Главная страница
Навигация по странице:

  • Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары

  • Кыргызская академия образования

  • ОБ ИСПОЛЬЗОВАНИИ ИНФОРМАЦИОННЫХ ТЕХНОЛОГИЙ НА УРОКАХ МУЗЫКИ Duyshenaliev Jumabek Saparalievich

  • Түйүндүү сөздөр

  • Ключевые слова

  • Изилдөөнүн методдору.

  • Ибирайым к. А. , Акматов Д.А., Дуйшеналиев Ж.С.

  • Дуйшоналиев Ж.С. 86%.. Дуйшеналиев Жумабек Сапаралиевич, музыка таануучу, ага илимий кызматкер


    Скачать 90.5 Kb.
    НазваниеДуйшеналиев Жумабек Сапаралиевич, музыка таануучу, ага илимий кызматкер
    Дата28.06.2022
    Размер90.5 Kb.
    Формат файлаdoc
    Имя файлаДуйшоналиев Ж.С. 86%..doc
    ТипДокументы
    #618554

    Дуйшеналиев Жумабек Сапаралиевич,

    музыка таануучу, ага илимий кызматкер,

    Кыргыз билим берүү академиясы,

    Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,

    e-mail: jumabek.djs@mail.ru
    МУЗЫКА САБАКТАРЫНДА МААЛЫМАТТЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАРДЫ

    ПАЙДАЛАНУУ ЖӨНҮНДӨ
    Дуйшеналиев Жумабек Сапаралиевич,

    музыковед, старший научный сотрудник,

    Кыргызская академия образования,

    Кыргызская Республика, город Бишкек,

    e-mail: jumabek.djs@mail.ru
    ОБ ИСПОЛЬЗОВАНИИ ИНФОРМАЦИОННЫХ ТЕХНОЛОГИЙ

    НА УРОКАХ МУЗЫКИ
    Duyshenaliev Jumabek Saparalievich,

    Musicologist, Senior Researcher,

    Kyrgyz Academy of Education,

    Kyrgyz Republic, Bishkek city,

    e-mail: jumabek.djs@mail.ru
    ON THE USE OF INFORMATION TECHNOLOGIES IN

    MUSIC LESSONS

    Аннотация: Бул макала музыка сабактарында компьютердик технологияларды пайдаланууну изилдөөгө багытталган. Макалада окуучулардын изилдөөчүлүк жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө өбөлгө түзгөн мугалимдин жаңы маалымат технологиялары менен иштөөсүнүн негизги этаптары берилген. Компьютердик технологияларды колдонуу сабакты чыңдап жемиштүү кылууга, окуу процессин кызыктуу өткөрүүгө мүмкүндүк берет. Ошондой эле окууга дифференцияланган мамилени ишке ашырат, объективдүү өз убагында мониторинг жүргүзүүгө жана жыйынтыктоого мүмкүндүк берет.
    Аннотация: Данная статья посвящена исследованию использования компьютерных технологий на уроках музыки. В статье содержатся основные этапы работы педагога с новыми информационными технологиями, которые способствуют развитию исследовательских навыков учащихся. Применение компьютерных технологий позволяет сделать урок по настоящему продуктивным, а процесс учебы интересным. А также осуществляет дифференцированный подход к обучению, позволяет объективно и своевременно проводить контроль и подводить итоги. Annotation: This article is devoted to the study of the use of computer technology in music lessons. The article contains the main stages of the teacher's work with new information technologies that contribute to the development of students' research skills. The use of computer technology allows you to make the lesson productive, and the learning process is interesting. Also implements a differentiated approach to training, allows for objective and timely monitoring and summarizing.
    Түйүндүү сөздөр:музыка сабактары, компьютердик технология, стилдер, композиция, дифференцияланган мамиле, маалыматтык технология, мониторинг.

    Ключевые слова: уроки музыки, компьютерные технологии, стили, композиция, дифференцированный подход, информационные технологии, мониторинг.

    Keywords:music lessons, computer technology, styles, composition, differentiated approach, information technology, monitoring.

    Киришүү. Азыркы заманбап ааламдашуу мезгилде, техникалык-технологиялык прогресс абдан жигердүү өнүгүп жаткан учур. Күн сайын көбүрөөк жаңы технологиялар пайда болууда. Дээрлик ар бир заманбап адамдын үйүндө компьютери, уюлдук телефону бар, өзү болсо фото жана видео камераларды башкарууну билет. Кыргызстандагы көпчүлүк мектептер мультимедиялык каражаттар же компьютер класстары менен камсыздалган. Бардык компьютердик технологиялардын болушу жана көп түрдүүлүгү компьютерди окуучулардын да, мугалимдердин да чыгармачылык жана өз алдынча билим алуусу үчүн ачык окуу жана өнүктүрүү чөйрөсү катары кароого мүмкүндүк берет. Бирок, компьютерди керектүү графикалык иллюстрациялар менен сабактын темасын жана тезистерин жазуу үчүн электрондук такта катары гана эмес, интерактивдүү билим берүү ишмердүүлүгүнүн куралы катары колдонулушу керек экени белгилүү. Бүгүнкү күндүн музыка мугалими музыкалык-компьютердик технологияларды (мындан ары - МКТ) гана билбестен, аларды өз ишинде туура колдоно билген кесипкөй адис болууга тийиш. Заманбап изилдөөлөр көрсөткөндөй музыка мугалимдери азыркы учурда аларды ишке ашыруунун объективдүү зарылчылыгына карабастан, өз ишинде МКТнын кеңири спектрин колдонбой жатканын айтууга болот.

    Изилдөөнүн максаты. Музыка сабактарында маалыматтык технологияларды пайдалануу жөнүндө музыкалык компьютердик программаларга талдоо жүргүзүү жана маалымат берүү.

    Изилдөөнүн методдору. Музыка сабактарында маалыматтык технологияларды колдонуу боюнча адабияттарды, булактарды жана компьютердик программаларды талдоо.

    Негизги мазмуну. Жаңы маалыматтык технологиялар, мультимедиялык каражаттар менен кызыктуу процесске айлантып, окуучулардын изилдөө жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт. Заманбап техникалык каражаттарды жана жаңы маалыматтык технологияларды колдонуу менен сабактарды өткөрүү технологиясы эс-тутумду, байкоону, интеллектти машыктырат жана активдештирет. Демек, окуучулардын көңүлүн топтойт, сунушталган маалыматка башкача баа берүүгө мажбурлайт. Музыка сабагында класстагы компьютерлер окуучуларга музыкалык билим берүүдө долбоорлоо технологиясынын «...эффективдүүлүгү, окуучулардын музыкалык ...чыгармачылыгы жактан өнүгүүсү, музыкалык-долбоордук технологиянын башка технологиялардан айырмасы, аны уюштуруунун формасы, шарттары жөнүндө...» [1, 39-б.] маалыматтар менен камсыздайт.

    Бул окуучулардын окууга көбүрөөк шыктануусуна шарт түзөт. Компьютердик технологияны колдонуу сабакты чындап жемиштүү, окуу процессин кызыктуу өткөрүүгө, окууга дифференцияланган мамилени ишке ашырууга, объективдүү өз убагында мониторинг жүргүзүүгө жана жыйынтыктоого мүмкүндүк берет.

    Коомдун, илимдин жана техниканын өнүгүшү жалпы билим берүү уюмдарында музыкалык билим, тарбия берүү системасын жаңы окуу куралдарын колдонуу зарылдыгынын алдына коюп жатат. Бул окуу куралдары музыкалык маалыматтык технологияларды камтыйт. «...Ар кандай музыкалык-педагогикалык технологиялардын ичинен төмөнкүлөрдү белгилей кетүү керек: а) кызматташууга окутуу; б) оюн ишмердүүлүгү; в) көп баскычтуу окутуу; г) долбоордук окутуу...» [2, 118-б.]

    Маалыматтык технологияларга программаланган окутуу, интеллектуалдык окутуу, эксперттик системалар, гипертекст жана мультимедиа, микродүйнөлөр, имитациялык окутуу, демонстрациялар кирет. Бул жеке ыкмалар окуунун максаттарына жана окуу кырдаалына жараша колдонулушу керек болот. «...Биринчиден, кээ бир учурларда окуучунун керектөөлөрүн жакшыраак түшүнүү зарыл болсо, экинчиден, предметтик чөйрөдөгү билимди талдоо маанилүү болот; үчүнчүдөн, окутуунун психологиялык принциптерин эске алуу негизги ролду ойнойт...» [3, 79-б.].

    Музыка предмети боюнча окуучуларга арналган жалпы билим берүүчү программалар, алар музыкалык чыгармалардан үзүндүлөрдү жана анимацияны колдонуу менен композиторлордун чыгармачылыгы менен кызыктуу түрдө таанышууга, ошондой эле викториналардын жардамы менен окуучуларга музыкалык чыгармалар боюнча билим деңгээлине көз салууга мүмкүндүк берет. «Музыканы түшүнүүгө үйрөнүү», «Музыкалык класс» сыяктуу практикалык курстарда көптөгөн оюндардын жардамы менен окуучулар музыкалык программада каралган билимдерди алышат. «Музыканын теориясы» боюнча темаларда окуучуларга музыкалык сабаттуулуктун негизги терминдерин – нота, тон, аралык (интервал), обон (мелодия), гармония, ыргак жана башка көптөгөн нерселерди үйрөнүүгө жана түшүнүүгө жардам берет.

    Ал эми «Музыкалык диктант» колдонмосу окуучулардын музыканы угуу жөндөмдүүлүктөрүн жана музыкалык эс тутумун текшерүүгө өбөлгө болот. Мектепте «...музыкалык-эстетикалык тарбиялоонун эң маанилүү милдети – окуучулардын чыгармачылыгын өркүндөтүү. Анткени, чыгармачыл демилге бар жерде ар дайым убакытты жана күчтү үнөмдөө болот, ошол эле учурда натыйжа дагы жогорулайт...» [4, 79-б.]. Мисалы, окуучулар «Музыкалык аспаптардын тарыхы» колдонмосун пайдалануу менен кандай музыкалык аспаптар бар экенин гана билишпестен, ал аспаптардын үндөрүн угууга да жардам алышат. «Computerdik piano» жана «Forte» тиркемелери ар кандай аспаптардын (арфа, кларнет, труба, керней, сурнай, барабан, гитара, пианино, синтезатор, коңгуроо, урма аспаптар ж.б.) жардамы менен компьютердин клавиатурасында каалаган обонду ойноого мүмкүндүк алышат.

    «Cyber ​​​​Synthesizer» (Кибер Синтезатор) жардамы менен мугалим «Rock» (Рок), «Rock and Roll» (Рок-н-ролл), «Country» (Кантри) стилинде окуучулар өздөрүнүн композицияларын түзө алышат; «Музыкалык аспаптардын тарыхы» жана «Электрондук фортепиано» бөлүмдөрү бири-бирин толуктап турат. «...Биринчи бөлүмдө окуучулар музыкалык аспаптардын топтору, жаралуу тарыхы, түрлөрү тууралуу маалымат алышса, экинчи бөлүмдө сунушталган 10 аспаптын каалаганында чыгарма аткарыша алышат...» [5, 64-б.]. Демек, бул айкалыштыруулар мыкты натыйжаларды берери анык, анткени балдар аспаптарды теориялык жактан гана үйрөнбөстөн, виртуалдык түрдө ойноого мүмкүнчүлүктөрү болушат.

    «...Музыка сабагында окуучулардын чыгармачылыгын активдештирүү боюнча окуучуларды изденүүчүлүк аркылуу окууга кызыктыруу, жекече кызыгууларына талдоо жүргүзүү, кызыктуу болгон темада билдирүүлөрдү даярдоо, уккан музыкалык чыгармасы жөнүндө ...музыкалык чыгармаларды өз алдынча же мугалим...» [6, 95-б.] менен талдоо үчүн «Жайлоодо» (К. Молдобасанов), «Тюльпандар вальсы» (М. Бегалиев), «Көргөзмөдөгү сүрөттөр» (М.П. Мусоргский), «Щелкунчик», «Жыл мезгилдери» (П.И. Чайковский), «Жаныбарлар карнавалы» (К.Сен-Санс) сыяктуу тематикалык окуу программаларын колдонууга сунуштасак болот.

    Себеби, бул программалар музыкалык чыгарманын мазмуну менен музыкалык өзгөчөлүктөрү жөнүндө баяндап берет. Мында, анимациянын жана 3D графиканын жардамы менен кызыктуу формада дүйнөлүк көрүнүктүү композиторлордун айрым чыгармаларынын көркөм образдары менен окуучуларды тааныштырат.
    Окуучулардын абдан жакшы көргөн билим берүүчү оюндарына «Tic-tac-toe» кирет. «Tic-tac-toe» аталыштагы музыкалык оюндарында окуучулар отуруп иштөө үчүн музыка сабагынын бардык темалары боюнча даярдана алышат. «Tic-tac-toe» оюну эң кунт коюп угуучу окуучуларга музыкалык аспаптарды, ноталарды, тыныгууларды туура табуу менен компьютерди жеңип алууга мүмкүндүк берет. «...«Musical cubeter» оюну – мында аспаптарды, ноталардын созулуштарын, ансамблдерди, ноталарды аныкташат жана кубиктердин жардамы менен музыкалык диктант жасашат. «Musical cubeter» оюну обон жыйнап алууга да мүмкүндүк берет. «Guess the melody» (Обонду тап) оюну – музыкалык эс тутумду өнүктүрүүгө, музыкалык чыгармаларды жаттап ала турганга, обонду чогултууга мүмкүндүк...» [7, 100-б.] бере турган программа десек болот.

    Энциклопедиялар – компьютердик компакт-дисктердеги жана DVD-дисктердеги маалымдама материал бардык курактагы балдарга арналган: ал керектүү жана пайдалуу маалыматты тез табууга, темалар, композиторлор, жанрлар, искусствонун тенденциялары боюнча түзүлгөн музыкалык фрагменттерди угууга; видео же анимация фрагменттерин көрүүгө; ар түрдүү темадагы фото архив менен таанышууга; ар кандай сөздүктөр менен иштөө мүмкүндүк берет. Мультимедиялык энциклопедиялардын жардамы менен сапаттуу жана кызыктуу презентация гана даярдабастан, класста же үйдө өз алдынча иштөөгө да болот.

    Интернет булактарына көбүнчө сабакка кызыгышпаган окуучулар да компьютерде иштөөдө боштондукка чыгышат. Тартынчаак окуучулар интернет менен оңой эле баарлашып кетишет. Мындай учурда алардын өзүн-өзү сыйлоосу жана теңтуштарынын арасындагы статусу жогорулайт. Практика көрсөткөндөй, окуучулар компьютердик программаларды шыктануу менен өздөштүрүшөт. IT технолониясынын жагымдуулугу – аларды натыйжалуу өздөштүрүү үчүн окуучулардан көп жылдык кошумча окуу талап кылынбагандыгында десек болот.

    Интернет биздин маалыматтык мүмкүнчүлүктөрүбүздү гана кеңейтпестен, көп кырдуу бүткүл дүйнөнү маалыматтын объективдүүлүгүнө көзөмөлү жок редакцияланган виртуалдык дүйнөгө чейин кыскартат.

    Интернет булактары музыка сабагы үчүн керектүү, маанилүү искусство багытындагы маалыматтарды издөөгө зор мүмкүнчүлүктөрдү берет. «...Интернеттин маалымат булактары «Музыка» предметинде абдан кеңири колдонулат – бул библиографиялык маалымат, аудио, видео фонддор. Интернет – бул заманбап балдар жашаган дүйнө десек да болот. Компьютер менен баарлашууну үйрөнүү жана керектүү маалыматты алуу – окуучуларда укмуштуудай мотивацияны жаратат...» [6, 98-б.].

    Музыкалык энциклопедиялар музыка сабагын өткөрүүгө чоң жардам берет. Абдан кызыктуу «Балдар музыкалык энциклопедиясында» дээрлик бардык заманбап топтор жана аткаруучулар, музыкалык альбомдор жөнүндө маалыматтар камтылган. Анда белгилүү бир топтун өнүгүү тарыхына көз салып, чет өлкөлөрдө рок, джаз, поп-музыканын өнүгүүсү тууралуу билишет, жана музыкалык үн жазылган чыгармаларды уга алышат же видеоклип көрүүгө болот. Билимдерин текшерүү үчүн окуучулар «Викторина» бөлүмүнө өтсө болот. Анда ар кандай суроолор жана музыкалык фрагменттер сунушталат. «Музыканын шедеврлери» – классикалык музыкага жана анын өнүгүү тарыхына кызыккан ар бир адам үчүн уникалдуу мультимедиялык материал. «Рок, джаз жана эстрада энциклопедиясы», «Композиторлордун өмүрү жана чыгармачылыгы» аттуу программаларды билимди толуктоо жана керектүү маалыматты табуу үчүн интернеттен дисктерден сатып алса болот.

    Заманбап маалыматтык технологиялар медиатеканы түзүүнү талап кылууда. «...Окуу процессин индивидуалдаштырууга жана принципиалдуу таанып-билүү каражаттарына кайрылууга мүмкүндүк берген компьютердин өзгөчө касиеттерин ...» [7, 544-б.] колдонууда «Музыка» предмети боюнча окуу материалдардын көптөгөн көлөмү – бул, фонохрестоматиялар, классикалык кыргыз жана чет элдик музыкалык чыгармалар; опералардан, балеттерден, видео үзүндүлөр; сүрөтчүлөрдүн репродукцияларынын жыйнактары мунун баары ар бир сабактын ажырагыс бөлүгү болот.

    Karaoke - бул биздин мезгилдин заманбап маалымат технологиясы. Музыка сабагында Karaoke – ырлардын фонограммаларынын ар түрдүүлүгүнүн аркасында сабакка болгон кызыгууну жогорулатууга гана эмес (мында эреже катары, музыкалык аспаптардын көп сандагы үндөрү колдонулат) ага мүмкүнчүлүк берген каражаттардын бири болуп саналат. Ошондой эле окуучулардын репертуарын кеӊейтип, аткарылып жаткан ырлардын сапатына баа берүү үчүн окуучуларда мүмкүнчүлүктөр болот.

    Окуучулардын жаш өзгөчөлүгүн, алардын берилген материалды кабыл алууга даярдыгын жана компьютерди өздөштүрүү деңгээлин эске алуу менен окуу программаларын тандап алуу менен бардык башталгыч жана орто класстарда музыка сабагында компьютердик программаларды эффективдүү колдонууга боло тургандыгын практика көрсөттү.

    Вокалдык чыгарманын «минусовка» функциясын (негизги обону жок фонограмма) колдонуу менен музыка мугалими окуучулардын хор жамааты менен иштөөгө көңүл бура алат. Анткени окуучу «...компьютердик программалардын, оюндардын, оюн суроо-жооптордун, мультимедиялык материалдардын жана кроссворддордун... » [8, 88-б.] пайда болушу, ноталарды натыйжалуу үйрөнүүгө жана музыканын теориясынан элементардык билим алууга мүмкүндүк берет. Мында, мультимедиялык проектор же интерактивдүү такта орнотуу зарылчылыгы келип чыгат. Белгилей кетсек, биз сунуш кылып жаткан чечимдер Ж.С. Дуйшеналиевдин жетекчилиги алдында түзүлгөн жалпы билим берүүчү уюмдар үчүн «Музыка» предметинин программасына кошумча кызмат кыла алат десек болот [4].

    Корутунду. Жыйынтыгында, музыка сабагында маалыматтык технологияларды колдонуу аркылуу окуучулардын чыгармачылык менен иштөөсү окуу процессине болгон компьютердик технологияларды киргизүү менен эле чектелбейт. Музыка мугалими, илимий-техникалык процесстин «алдынкы сабында» болуу менен мугалимдин өзү жаңы окуу куралдарынын арсеналынын иштеп чыгуучусу жана сыноочусу болуп, конкреттүү бир сабак үчүн эскиздик иллюстрациялардан баштап программалык продуктуну чыгарууга жана жаңысын иштеп чыгууга, автордук усулдугун түзүүгө чейинки мүмкүнчүлүктөрүнө ээ. Демек, музыка сабагында маалыматтык технологияларды колдонууда окуучулардын музыкалык билим алуусуна болгон кызыгуулары көбүрөөк болот. Ошондой эле, мектеп шартында окуучулардын ар түрдүү маалыматтык технологияларды колдонуусу жана музыкалык компьютердик программаларга болгон чыгармачылык иш-аракети өз жемишин берип, музыкалык билим алуусунун натыйжаларына оң таасирин тийгизет.

    Адабияттар:


    1. Ибирайым к. А., Акматов Д.А., Дуйшеналиев Ж.С. Музыка жана көркөм өнөр мугалимдери үчүн долбоорлоо технологиясынын эффективдүүлүгү жөнүндө // Кыргыз билим берүү академиясынын Кабарлары, 2021. – № 2 (54). – 38-43-бб.

    2. Информационные технологии в учебном процессе: нормативное обеспечение [Текст]: Рекомедации из опыта работы / Сост. О.Н. Черненко. Волгоград: Учитель, 2007. – 136 с.

    3. Анализ музыкальных компьютерных обучающих программ, применяемых в настоящее время. Сетевые и Интернет-технологии, 2004 и 2005 г., ВО-ИПКиПРО.

    4. Дуйшеналиев Ж.С. Музыка сабагында окуучулардын чыгармачылыгын активдештирүү жөнүндө // Кыргыз билим берүү академиясынын Кабарлары. 2021. – № 1(53). - 95-98-бб.

    5. Интернет-ресурсы для учащихся по предмету музыка.

    Infourok.ru›internetresursi-dlya-uchaschihsya-po… – С. 230.

    1. Всероссийский Интернет-фестиваль педагогических идей «Открытый урок», издательский дом «Первое сентября». ЭЛ № ФС77-69741 от 5 мая 2017 года. – М:, – С. 100.

    2. Горбунова Л.И., Субботина Е.А. Использование информационных технологий в процессе обучения / Л. И. Горбунова, Е. А. Субботина. – Текст: // Молодой ученый. – 2013. – № 4(51). – С. 544-547.

    3. Юланова Д.М. Использование музыкально-компьютерных технологий на уроках музыки в общеобразовательной школе // Известия РГПУ им. А.И. Герцена. 2009. – № 98. – С. 88.





    написать администратору сайта