Главная страница
Навигация по странице:

  • Кылмыш мыйзамы деген эмне

  • 3-суроо. Юридикалык жакты каттоо тартиби Кыргыз Республикасында томондогу нормативдик актыларда каралган꞉

  • Юридикалык жактарды электрондук формада мамлекеттик каттоонунУБАКТЫЛУУ ТАРТИБИ 1-глава. Жалпы жоболор

  • 2-глава. Юридикалык жактарды онлайн-каттоонун тартиби

  • билет 21. Саясий режим трлр жана маызы


    Скачать 64.53 Kb.
    НазваниеСаясий режим трлр жана маызы
    Дата28.05.2021
    Размер64.53 Kb.
    Формат файлаdocx
    Имя файлабилет 21.docx
    ТипДокументы
    #210988

    1. Саясий режим: түрлөрү жана маңызы

    Ар кандай саясий режим – бул адамдардын ортосундагы мамилелерди уюштуруунун карама-каршы принциптеринин айкалышы: демократия жана авторитаризм.

    Саясий режим адатта бир нече түргө бөлүнөт: авторитардык, тоталитардык жана демократиялык.

    Тоталитаризм꞉

    Режимдин ушул түрү менен бийлик толугу менен монополияланган. Натыйжада, ал бир гана партиянын колунда калат, ал эми партия өзү бир гана лидердин башкаруусунда болот. Тоталитаризм шартында мамлекеттик аппарат жана башкаруучу партия бириккен. Буга катарлаш, бүтүндөй коомду мамлекеттештирүү, башкача айтканда, бийликтен көз карандысыз коомдук жашоону жок кылуу, жарандык пикирди жок кылуу.

    Авторитардык

    Режимдин бул түрү, эреже катары, эскирген социалдык-экономикалык институттарды бузуу, ошондой эле өлкөнүн салттуу жаңы индустриялык структураларга өтүү мезгилиндеги күчтөрдүн поляризациясы жүргүзүлгөн жерде пайда болот. Авторитардык режим негизинен армияга таянат, ал зарыл болгон учурда саясий кризиске чекит коюу үчүн кийлигишет, аны жөн гана мыйзамдуу, демократиялык жолдор менен жеңип чыгуу мүмкүн эмес. Ушундай кийлигишүүнүн натыйжасында бардык бийлик белгилүү бир органдын же саясий лидердин колуна өтөт.

    Авторитаризм жана тоталитаризм

    Авторитаризм тоталитаризмге окшош болсо, биринчи учурда кызыкчылыктар менен күчтөрдүн кандайдыр бир поляризациясына жана делимитациясына жол берилет. Бул жерде демократиянын айрым элементтери четтетилген эмес: парламенттик күрөш, шайлоо жана кандайдыр бир деңгээлде мыйзамдуу оппозиция жана каршылык. Бирок ошол эле учурда коомдук саясий уюмдардын жана жарандардын укуктары бир аз чектелген, укуктук олуттуу каршылыктарга тыюу салынат, уюмдардын жанаайрым жарандардын саясий жүрүм-туруму регламент менен катуу жөнгө салынат. Демократиялык реформалар жана кызыкчылыктарды шайкеш келтирүү үчүн белгилүү шарттарды түзгөн кыйратуучу, борбордон четтетүүчү күчтөр камтылган.
    Демократия

    Демократия деген бул баарынан мурда мамлекеттинишин башкарууга массанын катышуусун, ошондой эле өлкөнүн бардык жарандары үчүн мыйзамдарда жана конституцияда расмий таанылган жана бекитилген демократиялык эркиндиктер менен укуктардын болушун билдирет. Коомдук-саясий феномен катары жашап өткөн бүткүл тарыхында демократия белгилүү баалуулуктарды жана принциптерди иштеп чыккан, аларгатөмөнкүлөркирет:

    • Бийлик органдарынын ишиндеги маалымдуулук;

    • Мамлекеттин жарандарынын коомду башкарууга бирдей укугу;

    • Ыйгарым укуктарды сот, мыйзамчыгаруу жана аткаруу бийлигине бөлүштүрүү;

    • мамлекеттиктүзүлүштүконституциялыкдолбоорлоо;

    • жарандык, саясий, социалдык жана экономикалык эркиндиктердин жана адамукуктарынын комплекси.



    2-суроо. Кылмыш мыйзамы деген эмне:


    Мыйзам укуктук ченемдердин жана принциптердин жыйындысы аркылуу мамлекет тарабынан кылмыштуулуктун репрессиясын орнотуучу жана жөнгө салуучу. Кылмыш мыйзамы ошондой эле укуктук тартип анын принциптери жана укуктук ченемдери чыгарылып алынуучу кылмыш көрүнүшүн, кылмышты, кылмышкерди жана жазаны изилдөөгө жооптуу.

    Максаты кылмыш мыйзамы бул кылмыштарды жазаны колдонуу жолу менен кылмышкерлерден изоляциялоо жолу менен же түзөтүүчү жазаларды колдонуу менен коргоо.

    Объективдүүкылмыш-жазамыйзамдары, кылмыштарды аныктоочу кылмыш ченемдеринин жана принциптеринин жыйындысынан, ошондой эле жазалардан жана аларды колдонуудан турат.

    Субъективдүүкылмышукугу –жаза мыйзамдары мамлекеттин кылмыштар менен кылмыштарды санкциялоо жана жазалоо, ошондой эле кылмыш ченемдерин орнотуу жана киргизүү боюнча субъекти катары мыйзамдуулугун билдирет, бирок булардын бардыгы мыйзам тарабынан колдоого алынышы керек. объективдүүкылмышукугу. Эл аралык кылмыш укугу, Бул геноцид, согушкылмыштары, адамзатка каршы кылмыштар жана агрессия кылмыштары сыяктуу эл аралык кылмыштарды аныктап, жөнгө салат. Анын негизги органы - Гаага шаарында жайгашкан Эл аралык кылмышсоту, 1998-жылы түзүлгөн. Душмандын жазык мыйзамы, Булжүрүм-туруму же илгерки адамдары калган жарандарга жана мамлекеттин укуктук тутумуна коркунуч туудурган адамдарга карата колдонулганбир катар принциптерди жана ченемдерди камтыйт.
    Жеке адамдын душмандын кылмыш мыйзамына жасаган мамилеси, албетте, жөнөкөй кылмыш мыйзамына караганда бир топ катаал. Ушулжагынан алганда, душмандын кылмыш мыйзамынын максаты коомдун коопсуздугун камсыз кылуу болуп саналат, анткени, жазалануучу иш-аракеттерди алдын-ала көрүп, жарандарын келечектеги коркунучтардан коргойт.

    3-суроо. Юридикалык жакты каттоо тартиби Кыргыз Республикасында томондогу нормативдик актыларда каралган꞉

    Юридикалык жакты эркин экономикалык чөлкөмдүн субъекти катары эсептик каттоонун
    ТАРТИБИ


    (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-мартындагы № 139 токтомунун редакциясына ылайык)

    1. Юридикалык жакты эркин экономикалык чөлкөмдүн субъекти катары эсептик каттоонун Тартиби (мындан ары - Тартип) "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан жана эркин экономикалык чөлкөмдүн (мындан ары - ЭЭЧ) субъекти макамын алууга ниеттенген юридикалык жактарды эсептик каттоого алуунун жол-жобосун аныктайт.

    2. ЭЭЧнын субъекти макамын алууга ниеттенген юридикалык жак ЭЭЧнын башкы дирекциясына ишкерлик жүргүзүүнүн шарттары тууралуу келишимди (контракт, макулдашуу) түзүүгө төмөнкү маалыматтарды камтыган билдирме берет:

    - болжолдонгон иш жөнүндө;

    - болжолдонгон иш үчүн зарыл болгон жер участоктун аянты жөнүндө;

    - келишим (контракт, макулдашуу) түзүлгөн күндөн баштап жыл ичинде ЭЭЧга капиталдык салымдардын болжолдонгон көлөмү жөнүндө.

    3. Табыштамачы билдирмеге төмөнкүдөй документтерди тиркейт:

    - мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн;

    - салык төлөөчүнүн катталуу формасынын көчүрмөсүн;

    - уюмдаштыруучу документтердин көчүрмөсүн;

    - бизнес-планды.

    ЭЭЧнын башкы дирекциясы ушул Тартиптин 2 жана 3-пункттарында көрсөтүлгөн документтерди тизим боюнча кабыл алат.

    4. ЭЭЧнын башкы дирекциясы ушул Тартиптин 2 жана 3-пункттарында каралган документтерди текшерет жана документтер алынгандан кийин беш жумушчу күндүн ичинде төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат жана табыштамачыга жөнөтөт:

    - ЭЭЧда ишкерликти жүргүзүүнүн шарттары жөнүндө келишим түзүлгөндүгү тууралуу;

    - ЭЭЧда ишкерликти жүргүзүүнүн шарттары жөнүндө келишим түзүүдөн баш тартылгандыгы тууралуу, мында баш тартуунун жүйөөлүү негиздемелери көрсөтүлүүгө тийиш.

    5. ЭЭЧда ишкерликти жүргүзүүнүн шарттары жөнүндө келишим түзүүдөн баш тартууга төмөнкү учурларда жол берилет:

    - ушул Тартиптин 2-3-пункттарында көрсөтүлгөн документтер табыштамачы тарабынан берилбесе;

    - ЭЭЧда ишкерликти жүргүзүүнүн шарттары тууралуу келишим түзүү үчүн берилген билдирмеде көрсөтүлгөн шарттарга жооп бере турган жер участоктун ЭЭЧнын аймагында жок болсо;

    - табыштамачынын болжолдонгон иши ЭЭЧнын аймагында жүргүзүүгө уруксат берилген иштин түрлөрүнө шайкеш келбесе;

    - бизнес-план ЭЭЧда ишкерликти жүргүзүүнүн шарттары тууралуу келишим түзүү үчүн берилген билдирмеде көрсөтүлгөн шарттарга шайкеш келбесе.

    6. ЭЭЧ башкы дирекциясынын ЭЭЧда иштин шарттары жөнүндө келишимди түзүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимине Кыргыз Республикасынын административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарына ылайык административдик (сотко чейинки) тартипте, андан кийин - сот тартибинде даттанылат.

    Юридикалык жактарды электрондук формада мамлекеттик каттоонун
    УБАКТЫЛУУ ТАРТИБИ


    1-глава. Жалпы жоболор

    1. Ушул Юридикалык жактарды электрондук формада мамлекеттик каттоонун убактылуу тартиби (мындан ары - Тартип) Интернет маалымат - коммуникациялык тармагы аркылуу Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында юридикалык жактарды онлайн-каттоо маалыматтык системаны пайдаланып, юридикалык жактарды мамлекеттик каттоонун тартибин аныктайт.

    2. Юридикалык жактарды электрондук формада мамлекеттик каттоо (мындан ары - онлайн-каттоо) юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген жоболорго жана ушул Тартипке ылайык жүргүзүлөт.

    3. Ушул Тартипте төмөнкү түшүнүктөр пайдаланылат:

    юридикалык жактарды онлайн-каттоо маалыматтык системасы - Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында Интернет маалымат - коммуникациялык тармагы аркылуу юридикалык жактарды каттоого байланышкан арызды жана маалыматты кабыл алуу, иштеп чыгуу жана кароо процесстерин автоматташтыруу үчүн арналган маалыматтык система (мындан ары - Маалыматтык система);

    арыз ээси - юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык арыз ээси катары чыгууга укуктуу жак;

    каттоочу - Маалыматтык системаны пайдалануу менен юридикалык жактарды каттоо боюнча арыздарды жана маалыматты Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келгендигин кароого укуктуу юстиция органдарынын кызматкери.

    4. Кыргыз Республикасынын аймагында юридикалык жактарды мамлекеттик каттоону жүргүзүү учурунда электрондук документтерди, документтердин электрондук түрлөрүн, электрондук колтамгаларды түзүүнүн жана пайдалануунун тартиби Кыргыз Республикасынын электрондук башкаруу жана электрондук колтамга чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.

    5. Юридикалык жактарды онлайн-каттоо үчүн арыз ээси:

    1) идентификациялык картага - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортуна (ID-карта) ээ болушу керек;

    2) арыз ээсин жана маалыматка анын атынан кол коюуга укуктуу жакты системада аутентификациялоого мүмкүндүк берген окуучу түзүлүш (смарт-карта) аркылуу Маалыматтык системада автордугун тастыктоосу зарыл.

    6. Юридикалык жактарды каттоо үчүн документтер юстиция органдарына (мындан ары - каттоочу органга) документтин электрондук түрүндө тапшырылат. Документтин электрондук түрү техникалык каражаттардын жардамы менен ушул Тартиптин 5-главасында каралган тартипте түзүлөт.

    2-глава. Юридикалык жактарды онлайн-каттоонун тартиби

    7. Юридикалык жакты онлайн-каттоо үчүн арыз ээси каттоо жөнүндө арыздын электрондук формасын толтурат, арызда арыз ээси жана катталуучу юридикалык жак тууралуу төмөнкү маалыматтар көрсөтүлөт:

    1) арыз ээсинин идентификациялык жеке номери (мындан ары - ИЖН);

    2) арыз ээсинин статусу (уюштуруучу, жетекчи, ишеним каттын негизинде аракет кылган колтамга коюуга укуктуу ишенимдүү жак);

    3) уюмдун түрү (коммерциялык, коммерциялык эмес);

    4) уюштуруу-укуктук формасы;

    5) мамлекеттик жана расмий жана/же англис тилдериндеги толук жана кыскартылган фирмалык аталышы;

    6) менчигинин формасы (мамлекеттик, жеке, муниципалдык, аралаш жана башка);

    7) уставдык капиталынын (пайлык фонддун) өлчөмү, сом менен;

    8) юридикалык жак финансылык-кредиттик уюм экендиги тууралуу маалымат;

    9) жетекчиси жөнүндө маалыматтар (фамилиясы, аты, атасынын аты (болгон учурда), жарандыгы, ИЖН);

    10) уюштуруучулар жөнүндө маалыматтар (уюштуруучу - жеке адамдын фамилиясы, аты, атасынын 


    написать администратору сайта