Главная страница

20182040жылдары кыргыз республикасын НКТРНн улуттук стратегиясы


Скачать 359.71 Kb.
Название20182040жылдары кыргыз республикасын НКТРНн улуттук стратегиясы
АнкорCycufc
Дата08.09.2022
Размер359.71 Kb.
Формат файлаdocx
Имя файлаc0708df3-f396-4bb5-943b-fe6d33f3d3ef.docx
ТипДокументы
#667512
страница8 из 18
1   ...   4   5   6   7   8   9   10   11   ...   18

















IV. Мамлекеттик башкаруу




4.1 Ар бир жаран үчүн натыйжалуу жана адилет мамлекет





Келечекке көз караш: Өлкөдө эркин жана көз карандысыз демократиялык мамлекеттин болушун камсыз кылууга жөндөмдүү мамлекеттик башкаруунун күчтүү жана туруктуу системасы түзүлөт, анда адам, анын өмүрү, саламаттыгы, укугу жана эркиндиги жогорку баалуулук болуп саналат. Мамлекеттик башкаруу институттарынын жана коомдун макулдашылган иши укуктун үстөмдүгүн, жарандардын конституциялык укуктарынын жана эркиндиктеринин ишке ашырылышын, социалдык калыстыкты, экономикалык бакубаттыкты жана элдин руханий өнүгүүсүн камсыз кылат. Мамлекеттик башкарууда өкмөттүк программалардын алкагында ишке ашырылган заманбап маалыматтык-коммуникациялык технологиялар колдонулат жана жогорку кесипкөй компетенцияны жана моралдык-адеп-ахлактык сапатты айкалыштырган кадрлар иштейт. Тараптардын кызыкчылыктарын тең караган, мүчүлүштүктөр жок, ченемдик укуктук актылардын коллизиясы жок мыйзамдар колдонулат, эрежелер жөнөкөй жана түшүнүктүү болот.


Кыргызстан мамлекетти өнүктүрүүдө демократиялык принциптерди ырааттуу бекемдейт. Улуттук чечимдерди кабыл алуу процессине калктын кеңири катмарын тартуу менен өлкөнүн калкынын эрки максималдуу эске алынат. 2040-жылы Кыргызстан парламенттик демократияга өтөт.

Санарип доорунда ачык кызмат көрсөтүү моделине өтүү мамлекеттик башкарууну өнүктүрүүнүн принциби болот, мында анын негизги ролу бардык катышуучулар үчүн оюндун айкын эрежелерин иштеп чыгууда, теңдикти жана коопсуздукту камсыз кылууда, зарыл инфраструктураны колдоо жана кызмат көрсөтүүлөрдү тикелей көрсөтүү кызматтарын коомдук жана жеке уюмдарга акырындык менен берүү болуп саналат.

Саясий системаны мындан ары реформалоо саясий туруктуулукту камсыздоого жана саясий күчтөрдү Кыргызстанды өнүктүрүү багытына консолидациялоого багытталууга тийиш.

Саясий система коомдун бардык ири катмарларынын кызыкчылыктарын эске алуунун, шайкеш келген чечимдерди иштеп чыгуунун негизинде өнүгүү максаттарынын карама-каршы келбей турган биримдигин камсыздашы керек.

Коюлган өнүгүү максаттарын жүзөгө ашыруу үчүн жоопкерчилик саясий системанын бардык субъекттерине, бийликтин өкүлчүлүктүү органдары жана жарандык коомду кошкондо жүктөлүүгө тийиш.

Мамлекеттик башкаруунун ийгилигинин маанилүү критерийи жарандардын ишеними болуп саналат, ал төмөнкүлөр менен камсыз кылынат:

– жарандардын шайлоо укуктарын кыйла толук камсыз кылган жана дүйнөлүк жана улуттук тажрыйбаны эске алуу менен иштеп чыгылган натыйжалуу жана ачык мыйзамдарга негизденген мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын таза жана ачык шайлоолор;

– мамлекеттик жана коомдук иштерди башкарууда жарандардын катышуусунун кеңири мүмкүнчүлүктөрү, жарандардын ачык маалымат алууга укуктары, мамлекеттик органдардын алдындагы коомдук кеңештерди кеңири колдонуу аркылуу бардык деңгээлдердеги мамлекеттик бийлик органдарынын ишине натыйжалуу контролдукту ишке ашыруу, мамлекеттин жана жарандык коомдун өз ара аракеттенүүсүнүн башка түрлөрү. Жарандардын мамлекеттик башкарууда катышуусу, ошондой эле мамлекеттик жана коомдук турмушта ар кандай маселелер боюнча жалпы улуттук жана жергиликтүү референдумдарды кеңири колдонуусун болжолдойт;

  • адам укуктарын жана анын мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылуучу сот адилеттигинин калыс жана көз карандысыз системасы менчиктин кол тийбестигин кепилдейт;

– жарандардын муктаждыктарына жана керектөөлөрүнө мамлекеттин жооп кайтаруусу, ал жарандардын даттанууларын жана арыздарын кабыл алуунун тездетилген жана натыйжалуу системасы жана аларды кароо, ошондой эле жарандардын петицияларына жооп кайтаруунун так механизминин болушу менен камсыз кылынат;

– мамлекеттин ийгилиги мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын системасынын болушу менен камсыз кылынат, алардын функциялары жана ыйгарым укуктары алардын ортосунда натыйжалуу ооздуктоо жана тең салмактуулук системанын болушу менен так жана кош маанисиз бөлүштүрүлөт жана бул функциялар жана ыйгарым укуктар ачык жана деталдуу жазылган жол-жоболорго ылайык жогорку квалификациялуу жана мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын жана саясатчылардын патриоттук корпусу тарабынан ишке ашырылат.
1   ...   4   5   6   7   8   9   10   11   ...   18


написать администратору сайта