Главная страница
Навигация по странице:

  • Драмалык тек, драмалык туундуну мектептик шарттарда талдоо

  • Орто мектептин IX классында Ш.Садыбакасовдун «Ак боз ат

  • Срс. драма. Драманы мектептик шартта талдап здштр


    Скачать 30.28 Kb.
    НазваниеДраманы мектептик шартта талдап здштр
    Дата20.12.2021
    Размер30.28 Kb.
    Формат файлаdocx
    Имя файладрама.docx
    ТипДокументы
    #310260

    КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН

    БИЛИМ БЕРҮҮ МИНИСТРЛИГИ

    Ж. БАЛАСАГЫН АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ УЛУТТУК УНИВЕРСИТЕТИ

    СӨИ




    Тема:Драманы мектептик шартта талдап өздөштүрүү

    Аткарган:Темирбекова Айсулуу

    Текшерген:Оторбаев Болот

    (2021)

    Драмалык тек, драмалык туундуну мектептик шарттарда талдоо-

    нун өзгөчөлүктөрү.

    Улуттук драматургиябыздагы адептик-философиялык маселелерди окуучулардын кабыл алуусунда кыйынчылыктар жок эмес.Окуучулардын драма теги жөнүндө белгилүү бир маалыматы болуп,анын мүнөздүү мыйзамченемдүүлүктөрүн өздөштүрмөйүн бул маселелер чечилбейт. Драманын өзөгүн курч талаш-тартыштуу, сценалык мүнөздөрдүн кагылыштары жана адамзаттын «түбөлүктүү» маселелерин чечүүдөгү дүйнө таанымдар түзөт. Драмалык чыгармаларды талдап өздөштүрүүдө автордун көз карашына өзгөчөлүү көңүл буруу зарыл,анткени окурман (көрүүчү) драма менен таанышып жатып каармандардын кыймылын жана репликаларын автордук комментариясыз тикеден-тике кабыл алат.

    Драмалык чыгармаларды талдоодо мазмун менен форманын биримдигине басым коюу окуучуларга көптөгөн маселелерди түшүнүүгө мүмкүндүк берет. Драмалык чыгарманы мазмун менен форманын бүтүндүгүндө анализдөө сергек окуучуга жалпы эле искусствонун түбөлүктүү мыйзамдарын кеңири өздөштүрүүгө жол ачат. Деги эле мазмун менен форманы бөлүүгө болбой тургандыгын В.Г.Белинский төмөндөгүдөй түшүндүрөт: «Качан форма мазмунду чагылдырса, ал аны менен тыгыз байланышта болот, аны мазмундан бөлүү мазмунду жок кылууну түшүндүрөт, тескерсинче, мазмунду формадан бөлүү - бул форманы жок кылуу».(1)

    Драмалык чыгарманын мазмуну менен формасы диалектикалык бир бүтүндүккө ээ болгондой эле, аны мектепте окутуу, талдоо процесси да комплекстүү жана системалуу болуусун талап кылат. Мында драманын тектик компоненттеринин бардыгын бирдиктүү кароо жолу менен үйрөтүү башкы планга чыгат. Талдоо учурунда драманын идеялык-тематикалык маани-касиети менен бирге, образ-персонаждар системасы,аны башка тектерден айырмалап турган тили, диалог, монолог, реплика өңдүү өзүнө гана мүнөздүү каражаттар боюнча түшүнүк бербей коюуга,ар биринин аныктамасын айтып, маанисин ачпай өтүүгө мүмкүн эмес.Ошондой эле драманын ажарын ачыш турган көркөм касиеттер окуучуга жетиш үчүн ал сапаттар чыгарманын идея-мазмунуна айкашып,каармандардын оң жана терс аракеттери аркылуу «жандуу кыймылдардын» фонунда кеп болгону ылайык.Адабияттын башка тектерин окутууга караганда драманы талдоо көптөгөн адабияттарды - адабият, искусство таануу жана методика илимдериндеги жетишкендиктерди пайдаланууну сунуш кылуу менен бирге чыгармачылыктын болушун талап кылат. Мугалимдин монотондуу дарсы окуучуларды тажатып жибериши мүмкүн, ошондуктан ал өз сабагында окумуштуулардын, улуу адамдардын пикирлерин оптималдуу жетекчиликке алуусу кажет.

    «Сахнада аткаруу жумушуна ылайыкталгандыктан, драма окуучулардан көп күчтүү жана элестетүүчүлүк устаттыкты талап кылат.Автордук айтып берүүлөр (ремаркалар) драманы сахнада аткарууну(артисттердин ойноосу, режиссёрдун, декоратордун иши ж.б.) толук камсыз кыла албагандан кийин, окуучу көрүүчүнүн ордунда болууга аракеттениши керек. . Драманын текстин улам көз алдына элестете отуруп, аны аягына чейин окуганда гана окуучу драмалык сюжеттин,мүнөздүн өзгөчөлүктөрүн түшүнүүгө жетишет».(2) Окуучуларды өз алдынча окуу, үйдөн окуу, кайталап окуу деп бул проблеманы чечүүнү алардын жеке өзүнө калтыруу да туура эмес. Тактап айтканда, окуучулар канчалык көп сыйралап окушпасын, баары бир мугалим айтып бергендей элестетип, түшүнө алышпайт. Ошондуктан мугалимдин чыгарма-нын окуу китебинде сунушталган бөлүгү менен берилбеген бөлүгүн бириктирип турган драматург берейин деген ойду жетекчиликке алган,драманын ичиндеги элестүу көркөм деталдар менен образдуулукта шөкөттөлгөн, окуучулардын дээрлик бардыгы элестетип кабылдай ала турган деңгээлге жеткирүүчү аңгемеси зарыл.

    Ал эми жогорку класстарда драма тууралуу аңгеме сөзсүз проблемалуу суроолор менен коштолгону сабактын ажарын ачат. Бул үчүн өтүлүп жаткан драманын текстинин негизинде проблемалык суроолордун тизмеги даярдалып коюлушу керек. Мыңдай суроолор окуучулардын ар кимисинин өз алдынча түйшөлүүсүнө жана жеке көз карашы менен жооп берүүгө умтулуусуна көмөкчү болот. Ушунда барып гана мугалим ар бир окуучунун жообун кунт коюу менен угат да, анан ошол жоопторго байланыштырып өзүнүн аңгемесин корутундулайт, Аңгеменин мисалдарынын баары тексттен алынышы керек, ал эми жыйынтыктоосу теориялык плаңда чечилгени маанилүү. Драмадагы конфликттерге келгенде мугалим ар бир окуядагы карама-каршылыктарга токтолуп, драманы талдоону өтө майдалап жибергенинде болбойт. Мында мугалим окуучуга өтө керек, же драманын маани-касиетин ачып турган, логикалык жактан ойлонулуп, көркөм бийиктигин сактап кала турган, аны чечмелеп түшүнгөндө окуучунун жан дүйнөсү ойгонуп, эргип, адеп-ахлактык, эстетикалык, руханий-патриоттук тарбия алууга жетишкен кырдаалдарды тандашы маанилүү.

    Орто мектептин IX классында Ш.Садыбакасовдун «Ак боз ат

    драмасын талдап өздөштүрүү.

    Шатман Садыбакасовдун «Ак боз ат» драмасын мектеп шартында талдоо жумуштарын баштардын алдында драма, автордун өзү тууралуу чакан болсо да кириш баяндама айтуу зарылдыгы бар. Ооба, ал жергебизге мыкты жазуучу эле эмес, таланттуу, чебер драматург катары да кеңири белгилүү. Анын сценалык чыгармалары анчалык деле көп эмес: санай келсе, беш манжа толор-толбосу күмөн. Бирок, кеп санда эмес, сапатында го. Таланттуу калемгер өзүнүн бүткүл чыгармачылык өмүрүндө башка бир дагы драмалык көркөм туунду жаратпай, жалгыз ушул «Ак боз ат» пьесасын жазган күндө да улуттук драматургиябызда өз үнү, өзүнүн татыктуу бекем орду бар чебер сүрөткер катары калары айныксыз.

    Ш.Садыбакасов өзүнүн бул «Ак боз ат» аттуу драмасында элибиздин өткөндөгү тарыхына кайрылуу менен, тээ качанкы замандардан бери не бир акылман-билгилерди түйшөлткөн, азыркы биздин күндө да актуалдуулугун жоготпогон бүткүл адамзаттык түбөлүктүү проблемаларды козгойт. Башкасын кой, тирүүлүк менен өлүм, адам баласынын ага болгон мамилеси, буга байланыштуу философиялык ой толгоолор, анан аларга дале жооп таппай тунжуроо туурасында эмнени айтмакчыбыз? Деги мунун жандырмагы барбы же жокпу?… Текстке кайрылалы.

    … Думана таягына өбөктөйт. Азга тымтырстык. Думанага элес

    тартылат.

    КҮҢГҮРӨНГӨН ҮН. Кимсиңер… Силер кимсиңер?

    ДЫЙКАНДЫН ҮHY. Дыйкан элем. Алыш чаап, аштык айдап

    жүргөндө өлтүрүштү.

    УСТАНЫН ҮНҮ. Колумдан көөр төгүлчү. Өзүм соккон кылыч

    менен өзүмдүн башымды алышты. Мен алда качан өлгөм. Кылыч

    алигиче тирүү - жалаңдап баш кесет.

    ҮН. Башың кана? Сен кимсиң?

    Мектепте көркөм чыгарманы талдоонун технологиялары

    ЖООП. Ким экенимди өзүм да билбейм. Башы жок арбакмын.

    Денем бөлөк көмүлгөн. Башым ошол кыргында жоголгон. Башымдан

    ажыраткан кылычка каргыш…

    (Ымыркай баланын ыйлаганы угулат).

    YH. Сен бешигинде таңылган боюнча ачкадан чарчап калдың…

    АЖАЛДЫН ҮHY. Мен Ажалмын. Эй, адам! Сен кайда барсаң,

    мен ошоякта, Мейлиң, эмеле дүйнөнү бүркүп коёсуңбу, кырыласыңбы,…

    баарына макулмун, баарына кайылмын. Кылыч, мылтыкты мен жасаган

    жокмун. Эй, Адамдар, ажалды силер өзүңөргө өзүңөр чакырасыңар.

    Мен четинен санап бирден жаныңарды алчу элем, эми санатым жетпей

    баратат. Эй, күндүн көзү тунарат - кимиңердин каныңар, айдын бети

    карарат - кимиңердин жаныңар?…

    Думанам, унчукпайсың да…

    ҮH. Эмнеге унчугайын, баары чын.

    (Тымтырстык).

    Мында жалаң эле өмүр менен өлүм, анын, ортомчусу катары келчү

    ажал жөнүндө гана эмес, адам баласынын бири-бирине кол көтөргөн

    эссиздиги, ырайымсыздыгы, жырткычтыгы туурасындагы ой толгоо да

    бар. Кейпи, адам баласы айбанаттар дүйнөсүнөн бөлүнүп, өзүнчө турмуш-

    тиричилик күткөндөн бери карай эле ынтымактуу бир үй-бүлө сымал

    тынчтыкта жанаша жашоонун ордуна бири экинчисине өлүм тилеп, бул

    жагыңан шум ажалдын өзүнөн да өтүп, жамандыктан башканы ойлобогон

    кара күчтөрдүн ур токмогу болуп келсе керек. Буга чейинки тарткан

    муң-зарына, кайгы-касиретине адам баласы жеке өзү гана күнөөлүүдөй.

    Деги мындан чыгууга болобу? Же адам баласы ошол бири-бирин

    кырып, бири экинчисинин сары изине чөп салып аңдып турганы менен

    адамбы?… Ырас, андай болғон соң, чын эле анын келечеги жокпу?…

    Заманыбыздын чыгаан жазуучусу Ч.Айтматовдун: «Эгер адам баласы

    тынчтыкта жанаша жашоону үйрөнбөсө, ал өлүп жок болот», - деп зар

    какшаганы да бекеринен эместир…

    Сүрөткер бул чыгармасында драмалык конфликтти бир үй-бүлөнүн

    мисалында ачып берүүгө умтулгандай, андагы негизги идея да мына

    ушуга байланышып келчүдөй туюлганы менен, автордун айтайын деген

    негизги ою башка. Мындагы башкы идея - эл-жерди тышкы

    душмандардан коргоо, карапайым эл арасынан чыккан эр-азаматтардын

    баатырдык иш-аракеттерин даңазалоо. Ошол идеяны өнүктүрүп, өстүрүү

    максатында драматург ырайымсыз баскынчы, калмак ханы Чарындын

    элесин алдыбызга туура тартат. Чарындын бузук ою, ырайымсыздыгы,

    душмандык иш-аракети төмөнкү монологунан айкын көрүнүп турат:

    ЧАРЫН. Кылбаган санатты кылам:

    Чептин алдына чыркыратып туткундарды жыям,

    Кырам…

    Ичи ачышса, Жаныбек ордосунан чыгып келсин,

    Ай өткөрбөй алымымды төлөп,

    Жыл өткөрбөй салымымды төлөп,.

    Ак боз атын…

    Сан дүнүйөнү тартууга берсин!

    Ага көнбөсө,… айдап жүрүп,

    Уулдарын уучум толо алтынга сатам,

    Кыздарын койнум толо күмүшкө сатам.

    Сөөктөрүн шагыратып кумга чачам!…

    Мында Чарын бекеринен Ак боз атты алууга умтулуп жатканы

    жок. Кылыч, найзанын күнү тууган ал жоокерчклик заманда күлүк ат

    көп нерсеге жеткирчү. Жоокердин астындагы атынын тың же

    начардыгына карата уруштун тагдыры чечилчү. Айкөл Манас бабабыз

    Аккуланы алып келгичекти үңкүргө жашынууга аргасыз болуп, ал

    эми айтылуу Курманбек баатыр атасы Тейитбек Телтору атты бербей

    койгонунан улам өксүгөн. Анан Чарындын негизги, башкы максат-

    мүдөөсү күлүк ат деле эмес, элди кызыл кереге кылып чаап, талап-

    тоносом дейт. Анын бул арамза ою Ак боз ат колго тийгенде гана

    толугу менен жүзөгө ашчудай. Негизги душмандык аракети бүткүл

    кыргыз элине каршы багытталганы үчүн, ал караламан калкты кырып-

    жоюу жолуна түшүп отурат.

    Мындагы Жаныбек хан, тилекке каршы, боштондук күрөшкө

    көтөрүлгөн элдин башында турууга жарамсыз. Жаныбек бардык нерсеге

    өзүнүн жекече, тар кызыкчылыгынын алкагынан карайт. Ал үчүн ордосу,

    дүр-дүнүйөсү, жан бирге жубайы Эрке-Айым, теңдешсиз тулпар Ак боз

    аты аман болсо болду - эл мага десе кырылып калсын. Жаныбектин

    андай пас ички дүйнөсү төмөнкү сценадан айкын көрүнүп турат:

    МАЛИКЕ-АЯР. Көптүн көзүнө топурак чачтың, алдаяр?

    ЖАНЫБЕК. Казынаны чачып жиберүү үчүн жыйган жокмун.

    Бул жоргону саяпкер болуп аларга таптап жүргөн жокмун.

    Бүгүн жоргомду талашса… эртең ордомду!

    Бүрсүгүнү…

    Тескегени жок тентек эл.

    Айта бар: казна эмес, тезектин кыгын бербейм.

    Ак боз ат эмес, анын бир тал кылын бербейм!

    МАЛИКЕ-АЯР. Кар да кетет - бел калат,

    Хандар өтөт - эл калат.

    Бийиктин жанында өссө, жапыз өзүн бийик сезет.

    Күлүктүн жанында басса, чобур өзүн күлүк сезет.

    Чамгарактап калган экенсиң.

    Эл керек болсо ханды бир күндө кул кылып,

    Кулду бир күндө хан кылып алат!

    ЗУЛАЙКА (жулунган Жаныбектин жолун тосуп).

    Кылычың курчпу - душманыңа сууру!…

    Журт тагдыры кылыч мизинде турган чакта эл дагы өзүнүн чыныгы

    жетекчилеринен куру эмес. Анын бири - Малике-Аяр. Ал жашы бир

    топко барып, улгайып калганына карабай, акылман сөзү, патриоттук

    жигердүүлүгү менен элди муютуп, боштондук күрөшкө көтөрөт.

    Көпчүлүктүн иши ак, адилеттүү болгону үчүн Жанкозу, Кулан баштаган

    хандын ишенимдүү жигиттери эл тарабына өтүп келишет.

    Эрке-Айым. Мында биз дөөлөткө, байлыкка жеткенде көзү

    тутмандап, көөп, өз атасын думана кылып тентитип жиберген, дале

    ырысын көтөрө албай чыккынчылыкка барган, акыры ошол оор

    жаңылыштыгынын курманы болгон жеңил мүнөз аялдын типтүү образын

    көрөбүз. Эрке-Айымдын ошол көзү тумандап тургандагы элесин автор

    эң бир таамай, таасын тартып берет:

    ЭРКЕ-АЙЫМ. Аний, аныңды айтпа дегем! Мен тил жейм.

    ЖАНЫБЕК. Эркем тил жейт.

    (Бир кыз чуркап чыгат)

    ЭРКЕ-АЙЫМ. Ани-ий, ханым, мен башка бирдеме жейм, Кырк

    кара кой сойдур, шыймылчагын чактырып, чучугуна күрүч бастырып

    бер. Жейм.

    ЖАНЫБЕК. Айымдын айтканындай болсун.

    (Кыздар чуркап чыгышат.)

    ЭРКЕ-АЙЫМ. Ханым… Чарчадым…

    Ким чыныгы дос да, ким чыныгы кас экенин, эмнени жоготуп,

    эмнеден айрылганын Эрке-Айым Чарындын колуна келгенинде анык

    билет. Кеч да болсо кылганына өкүнүп, эми ал буга чейинки бардык

    өмүрүн көз алдынан өткөрөт. Эми ага талаада тентип калган атасы да

    аянычтуу. Чарын ага жакшы мамиле кылганында, Эрке-Айым мурдагыдай

    эле дөөлөтүнө мас болуп, шапар тээп жүрө берет беле, же акыры

    кылганына өкүнөт беле - ким билсин?… Эми ал - мурдагы жеңил баа

    Эрке-Айым эмес, бөлөк Эрке-Айым, күрөш жолундагы Эрке-Айым.

    (Желдет Эрке-Айымды сүйрөп кирет.)

    ЖЕЛДЕТ. Агыткан - ушул.

    ЧАРЫН. Ушу… Ушулбу?!

    ЭРКЕ-АЙЫМ. Ордонун кызыл алтын, ак күмүшүн тепсеген мен,

    Бирөөлөрдүн күнөөсүн, бирөөлөрдүн мүдөөсүн тепсеген мен,

    Мамыдагы атты агытканга жарабайт бекем?

    Ийе, Чарын?!

    Ийиктей башы бар, илээшкен чачы бар дедиң го…

    Ата! Алда арбагыңдан айланайын ай…

    - Ак бозуң элине кетти. Жерине!…

    ЧАРЫН. Шерменде?!

    ЭРКЕ-АЙЫМ. Анымды өзүм да билем!

    ЧАРЫН (Желдетке). Катындын эки бутун эки азоого байлап

    кыйнагыла! Өлтүргүлө!…

    Чарындын жалган убадасына алданып барып, акыры сызга отуруп

    калышы арамза, митаам Ирбисти кандайдыр бир деңгээлде Эрке-

    Айымды кайталаганындай таасир калтырат. Бирок Ирбистин мүнөзүнөн

    анын жекече өзүнө гана тиешелүү бөтөнчөлүктөрүн ачкан, өзүнчө бир

    татаал образ экенин айкын далилдеп турган деталдарды да табууга

    болот. Биринчиден, Ирбис - жеткен куйту, ошол куйтулугунан Эрке-

    Айымды бузганы үчүн Шамурдан бир алса. Чарынга сөйкөндү берип

    ийгениңди Жаныбекке айтам деп Эрке-Айымдан эки алат. Эрке-Айымды

    өлтүрүп берем деп Дилде-Айым менен Айша-Айымдан үч алат,

    экинчиден, акыры Эрке-Айымга окшоп дили тазарып, күрөш жолуна

    түшпөйт. Чыккынчы катары ит өлүмү менен өлөт.

    Ушуңда калмактын ханы Чарындын бир мыкты өзгөчөлүгүн

    белгилей кетүү ылайык болчудай. Ал «чыккынчы - бардык учурда

    чыккынчы, эли-жерин, ак никелүү эрин сатканга эч качан аёо болбош

    керек» деген принципти бекем тутат. Мына ушул себептүү Эрке-Айым

    менен Ирбис Чарындын колуна келгени кутулбас куяга кабылып,

    адилеттүү жазаларын алып отурушат. Тарых мисалына кайрылсак,

    Чыңгыз хан, Аксак Темир, Мүйүздүү Искендер (Александр Македонский)

    баштаган улуу инсандардын баары айрым учурларда чыккынчы

    саткыңдардын кызматынан пайдаланышканы менен, аларды өздөрүнө

    көп жакыңдатпай жектеп, өлтүртүп да коюшчу экен.

    Лайлум атасы Чарындан айырмаланып боорукер, ар бир ишти

    акыл жүгүртүп жасай билет. Кыргыздын акылман карыясы Малике-

    Аяр сыяктуу эле ал да элдердин жоолашуусун, бири-бирине душман

    болуусун жаратпайт. Мына ошон үчүн ал: «Эже,… эже, качыңыз.

    Алдыңызга ат, үстүңүзгө тон даяр», - деп Эрке-Айымды өз жерине

    качып кетүүгө үндөйт. Лайлум бул позициясында акыр аягына дейре

    бекем турат.

    ЛАЙЛУМ. Ниетиңизге кулдук кылабыз.

    Сүрүңүзгө миз бага албай,

    Тизе калтырап турабыз.

    Улууңар бар, кичүүңөр бар, айланайындар.

    Мен - энемин,

    Энелердин атынан… балдардын атынан…

    Эпке келүүгө чакырам.

    (Жарактарын ташташат. )

    МАЛИКЕ-АЯР (Лайлумдутургузуп).

    Эрдин өчү сенде эмес, кызым.

    Элдин өчү элде эмес, кызым.

    Малике-Аярдын жогорку эки ооз сөзү драманын башкы

    лейтмотивин түзүп турат. Демек, мындагы автордун негизги айтайын

    дегени - кыргыз элинин чет жерлик баскынчыларга каршы боштондук

    күрөшү эле эмес, үрп-адат, каада-жөрөлгөлөрү, салт-санаасы, тили,

    дили ар башка калктардын ынтымакта жанаша жашашы, боордоштук,

    гумандуулук.

    Ш.Садыбакасовдун «Ак боз ат» драмасы өзүнүн гуманисттик

    идеялары, бүткүл адамзаттык көйгөйлөрдү козгой алганы менен баалуу.

    Драмалык чыгарма катары ички динамикасы да кыйла ишенимдүү,

    бекем иштелген. Пьеса бүгүнкү күнгө карата мезгил сынагынан татыктуу

    өтүп, сценада өмүрү узак болчу мыкты көркөм туундулардын бири

    катары өз баасын алды.

    Талдоо материалы үлгү катары келтирилди. Класстагы окуучулар

    драмаларды өз алдыларынча талдай билүүгө жетишүүлөрү керек. Мында

    жалаң эле окуу программасы сунуш кылган драманын текстин, сынчы-

    адабиятчылардын драма тууралуу айткан-жазгандарын өздөштүрүү

    менен гана чектелбестен, анын сценадан коюлушун көрүү жана театрда

    ойнолуш үлгүсүнө баа берип, драмага адабий талдоону спектаклден

    алынган таасирлер менен жуурулуштуруу керек. Драманы талдоо ишин

    так мына ушундайча алып барганда гана андагы нукура эстетикалык

    баалуулук, тереңдик ар тараптуу, толук түрүндө ачылмакчы.

    Колдонулган адабияттар:

    1. Абдыразаков А. Азыркы кыргыз драматургиясы. Окуу куралы. - Бишкек:

    1994.

    2. Абрамович Г.Л. Введение в литературоведение. - М.: Просвещение,

    1970.

    б

    д

    3. Артыкбаев К. ХX кылымдагы кыргыз адабиятынын тарыхы. - Б.:

    «ТАС» ЖЧК, 2004. - 656 б.

    4. Байгазиев С. Драматургия. Китепте: кыргыз совет адабиятынын тарыхы,

    І том. - Ф.: Илим, 1987.

    5. Иманалиев К. Кыргыз адабиятын окутуунун методикасы. - Ф.: Мектеп,

    1976.

    6. Муратов А. Кыргыз адабиятын окутуу: теориясы жана практикасы. -

    Б.: Турар, 2013. - 554 б.

    7. Пазылов А. Садыбакасовдун «Ак боз ат» // Кыргызстан маданияты.

    1989. 15.06. № 2.

    8. Садыбакасов Ш. Ак боз ат (драмалар, интермедиялар). - Ф., 1989.

    9. Садыков А. Адабият теориясы. - Б.: Бийиктик, 2002.

    10. Станиславский К.С. Чыгармаларынын 8 томдугу. Т. 6. - М.: Искусство,

    1959.

    11. Усубалиев Б. Мени адамдыгымдан ажыратпагыла. - Азыркы кыргыз

    адабиятындагы оң каарман маселеси. Эрке-Айым («Ак боз ат»

    Ш.Садыбакасов) // Кыргызстан маданияты. № 52. 1982- жыл. 29-

    декабрь.

    12. Уэллек Р., Уоррен О. Теория литературы. - М.: Прогресс, 1978. - 326 с.


    написать администратору сайта