Главная страница
Навигация по странице:

  • Annotation

  • Аннотация

  • Бетонщик. Ч. айтматовдук ааламдын европа маданиятындагы орду айтматовский в мир в европейском культуре


    Скачать 28.52 Kb.
    НазваниеЧ. айтматовдук ааламдын европа маданиятындагы орду айтматовский в мир в европейском культуре
    АнкорБетонщик
    Дата22.11.2021
    Размер28.52 Kb.
    Формат файлаdocx
    Имя файла-1676501770.docx
    ТипДокументы
    #278579



    УДК:82.282(575.2)2 Ош мамлекеттик университетинин Кыргыз-Европа факультетинине Ев-1-17 тайпасынын студенти: Толкунова Б.

    Илимий жетекчи: А. Парпиева

    Ч. АЙТМАТОВДУК ААЛАМДЫН - ЕВРОПА МАДАНИЯТЫНДАГЫ ОРДУ

    АЙТМАТОВСКИЙ В МИР- В ЕВРОПЕЙСКОМ КУЛЬТУРЕ

    UNIVERSE ROLE OF CH. AITMATOV IN CULTURAL EUROPE

    Annotation: In accordance with the re quirements of the era of globalization, the world`s

    journalist examined the writer`s personality, and the image recording in this article.

    Аннотация: В этой статье рассматривается творческая и общественная деятельность писателя, соответствующая требованиям эпохи глобализации, в некоторых странах Европы.

    Аннотация:Макалада ааламдашуу доорунун глобалдуу талаптарына шайкеш келген

    улуу жазуучунун, Европаданын айрым мамлекеттериндеги чыгармачылыгы, коомдук ишмердиги каралат.

    Ачкыч сөздөр: дүйнөтааным, адам, Испания, котормо.

    Ключевые слова: мироощущение, понимание, человек, Испания, перевод.

    Key words: attitude, understanding, nationwide mind, human, Spain, translation.
    Чыңгыз Айтматов ... Бул ысым аркылуу бүгүнкү күндө кыргыздын улуттук руханий турмушунун тарыхый өнүгүү жолдорунун бардык тармактары тыгыз байланышкан. Бул ысым - жалпы адамзат турмушунун байыркы доордон нечен миң жылдарды артка калтырып, келечекте дагы нечен миң жылдык чексиздиктерге уланчу ташка тамга баскандай жазылып калчу сыймыктуу ысымдардан.

    Биз сыяктуу жаш муундун бактысы дейбизби же бизге коюлган талап деп атайбызбы айтор, ааламдашуу дооруна туура багытта сүңгүп кирүүгө, мезгилдин күрөө тамырын кармай билген жазуучу Ч. Айтматовдун калеминен жаралган чыгармалары менен доорлошпуз. Алардагы мезгилдик, мейкиндик, концентрациаланган социалдык, философиялык мазмундуу, рыноктук мезгилдин социалдык-психологиялык мазмундарды – компас катары сезип туябыз.

    Коомдун тынымсыз өзгөрүп туруусу, алга карай өсүп-өнүгүп отурушу дүйнө эли менен алардын түрдүү тилдеринде алардын аң-сезими, психологиясы, каада-салты, үрп-адаты, жүрүм-туруму ар кандай улут, же эл болбосун адам концепциясына карата жаңыча толуктоолорду талап этери – учурдун талабы. , Дүйнөлүк улуу жазуучубуз – Чыңгыз Төрөкулович Айтматодун бир эле убакта ааламды таң калтырган, же болбосо окурмандардын, анын чыгармаларын окуганга чейинки дүйнөсү жана андан кийинки дүйнөсү – деп бөлүп кароого мажбур кылды. Дээрлик чейрек кылымдан бери муюп окушкан Европа чөлкөмүндөгү – Испания, Италия, Франция, Германия, Бельгия, Шведцария, Голландия, Польша элдеринин адабий процессине алкагына да, аалам жазуучусу тайманбай кирип, аралап, сиңип кетишине - жазуучунун ой-жүгүртүү масштабынын кенендиги менен тереңдиги, ар тараптуулугу менен чексиздиги жергиликтүү майда-барат көйгөйлөрдөн бийик көтөрүлүп, улуттук рамканы талкалап чыгышы ааламдашуу доорундагы пенделерди бир бүтүндүккө айлантып, ажырагыс биримдикте карашы, дүйнөлүк маанидеги социалдык-саясий, философиялык, психологиялык, нравалык, экологиялык көйгөйлөрдү комплекстүү катмары менен көркөм образдарга концентрациялап кое билиши, түбөлүктүү мазмунга жандуу жаңы ой сыйдырып, чечмелей алышы - өбөлгө боло алган.[3. 308-б]

    Акылман жазуучубуздун чыгармаларын окуп, экрандаштырылган кинолорун, телефильмдерин көрүп, алп, ошол эле учурда жөнөкөй жазмакер менен мекендеш, болгонубузга сыймыктануу менен анын чыгармаларындагы али чечилип соңуна жетпеген ар бир каарманынын, географиялык аймактардын, мифологиялык, фантастикалык, лирикалык, нравалык-этиканы изилдөөдө, Чыңгыз Төрөкуловичтин Европа менен өзгөчө тыгыз чыгармачылык, коомдук ишмердүүлүк, котормочулук байланыштарын байкап, анын артынан кызыга изденүүбүздө – Айтматов көрсө биз өңдүү жаш муундарга, Европага чоң адабий эшик ачып кеткенин аңдадык. Анын сыңары билим уясы, кең келечектүү окуу жайыбыз – Ош мамлекеттик университетинин биз сыяктуу, Кыргыз-Европа факультетинин студенттеринин – кеменгер жазуучунун ички, вулкандай атыла тургандай көп жактуулугун баса белгилөө менен өзгөчө Европа чөлкөмүндө, данышман жазмакер катары чыгармаларын, данакер коомдук ишмер катары элчилигин, котормочулук жагын, анын чыгармаларынын Европа элдеринин тилдерине которулушун, кимдер аркылуу которулгандыгын жана европалык улуу жазуучу Габриель Хосе де Маркес менен чыгармачылындагы окшоштугун, алардын жолугушуусун иликтөөгө алууну чечтик.

    Жогоруда белгилеп айткандай, Айтматов бир эмес бир нече элдин жашоосуна адабий бүлүк сала алды. Алардын сүйлөгөн тили, кийими, маданияты, ишеними бизден айырмаланганы менен, адамдык сапаттары, жашоо кызыктары, жан дүйнөсү эки тамчы суудай бизге окшош тура. Сөздүн керемет күчү, орошон ой толгоонун ооматтуу касиети ушул белем, катардагы адамзат пендесинин бир өкүлүнүн жеке мүнөздөгү ой-туюму, көз карашы, элестүү дүйнө таанымы капыстан жалпы адамзаттык маани-маңызга ээ болуп, ага назар бурган адамдын жан дүйнөсүн козгоп, өмүр жана өлүм, кубаныч жана кайгы, адамгерчилик жана кара өзгөйлүк, абийир жана абийирсиздик, бийлик жана ынсап, бакыт жана бактысыздык, ар-намыстуулук жана арсыздык ж.б.у.с. толуп жаткан татаал, түйүндүү, түбөлүктүү, жалпы адамзаттык маселелер туурасында ой жүгүртүүгө мажбурлап, адамдагы адамдык нарк-насилди ойготуп, сезгентип, жаман эмне, жакшы эмне экенин ылгап билүүгө үйрөтөт... Мына ушул озуйпаны кеменгер жазуучу кынтыксыз чечмелей билгендей...

    Совет жылдарында, Ч.Айтматов тууралуу Испанияда басма сөз беттеринен бир катар материалдар тез-тез жарыяланып турган. Барселона шаарынын "Эль корро каталон" газетасы: "Айтматов - Испанияга испандык басманын атайын чакыруусу боюнча келген советтик жазуучу" деп айткан. Мадриддин "Пуебло" газетасы: " Ч.Айтматовдун сырткы кебетесинин катаалдыгы жана олуттуулугу анын курч сезимдүүлүк жана принципиалдуулук байкалып турган, кылдат жана интеллигенттүү жоопторуна анча шайкеш келбей, контраст түзүп турат. Айтматов - революциянын уулу... Аны менен бирге өлкөнүн эчактан бери келаткан туруктуу традициялары менен болгон жандуу байланышы өз чыгармаларында чагылдырылган" – деп баяндайт кабарчылар. Айтматовдун Испанияга жасаган визити жана анын "Ак-кеме" китебинин бул жерде испан тилинде жарык көрүшү – биздин өлкө үчүн маданий мамилелердеги жаңы этап болуп эсептелген. “Ак кеме” повести бийик тоодой, алтын балалыктын кемесиндей кыргызды жана Чыңгызды таанытып, Испанияга не деген адабий терапияны тартуу кылган. [2.;47-б]

    1974-жылдагы Айтматовдун Испанияга жасаган визитинин дагы бир элестүү көрүнүшү, испан элинин аттын кашкасындай белгилүү болгон көрөгөч жазуучулары болгон Лина Костенко, Аугустин Видаль, Хосе Гойтисоло , Хуан Масоливер менен жолугушуусу, Барселонадагы "Планета " басмасынын жана анын кожоюну сеньор Лардын мейманы болгонунда эле. Испанияда жазуучунун чыгармаларын 1967- жылдан тартып чыгара баштаганын, алгач "Саманчынын жолу" повестин Аугустин Видаль которуп, бирок испандык цензура котормочуга үч жолу кайтарып берип, төртүнчү жолкусунда гана уруксат бергени айтылат.[2;48-б] Аугистин Видаль кыргыз болбосо да, улуттардын айырмачылыгына карабай, ага цензура "жок" деп жооп айтса да, кашык каны калганча өжөрлөнө тырышып бийиктикти багынта алыптыр. Бул жол менен ал өзүнүн келечегин гана эмес, жалпы бир элдин келечегин ойлогон чыгар...

    Жазуучунун мындай деп эскергени бар: Испанияда улуу искусствонун каймагы, эң сонун музейлердин өлкөсүндө жүрүп кайталангыс сүрөткер Пикассонун чыгармаларын камтыган Барселонадагы музейин, Мадриддеги Прадонун музейин , Толедодогу Эль-Греконун музей-үйүн көрүп, өзүнүн аталган өлкөдөн алган таасирлерин төмөнкүчө жыйынтыктаган: "Испанияга жасаган саякатым кызыктуу болду. Бир гана кошумчалагым келет: мен улуу Сервантестин өлкөсүндө алгачкы ирет болушум. Испан эли - улуу маданий байлыктарды алып жүрүүчү эл. Анын алдында азыр көптөгөн татаал проблемалар турат, анын бардык үмүтү келечекке багытталган"-дейт жазуучу.[2.;49-б.] Чындыгында жазылган булактарга таянсак Барселонада испан советтик адабиятынын котормочулары жана жазуучулары: Лина Костьелет, Аугустин Видаль, Хосе Гойтисоло, Хуан Масоливер сыяктуу испан адабиятчылары менен жолугушуп, бүткүл аалам процесси көзгө көрүнбөгөн, бирок өтө тыгыз чырмалышарын, маектешүүдө негизги тема – адам личносту жана азыркы дүйнө болгондугун баяндаган. Дүйнөлүк жазуучу дегенибиз - мына ушул жерде далилденип турат. Анын которулуп, жарык көргөн чыгармалары: 1967-жылы Барселонада чыгармалар жыйнагы. Менин кичинекей терегим. Новелла жана романдар” деген ат менен испан тилинде жарык көргөн. Жыйнакка: “Кызыл жоолук жалжалым”, “Ботогөз булак”, ”Бетеме-бет”, “Түнкү сугат”, “Сыпайчы” чыгармалары кирген. Ушул эле жыйнак 1973-жылы испан тилинде Гаванада (Куба) жарык көргөн. Жазуучунун үч повести “Жамийла”, “Гүлсарат”, “Биринчи мугалим” испан тилине которулуп, 287 бет көлөмүндө Москвада жарык көрөт. Аталган чыгармалар испан, италиян тилдерине которулуп окурмандарга тартууланганда, кыргыздын, кылымдар бою өз ичине камтыган турмушунун ар түрдүү жактарын, социалдык турмуш, сүйүү-лирикалык, моралдык-этикалык маселелери, уюткулуу кыргыз журтчулугунун географиялык, медициналык, астрономиялык, философиялык, көрүнүштөрү көз алдыларына элестеп аң-сезимдеринен түнөк табары бышык.

    Кыргыз-Европа факультетинин студенттери Европа элдеринин тилин, маданиятын, адабий чыгармаларын кыргыз тилине которуу маселесин үйрөнүүгө ынтызар болгон сыңары, испан, италия, поляк, француз жана башка тилдерге которулуп, Айтматов өзүн гана эмес кыргыз элин, жерин, тарыхын, жерин таанытпадыбы! Муну биз Испаниядагы, Германиянын бир нече шаарларындагы окурмандардын, изилдөөчүлөрдүн Айтматов менен жолугушуусу, европалыктар үчүн болуп көрбөгөндөй маданий олжо болгон деп билебиз. Маселен, Токио университетинин профессору Йосикадзу Сакомота мындай дейт: “Айтматовдун чыгармачылыгын Габриель Хосе де Маркестин чылагармачылыгы менен салыштырып жүрүшөт. Бирок проблемасынын актуалдуулугу жана аны ачып берүүнүн курчтугу боюнча Айтматовдун чыгармасы өзгөчө орунда турат”.

    [ 3.387-б.]

    Испан жазуучусу Габриель Хосе де Маркес менен Ч.Айтматовдун жер шарынын эки бурчунда бейтааныш болушканы менен чыгармачылыктарында жасалма мүнөздө эмес, мыйзам ченемдүү аябай окшоштуктар кезигери таң калтырбай койбойт. Изилдөөчүлөр эки залкардын доорлош, тагдырлаш болушуп кыргыз жана испан көркөм сөз чеберлери жада калса чыгармаларында тутунган позициялары ар кыл экендигине карабай, айтайын деген уюткулуу ою бир адамзаттын жашоосунун түбөлүктүүлүгүн даңазалоо, кайгы-кубанычтын, өмүр-өлүмдүн баасын терең түшүнүү, адам деген аттын улуулугун сезүү. Экөөнүн чыгармалары тең жөнөкөйдөн татаалга, аңгемеден романга, бир түрдүүдөн миң түркүндүүлүккө жетелейт.

    Эки залкардын Москвадагы адабияттык кездешүүдө жолугушуусу москвалык фотосүрөтчү Вадим Крохин тарабынан тартылып алынганы айтылат, бирок сөздөрү белгисиз эле.[3. 387-б.]

    2009-жылдын 9-февралында “Ачык саясатта” Ч. Айтматовдун С. Марков менен болгон маегинде “Мен өз мезгилиме туш келдим деп ойлойм”деп айтат.[2.583-б] Ал 1989-жылдардын аягында элчилик кызматка, 1990-жылы толугу менен СССРдин Люгсембургдагы элчиси, кийин Кыргызстандын Бельгиядагы элчиси жана НАТОдогу өкүлү катары эмгектенет. Залкар жазуучу ак ниети менен чыгармачылыгын да элчилигин да толук өтөө менен бүтүндөй Европаны кыдырып өзүнүн ишмердүүлүн жигердүү алып барат. Европадагы жолугушууларында төмөнкү ырды мисал келтирип:

    Мына септим үч убак,

    Жылуу жерден конуштап,

    Бул – жетим-жесирге,

    Мунусу – карып-мискинге,

    Бул кочуш ач-арыка,

    Мунусу алыстагыга,

    Булар курт-кумурскага...

    “Силер экология жөнүндө азыр айтып жатасыңар. Биздин түрк дүйносүндө мындан миң жыл мурда айтылган” деп айтса, таң калып суктанышкан.

    Ошону менен Европалык окурмандардын адабиятка кызыгуусу жандуу экенин байкаган. Ал “Европа картаң эмес, ал жаш... акылман да. Ал өзүнүн керемет, мурда болуп көрбөгөндөй тарыхый форматын – Европалыктардын союзун түзүп алды. Биздин СССР ушул формат менен кеткенде – чачырап кетпейт эле ” деп баяндайт.[2. 584-б] Ч.Айтматов коомдук ишмер катары Евросоюз өнөктөтүгүнө адамзаттын тарыхындагы жогорку жетишкендик, элүү беш жылдар аралыгында согуш менен жашап келген Европа тил табышып, өнүгүү жолуна түштү деп баа берет.

    ЮНЕСКОнун Генералдык директору Федерико Майердин катында Айтматовдун “Кассандра тамгасы” романын чех тилине которгон котормочу

    В. Михниге Чехия мамлекеттик сыйлыкты берүү менен Айтматовго 1996-жылдын 29-октябрына романдын презентациясына чакыруу жөнүндө жазылат. Ошондой эле жазуучунун чыгармалары менен өзү дагы адамзаттын тагдырында тынчтык-ырашкерликте жашоого зор салымын кошуп келүүсү, баса белгиленет. ЮНЕКСКОго жазылган маалыматтар боюнча, Айтматов эң көп окурманга ээ заманбап жазуучулардын бири. Айтматовдун чыгармалары 176дан ашуун тилге которулуп, 128ден ашуун өлкөдө, 100дөн ашуун басмада басылган. Кыргызстандын советтик бүтүмдөн тынч жол менен ийгиликтүү эгемендүүлүгүн колуна алып өзүнчө болуусунда коомдук ишмердин ролу салыштыргыс. Мыкты коомдук ишмер катары ал Европада болгондугуна карабай1990-жылдагы өзбек-кыргыз чатагында токтоосуз учуп келип, эки тарапты элдештирүү милдетин ийгиликтүү аркалаган.

    Котормо демекчи, жазуучу зооветеринардык техникумда, Фрунзедеги айыл чарба институтунда окуп, дүйнө таанымын кеңейткен соң, ушул убактарда ал өзүнүн ийгиликтүү чыгармаларын жарата баштоо менен, "Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат " дегендей Айтматов бир эле жазуу менен чектелбей, эл аралык машстабдагы чыгармаларды которо баштаган. 1951-жылдан котормолор, сөздүктөр тууралуу сын макалаларын жазган. Чет элдериндеги жазуучулардын чыгармаларын кыргыз тилине которуп, өз чыгармаларын башка тилге которуп, котормочулар менен эрөөлгө чыккан кездери да болгон. [1.;9-б.] Илимий-интеллектуалдык потенциалы маанилүү испан, француз, немис тилдерине жазуучунун чыгармаларынын которулушу аркылуу биздин эл, кыргыз журту, улуту анын тарыхы дүйнөлүк алакага аралашканы маанилүү жагдай.

    Ак-караны айырмалап таанып, өсүү, калыптануу процессин башынан өткөрүп жаткан ар бир инсан үчүн чыныгы адам болуунун так максатын жана анын сапаттык чен-өлчөм талаптарын аныктап көрсөтүп берүү жеңил эмес. Окурмандарга ар тараптан үлгү болуучу “төрт тарабы төп” адамдын, анын жашоосунун моделин туура аңдай билген үчүн жазуучу, Европабы, Азиябы бүт дүйнөнүн элинин көңүлүн өзүнө тарта алган чыгар.

    Айтматовдун чыгармасында күйөөсү согушта жүрсө башка бирөөнү сүйүп кеткен келиндин, үч улуу жана күйөөсүн согушка жиберип жалгыз келини менен калган эненин, күйөөсү алаамат согуштан качып келгенде аны жакшылап тосуп алып, бирок анын кандай адамдык пастыкка барганын билип душманындай кармап берген келиндин, бири-бирин акыркы деми калгыча сүйүшкөн эки жаштын бир боло албастыгы, адам менен жаратылыштын ортосундагы теңсиздикти, адилетсиздикти , адамдык касиеттин бүгүнкү күндөгү орду, эненин, жердин жүрөгү ж.б толгон көптөгөн оорчундуу темалар козголгон. Байкап көрсөк бул темалар, бул окуялар бир эле кыргыздарга эмес, европалыктардын дагы, бүтүндөй жер чөлкөмүн кучагына алган көйгөйлөр.

    Ч. Айтматов кандай гана темада, жанрда чыгарма жаратпасын анын көз карашы, көксөгөн ою, айтайын дегени тынчтыкта, Жерди сактоо лозунгу, бардык жандуу жансыз заттарды жүрөк менен сезе билүүнү, анын кадырына жетүүнүн, улуулугун жана ажайыптыгын түшүнүүнүн талабы бар. Европадагы, жер шарындагы жана башка тынч эмес жайларды, элдерди мисал кылуу менен Улуу талант эскерет: “Мен болгону үйүңөрдөн учуп бараткан канаттуу кушмун. Мен каркырамын. Караңгы түндө жылдыздарды көздөй учуп баратып өз оюмду ойлой берем. О адамдар! Жерге этият болгула, ийиниңер жеңилдесин! Силерди адамдар кырсыктардан, жалбырттап өчпөй тутанган өрттөрдөн, тыйылбаган кандуу уруштардан, кайрадан оңолуп, ордуна келбеген жаман иштерден сактасын”

    Айтматовдун которулган чыгармаларын окуган чет элдик жарандар кудум эле биз сыяктуу купуя сыры ачылбаган, терең ойлорго батса керек.

    Бул ишибизде Айтматовдун чыгармачылыгын, ишмердигинин Европа менен болгон байланышынын бир четин гана иликтей алдык. А чындыгында Айтматов ааламы менен Европа тууралуу изилдөөлөрүбүз али алдыда.

    Боордош казак элинин акыны – Мухтар Шахановдун, Ч.Айтматов тууралуу айткан сөзү аркылуу жыйынтыкка келүүнү туура көрдүк.

    “Ч. Айтматов болмушу бийик талант менен билимдин синтезинен куралган инсан”...[5.32-б]


    Колдонулган адабияттар:

    1. Айтматов Ч. Томдуктар: 1;6;9;.

    2. Айтматов энциклопедиясы 1-2-3 том Б., 2017.

    3. Акматалиев А. Чыңгыз Айтматов –Б., 2008.

    4. Исаков К. Акматов К. Ч.Айтматовду мектептерде окутуу- Ош., 2008.

    5. Муратов А. Акматов К. Ч.Айтматовду мектептерде окутуу-Б., 2017.

    6. Шоокум журналы № 04(140), чын куран айы, 2018ж.


    написать администратору сайта