Главная страница

20182040жылдары кыргыз республикасын НКТРНн улуттук стратегиясы


Скачать 359.71 Kb.
Название20182040жылдары кыргыз республикасын НКТРНн улуттук стратегиясы
АнкорCycufc
Дата08.09.2022
Размер359.71 Kb.
Формат файлаdocx
Имя файлаc0708df3-f396-4bb5-943b-fe6d33f3d3ef.docx
ТипДокументы
#667512
страница1 из 18
  1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   18




2018-2040-жылдары
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫН
ӨНҮКТҮРҮҮНҮН УЛУТТУК СТРАТЕГИЯСЫ

Бишкек

2018-жылдын ноябры

Мазмуну


2-тиркеме Кошумча каржылоо булактарын талап кылган Кыргыз Республикасынын региондору боюнча инвестициялык долбоорлор 5

Киришүү 5

I. Келечектин образы. Өнүгүү максаттары 9

II. Адам – үй-бүлө – коом 14

2.1 Социалдык өнүгүү 14

Коомдун муктаждыктарына жооп берген саламаттык сактоо 14

Сапаттуу билим берүү жана илим системасы 17

Жаштар потенциалы 20

Ар бир жаранга бирдей мүмкүнчүлүк 21

Татыктуу эмгек жана ардактуу карылык 24

2.2 Үй-бүлө коомду өнүктүрүүнүн негизи катары 25

2.3 Жарандык интеграция 27

Улуттук биримдик 27

Тил саясаты 28

2.4 Кыргызстан – жогорку маданияттын өлкөсү 29

2.5 Дин демократиялуу мамлекетте 32

III. Экономикалык бакубаттык жана өнүгүү үчүн чөйрөнүн сапаттуулугу 34

3.1 Экономикалык өнүгүүнүн факторлору 34

Адамдык потенциал жана эмгек рыногу 35

Инвестициялык климатты жакшыртуу жана экспорттун өсүшү 37

3.2. Өлкөнүн региондорун өнүктүрүү 39

Макроэкономикалык туруктуулук жана саясаттын ырааттуулугу 39

Жагымдуу бизнес-чөйрө 40

Сапаттуу инфраструктура 42

Курчап турган чөйрө жана климаттын өзгөрүүлөрүнө ыңгайлашуу жана бөөдө кырсыктардын тобокелдигин азайтуу 48

Өлкөнүн региондорун өнүктүрүү 51

3.3 Өнүгүүнүн артыкчылыктуу тармактары 55

Өлкөнүн өнөр жай потенциалы 55

Агро-өнөр жай комплекси жана кооперация 57

Жеңил өнөр жай кластерлери 60

Туризмди туруктуу өнүктүрүү 61

IV. Мамлекеттик башкаруу 64

4.1 Ар бир жаран үчүн натыйжалуу жана адилет мамлекет 64

4.2 Мамлекеттик бийликтин тең салмактуу системасы 66

4.3 Укуктун үстөмдүгү жана мыйзамдуулукту камсыздоо 70

4.4 Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү 72

4.5 Коопсуз өлкө 74

4.6 Прагматикалуу тышкы саясат 75

4.7 “Таза-Коом” – өлкөнү санариптик трансформациялоо 78

4.8 Жарандык коомду өнүктүрүү 80

V. Кыргыз Республикасынын 2023-жылга чейинки приоритеттүү багыттары 83

VI. Орто мөөнөттүү этаптын биринчи кезектеги кадамдары 87

6.1 Өнүгүүнүн максаттарына жетишүү 87

Социалдык өнүгүү 87

Үй-бүлө институтун бекемдөө 98

Жарандык интеграциялануу 100

Жогорку маданияттын өлкөсү 101

Демократиялык коомдогу дин 102

Өнүгүү факторлорун түзүү 104

Өнүгүү үчүн чөйрөнү түзүү 108

Өнүгүүнүн артыкчылыктуу багыттары 118

Натыйжалуу жана адилет башкаруу 120

Укуктун үстөмдүгү жана мыйзамдуулук 123

Өлкөнүн коопсуздугу 126

Прагматикалуу тышкы саясат 128

Өлкөнүн санариптик трансформациясы 129

Жарандык коомду өнүктүрүү 130

6.2 Региондук өнүктүрүүнүн практикалык кадамдары 132

Бишкек шаары 132

Баткен облусу 134

Жалал-Абад облусу 136

Ысык-Көл облусу 138

Нарын облусу 140

Ош шаары жана Ош облусу 142

Талас облусу 144

Чүй облусу 146

VII. Өнүгүүнү башкаруу 148

7.1 Өнүгүүнү башкаруу системасын трансформациялоо 148

7.2 Стратегиялоонун технологиясы 151

7.3. Мониторинг жана баалоо 152

7.4. Күтүлгөн натыйжалар 152

1-тиркеме Каржылоо булактары такталган Кыргыз Республикасынын региондору боюнча инвестициялык долбоорлор

2-тиркеме Кошумча каржылоо булактарын талап кылган Кыргыз Республикасынын региондору боюнча инвестициялык долбоорлор




Киришүү



Кыргыз Республикасы өзүнүн тарыхынын маанилүү этабында турат, өлкөнү саясий туруктуу, экономикасы кубаттуу жана социалдык жактан жоопкерчиликтүү мамлекет катары узак мөөнөткө өнүктүрүү үчүн өбөлгөлөр биринчи жолу түзүлдү.

Кыргызстан өзүнүн жаңы тарыхында кескин өзгөрүүлөрдөн өттү, ал турмуштун бардык чөйрөлөрүн олуттуу өзгөрттү. Эгемендикке ээ болуу эски идеологияны жокко чыгаруу жана коомду заманбап багытта, динамикалуу жана ийгиликтүү кылып өнүктүрүү, жаңы жарандык бирдейлик үчүн негиз болуучу жаңы көз караштардын системасын издөө менен коштолду.

1990-жылдары базар экономикасына өтүү өлкө үчүн оор сыноо болду. Элдин жарымынан көбү жакырчылыкта калып, өлкөнүн экономикасынын көлөмү эки эсе кыскарды.

Өлкөнүн тарыхында бурулуш болгон 2010-жылы эгемен Кыргызстандын сакталышы жана анын келечеги тууралуу маселе коюлду.

Ошол мезгилдин чакырыктары өлкөдөгү негизги маселени так аныктады – элдин өзүнө, татыктуу жашоого, мамлекетке болгон ишенимин арттыруу, башкаруу институттарын кайрадан түзүү зарыл болду.

Кыргызстан тынчтыкты, ынтымакты жана эгемендикти сактай алды, өлкө демократия жолуна түшүп, мамлекеттин бедели көтөрүлүп, эл аралык аренада стратегиялык өнөктөштүк түзүлдү.

Көчөгө чыгып, баш аламандыкка жана зомбулукка алып келген саясий талаштар цивилизациялуу талкуунун форматына өттү. Соңку жылдары ачык жана таза шайлоолор өткөрүлдү.

2013-2017-жылдар мезгилине туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын кабыл алуу жалпы улуттук максаттарды көздөп коомду бириктиргенге жана кыргыз мамлекеттүүлүгүн бекемдеп түптөгөнгө мүмкүндүк берди.

Бул кадам өзүн-өзү актады, Кыргызстан дайыма болуп келген коркунучтарга чар-жайыт чара көрүүдөн ырааттуу түрдө ички жана тышкы стратегиялык саясатты жүргүзө баштады.


Өлкөдөгү жарандардын колдоосу тандап алынган жолдун туура экенин айгинелеп жатат. 2017-жылы жүргүзүлгөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын коомдук пикирин сурамжылоого ылайык алардын 65%ы өлкө туура жолдо өнүгүп жатат деп эсептейт.

Ошол эле учурда элдин иш менен камсыз болуусунун жана жашоо-шартынын төмөндүгү, азык-түлүктөргө жана кызмат көрсөтүүлөргө болгон баанын жогору болушу, миграциянын күчөшү боюнча проблемаларды, ошондой эле башка узак мөөнөттүү социалдык проблемаларды чечүүдө мамлекеттик саясаттын натыйжалуу болбой жатканы өлкөнүн жарандарынын 95%ынан ашыгын тынчсыздандырууда.

Дүйнөдөгү тез өзгөрүп турган жана татаал экономикалык, геосаясий кырдаал, коомдук жашоонун негизги чөйрөлөрүн жана глобалдуу экономиканын секторлорун камтыган санариптик трансформация жана Жердин экосистемасына адамзаттын таасир тийгизүүсүнүн өсүшү, анын айынан глобалдык климаттын жана демографиянын өзгөрүүсү өлкөнү өнүктүрүүнүн жаңы моделин түзүүнү талап кылат.

Кыргызстан башка үлгүгө негизделген кайсыл бир өнүгүү моделин көчүрүп албоого тийиш. Биз көп кылымдык тажрыйбага жана каада-салттарыбызга негизденип, материалдык баалуулуктардан жогору болгон руханий баалуулуктарга, адамдык мамилеге, үй-бүлөгө, маданиятыбызга таянып, жаңы миң жылдыктагы кыргызстандыктын идеологиясын түзүүгө жана өз жолубузду басып өтүүгө тийишпиз. Бул адамдын жана жалпы коомдун максаттуу өнүгүүсүнүн негизги максаты болуп калат.

Кыргызстан бул моделге негизги транспорттук жолдордон алыс туруп, ЕАЭБдин алкагында экономиканы өнүктүрүүнүн жаңы жолдоруна ыңгайлашуу жүрүп жаткан шартта, санариптик жана демейки инфраструктура жетишсиз өнүккөнүн жана кыргыз экономикасынын чакан көлөмүн эске алуу менен өтүүгө мажбур болууда.

Адамдын укуктары жана милдеттери, жашоо турмушунун сапаты жана деңгээли мамлекеттик саясаттын борборунда турат. Стратегия биринчи кезекте адамды өнүктүрүү, өлкөдөгү ар бир адамдын дараметин ачуу, анын бакубаттыгын камсыз кылуу үчүн реформаларды жүргүзүүгө багытталган.

Мамлекеттин экономикалык саясаты эмгек рыногунун чөйрөсүндөгү келечекте болуучу бардык чакырыктарды эске алуу менен туруктуу кирешелерди, өндүрүштүк жумуш орундарын түзүүгө, иш менен камсыз кылууга багытталат.

Кыргызстан ишкерлерге жагымдуу шарттарды түзүү, инновациялык жана жаратылышты сактоочу технологияларды колдонуу аркылуу атаандаштыкка жөндөмдүү санариптик экономиканы түзүү үчүн реформаларды жигердүү жүргүзөт. Өндүрүштө жана башкарууда маалыматтык технологияларды кеңири киргизүү өнүктүрүү саясатынын артыкчылыгы болот. Ар бир регион өлкөнү экономикалык өнүктүрүүгө татыктуу салым кошууга тийиш жана ар бир региондо элдин жашоосу үчүн жагымдуу шарттар түзүлөт.

Келечегибиз Кыргызстанды ак мөңгүлүү тоолордун жана берметтей тунук көлдөрдүн өлкөсү катары сактап калуу менен тыгыз байланышкан. Кыргызстандыктар экологиялык багытта ийгилик жараткан өлкөлөрдүн катарына кирүүгө умтулуп, биригүүсү керек. Бул үчүн биринчи кезекте өзүнө жана жаратылышка болгон мамилени өзгөртүү, келечектеги муундардын кызыкчылыктарын эске алуу менен экономиканы өнүктүрүү зарыл.

Стратегиянын асыл максаттары башкаруу системасына тиешелүү масштабдагы милдеттерди коёт. Мамлекеттик органдардын туруктуулугу, теңделген болуусу жана ачык-айкындыгы максаттуу өнүгүүнү камсыз кылуу үчүн өбөлгө гана болуп эсептелет, саясий чечимдер жана аларды ишке ашыруу механизмдери өнүгүүнүн натыйжалуу болушун, жыйынтыкка жетүүсүн жана коомдук пикирдин эске алынышын камсыз кылат. Башкарууну реформалоо чыгымдарды аз жумшап, анын натыйжасын сапат жагынан жакшыртып, көбөйтүүгө багытталат.

Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюму кабыл алган Туруктуу Өнүгүүнүн Максаттарына жетүүгө умтулат. “Таза-Коом” деген жалпы аталыш менен бириктирилген долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруу башкаруу системасындагы жол-жоболорду сапаты жагынан гана өзгөртпөстөн, башкарууга келечек үчүн жоопкерчиликти өзүнө ала билген өлкөдөгү жаш, мыкты, билимдүү жарандарын тартууга мүмкүндүк берет.

Жогоруда аталган максаттарга жетишүү бийликтин бардык бутактарынын жана элдин күч-аракетин максатты койгондо да, аны аткарганда да бириктирүүнү талап кылат!

Ар бир мамлекеттик кызматчы, өлкөнүн ар бир жараны мамлекеттин тагдырын “менин тагдырым” деп эсептөөгө тийиш. Экономикалык жана социалдык жактан бакубат, коопсуз Мамлекетте жашоону каалаган коомдун ар бир мүчөсү Стратегияны ишке ашырууга катышуусу керек.

Сунушталып жаткан 2018-2040 стратегиясы Кыргызстанды узак мөөнөттүү мезгилде өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын келечекте боло турган чакырыктарды эске алуу менен аныктайт. Анда өлкөнүн келечеги, коомдук турмуштун бардык чөйрөлөрүн – руханий жана саясий, социалдык жана экономикалык чөйрөлөрдү өнүктүрүүнүн максаттарына жетүүнүн жолдору жана негизги принциптери камтылган. Ошондой эле стратегиялык көз карашты ишке киргизүү үчүн орто мөөнөттүү биринчи кезектеги кадамдар аныкталган.

2040-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн стратегиясы коомдук турмуштун бардык чөйрөлөрүндө мамлекетти өнүктүрүүнүн саясатын аныктаган негизги документ катары каралууга тийиш.


  1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   18


написать администратору сайта