таштаганга ошондой эле чуңкурчаларды издейт, жумуртка таштап бүткөндөн кийин кайра анын оозун жаап коет. Алабук өсүмдүктөрдүн, бак-дарактардын же таштардын жанында икрасын бекемдейт, көбүнчө мындай жерлер корголгон жерлер болушат, кээ бир балыктар, мисалы, колюшка, ал тургай жасалма уяларды куруп, жашы жете элек өспүрүмдөргө карата алардын сезими жалындуу экендигин көрсөтөт. Ошол эле учурда, кээ бир балыктарда болуп өткөн уруктануунун организмге өтүшү, мисалы акулаларда тирүү балдарды төрөгөнгө чейин, алардын жашоосу биринчи мезгилдерине дейре ата-эненин организминде камтылган болот жана мындан ары көзкаранды жашоо ишмердүүлүгүнө жөндөмдүү болуп төрөлүшөт, ата-энеси андан ары тынчсызданбай аларды таштап кетишет. Ошол эле нерсе жыландарда байкалат. Тирүү балдарды тууган жыландар келечек тукумга кам көрүүнү, аны өзүнүн организминин ичинде коргоо менен гана чектешет, туулуу мезгили келгенде, алар бактын бутагына чыгып, балдарын ошол жерден, алардын андан ары жашоосун өзүн өзү камсыз кылуу үчүн шарт түзүп, ыргытып жиберишет. Жумуртка таштоочулар болсо жумуртка койгону дал келгендей кылып уя жасашат. Бирок дененин барган сайын татаалдашкандыгы менен байланыштуу, тукумдун алсыздыгы ата-эненин тарбиясына муктаж кылганда, биз эне инстинктинин андан ары өнүгүшүн байкайбыз. Саман же жука кургак бутак аларда эч кандай рефлекс козгобойт жана куш, бул нерселерге кайдыгер карап ошол жерде калат, бирок жумуртка койгону учур келгенде мунун баарына кайдыгерлик менен караган жана бул тууралуу эч кандай түшүнүккө ээ болбогон чымчык, алардын баарысын кылдаттык менен чогултуп, уя курууда ар бирин белгилүү бир тартипке сала баштайт. Бирок канаттууларда уя бир гана жумуртка койгону даярдалган эмес, алар ал жерде аны басып жатып, ачылып, учканга, жада калса тарбиялаганга чейин ошол жерде карашат. Сүт эмүүчүлөрдө тукумга кам көрүү дээрлик анын бойго жеткен абалына чейин жетет. Бул жерде, албетте, алгач жалпы актыга байланыштуу иш-аракеттер жөнүндө сөз болуп жатат жана акыркысы аяктагандан кийин, организмдеги табигый кесепеттирин бири болгон ошол физиологиялык өзгөрүүлөр (төштүн катуулашы ж.б.) менен бүтөт. Эне инстинкттинин тукум куугустугу Altum тастыктагандай, канаттуулар менен да далилденет. Алар жумурткаларды белгилүү бир убакытка чейин отургузганча инкубациялабайт. Эгерде, мисалы, жумурткалар 7-8 күндүк инкубациядан кийин жаңыларына алмаштырылса, балапандарынын чыгуусуна саналуу гана күндөр калгандыгына карабастан, анда жаратылыш тарабынан белгиленген белгилүү убакыт өткөндөн кийин куштар инкубацияны токтотушат. Ошол эле автордун изилдөөлөрү куштар менен азыктануу инстинкттик муктаждыгы ошол эле учурда акырындык менен жаш муундар келе баштаганда алсырай тургандыгын көрсөтөт жана акырында, куштар балапандарын, канчалык ачкачылыктан кыйкырбасын, тойгузууну токтотушат. Ошол эле учурда, балапандырынын өнүгүү мезгилине караганда жумурткага көбүрөөк кам көрүшөөрү жана кам көрүү мезгилине караганда жумуртка басууда бузулган учурларда аны таштап кетип калуусу көбүрөөк мүмкүн экендиги да кызык. В.Вагнердин айтымында, карлыгачтар, эгерде анын уясын жок кылса, жашы жете электердин биринчи күндөрүндө, “ийри энелик сезим” сүттү сактаган мезгилде, ушунчалык катуу күч менен тамактандыруу зарылчылыгын сезишкендиктен, көп сааттар бою уясы жайгашкан жерди айланып, уясын издеп, акыры таппай, башкалардын уясына учуп барып, ата-энелери чакырылбаган азыктандыргычка нааразычылык көрсөтүшүп, чоң күч менен айдап, чокуп, канаттары менен уруп башташына карабастан, башка балдарды тойгуза баштайт. Колдонулган адабияттар: Вагнер В.А. Салыштырмалуу психологиянын биологиялык негиздери. – инстинкт жана акыл, 2005. 2-томдук, 340-350-беттер. А.И. Фет Инстинкт жана социалдык жүрүм турум. – 2-басылышы. – “Сова”, 2008. Леонард Беркович Инстикт деген эмне? – СПБ: Прайм-Еврознак, 2001, 440-446 беттер. |