Главная страница
Навигация по странице:

  • Саясий онугуудогу реформалар (революциялар)

  • 2. Саясий мадернизация Саясий модернизация

  • Модернизация термини 3 мааниде чечмеленелет

  • Колдонулган адабияттар

  • Модернизация. Тема 11 Мадернизация. 11 Саясий нг жана модернизация


    Скачать 32.14 Kb.
    Название11 Саясий нг жана модернизация
    АнкорМодернизация
    Дата20.10.2022
    Размер32.14 Kb.
    Формат файлаdocx
    Имя файлаТема 11 Мадернизация.docx
    ТипДокументы
    #743199

    Тема: 11 Саясий өнүгүү жана модернизация

    1. Саясий онугуудогу реформалар (революциялар)

    2. Саясий мадернизация



    1. Саясий онугуудогу реформалар (революциялар)

    Саясий өнүгүү - кең мааниде - коомдогу саясий бийликтин тутумун түзүүчү институттардын, көрсөтмөлөрдүн жана баалуулуктардын өнүгүүсү.

    Кээ бир учурларда Саясий өнүгүүнүн синоними катары саясий модернизация колдонулат. Саясий өнүгүү жалпы түшүнүк катары экономикалык, социалдык жана саясий өзгөрүүлөрдү камтыйт.

    Реформа (саясий, социалдык) – коомдун саясий системасынын негизин түп-тамырынан эмес, айрым гана элементтерин өзгөртүүчү саясий аракеттердин жыйындысы. Узак убакыт бою реформа марксисттер тарабынан революцияга каршы коюлган. ХХ к. тажрыйбасы мындай каршы коюунун туура эместигин көрсөттү. Революция коомдо пайда болгон проблемалардын чечилишинин радикалдуу каражаты болуп эсептелет. Саясий системанын мезгилдүү кризистери, коомдук өнүгүштүн механизмдеринин бузулушун, өнүгүү ресурстарынын толугу менен сарп кылышын күбөлөндүрөт. Коомдун кийинки өнүгүшү үчүн реформа көбүрөөк зарыл болгон кырдаал жөнүндө сөз болушу мүмкүн. Реформа коомду жаңы шарттарга ыңгайлаштырса, революция негизинен жашоого мүмкүнчүлүгү бар социалдык организмди бүлдүрүүгө жөндөмдүү. Реформа саясий кризистин натыйжасы болушу мүмкүн. Же алдын ала кризистик кубулуштардын симптомуна реакция катары болот. Реформаларды ишке ашыруу башкаруучу топ жана башкаруучу элита белгилүү көрөгөчтүктү жана кыраакылыкты көрсөткөн шартта гана мүмкүн. Айрыкча реформаларды жүргүзүү элитанын артыкчылыктарынын кээ бир бөлүгүн жоготууга алып келиши мүмкүн. Көбүнчө коомдун стабилдүүлүгүнүн бузулуу, саясий кризистин болуу коркунучу астында жүргүзүлгөн реформа башкаруучу элита тарабынан жамандык катары кабыл алынат. Бул болсо контрреформа коркунучун туудурат. Эгерде реформанын талапкерлери парламенттен тышкары аракеттерге да даяр граждандардын массалык колдоосуна таяныша алышса, анда реформа көбүрөөк радикалдуу мүнөздө болот. Реформаларды жүргүзүүнүн субъектиси болуп демократия шарттарында башкаруучу саясий партия, авторитардык режимде саясий лидердин тобу чыгат. Алар коомдо көздөгөн өзгөртүүлөрдү жүзүнө ашыруу үчүн бийликтин болгон рычагдарын пайдаланышат. Саясий системанын ар бир элементи реформалоонун объектиси боло алат. Ал аркылуу реформаторлордун каалоосуна ылайык коомдук жашоонун, социалдык мамилелерди кошкондо, ар бир чөйрөсү да объект боло алат. Эреже катары, башында ылайык келүүчү мыйзамдарды кабыл алуу жолу менен реформалардын нормативдик базасы түзүлөт. Андан соң реформа институционалдык чөйрөдө (бийликтин жана аткаруу органдарын түзүү, эски органдарынын функцияларын аткарат) жүргүзүү механизмин түзүү максатында ага ылайык өзгөрүүлөр жүзөгө ашырыла баштайт. Реформаторлордун саясий эркинин жана ишмердүүлүгүнүн ортосундагы байланыштыруучу кичи система аркылуу өзгөрүүлөр коомдук турмуштун экономикалык, идеологиялык чөйрөлөрүнө таркалат. 1929–33-ж. дүйнөлүк кризистен соң, өнүккөн демократтык өлкөлөрдө реформа процесси үзгүлтүксүз мүнөздө болууда. Эгерде көптөгөн өзгөртүүлөрдүн башында социал-демократтар турушса, акыркы он жылдыктарда реформа бүткүл саясий спектрдин саясий партиялары, (анын ичинде неоконсервативдик да) аркылуу ишке ашырылууда. Реформа айкын программаларында келишпестиктер болгону менен жалпы багыттары аныкталган. Калктын жашоо деңгээлин жогорулатуучу чаралардын эсебинен коомдо социалдык стабилдүүлүктүн жана башкаруучулуктун даражасын көтөрүү, социалдык теңсиздикти жумшартуу, коомдук турмуштун экономикалык жана саясий чөйрөлөрүндө бардык граждандардын тең мүмкүнчүлүктөрүнүн чегин көбөйтүү аракеттери жөнүндө сөз болот. Конфликттик кырдаал туулганда көч менен чечүү аракетине караганда компромиссти жана консенсусту издөө көбүрөөк кездешет. Реформалардын жалпы жыйынтыгы бийлик жана башкаруу органдарынын функцияларында жана структурасындагы өзгөрүүлөр гана эмес, коомдун өзүндө терең трансформация болгон. Көп укладдуу, социалдык айырмачылыктар багыт алган рынок экономикасы түзүлдү, социалдык ажырымдар жумшарды, көптөгөн социалдык чектер жоюлган. Коомдун социалдык структурасы көп деңгээлдүү болуп калды. Өткөөл, таптар аралык абалда турган катмарлар сандык жактан басымдуулук кылышат. Бардык деңгээлдеги бийлик структуралары көбүрөөк демократтык болушту да, саясий жана экономикалык бийликти алып жүрүүчүлөрдүн бөлүнүшү жүрдү, социалдык партнердуулук мамилелери өнүктү. Өнүккөн демократиялык өлкөлөр жеткен стабилдүүлүк жана жашоонун жогорку деңгээлин реформалардын жардамы менен жете турган, натыйжалардын модели кылып койгон. Алардын тажрыйбаларын модернизация стратегиясынын чегинде авторитардык режимдер жана тоталитаризм менен кол үзгөн өлкөлөр көп жолу көчүргөнгө аракет кылышкан. Бардык эле саясий режимдер демократиялык реформалаштырууга ыктай бербейт. Жакын ички жана эл аралык шарттарда реформа тынч демократтык революцияны иш жүзөгө ашырууга жол ачат.
    2. Саясий мадернизация

    Саясий модернизация - коомдун коомдук саясий системанын институттарынын жана саясий мамилелеринин заманбап жайлануусу, өзгөрүүсү менен байланышкан трансформациялануу процесси.

    Саясий модернизация теориясы 20-кылымдын 50-жылдары калыптанган. Анын өнүгүшүнө Г. Алмонд, Д. Пауэлл, Л. Пай, С. Хантингтон ж. б. амер. окумуштуулар чоң салым кошушкан. «Саясий модернизация» термини салттык (агрардык) коомдон индустриялык коомго өтүп жаткан өлкөлөргө карата колдонулат. Көпчүлүк өнүккөн өлкөлөрдө саясий модернизация 17-кылымдын аягынан 20-кылымдын башына чейин жүргөн.

    Модернизация негизги 2 типке бөлүнөт:

    • 1) биринчилик (баштапкы, оригиналдуу) же орг. модернизация;

    • 2) экинчилик же орг. эмес модернизация.

    Биринчи модернизация АКШ жана Багыш Европа өлкөлөрүндө коомдук жашоо чөйрөлөрүнүн эволюциялык өсүшү аркылуу ишке ашып, жарандык коомдун түзүлүшүнө жана саясий системанын жаңы тибинин пайда болушуна алып келген. Экинчилик модернизация биринчи этапты басып өткөн өнүккөн өлкөлөрдүн (Россия, Бразилия,Түркия ж. б.) тажрыйбасын өздөштүрүү, үйрөнүү менен жүргүзүлгөн; 20-кылымдын 70-90-жылдарында саясий модернизация теориясын кайра башкача түшүнүү, салттык саясий системаларды реформалоодо тарыхый жана улуттук шарттардын өзгөчөлүгүн эске алуу талабы келип чыккан. Модернизация теориясында толук эмес модернизация концепциясы (салттык институттар менен баалуулуктардын жаңы саясий структураларга кошулуу мүмкүнчүлүгү), кризистүү (регрессиялануучу) модернизация, рецидивдүү жана туюкка камалган модернизацияда концепциялары пайда болгон. Кыргызстандын саясий модернизация толук эмес, кризистик концепциялардын четинде жүргүзүлүүдө.

    Кыргызстандагы модернизациялык жараяндар жана саясий системадагы кээ бир көйгөйлөр жөнүндө маселеге кайрылууну автор туура тапты, себеби биринчиден - алардын чечилишинен элдин, улуттун биримдиги, өлкөнүн келечеги, өнүгүү жолу; экинчи жактан - саясий конфликттерди алдын ала алуу, болтурбоо байланыштуу. Борбордук Азиянын, анын ичинде Кыргызстандын коомдук-саясий, укуктук жана экономикалык өнүгүүнүн жаңы моделин куруу, анда да тарыхый, саясий жана улуттук-маданий өзгөчөлүктөрдү эске алуу тууралуу кеңири илимий иштелмелер белгилүү. Алардын арасында чет өлкөлүк В.Богатырев, М.Бородин, А.Воскресенский, Я.Пляйс, А.Сухов, А.Панарин, Н.Омельченко; ата мекендик А.Асанканов, Р.Ачылова, М.Садыркулов, Ж.Сааданбеков, Н.Омаровдун, М.Иманалиев, И.Бегалиев, А.Анарбеков ж.б. илимпоздордун эмгектери; Стратегиялык талдоо жана болжолдоо; Коомдук саясат Институттарынын электрондук ресурстары макаланын назарий базасын түзгөн

    Модернизация термини 3 мааниде чечмеленелет: а) коомдогу жаңылануу жана реформаларды, кайра түзөтүүлөрдү жүргүзүү жараяны; б) замандын талабына дал келүү, мезгилге жараша, анын башкы багыттарына шайкеш болуу максатында аң-сезимдүү кайра түзөтүүлөрдү ишке ашыруу; в) анча өнүкпөгөн коомдун көбүрөөк өнүккөн коомдун касиеттерине ээ болуудагы өзгөрүү жараяны

    А. Акаев Кыргызстандын Президенти болгон учурда өлкөдө башка коңшулаш мамлекеттерден бат жана толугураак батыш тажрыйба киргизилген, жана белгилүү мезгилге чейин өлкөбүз демократиялык транзиттин ийгиликтүү мисалы катары эсептелчү. Бирок акыр аягында, республикада өнүгүү токтоп, төңкөрүштөрдүн жана кризистердин кезеги башталган. Ар социалдык-экономикалык жана саясий көйгөйлөрдөн архаикалык феодалдык-кландык жана советтик тарыхтан калган улуттук калдыктар терс көрүнүштөргө чырмаланган. Демек, коомдун өнүгүүсү «түз сызык» боюнча эмес, бардык багыттарда өсүү менен коштолбогонун илимпоздор айтышат. Маселен, социалдык жана саясий түзүлүштөрдүн эволюциясы төмөнкүдөн жогоркуга гана эмес, ошондой эле жогорураак деңгээлден - төмөнүрөөк; өнүкпөгөндөн өнүгүүгө карай эмес, тескерисинче - өнүгүүсү жогоруудан өнүкпөгөнгө карай жүргөн
    Колдонулган адабияттар:

    1. Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б

    2. "Саясат таануу: энциклопедиялык окуу куралы". Башкы редактор: Ү.Асанов, жооптуу редактор: А.Акунов. Бишкек - 2004.

    3. Журналистика энциклопедиясы. 1-том. Түз., А.А. Джапанов –Б., 2016. – 360б


    написать администратору сайта