Главная страница
Навигация по странице:

  • Файл-Сохранить

  • Файл – Открыть …

  • Windows операциялык системасы_станд_прог. Windows операциялык системасы


    Скачать 1.09 Mb.
    НазваниеWindows операциялык системасы
    АнкорWindows операциялык системасы_станд_прог.docx
    Дата12.03.2023
    Размер1.09 Mb.
    Формат файлаdocx
    Имя файлаWindows операциялык системасы_станд_прог.docx
    ТипДокументы
    #982567
    страница4 из 5
    1   2   3   4   5

    Windows дүн стандарттык программалары. Блокнот тексттик редактору.



    Стандарттык программалар башкы менюнун Программы пунктунун Стандартные камтылган менюсунда жайгашкан.

    Стандарттык программалар бул система менен бирдикте орнотулуучу жана компьютер менен иштөөдө кээ бир маселелерди чечүүдө колдонулган жардамчы программалар болуп эсептелет. Аларга: кызматчы программалар (алмашуу буфери, дисктерди тазалоо, дисктерди текшерүү, система жөнүндөгү маалыматтар, берилгендерди архивдөөчү жана кысуучу программалар), байланыш программалары (сеттик, интернет жана почта аркылуу байланыштыруучу программалар), мультимедиалык программалар (үн жазуу, универсалдык проигрыватель, видеоклип программалары), прикладдык программалар (WordPad, Paint, Блокнот, Калькулятор, Проводник, Movie Maker, Imaging) кирет.

    Блокнот программасы эң жөнөкөй тексттик редактор болуп эсептелет. Ал тексттик файлдарды түзүү, редактирлөө, сактоо жана печаттоо үчүн колдонулат. Блокнотто түзүлгөн файлдын кеңейтилиши

    .txt тибинде болот. Ал Пуск-Программы-Стандартные-Блокнот

    командасын аткарганда жүктөлөт.

    Блокнот программасынын терезеси: ысым жолчосунан, горизонталдык менюдан, иш талаасынан жана абалдык жолчодон турат. Горизонталдык менюсунда Файл,Правка,Формат,Вид,Справкапункттары бар. Файл менюсундагы командалардын жардамында документтерди түзүүгө, сактоого, ачууга, печатка жөнөтүүгө жана программадан чыгууга болот. Правка пунктундагы командалар тексттердин үстүнөн аткарылуучу командаларды кармап турат, б.а. тексттин бөлүгүн (же бүт текстти) кыркып алуу, көчүрүү, башка орунга коюу, жок кылуу. Формат менюсу Перенос по словам,


    Шрифт командаларын кармап турат. Алардын жардамында сөздөрдү ташымалдоого, шрифтин параметрлерин (атын, өлчөмүн, жазылуу формасын) өзгртүүгө болот. Вид менюсу терезеге абалдык жолчону чыгарып берет. Справка пункту аркылуу Блокнот программасы жөнүндөгү маалыматтар менен тааныша алабыз. Иш талаасында курсордеп аталган таякча турат. Текст киргизүү ошол курсор турган жерден башталат.

    Киргизилген текстти сактоо үчүн Файл-Сохранить как

    командасын тандасак,





    Сохранение документа диалогдук терезеси пайда болот. Ал терезенин Папка талаасынан файл сакталуучу папканы тандап (же жаңы папка түзсөк болот), Имя файла талаасына ат жазып, Сохранить кнопкасына басабыз. Сакталган файлды ачууда Файл – Открыть … командасын тандайбыз, анда Открытиедокументадиалогдук терезеси пайда болот.



    Ал терезенин Папка талаасынан файл сакталган папканы таап, Имяфайлаталаасына файлдын атын жазып, Открыть кнопкасына басуу керек.

    Тексттеги кетирилген каталарды оңдоо үчүн редактирлөө клавишаларын колдонууга болот. М: Delete, Backspace, Shift, Tab, Формат-Шрифт менюсун тандаганда төмөнкүдөй диалогдук терезе пайда болот. Бул терезеден шрифтин атын, жазылуу формасын, өлчөмүн тандоого болот.
    Кээ бир учурда

    тексттин фрагменти (тексттин бөлүгү) менен иштөөгө туура келет. Ал үчүн аны белгилеп алуу керек.
    Текстти белгилөөнүн жолдору.

    Чычкандын жардамында белгилөө үчүн белгиленүүчү сөздүн (сүйлөмдүн, абзацтын, жолчонун) башына (же аягына) курсорду жайгаштырып, сол кнопканы басып кое бербестен керектүү жерге чейин жылдырып келип, кое берүү керек.

    Клавишалардын жардамында белгилөө үчүн белгиленүүчү сөздүн (сүйлөмдүн, абзацтын, жолчонун) башына (же аягына) курсорду жайгаштырып, Shift клавишасын басып кое бербестен курсорду башкаруу клавишаларынын (🡠, 🡢, 🡣, 🡡) бирин басуу керек. Белгиленген тексттин бөлүгү кара түскө боелуп калат. Белгиленген тексттин бөлүгүн көчүрүүгө, башка орунга жылдырууга, өчүрүүгө болот. Көчүрүүнү жана жылдырууну алмашуу буфери аркылуу аткарууга болот.

    Блокнот программасы бир гана документ менен иштөөгө мүмкүндүк берет. Программадан чыгуу үчүн Файл–Выход командасын же терезедеги х-кнопкасына басуу керек.
    Калькулятор.

    Калькулятор программасы эки режимде иштейт. Кадимки жана Инженердик. Калькулятордун жардамында жөнөкөй математикалык эсептөөлөрдү, инженердик, статистикалык эсептөөлөрдү жүргүзүүгө жана бир эсептөө системасынан башка эсептөө системасына өткөрүүгө болот. Калькулятор программасы башка стандарттык программалар сыяктуу эле жүктөлөт. (Пуск Программы Стандартные Калькулятор).

    Кадимки режимде арифметикалык операцияларды аткарууга болот. Инженердик режимде арифметикалык, тригонометриялык, алгебралык, инженердик жана статистикалык эсептөөлөрдү жүргүзүүгө болот.





    1   2   3   4   5


    написать администратору сайта