Главная страница
Навигация по странице:

  • Бишкек-2021 ж План

  • Абдылас Малдыбаев Малдыбаевич 24-июнь 1906-жылы

  • Омур баяны

  • Симфония жаратууну кыялданган.

  • Үй-бүлөсү Уул-кыздары да ата жолу менен кеткен.

  • Колдонулган адабияттар: https://ru.m.wikipedia.org/wiki/Малдыбаев,_Абдылас_МалдыбаевичСемья https://www.super.kg/mobile/jylnaama/event/539/

  • Истори. кыргыз (копия). Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университети Экономика факультети Си темасы Абдылас Малдыбаев


    Скачать 242.02 Kb.
    НазваниеЖусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университети Экономика факультети Си темасы Абдылас Малдыбаев
    АнкорИстори
    Дата23.03.2022
    Размер242.02 Kb.
    Формат файлаdocx
    Имя файлакыргыз (копия).docx
    ТипБиография
    #412043

    Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университети

    Экономика факультети
    СӨИ

    Темасы: « Абдылас Малдыбаев»

    Группа: ЭФК-3-21

    Аткарган: Аскарбекова Аяна

    Текшерген: Макеева А.

    Бишкек-2021 ж
    План:
    Введение……………………………………………………..

    1.Биография(омур баяны)…………………………………..4

    2.Чыгармачылык иши..……………………………………..5

    3.Балалык кези………………………………………………8

    4.Үй-бүлөсү………………………………………………….9

    5.Колдонулган адабияттар…………………………………10

    Введение



    Абдылас Малдыбаев Малдыбаевич


    24-июнь  1906-жылы Композитор жана ырчы, СССРдин Эл артисти Абдылас Малдыбаев Кемин районуна караштуу Кара-Булак айылында туулган. Алматы казак-кыргыз агартуу институтунда Кыргыз педтехникумунда окуган. Москва консерваториясында Кыргыз улут студиясынан билим алган. 
    Омур баяны

    Абдылас Малдыбаев (7-июль 1906Кара-Буйлак айылыКемин району Чуй облусу  — 1-июнь  1978ФрунзеКыргыз ССР) — советтик кыргыз композитор, ырчы (тенор) жана артист, кыргыз профессионал музыкасына негиз салуучулардын бири. Кыргыз Республикасынын искусствого эмгек сиңирген ишмери (1937), СССР эл артисти (1939). Москва консерваториясын бүтүргөн. 1930-жылы Фрунзе музыкалык техникумунда директор, 1933-жылыдан Кыргызстан музыкалык студиясында (кийин опера жана балет театры) артист, 1939–67-жылы Кыргызстан композиторлор союзунун төрагасы, 1953–54-жылы М. Күрөңкеев атындагы музыкалык студиясында (кийин опера жана балет театры) артист, 1939–67-жылы Кыргызстан композиторлор союзунун төрагасы, 1953–54-жылы М. Күрөңкеев атындагы музыкалык хореография окуу жайынын директору болгон. Малдыбаевдин чыгармачылык иши 1922-жылы дан башталган. Алгачкы ырлары («Акинай», «Кызыл жоолукчан», «Өмүр», «Забойщиктер») эл арасына кеңири тарап, обончу катары таанылган. М. 300дөй чыгарма жараткан (анын 200дөйү ыр).

    Чыгармачылык иши

    Балдарга арналып көп ырлар жазылган. Жаңы ырлар менен катар, жакшы көрүп ырдап жүргөн эски ырлар да бар. Мына ошол ырлардын башатында кыргыз профессионал музыкасынын негиз салуучусу, кыргыз элинин атактуу композитору Абдылас Малдыбаев турган. Малдыбаев айылдык мектептен билим алып, Алматы шаарындагы казак-кыргыз агартуу институтунан, андан кийин Кыргыз педтехникумунан окуду. Ошол кезде Фрунзе шаарындагы (азыркы Бишкек) жаңы ачылган музыкалык техникумга жетекчилик кылган, кыргыз музыкалык драма театрында артист болуп иштеген. 1936-жылы Малдыбаев В. Власов жана В. Фере менен Москвада жолугушкан, бул жолугушуу узакка созулган жана ишенимдүү чыгармачыл шериктештиктин башталышы болуп калган. Ошондой эле Малдыбаев кыргыз элинин таланттуу жана көрүнүктүү артисттери Б. Бейшеналиева, С. Кийизбаева, акындар Ж. Турусбеков, Ж. Бөкөнбаев, А. Осмонов жана башкалар менен тыгыз чыгармачылык байланышта болгон. Малдыбаев балдарга арнап жазган Мына минтип, Кулунум, Жылдызым, Ата Ленин, Биз агайдай болобуз деген ырларында дилгир жана шок, келечеги кең жаш бөбөктүн элеси көз алдыга келет. Анын эмгек жана лирикалык темада жазылып, элдик болуп калган Кызыл жоолукчан, Өмүр, Забойщиктер, Ала-Тоо, Кызыл атчандар, Кыргызстан сыяктуу ырларында жаңы замандагы шайдоот, эмгекчил адам, күжүрмөн кен казуучу, каарман жоокер, Ата Мекендин ыйыктыгы даңкталат.
    Малдыбаев Кыргыз профессионал музыкасында биринчи жолу Ажал ордуна музыкалык драмасына, Ай-чүрөк, Манас, Көл боюнда операларына В. Фере жана В. Власов менен бирдикте музыка жазышкан. М. Абдраев жана А. Веприк менен бирдикте Токтогул операсын, Кыргыз ССРинин гимнине музыка жана башка көп чыгармаларды жазган. Ошондой эле ал элдик ырларды мыкты ырдаган ырчы катары да белгилүү. Театр сахнасында көрүүчүлөрдүн эсинде каларлык образдарды жараткан. Мисалы, У. Гажибековдун Аршин мал алан музыкалык комедиясынан Аскердин, Алтын кыз музыкалык драмасынан Кузнецовдун, Евгений Онегин операсында Ленскийдин, Кыз Жибекте Төлөгөндүн жана башка көптөгөн ролдорду аткарган. Композитор 300дөй чыгарма жараткан.

    Ал өз ырларында элдик фольклорду кылдат пайдаланган, ошондуктан ырлары элдик обонго жакын, угулушу көркөм. Малдыбаев 30 жылга жакын Кыргыз ССР композиторлор союзун жетектеген, анын эл алдында сиңирген эмгеги жогору бааланып, СССРдин эл артисти деген ардактуу наам берилген, Ленин ордени жана башка көптөгөн орден, медалдар менен сыйланган. Дүйнөдөн кайткандан кийин анын элесин түбөлүккө сактоо максатында Кыргыз опера жана балет театрына, Бишкек шаарындагы көчөгө Малдыбаевдин ысымы берилген. Ал эми Кыргыз мамлекеттик искусство институтунда Малдыбаев атындагы стипендия бар.

    Коомдук ишмер, гимндин автору.Малдыбаев, Власов жана Фере үчөө Кыргыз ССРинин мамлекеттик гимнинин музыкасын жазган. Композитор 1950-жылдардын ортосунда Мурааталы Күреңкеев атындагы музыкалык окуу жайды жетектеп, 30 жылдай Композиторлор союзунун башында турган. Эмгек Кызыл Туу орденинин үч жолку ээси коомдук-саясий иштерге да жигердүү катышып, СССРдин Жогорку Советинин бир, Кыргыз ССРинин эки чакырылышынын депутаты болуп шайланган.

    Симфония жаратууну кыялданган.Абдылас Малдыбаев 1970-жылы "Манас" операсынын музыкасы үчүн Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты болуп, кийинки жылдары балдар музыкасына кайрылып, мектеп окуучулары үчүн окуу куралын жазат. Ал өзүнүн чыгармачылыгында ар кыл жанрдагы жүздөгөн эмгек жаратып, 70-жылдары Ала-Тоо жөнүндө симфония жазууну кыялданып жүрүп, 1978-жылы бул дүйнө менен кош айтышкан. Азыр анын ысымын борбор калаадагы Опера жана балет академиял



    Балалык кези

    Абдылас Малдыбаев 1906-жылы 7-июлда Чүй облусунун Кемин районундагы Кара-Булак айылында жарык дүйнөгө келген. Бала кезинде кыйын күндөрдү башынан өткөрүп, атасына кол кабыш кылып байдын коюн кайтарып чоңойгон
    Кой кайтарып чоңойгон. Абдылас Малдыбаев 1906-жылы 7-июлда Чүй облусунун Кемин районундагы Кара-Булак айылында жарык дүйнөгө келген. Бала кезинде кыйын күндөрдү башынан өткөрүп, атасына кол кабыш кылып байдын коюн кайтарып чоңойгон. Үйдө үй-бүлө башчысы комузду жакшы чертсе, апасы менен эжеси жакшы ырдаган. Өспүрүм эл арасында ырчы, комузчулардын өнөрүн көрүп шыктанып, жаштайынан музыкага жакын өскөн.

    Алматыга жөө жеткен. Октябрь революциясынан кийин элеттеги мектепти бүтүрүп Абдылас музыкалык билим алууну көксөп, ата-энесин эптеп көндүрүп Алматы шаарын көздөй сапар алат. Өзү курактуу эки өспүрүм менен бир жума бою жөө жүрүп көздөгөн жерине жетип, ал жактан Айыл чарба техникумунун даярдоо курсуна кабыл алынып, бир жылдан кийин Казакстандын агартуу институтундагы кыргыз группасына которулат. Коңшу республикада жердештери менен Кубанычбек Баялиновдун калемине таандык "Куйручук" комедиясын коюп, чыгармачыл топтордун ишине аралашат.
    Үй-бүлөсү

    Уул-кыздары да ата жолу менен кеткен.Таланттуу музыканттын аялы Батина Малдыбаева көп жыл театрда актриса болуп иштеген. Экөө эки кыз, бир уулду тарбиялап чоңойткон. Улуу кызы Толкун пианист, дагы бир кызы Жылдыз кыргыз кыз-келиндердин арасынан чыккан биринчи композитор, профессор жана КРдин эл артисти. Ал эми уулу Болот дирижёрлукту аркалап, көп убакыт билим берүү тармагында эмгектенип келет.

    Колдонулган адабияттар:

    1. https://ru.m.wikipedia.org/wiki/Малдыбаев,_Абдылас_Малдыбаевич#Семья

    2. https://www.super.kg/mobile/jylnaama/event/539/

    3. https://tyup.net/page/abdylas-maldybaev-1906-1978

    4. http://kg.kabar.kg/news/kyrgyzstandyn-kompozitorlor-birikmesinin-t-z-lg-nd-g-n-n-80-zhyldygy-belgilenet/





    написать администратору сайта