20182040жылдары кыргыз республикасын НКТРНн улуттук стратегиясы
Скачать 359.71 Kb.
|
4.2 Мамлекеттик бийликтин тең салмактуу системасы
Саясий системанын туруктуулугу өлкөдөгү саясий күчтөрдүн тең салмактуулугунун эсебинен камсыздалат. Ооздуктоонун жана тең салмактуулук системасы өнүгүүнүн жүйөлүү альтернативдүү идеяларын жүзөгө ашырууга мүмкүндүк берүү менен бир дагы саясий күчкө жалпы басым жасоого мүмкүндүк бербегидей түзүлүүгө тийиш. Президент Мамлекет башчысы катары Президент элдин жана мамлекеттик бийликтин биримдигин билдирип, стратегиялык башкаруу институттары, улуттук биримдикти, туруктуулукту, улуттук коопсуздукту жана өлкөнүн өнүгүүсүн камсыз кылган институттар менен бекемделет. Президентке анын негизги функциялары, тактап айтканда конституциялык түзүлүштүн негиздерин сактоо жана саясий туруктуулукту камсыз кылуу, жарандардын укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышынын кепилдиги, мамлекет башчысынын өкүлчүлүктүү функциялары бекитилүүгө тийиш. Президенттин институту ушул стратегияны ишке ашыруу процессин уюштурууда бийликтин башка бутактары, жарандык коом менен бирдикте негизги субъект болуп калат. Мыйзам чыгаруу бийлиги Жогорку Кеңеш жаңы шарттарда коомдун таламдарын реалдуу чагылдырат жана билдирет. Бул мыйзамдуулукка жана калыстыкка негизденген реалдуу демократияны камсыз кылуунун кепили болот. КР Жогорку Кеңешинин мыйзам чыгаруу ишинде, бюджетти бекитүүдө, Өкмөттү түзүүдө жана анын ишине контролдук кылууда кеңири укуктары биздин коомдогу стабилдүүлүктүн өсүшүнө багытталышы керек. Бул үчүн парламенттин популисттик мүнөздөгү чечимдерди кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн максималдуу болтурбоо, алар бийликтин аткаруу органдарынын аракеттеринин натыйжалуулугун төмөндөтүп, сот адилеттигин ишке ашырууга тоскоолдук кылат. Мында парламент өлкөнүн, коомдун жана экономиканын өнүгүүсүнүн натыйжалары үчүн адекваттуу жооп тартышы керек. КР Жогорку Кеңешин күчтүү саясий партиялардын негизинде түзүү. 2040-жылга карата парламент саясий кызмат орундарына адамдарды ачык көрсөткөн, өз иши жөнүндө, ошондой эле акча каражаттарынын келип чыгуу булактары боюнча отчет берген, так программалары бар саясий партиялардан түзүлүшү керек. Парламентке өткөн саясий партиялар өзүнүн партиялык программаларын ишке ашыруу жана парламенттик шайлоого даярдануу үчүн республикалык бюджеттен колдоо алышат. Мыйзам чыгаруу иши Өкмөт менен биргелешкен иш болуп калат. Саясий чөйрө кагазда гана бар, бир күндүк партияларды этап-этабы менен кыскартуу менен сапат тарабына өзгөрүшү керек. Парламенттик демократияны бекемдөө багытындагы өлкө тандаган багыт жарандардын кызыкчылыктарын билдирүү жана өкүлчүлүктүү органдарды түзүү институттары катары саясий партияларды курууну өнүктүрүү менен бекемделет. Саясий партиялар алар сунуштаган программалардын негизинде атаандашууга тийиш, жаңы көз караштардын калыптануусуна олуттуу таасир этүүгө жана мамлекеттин өнүгүүсү үчүн жоопкерчилик тартууга милдеттүү. Шайлоо процессин жана шайлоо мыйзамдарын мындан ары реформалоо сатып алуу жана административдик ресурс колдонуу кирген таза эмес атаандаштык методдорун колдонуу мүмкүндүгүн жоюуга багытталат. Калктын саясий маданиятын көтөрүү, шайлоо мыйзамдарын реформалоо боюнча ишти улантуу зарыл. Аткаруу бийлиги Парламенттик көпчүлүк тарабынан түзүлгөн аткаруу бийлиги өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылышы керек. Өкмөт бийликтин башка бутактары тарабынан анын оперативдүү ишине кийлигишүүсүнөн бошотулат. Өкмөт жана парламенттик көпчүлүк өзүнүн ишинин натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартышы керек. Мында Өкмөт, министрликтер жана ведомстволор тар партиялык кызыкчылыктарды көздөп кабыл алынган чечимдерден корголушу керек. Башкаруунун технократтык моделине, тактап айтканда өз ишинде терең аңдап-түшүнүүнү жана конституциялык принциптердин алкагында коомдун кызыкчылыктарын жетекчиликке алган кесипкөйлөрдөн турган, партиялык жана идеологиялык эмес принциптерде түзүлгөн аткаруу бийлигинин башкаруу органдарынын системасына өтүүнү камсыз кылуу зарыл. Ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү өзгөртүүнүн концептуалдуулугу аткаруу бийлигинин түзүмүн жана функционалын кайра кароону, регламенттерди жана башкаруу чечимдерин кабыл алуу процессин өзгөртүүнү, аларды санарип технологияларга өткөрүүнү болжолдойт. Ошону менен бирге мамлекеттик башкаруу системасындагы кадрдык саясат аларга жасалган идеологиялык жана саясий басымдарды четке кагууга жөндөмдүү квалификациялуу адистерди, башкаруучуларды даярдоо жана тартуу менен түзүлүүгө тийиш. Мында түзүлгөн башкаруу салттарын түп тамырынан бери өзгөртпөстөн жаңы муундун башкаруучуларын тартуу мүмкүн эместигин түшүнүү керек. Кайра окутуунун жана квалификацияны жогорулатуунун масштабдуу программалары зарыл. Жалдоонун жана мыкты адистерди тартуунун адилеттүү эрежелери камсыздалууга тийиш. Өкмөт экономиканын тарифтик эмес методдорунан тарифтик методдорго өтүүсү зарыл. Мамлекет аткаруучу функциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн бөлүгүн аутсорсингге берүүсү зарыл. Биринчи кезекте кызмат көрсөтүүлөр, чарбалык жана агенттик кызмат көрсөтүүлөр. Мамлекет санариптик мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү оптималдаштыруу үчүн ченемдик, жөнгө салуучулук жана институционалдык алкактарды белгилейт. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар онлайн жеткиликтүүлүк мүмкүнчүлүгү менен санарип форматта көрсөтүлөт. Таандык эмес функцияларды жана милдеттерди кыскартуунун эсебинен мамлекет базалык кызматтарды аткарууда эффективдүүлүктү жогорулатуу мүмкүндүгүнө – бүтүндүктү жана коопсуздукту камсыз кылуу, жалпы эрежелерди (мыйзамдарды) түзүү жана аткарылышын контролдоо, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыздоо мүмкүндүктөрүн алат. Мамлекеттик бийликтин бардык институттарын мындан ары өркүндөтүү маселелери жана алардын өз ара аракети мамлекеттин жана коомдун көңүл чордонунда болууга тийиш. |