Баарлашуу психологиясы. Баарлашуу психологиясы - 3. Тема Баарлашууда адамдардын биринбири кабылдоосу (баарлашуунун перцептивдик жагы) План
Скачать 34.22 Kb.
|
Тема 3. Баарлашууда адамдардын бирин-бири кабылдоосу (баарлашуунун перцептивдик жагы) План: Социалдык перцепция түшүнүгү Инсандардын бири-бирин кабылдоосунун механизмдери жана эффектилери Инсандар ортосундагы аттракция Социалдык перцепция түшүнүгү Баарлашып жаткан адамдар бири- бирин түшүнүүсү мүмкүн;. максаттарын, жүйөөөлөрүн, установкаларын түшүнүү же түшүнбөй калуу менен гана чектелип калбай, анын баарын өзүнө алууга макул болуу аркылуу ошол максаттарга, жүйөөөлөргө, установкаларга ортоктош болууга жетишет. Бирок ушул экөөндө тең баарлашуунун өнөктөшү кандайча кабылдап жаткандыгы чоң мааниге ээ. Башкача айтканда, бир адамды экинчи адамдын кабылдоосу баарлашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана шарттуу түрдө баарлашунун перцептивдик жагы деп аталат. Баарлашуунун ушул жагын чечмелөөдөн мурда колдонулул жаткан терминдерди тактап алуубуз зарыл. Бир адамдын экинчи адамды кабылдоосу көп учурда«социалдык перцепция» деп аталат. Бул терминдин ушул маанисинде колдонулушунда так эместиктер бар. Бул термин 1947-жылы Дж. Брунер тарабынан кабыл алууга карата «жаңы көз карашты» изилдеп жаткан учурда киргизилген. Алгач социалдык перцепция - дегенде таанып билүү процесстеринин социалдык детерминацияланышы түшүнүлгөн. Кийинчерек изилдөөчүлөр, айрыкча социалдык психологияда бултүшүнүккө башкача маани беришип, социалдык перцепция дегенде социалдык объектилерди (адамдар, социалдыктайпалар, социалдык жалпылыктар) кабыл алyy процесси түшүнүлгөн. Ушул маанисинде бул термин социалдык-психологиялык адабияттарда колдонулуп келүүдө. Ошондон бир адамды экинчи адамдын кабылдоосу социалдык перцепцияга кирет, бирок бул түшүнүк ушул мааниси менен чектелип калбайт деп түшүнүлөт. Социалдык объектилерди кабылдоо көптөгөн өзгөчө касиеттерге ээ. Ошондуктан «кабыл алуу» деген сөздү колдонуу так эмес болуп калат. Ушундай ой-пикирлерден улам адамдарды кабыл алууну - перцепция терминин кыргыз тилинде «кабылдоо» деген термин менен берилип жатат. Перцепция – баарлашуу процессинде адамдардын бири-бирин кабылдоосунун, жакындан таанып билуусунун ишке ашуусу жана адам жонундогу тушунуктордун, образдын жаралышы, такталышы, озгорушу, толукталышы. Инсандардын бири-бирин кабылдоосунун механизмдери жана эффектилери Адам баарлашууда дайыма инсан катары өзүн көрсөткөндүктөн, башка адамдар тарабынан да инсан катары кабыл алынат. Адамдын жүрүм-турумун сырттан карап туруп, ал адамды «окуйбуз», анын тышкы белгилеринин маанисин чечмелейбиз. Мына ушунда пайда болгон адамдын образ - элеси баарлашуу процессин жөнгө салууда чоң мааниге ээ. Биринчиден, башка адамды таанып-билип жатып, таанып-билип жаткан адам өзү дагы калыптанат. Экинчиден, башка адамды так «окуй алгандыгына» жараша биргелешкен аракеттерди ийгиликтүү уюштуруу ишке ашат. Башка адамдын образ - элесин түзүү адамдын өзүн-өзү аңдап билүүсүнүн өнүгүү деңгээлине жараша болот. Бул байланыш эки жактуу болуп саналат. Бир жагынан өзүнүн образ-элеси бай (көп касиеттер менен мүнөздөлсө) болсо, башка адамдын образ-элеси да бай болот. Экинчи жагынан башка адам канчалык толук чечмеленип ачылса (көп жана терең сапаттары менен мүнөздөлсө), ошончолук өзү жөнүндөгү түшүнүгү да кеңири жана терең болот. Адам башка адам менен өзүн салыштырууга, окшоштурууга биргелешкен чечимдерди жасоо аркылуу жетишет. Башка адамды таанып- билүүдө бир эле учурда бир нече процесстер - башка адамга эмоционалдык баа берүү, анын жүрүм-турумунун куралышын түшүнүүгө аракеттенүү жана ошолордун негизинде анын жүрүм- турумун өзгөртүүнүн стратегиясын аныктоого жана өзүнүн жүрүм- турумунун стратегиясын түзүүгө жетишүүгө аракеттенүү кошо жүрөт.Мына ушул процесстерге жок дегенде эки адам катышат жана алардын ар бири активдүү субъект болуп саналат. Ошондуктан өзүн башкага салыштырып окшоштуруу эки жактан тең жүрөт: өнөктөштөрдүн ар бири бири-бирине өздөрүн окшоштурушат. Ɵз ара аракеттенүүнүн стратегиясын түзүүдө алардын ар бири башка бирөөнүн муктаждыктарын, жүйөөөсүн, установкасын гана эске, көңүлгө алуу менен чектелбестен, өзүнүн да муктаждыктарын, жүйөөлөрүн, установкаларын, башка бирөө аны кандай түшүнүп жаткандыгын да эске алат. Булардын баары башка бирөө аркылуу өзүн-өзү аңдап билүүсүн талдоо -идентификация жана рефлексия аркылуу ишке ашат. Буларга каузалдык атрибуция да кошулат. Алардын ар бирине кеңири токтолобуз. Идентификация башка адамды таанып-билүүнүн жана түшүнүүнүн эң жөнөкөй ыкмасы болуп, өзүн башкага окшоштуруу дегенди билдирет. Бул жалгыз ыкма эмес, бирок турмуш кырдаалында адамдар башка бирөөнүн ички абалын билүүдө жана түшүнүүдө өзүн анын ордуна коюп көрүп, ал адамды таанып- билүүгө, түшүнүүгө жетишет. Бул планда идентификация башка адамды таанып билүүнүн жана түшүнүүнүн бир ыкмасы катары көрүнөт. Идентификация процесси жана анын баарлашуу процессиндеги ролу көптөгөн эксперименттик изилдөөлөрдө текшерилген. Алсак, мазмуну жагынан жакын жана окшош болгон идентификация менен эмпатиянын ортосунда тыгыз байланыш боло тургандыгы аныкталган. Эмпатияда башка адамды түшүнүүнүн бир ыкмасы болуп саналат. Мында башка бирөөнүн көйгөйлөрүн рационалдык түшүнүү эмес, анын көйгөйлөрүнө эмоционалдык жооп берүү - аны менен кошо кубануу, кайгыруу ж.б. түз маанисинде эске алынат. Эмпатия - түшүнүү дегенге каршы турат, бул жерде термин метафоралык мааниде гана колдонууда: эмпатия деген аффективдүү түшүнүү дегенди билдирет. Анын эмоционалдык табияты башка адам, баарлашып жаткан өнөктөшү кабылган кырдаал «ойлонулбастан» «сезилип-туюлат». Эмпатия механизми белгилүү өлчөмдө идентификацияныкындай эле: анда да, мында да өзүн башка бирөөнүн ордуна коё билүү кырдаалы, нерсеге анын көз карашы менен карай билүү. Бирок нерсеге башка бирөөнүн көз карашынан кароо үчүн сөзсүз эле өзүн башка бирөөгө окшоштуруу зарыл эмес. Эгер мен өзүмдү башка бирөөгө окшоштурсам, өзүмдүн жүрүм- турумумду өзүмдү окшоштурган башка бирөө жүрүм-турум түзүп жаткандай жүрүм-турум түзөм. Эгерде ага карата эмпатия менен мамиле жасаган болсом, мен анын жүрүм-турумун эске алам (сезим менен мамиле кылам, бирок өзүмдүн жүрүм-турумумду таптакыр башкача, өзүм каалагандай, уюштурам). Анысында да, мунусунда да башка адамдын жүрүм-турумун «көңүлгө» - «эсепке алуу» ачык көрүнөт, бирок биргелешкен аракеттеринин натыйжасы ар башка болот. Себеби анын позициясынан туруп, баарлашып жаткан өнөктөштү түшүнүп, ошого жараша аракеттенүү - бир нерсе, бирок түшүнүп, анын көз карашын көңүлгө алып, ага сезим менен мамиле жасап, башкача, өзү каалагандай аракет жасоо-башка нерсе. Ушул эки учур тең дагы бир маселени чечүүнү талап кылат. Берки өнөктөш «мени» кандай түшүнөт, себеби «биздин» өз ара аракеттенүүбүз ошого жараша аныкталат. Адамдардын бирин-бири түшүнүүсү рефлексия менен да татаалдашып кетет. Рефлексия түшүнүгү философияда колдонулган маанисинен айырмаланып, социалдык психологияда адамдын баарлашып жаткан өнөктөшү аны кандай кабыл алып, түшүнүп жаткандыгын аңдап билиши менен шартташкан. Бул деген башка адамды жөнөкөй эле билүү жана түшүнүү эмес, башка адамдын «мени» кандайча түшүнүп жаткандыгын билүү болуп саналат. Ɵзүнчө эле бир нече чагылышкан татаал күзгүдөн бири-бирин көрүү «терең, ыраттуу бири-бирин чагылдыруу аркылуу чогуу аракеттенип жаткан өнөктөшүнүн ички дүйнөсүн ачып көрсөтүү, ошол ички дүйнөдө берки биринчи адамдын ички дүйнөсү да көрүнөт». Каузалдык атрибуция инсандардын бири-бирин кабылдоо механизмдеринин арасында өзүнүн маанилүүлүгү жана көптөгөн теориялык жана эксперименттик изилдөөлөрдө иштелгендиги боюнча өзгөчө орунда турат. Каузалдык атрибуция дегенибиз башка бирөөнүн жүрүм - турумунун чыныгы себептери тууралуу маалымат жок болгондуктан, анын жүрүм-турумунун себептерин түшүндүрүү үчүн белгилүү маалыматтарды, касиеттерди ж.б. ал адамга таңуулоо (жабыштыруу – приписывание) процесси болуп саналат. Баарлашууда, мамиледе өнөктөш болуп жаткан адамдын жүрүм- турумунун себептерин билүү муктаждыгы анын аракеттерин, жүрүм- турумун чечмелөөнү каалоодон улам келип чыгат. Башка адамдын жүрүм-турумун чечмелөө анын себептерине негизделип жүргүзүлөт. Күндөлүк турмушта болсо адамдар бири-биринин жүрүм-турумунун чыныгы себептерин билбейт, билсе да чала билет. Ошондуктан жетишпей жаткан маалыматтарды табуу үчүн адам өзү билген жана өзүндө бар (белгилүү бир сапаттарды, касиеттерди) башка адамга таңуулоо механизмдерин ишке салат. Таңуулоо (жабыштыруу) бөлөк адамды кабылдап жаткан адамдын мурдагы тажрыйбасындагы же башка бирөөлөрдүнжүрүм-турумундагы кайсы бир үлгүлөргө окшош болуп, дал келип калгандыктан же ошондой кырдаалга өзү дуушар болуп калса, кандай жүйөөлөр пайда болоорун талдоого алууга негизделип (мында идентификация механизми да кошумча болуп кетет) жасалат. Кандай болгондо да атрибуциялоо жолдорунун толгон-токой тутуму ишке ашат. Таңуулоонун өлчөмү жана деңгээли эки көрсөткүчкө - аракеттин типтүүлүгүнүн же кайталангыстыгынындеңгээлине жана анын социалдык «жагымдуулугуна» же «жагымсыздыгына» - көз каранды болуп саналат. Биринчи учурда типтүү жүрүм-турум (мисалы, экзаменде студент эч нерсе айталбай жатса да, окутуучунун ага карата чыдамкайлык менен мамиле жасоосу) ролдук үлгүлөргө ылайык түзүлгөнжүрүм-турум эрежелери болгондуктан, аны бир жактуу чечмелөө оңой. Тескерисинче, кайталангыс (уникальное) жүрүм-турум (студенттин начаржообуна окутуучунун жер тепкилеп жинденүүсү, кыйкыруусу) ар кандай чечмелөөгө жол берет жана ар кандай себептерди, өзгөчөлүктөрдү белгилеп таңуулоого мүмкүнчүлүктүзөт. Ушундай эле экинчи учурдасоциалдык «жагымдуу» жүрүм-турум дегенде социалдык жана маданий нормаларга дал келген жүрүм-турумду бир жактуу жана оңойтүшүндүрүүгө (улуу адамга жол бошотуу) болот. Ушундай эрежелерди жана нормаларды бузуу (кары кишини түртүп жиберүү) – социалдык «жагымсыз» жүрүм-турумду түшүндүрүүнүн диапозону кеңири. Мындай жыйынтык, С.Л. Рубинштейндин ою боюнча, башка адамды үйрөнүүдөкөнүмүш шартта таанып-билүүнүн «бүгүлгөндүгү», жүрүм-турум эрежелери, үлгүлөрү бузулган шартта «бүгүлбөгөндүгү»менен дал келет. Адам кандайдыр бир окуяны байкоочубу же ага аралашып жүрөбү? Мына ушул эки түрдүү абалда адам тарабынан ар башкача атрибуциянын тиби пайдаланылат. Атрибуцияны Г. Келли үч типке бөлгөн: инсандык атрибуция (жүрүм-турумдун себеби жүрүм-турум жасаган адамдын өзүнө байланыштырылып таңууланат), стимулдук атрибуция (жүрүм-турум, аракет багытталганобъектиге себептердин таңууланышы) жана кырдаалдык атрибуция (жүрүм-турумдун себеби кырдаал менен түшүндүрүлөт). Байкоочу адам көбүнчө инсандык атрибуцияны колдоно тургандыгы, ал эми окуянын катышуучусу кырдаалды түшүндүрүүгө, чечмелөөгө умтулаары аныкталган. Бул өзгөчөлүктөр ийгиликтин жана утулуунун себептерин түшүндүрүүдө да ачык көрүнөт: аракеттин катышуучусу утулса, кырдаалды күнөөлөйт, ал эми байкоочу катышуучунун өзүн күнөөлөйт. Мына ушундай өзгөчөлүктөргө байланыштуу инсандар бири-бирин кабылдоодо эске алууга тийиш болгон атрибуциялоонун катачылыктары табылган. Инсандардын бирин-бири кабылдоосунун мазмуну субъектинин жана объектинин мүнөздүү өзгөчөлүктөрүнө көз каранды болот. Себеби алар өтө тыгыз өз ара аракеттенүүдө болушат жана анын эки агы бар: бири-бирине баа берүү жана чогуу болуудан улам бири-биринин мүнөзүндөгү айрым сапаттарды өзгөртүү, ушуга байланыштуу изилдөөлөр да эки топко бөлүнөт. Биринде кабыл алып жаткан адамдын мүнөзүндөгү өзгөчөлүктөрдүн ролун аныктоого аракеттер жасалат: мында кандай сапаттардын мааниси чоң жана алар кандай кырдаалдарда көрүнөт? ж.б.у.с. Себеби, С Л. Рубинштейн айткандай, кабыл алып жаткан субъект башка адамды «окуйт». Бул «окуунун» мазмунуна адамдын тышкы көрүнүшү «текст» болуп саналат, ошого жараша «окулат», алардын баары чечмеленип, мааниге ээ болот. Андай «окуу» өтө тез, автоматтык деңгээлде жүрөт жана аны чечмелөө ошол окуп жаткан адамдын өзгөчөлүгүнө жараша аныкталат. Айрым адамдар башка бирөөлөрдүн тышкы келбетине, денедеги өзгөчөлүктөрүнөкөңүл бура тургандыгы, ал эми айрымдар болсо түздөн-түз адамдын психологиялык өзгөчөлүктөрүн кабылдоого аракеттенээри, башкача айтканда, таңуулоо мехнизмин көбүрөөк колдоно тургандыгы аныкталган. Ошондой эле таңуулана турган сапаттардын кабыл алынып жаткан объектилери алдын ала берилген баалоого көз каранды боло тургандыгы аныкталган. Башка эксперименттик изилдөөлөр кабыл алынуучу объектинин өзгөчөлүктөрүн аныктоого багытталган. Инсандардын бири-бирин таанып билүүсүнүн ийгиликтүү жана ийгиликсиз болуусу кабыл алынып жаткан объектиге жараша болот. Адамдар жекече психологиялык өзгөчөлүктөрге ээ болгондуктан, ошондой эле аны башка бирөө кабылдап жаткан учурда, адамдын чоң жекичине «ачылыш» мүмкүнчүлүктөрү ар башкача. Ошондуктан «түнт» же «ачык-айрым» деп адамдар мүнөздөлөт. Бардык эксперименттик изилдөөлөрөтөмаанилүү болгон маселелерди - инсандардын бири- бирин кабылдоосунун эффектилерин - биринчи көргөндөгү (установка) эффекти, алгачкы жана жаңы маалымат эффекти, стереотиптештирүү эффектилерди иликтөөгө алат. Алгачкы таасир (установка) эффектиси А.А.Бодалевдун эксперименттеринде негизделген жана ал бейтааныш адам жөнүндө алгачкы таасир, түшүнүктөрдүн калыптанышында чоң роль ойной тургандыгы аныкталган. Студенттердин эки тобуна бир эле адамдын сүрөтүкөрсөтүлгөн. Сүрөттүкөрсөтүүдөн мурда сүрөттөгү адам биринчи топтогу студентерге өтө жаман кылмышкер, экинчи топтогуларга ошол эле сүрөттөгү адамды өтөчоңокумуштуу деп мүнөздөмө берилген. Ар бир топтогу студенттерге сүрөттөгү адамдын портретин сөз менен мүнөздөп, анын элесин тартуу сунуш кылынган. Биринчи топтогулар төмөндөгүдөймүнөздөмө берген: көзүнүн ичке кириптурушуөтө каардыгын көрсөтөөрү, ээгинин алдыга чыгып турушу кылмыш кылууда эч нерседен коркпой тургандыгын, чечкиндүүлүгүн, кылмышты акырына чейин алып бара тургандыгынын белгиси катары айтылган. Экинчи топтогулар болсо көзүнүн ичке кириптурушу акылынын тереңдигин билдирип турат, ээгинин чыгыптурушу илим жолундагы кыйынчылыктарды жеңипөтүүдөгү эркинин күчтүүлүгүн билдирет деген ж.б. жоопторду беришкен. Ореола эффектисинде алдын-ала адам жөнүндө алынган оң жана терс мазмундагы маалыматтарды реалдуу турмушта ошол адамды кабылдоодо колдонулат. Кабылданып жаткан сапаттар ошол адам жөнүндө алдын ала түзүлгөн образга барып кошулат жана адамдын элеси «жасалат». Мурдатан бар болгон образ ореоланын ролун аткарат, ошондон кабыл алынып жаткан объектилер - адамдын чыныгы сапаттары, мүнөзүндөгү өзгөчөлүктөрү - кабыл алууга тоскоолдук гана кылат. Ореола эффекттисинин оң таасири тийгенде адам өтө жакшы сапаттарда мүнөздөлүп, белгисиз сапаттарына да оң баа берилет, тескерисинче, терс таасирлер ошол эле адамды терс баа берүүлөргө жана терс сапаттар менен - мүнөздөөгө алып келет. «Эң алгачкы» жана «жаңы» маалыматтардын эффектилери да инсандардын бири-бирин таанып билишин татаалдантат. Булар адам тууралуу маалымат берүүдө белгилүү ырааттуулуктун чоң мааниси бар экендигин көрсөтөт. Алгач берилген же көрсөтүлгөн маалымат «алгачкы», ал эми кийин, эң акырында көрсөтүлгөн, берилген маалымат «жаңы» деп аталат. Инсандардын кабылдоосундагы эңкеңири тараган эффектилердин бири стереотипизация болуп, ал кең маанисииде бардык социалдык перцепция процессин коштоп жүрөт деп айтылат.«Социалдык стереотип» деген термин биринчи жолу У.Липпман тарабынан 1922-жылы кийрилген. Ал бул терминди терс сапатта мүнөздөп, үгүт иштери жалган, так эмес түшүнүктөрдөн турат деген ойду айткан. Стереотип деген сөз - кең маанисинде адамдын же кайсы бир кубулуштун туруктуу келген образы, аны менен мамилелешкен учурда «кыскартылган түрдө» пайдаланылат. Стереотиптештируу – коомдогу стереотиптерге жараша адамдарды кабылдоо жана таанып билуу. Адам кайсы топко киргендигине жараша оз стереотибине ээ болот. М: мугалимдер майдачыл келишет ж.б. Стереотип башка адам, улут, улут окулу жонундогу чындыкка толук дал келе бербеген, схемалаштырылган, устуртон болсо да ошол адам эл, улут жонундо тузулгон тушунуктордун, муноздордун сапаттарынын жыйындысы. М: кыргыздардын стереотиби – ишенчээк, момун, меймандос, коро албастык, жалкоо ж.б. Немецтердин стереотиби – тактык, таза, иштемчил, экономикалык жактан сарамжалдуу ж.б. Адамдар бири-бирин таанып билгенде, стереотиптерди пайдаланышат. Адатта стереотип кыска убакытта тажрыйбага ээ болгондо, жетишсиз маалыматтын негизинде жыйынтыкка келүүгө аракеттенгенде пайда болот. Көбүнчө стереотип адамдын кайсы топко же тайпага тиешелүүлүгүнө жараша жаралат. Инсандар ортосундагы аттракция Инсандардын бири-бирин кабылдоо процессине өзгөчө эмоционалдык жөнгө салуучулардын таасиринен маселелердин өзгөчө тобу келип чыгат. Адамдар жөн эле бири-бирин кабылдабай, бири-бирине карата белгилүү мамилени да калыптандырат. Берилген баалоого негизденип адамда тигил же бул адамды жактырбоодон тартып жактыруу, жада калса сүйүүгө чейинки ар түрдүү гаммадагы сезимдер - туюулар жаралат. Кабыл алынып жаткан адамга карата ар кандай эмоционалдык мамиленин пайда болуш механизмдерин аныктоого байланышкан изилдөөлөр тармагы аттракцияны изилдөө деген атты алган. Аттракция кабыл алынып жаткан кайсы бир адамдын жагымдуу сапаттарын калыптандыруу процесси жана ошол процесстин натыйжасы болуп саналат, б.а., мамиленин белгилүү бир сапаты. Терминдин ушундай көп маанилүүлүгүн баса белгилөө зарыл жана аттракция жалгыз өзү эмес, баарлашуунун үчүнчү перцептивдик өңүтүнүн контекстинде изилдөөгө алынган учурда көңүлгө алынууга тийиш. Бир жагынан, адамды өзүнө тартып туруучу касиеттердин, достук сезимдеринин же, тескерисинче, башка адамды жактырбоо сезиминин калыптаныш механизми кандай деген суроо пайда болот. Экинчи жагынан баарлашуунун тутумунда бул кубулуштун (процесстин өзү жана анын натыйжасы) өнүгүшүндө маалымат алмашууну, өз ара аракеттенүүнү жана өз ара түшүнүшүүгө жетишүүнү өз кучагына алган белгилүү тутум катары ролу кандай деген суроо пайда болот. Инсандардын бири-бирин кабылдоо процессине кирген аттракция адамдын баарлашуусунун жогоруда айтылган, тагыраагы баарлашуу дайыма белгилүү мамиленин (коомдук жана инсандардын ортосундагы) ишке ашышындагы мүнөздүү өзгөчөлүктөрүн өтө так жана терең ачып берет. Басымдуу түрдө аттракция, мамиленин экинчи тиби, баарлашууда ишке ашчу инсандар ортосундагы мамиле менен байланышкан. Социалдык психологияда аттракцияны изилдөө салыштырмалуу жаңы тармак болуп саналат. Анын жаралышы белгилүү сокур ынанымдардын бузулууга учурашы менен байланыштуу. Узак убакыттар бою мындай достук, жактыруу, сүйүү сыяктуу феномендер илимий талдоонун тармагы эмес, алар көркөмөнөрдүн, адабияттын ж.б. тармагы деп эсептелип келген. Азырга чейин бул кубулуштарды илимий изилдөөгө алуу изилденүүчү кубулуштун татаалдыгы менен гана байланышкан тоскоолдуктарга кабылбастан, ар кандай этикалык маанидеги тоскоолдуктарга да кабылат. Бирок инсандардын бири-бирин кабылдоону изилдөө логикасы социалдык психологияны бул маселелерди да изилдөөгө алууга аргасыз кылды. Азыркы кезде бул тармакты изилдөө боюнча жүргүзүлгөн эксперименттик иштер жана теориялык жалпылоолор бар. Аттракцияны башка адамга карата эмоционалдык жагы үстөм болгон социалдык установканын өзгөчөтүрү катары кароого болот, анткени башка адам басымдуу түрдө аффективдүү баалоолорго мүнөздүү болгон категориялар менен бааланат. Эмпирикалык (анын ичинде эксперименттик) изилдөөлөрдө эң башкысы адамдардын ортосундагы оң эмоционалдык мамилелердин көрүнүшүнө алып келүүчү факторлорду аныктоого арналган. Кабыл алуунун субъектисинин жана объектисинин мүнөздөрүнүн окшоштуктарынын ролу изилдөөгө алынган, алардын аттракциянын калыптаныш процессиндеөз ара бири-бирин колдоосу баарлашуу процессинин «экологиялык» мүнөздүүөзгөчөлүктөрүнүн(баарлашкан өнөктөштөрдүн жакындыгы, жолугушууларынын көптүгүн ж.б.) ролу изилдөөгө алынган. Көптөгөн иштерде өнөктөштөр ортосунда пайда болгон мисалы, «жардам берүүчү» жүрүм-турум шартындагы аттракция менен өз ара аракеттенүүнүн өзгөчө типтеринин байланыштары аныкталган. Эгер бүт инсандарын ортосундагы перцепция процессии белгилүү мамиледен сырткары кароого болбойт, башка адамды кабылдоодо оң эмоционалдык мамиленин пайда болушу аттракция процесси болуп саналат. Өнөктөштөрдүн ортосунда аттракциянын пайда болушу баарлашууга оң таасирин тийгизери шексиз: коммуникация оңой жүрөт, өз ара аракеттенүүдө көбүнчө бири-бирине колдоо көрсөтүүгө умтулуу, өнөктөштүн образын түзүүдө оң сапаттарды жабыштыруу үстөмдүк кылат. (Изилдөөчүлөрдүн бири айткандай «аттракция - бул жабыштырылуучу белгилерди тандоочу жана аны салмактуу кылуучу фильтр»). Эгерде сөз тайпа жөнүндө баратса, анда аттракциянын өнүгүшү тайпада психологиялык жагымдуу маанайдын калыптанышына алып келет. Аттракциянын ар кандай деңгээлдери – жактыруу, достук, сүйүү-аныкталган.Булдеңгээлдердин ар биринде аттракциянын жаралышына негиз болчу мамилелердин жана факторлордун өнүгүш этаптарын талдоого алууга болот. Эң алгачкылардан болуп баарыдан мурда жактыруу изилдөөгө алынган. Дж.Моренонун социометрия методун колдонууда эле бул сезимди өлчөөнүн методикасы сунуш кылынган. Достукту изилдөө азыраак жүргүзүлсө, сүйүү болсо эң көп изилденип келе жатат. Сүйүүнүн бири-бирине карама-каршы келген эки теориясы бар: пессимисттик инсандын өнүгүшүнөсүйүүнүн терс таасирин тийгизе тургандыгына басым жасайт (сүйгөн адамына карата көз карандылыктын жаралышы) жана оптимисттик негизинен гуманисттик психологияда иштелген түрүндө сүйүү инсандагы тынчсыздануунун жоюлушуна жана инсанды толук өзүн көрсөтүүсүнө алып келет. Ошондой эле сүйүүнүн негизги формалары, (сүйүү - кумар, сүйүү - оюн, сүйүү - достук) сыпатталган. Аттракцияны изилдөө социалдык психологияда маанилүү орунду ээлей тургандыгы айдан ачык, анткени адамдын баарлашуусунун үч өңүтүнүн биримдикте өнүгүшүн түшүнүүгө кызмат кылат. Адабияттар Андреева Т.М. Социальная психология. – М., 2004. Бодалев А.А. Личность и общение. М., 1995. Бодалев А. О взаимосвязи общения и отношения. – М., 1994. Горянина, В.А. Психология общения / В.А. Горянина. - М., 2002. Куницына, В.Н. Межличностное общение / В.Н. Куницина, Н.В. Казаринова, В.М. Погольша. – СПб.: Питер, 2002. Крысько В.Г. Социальная психология. М., 2001. Леонтьев А.А. Психология общения. М., 1999. Психология влияния: Хрестоматия. СПб., 2000. Станкин М.И.Психология общения: курс лекций. – М. |