Главная страница
Навигация по странице:

  • Өнүгүүнүн артыкчылыктуу багыттары

  • Натыйжалуу жана адилет башкаруу

  • Күчтүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу

  • Укуктун үстөмдүгү жана мыйзамдуулук

  • Өлкөнүн коопсуздугу

  • Прагматикалуу тышкы саясат

  • Өлкөнүн санариптик трансформациясы

  • Жарандык коомду өнүктүрүү

  • 20182040жылдары кыргыз республикасын НКТРНн улуттук стратегиясы


    Скачать 359.71 Kb.
    Название20182040жылдары кыргыз республикасын НКТРНн улуттук стратегиясы
    АнкорCycufc
    Дата08.09.2022
    Размер359.71 Kb.
    Формат файлаdocx
    Имя файлаc0708df3-f396-4bb5-943b-fe6d33f3d3ef.docx
    ТипДокументы
    #667512
    страница16 из 18
    1   ...   10   11   12   13   14   15   16   17   18

    Өнүгүү үчүн чөйрөнү түзүү



    7.1.-милдет. Чакан жана орто бизнестин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү
    Чакан жана орто бизнестин (МОБ) үлүшү 2023-жылга бүткүл өлкөнүн ИДПсынын 50% чейин жетет. Бул каржылоо программаларын кеңейтүү жана аларды кредиттөөнүн шарттарын жеңилдетүү, администрациялоо жана салык салуунун өзгөчө режимин түзүү, бизнеске маалыматтык жана консалтингдик, анын ичинде Кыргызстандын ЕАЭБ интеграциялоо шарттарында колдоо көрсөтүү жолу менен камсыз кылынат. Мамлекеттик финансылык институттар менен финансылык мекемелердин тармагы боюнча алдыдагы 5 жылда мамлекеттин катышуу үлүшү менен ЧОБ колдоого 15 млрд сом кошумча бөлүнөт. Бизнес ишине кийлигишүүнү минималдаштыруу үчүн мамлекеттик органдар тарабынан бизнес субъекттерин катталган учурдан тартып 3 жыл ичинде текшерүүгө мораторий жарыяланды.
    7.2.-милдет. Экономикалык саясатты түзүүдө бизнестин ролу
    Ишкерлик субъекттеринин алардын бузулган укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын калыбына келтирүү тууралуу көп сандаган кайрылууларды, ошондой эле инвестициялык жагымдуулукту жогорулатуу жана коррупцияга каршы күрөшүүнүн зарылдыгын эске алып, КР бизнес-омбудсмен институту түзүлөт. Ага үчүнчү жак (коомдук коргоочу) – байкоочу катары сот процесстерине катышуу мүмкүндүгү берилет. Мындан тышкары көз карандысыздык жылдарында калыптанган бизнес-ассоциациялардын потенциалын көңүлгө алуу менен мамлекеттик функциялардын бөлүгүн жетилген коомдук өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдарга өткөрүп берүү маселеси каралат.

    7.3.-милдет. Атаандаштык жана адилеттүү салык системасын түзүү
    Салык саясатында бизнестин түрүнө жана өлчөмүнө карабастан адилеттүү салык салууну түзүү боюнча чараларды иштеп чыгуу жана көрүү каралат. Ошону менен бирге бул чаралар экономиканын жалпы атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн камсыздоого мүмкүндүк берет. 2020-жылдан тартып салык жүктөмү социалдык чегерүүлөрдү кошкондо 20 пайыздан ашпайт. Салыктардын жалпы саны 2ге чейин – жүгүртүүдөн түшкөн салык жана кирешеден алынган салыкка кыскартылат. Бул бизнестин башка чечилүү зарыл болгон маселелерди чечүүгө шарт түзөт.
    7.4.-милдет. Капитал рыногун жана финансылык институттарды өнүктүрүү
    Кыргызстан капиталдын эркин кыймылы саясатын сактоосу зарыл. Бул чет элдик инвесторлор үчүн жагымдуу факторлордун бири болуп саналат. Банк системасында маанилүү кадамдардын бири коммерциялык банктардын капиталдашуусу, ошондой эле банк системасынын жана фонд рыногунун тыгызыраак интеграциясы болот. Муну менен катар калктын калың катмарынын көп түрдүү банк продукттарына жетүүсүн камсыздоо менен байланышкан милдеттер сакталат. Орто мөөнөттүү мезгилде экономикага банктык тереңдөөнүн деңгээли 55% жетет.
    7.5.-милдет. Мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү процессинин аяктоосу
    Мамлекеттин экономикага жана мамлекеттик секторду оптималдаштырууга экономикалык жактан негизсиз катышуусун кыскартуу боюнча курс өткөрүлөт. Ушуга байланыштуу менчиктештирүү механизмдери менен катар мамлекеттик жеке өнөктөштүк, инвестициялык ижара, мүлктү ишенимдүү башкаруу жана айрым функциялардын аутсорсинг механизмдери киргизилет. Мындан тышкары атаандаштыктын курчоосунда иштеген мамлекеттик компанияларда сатып алууларды жүргүзүү жол-жоболору рыноктук шарттарга шайкеш келтирилет. 2020-жылга карата мамлекет стратегиялык маанидеги объекттерден тышкары, чарбакер объекттерди рынокко толугу менен өткөрүп берет.
    7.6.-милдет. Мамлекеттик финансы системасын реформалоо
    Өнүгүүнү каржылоонун философиясын жана принциптерин “донордук” финансы ресурстарына жана ички мобилизациялоого жараша өзгөртүү биринчи багыт болот. Программалык бюджет төө жана бюджеттик пландоонун жана программалык ыкманы эске алуу менен аткаруу системасын өзгөртүү башка кадам болот.
    7.7.-милдет. Тышкы карызды башкаруу
    Мамлекеттин узак мөөнөттүү карыздык саясаты мамлекеттик тышкы карыздын туруктуулугун камсыздоого жана колдоого багытталат. Мамлекеттик карыздын түзүмүнө, анын ичинде портфелди диверсификациялоо зарылдыгына карата менен артыкчылыктар Өкмөттүн тобокелдиктерди жана карыздык портфелдин чыгымдарын үзгүлтүксүз талдоонун негизинде карыздарды башкаруу боюнча орто мөөнөттүү стратегиялар түзүлөт. Ички рыноктогу, анын ичинде ички финансы рыногун өнүктүрүүгө дем берүү максатында карыз алуу мүмкүнчүлүктөрүнө. өзгөчө көңүл бурулат. Ички карыз алуу инструменттеринин бюджеттин муктаждыктарын каржылоонун жеткиликтүү жана ишенимдүү булагы катары ролу жогорулайт.
    7.8-милдет. Энергияны генерациялоочу кубаттуулуктарды күчөтүү
    Азыркы генерациялоочу объекттерди кеңири реконструкциялоо жана модернизациялоо пландалууда жана 2023-жылга карата азыркы системаны 385 МВт кем эмес кубаттуулукка чейин көбөйтүү камсыз кылынат деп болжолдонуп жатат. Тактап айтканда, Ат-Башы, Үч-Курган ГЭСтерин реконструкциялоо аяктайт, Камбар-Ата 2 ГЭСинин экинчи агрегаты ишке киргизилет, Токтогул ГЭСин толук реабилитациялоо өткөрүлөт. Камбар-Ата ГЭС 1, Жогорку Нарын ГЭСтеринин каскады ж.б. ушул сыяктуу жаңы кубаттулуктарга инвестицияларды табуу жана тартуу боюнча иштер улантылат.

    Чакан жана орто гидроэнергетикага инвестицияларды тартуу боюнча иштер улантылат. Ушул максатта Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бардык зарыл болгон ачык-айкын жана туруктуу эрежелерди иштеп чыгат, анда баанын түзүлүшү, продукцияны сатып өткөрүүнүн механизмдери жана кепилдиктери, салык салуу жана башка чыгымдар тууралуу маселелер камтылат. Энергетикалык инфраструктура жана экспорттук потенциал өнүктүрүлөт, анын ичинде “CASA-1000” долбоорун ишке ашыруу улантылат, ал 2022-жылы иштей баштайт.
    7.9-милдет. Энергетиканы финансылык жактан чыңдоо
    Энергетикалык системанын мындан аркы туруктуу иштөөсү үчүн тарифтерди көбөйтүп, кайрадан карап чыгуу зарыл. Тарифтерди көбөйтүү этап-этабы менен, керектөөчүлөрдүн ар бир категориясына жараша болот. Буга удаа эле электр энергиясын жеңилдетип пайдалануучулардын чеги элдин жакыр катмарларына туура келген деңгээлге чейин төмөндөтүлөт. Ошол эле учурда социалдык коргоо жаатындагы мамлекеттик саясат жакыр адамдардын категориясы үчүн акчалай компенсацияны карайт. Тарифтик саясат менен катар эле техникалык жоготууларды төмөндөтүү боюнча катуу чаралар энергетика секторунун финансылык абалын жакшыртуунун негизги багыттарынын бири болуп калат, алар 2023-жылга карата 11,6 %га кыскарышы керек.
    7.10-милдет. Энергия жабдууларын жана энергия тармактарын жаңылоо жана модернизациялоо
    Энергетикалык жабдууларды, электр берүү линияларын, ысык суу берүүнүн тармактарын жаңылоо жана модернизациялоо энергетика тармагынын милдеттеринин бири болуп эсептелет. Фонддордун азаюсун эске алуу менен жылына жабдууларды жана тармактарды кеминде 1,5 %га жаңылап туруу үчүн шарттар түзүлөт. Ушуга байланыштуу энергетика системасынын ишинин ишенимдүүлүгү жана туруктуулугу 1,5 %га көбөйөт.

    7.11-милдет. Энергия натыйжалуу технологияларды модернизациялоо жана киргизүү
    Энергия натыйжалуулук жана энергияны үнөмдөө боюнча программалар кеңири киргизилет. Экономиканы жогорку натыйжалуу энергиялык технологияларга ылдам которуу үчүн алдыңкы компанияларга жана финансылык институттарга көмөк көрсөтүлөт. Биринчи кадам катары базалык инфраструктураны күтүү үчүн – жарык берүүгө, таштанды ташууга, суу берүүгө, канализацияга жооптуу болгон бардык муниципалдык ишканаларды технологиялык жактан жаңылоо боюнча кескин чаралар көрүлөт. Бул реформалар республикалык маанидеги эки шаарда – Бишкек жана Ош шаарларында башталат.
    7.12-милдет. Калыбына келүүчү энергиянын булактарын колдонууну кеңейтүү
    Энергия берүүнүн локалдуу системалары, күндүн, шамалдын, суунун, жер кыртышынын энергияларын колдонуу олуттуу энергетикалык көз карандысыздыкка жетүүгө өбөлгө болот. Пландалган долбоорлорду ишке ашыруу Кыргызстандын энергия системасын 5 жыл ичинде кеминде 10 %га же 385 МВт кубаттуулукка чейин көбөйтүүгө мүмкүндүк берет. Бул үчүн мамлекет технологиялык жабдууларды ташып кирүүгө абдан жагымдуу режимди, көлөмү, ошондой эле баасы жагынан алганда электр энергиясын сатып өткөрүүнүн кепилдигин камсыз кылат.
    7.13-милдет. Өлкөнү газ менен камсыз кылуу
    “Газпром Кыргызстан” ЖЧКсынын программасынын базасында 2023-жылга карата 90 миңден ашык турак жайды камтыган 60 калктуу конуш газ менен камсыз кылынат. Ушуга удаа эле Бишкек шаарын газ менен камсыз кылуу улантылат, 2021-жылга карата кеминде 20 жаңы конуш газ менен камсыз кылынат.


    7.14-милдет. Транспорттук-логистикалык мүмкүндүктөрдү кеңейтүү
    Транспорттук инфраструктуранын чөйрөсүндө элдин эркин жүрүүсү камсыз кылынат жана өлкө транспорттук туңгуюктан чыгарылат. Кыргызстан жүргүнчүлөрдү, товарларды жана жүктөрдү транзит кылуу үчүн коопсуз жана талаптагыдай коридорлору бар транзиттик өлкө болуп калышы керек. 2023-жылга чейин Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун участогун куруу боюнча макулдашууга жетишилет жана ал башталат. Эл аралык стандарттарга ылайык Торугарт-Нарын-Бишкек, Иркештам-Ош-Баткен-Исфана, Суусамыр-Талас-Тараз, Түп-Кеген, Арал-Суусамыр (Бишкек-Ош жана Түндүк-Түштүк бириктирүүчү автожолдор), Жалал-Абад-Маданият, Бишкек-Кара-Балта (Бишкек-Ош автожолунун участоктору) трансулуттук автомагистралдардын айрым участокторун реабилитациялоо жана куруу жүргүзүлөт.

    Түндүк-Түштүк альтернативдик автомобилдик жолду (Балыкчы-Жалал-Абад), Бишкек, Ош жана Өзгөн шаарларынын айланып өтмө жолдорун куруу аяктайт. Ушул чараларга байланыштуу жердеги транспорт менен жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуунун агымы көбөйөт. “Жашыл коридор” принциби боюнча трансулуттук магистралдар аркылуу эркин жүрүүнүн режимдери жана коңшу өлкөлөр, биринчи кезекте Казакстан, Кытай, Өзбекстан менен транзитти жөнгө салуунун жөнөкөйлөштүрүлгөн формалары камсыз кылынат.
    7.15-милдет. Авиабайланыштардын борбору катары потенциалды өнүктүрүү
    2023-жылы Кыргызстан Борбордук Азиядагы башкы авиациялык хабдардын бири болуп калат. Бул “эркин аба мейкиндигинин” бешинчи даражасын киргизүү жана жарандык авиацияны өнүктүрүү боюнча улуттук программаны кайра карап чыгуу аркылуу ишке ашат. Туристтик тармакты өнүктүрүү боюнча улуттук программа менен синергияны эске алуу, авиакомпанияларды “кара тизмеден” чыгаруу жана “Манас” жана “Ош” аэропортторунун инфраструктурасын модернизациялоо аркылуу боюнча чараларды көрүү зарыл.
    Бул чөйрөдөгү эл аралык деңгээлде таанылган инвесторлорду тартуу, аэронавигациялык инфраструктураны жана анын кызматтарын модернизациялоо, аларды эл аралык талаптарга ылайык келтирүү керек. Бардык авиаишканаларда ИКАОнун эл аралык стандарттарын киргизүү, сапаттын менеджментинин системасы жана учуулардын коопсуздугун башкаруу системасы жаатындагы натыйжалуулуктун негизги көрсөткүчтөрүн көтөрүү зарыл. Ушуга байланыштуу алдыдагы 5 жылда өлкөнүн бардык аэропортторунда жүргүнчүлөрдүн жана жүктөрдүн агымы тиешелүү түрдө 40 %га жана 30 %га көбөйөт.
    7.16-милдет. Таза суу менен толук камсыз кылуу, суу агызуу системаларын куруу жана реабилитациялоо
    Региондук саясаттын приоритети болуп элдин турмуш шартын жакшырткан калктуу конуштардын инфраструктурасын жакшыртуу эсептелет. Маанилүү милдеттердин бири – 653 айылда суу берүү системасын куруу жана реабилитациялоо, анын ичинде 26 райондук борбордо жана 22 шаарда суу берүүнүн жана суу агызуунун системаларын куруу жана реабилитациялоо. Алардын ичинде 588 айылда жана 22 шаарда 636,23 млн. АКШ доллары өлчөмүндөгү тышкы инвестициялардын эсебинен, 65 айылда республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт. Мамлекет таза сууну өлкөнүн калктуу конуштарынын 95 %ына чейин жеткирет. Айыл жергесиндеги 2,0 миллиондон ашык адам борбордоштурулган суу берүүнү алышат.

    Кадимки инфраструктураны куруу жана реабилитациялоо, суу берүүнү башкаруу жана жөнгө салуу системасын жакшыртуу, ошондой эле туруктуулукту камсыз кылган оптималдуу финансы моделин издөө саясаттын негизги багыттары болуп калат.2023-жылга карата 7 облустук жана 26 райондук борбордо суу агызуунун системаларын куруу жана реабилитациялоо боюнча иштер жүргүзүлөт. Ошол эле учурда курчап турган чөйрө үчүн коопсуздуктун максималдуу деңгээлин камсыз кылган заманбап технологиялар колдонулат.

    7.17-милдет. Жашыл өсүмдүктөрдүн аянтын кеңейтүү
    Кыргызстанды “СО2 терс эмиссиясы бар” жана региондогу абдан “жашыл” өлкө катары беделин түзүү боюнча чараларды көрүү жана ага жетишүү максатка ылайыктуу болуп эсептелет. Бул максатта иш-чаралардын эки чоң блогу ишке ашырылат. Биринчиси өлкөнүн бардык экономикалык субъекттеринин жана жарандарынын СО2 чыгаруусун түздөн-түз азайтууга байланышкан. Экинчиси, бул улуттук идея болуп калат – тоодогу токойлорду калыбына келтирүү жана кеңейтүү боюнча программа, алардын үлүшү 2023-жылы өлкөнүн бардык аймагы боюнча 5,6 %дан 6 %га чейин көбөйөт.
    7.18-милдет. Калдык сактоочу жайларды консервациялоо жана коопсуздукту камсыз кылуу
    Табигый уранды казып алуу жана кайра иштетүү боюнча өндүрүштүн таасири тийген аймактарды (33 калдык сактоочу жайды, 25 кендин калдыктары калган жерди, биринчи кезекте Миң-Куш жана Кажы-Сай калдык сактоочу жайларын) рекультивациялоо жүргүзүлөт. Радиациялык коопсуздукту камсыз кылуунун улуттук системасы түзүлөт.
    7.19-милдет. Суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу
    Бардык деңгээлде суу ресурстарын комплекстүү башкаруу, зарыл болсо трансчек аралык кызматташтыктын жана өлкөдөн суу ресурстарын бассейндик башкаруунун системасын өнүктүрүүнүн негизинде киргизилет. Суу пайдалануунун коэффициентин олуттуу көтөргөн суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануунун технологиялары киргизилет, буга суу сактагычтардын, суткалык жана декадалык жөнгө салуу бассейндеринин мүмкүнчүлүктөрүн активдүү колдонуу кирет. Кыргызстандын мөңгүлөрүн жана тоодогу көлдөрүн сактоо боюнча программаны ишке ашыруу – бул келечек муундар алдындагы биздин инвестициябыз жана жоопкерчилигибиз.
    7.20-милдет. Таштандыларды утилдештирүү жана кайра иштетүү боюнча инфраструктураны өнүктүрүү
    Өлкөнүн ири шаарларында таштандыларды утилдештирүү жана кайра иштетүү боюнча алдыңкы тажрыйба колдонулат. Адам жана курчап турган чөйрө үчүн минималдуу тобокелдикти камсыз кылган технологиялар боюнча таштанды полигондорун түзүүгө басым жасалат.
    7.21-милдет. Административдик-аймактык реформаны жүргүзүү
    Административдик-аймактык реформа жасалат, анда башкаруу вертикалынын ортоңку звенолорунун бирин жоюу, өнүгүүнүн бирдиктүү планы боюнча аймактарды социалдык-экономикалык интеграциялоо, аймактарды өнүктүрүүнү башкаруунун жаңы принциптерин киргизүү, өнүгүүнү жана турмуш-тиричиликти каржылоону пландоо жана өнүгүүнүн локалдуу программаларын түзүү сыяктуу жаңы принциптерге таянып айылдык округдарды ирилештирүү каралган. Бул идеяны ишке ашыруу үчүн мамлекеттик жумушчу комиссия түзүлөт, ал бийликтин бардык бутактарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнөн, көз карандысыз эксперттерден турат. Бардык коркунучтар жана тобокелдиктер талдоого алынат, мурдатан бери чечилбей келген маселелерди чечүүнүн кыйла оптималдуу жолдору иштелип чыгат.
    7.22-милдет. Негизги шаарлардын башкы пландарын иштеп чыгуу

    2023-жылга рыноктук экономикалык мамилелерге жана заманбап чакырыктарга шайкеш келген өсүш орундары болгон 20 шаардын башкы пландары иштелип чыгат жана бекитилет. Бул шаарлардын ар бири деталдуу пландоо пландары; инженердик-транспорттук инфраструктуранын перспективалуу пландары; аймактардын турак-жай, социалдык-маданий, коммуналдык-тиричиликтик чөйрөсүн өнүктүрүүнүн перспективалуу пландары менен бекемделген башкы өнүгүү планына ээ болот. Шаарларды өнүктүрүүнү пландоонун көрсөтүлгөн бардык элементтери шаарларды экономикалык адистештирүү, географиялык жана маданий-тарыхый өзгөчөлүктөрү менен тыгыз байланыштырылат.
    7.23.-милдет. Региондордун мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө жетүүлөрүн камсыздоо
    Жакынкы 3 жылда ар бир облустук, кийин ири райондук борборлордо «Калкты тейлөө борлорлору» ишке кирет, алар бир жумуш күнүнүн ичинде мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды алууга мүмкүндүк берет. 2023-жылга карата өлкөдө жаңы форматтагы 30га жакын калкты тейлөө борбору иштейт.
    7.24-милдет. Саламат шаарлар жана айылдар – саламат өлкө

    2023-жылга сергек жашоо мүнөзүн колдоо жана ооруларды алдын алуу, ошондой эле адамдын өзүнүн жана айланасындагылардын ден соолугун сактоого жана бекемдөөгө жоопкерчиликтүү мамилесин түзүү үчүн шарттар түзүлөт. Өзгөчө коомдук колдонуу жайларында, балдар арасында , аялдар жана жаштар арасында, «Түтүнсүз чөйрө» түзүлөт. Ден соолук жана саламаттык сактоонун кызмат көрсөтүүлөрү тууралуу маалымат порталы түзүлүүгө тийиш. Ден соолукту чыңдоо, активдүү жашоо мүнөзүн колдоо үчүн коомдук жана акысыз колдонуу жайлары уюшулат.

    ЕАЭБ шартында алкоголдук жана тамеки өнөр жайына карата фискалдык саясатты кайра кароо зарыл. Коомдук саламаттык сактоо системасы анын негизги функцияларын, материалдык-техникалык жабдылышын, профессионалдык кадрдык камсыздоону кайра кароонун эсебинен оптималдаштырылат жана күчөтүлөт. Кийин “Саламат шаарлардын” эл аралык жана глобалдык тармагына интеграциялоо менен дени сак шаарлардын жана муниципалитеттердин улуттук тармагы түзүлөт. Райондук мамлекеттик администрацияларда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүндө калктын коомдук саламаттыгын башкаруунун координациялык иши күчөтүлөт. Коомдук саламаттык маселелери калктын муктаждыктарын аныктоону баалоонун негизинде ЖӨБО социалдык-экономикалык өнүгүү пландарына милдеттүү түрдө киргизилүүгө тийиш. Калк үчүн «саламат жайлардын», «саламат шаарлардын», «саламат айылдардын» саны көбөйөт.
    7.25.-милдет. Аймактардын инфраструктуралык байланышы
    Кыргызстанда өлкөнүн аймактарынын байланыштуулугун камсыз кылган эл аралык жана республикалык маанидеги автомобиль жолдору гана сапаттуу болбошу керек. Өлкөнүн бардык региондору бири-бири менен үзгүлтүксүз транспорт коммуникациялары менен камсыз болууга тийиш. Төмөнкүлөр бир топ маанилүү долбоорлор болот: Түндүк – Түштүк жолдорун курууну аяктоо, Ысык-Көл көлүнүн айланасындагы алкактык жолду реабилитациялоо жана модернизациялоону ишке киргизүү. Ошону менен бирге мамлекет жыл сайын 550 км кем эмес ички автомобиль жолдорун оңдоо, ошондой эле 15тен кем эмес көпүрөнү куруу жана оңдоо жоопкерчилигин өзүнө алат. Ушунун эсебинен түштүк региондордон түндүккө карай жолдун аралыгы 300 км ашык аралыкка кыскарат. Беш жыл ичинде үзгүлтүксүз жүргүнчү каттамдар менен республиканын калктуу конуштарынын 95% камсыздалат.
    7.26.-милдет. Аймактарды өнүктүрүүнү ресурстук колдоо
    Региондорду, анын ичинде конкреттүү чек ара жанындагы аймактарды өнүктүрүүнү каржылоонун бирдиктүү мамлекеттик механизмин түзүү үчүн каражаттар каралат. Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду түзүлөт, фонддун уставдык капиталы өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттарын кошкондо 10 млн. АКШ доллары өлчөмүндө болот.

    • Өнүгүүнүн артыкчылыктуу багыттары



    8.1.-милдет. Өлкөнүн өнөр жайлык потенциалы
    Артыкчылыктуу багыттар катары жабдууларды өндүрүү жана майда машина куруу, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү жана тамак-аш азыктарын өндүрүү, тигүү тармагы, жаңы касиеттер менен курулуш материалдарынын индустриясы болот. Артыкчылыктуу багыттарды колдоо үчүн Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун, ошондой эле башка финансылык институттардын өзгөчө кредиттик линиялар бөлүнөт. Артыкчылыктуу тармактардын жана экономика секторлорунун продукцияларын экспорттоодо максималдуу көмөк көрсөтүү режими көрсөтүлөт.

    8.2.-милдет. Агро-өнөр жай комплексин өнүктүрүү
    Айыл чарбасында жана кайра иштетүүдө тарыхый жана жаратылыштык артыкчылыктарга таянуу менен төмөнкү класстерлерди өнүктүрүүгө өзгөчө басым жасалат: жүн жана трикотаж, бал өндүрүү, интенсивдүү багбанчылык, балык чарбасын өстүрүү. Муну менен катар ички камсыздоо жана тышкы өлкөнүн экспорттук потенциалын кеңейтүү жагынан алганда элиталык урук өстүрүү жана асыл тукум өстүрүүнү өнүктүрүү стратегиялык маселе болуп саналат. Ушул багыттарда зарыл болгон шарттар бар.

    Мамлекет тарабынан заманбап логистикалык борборлорду түзүү боюнча программа ишке ашырылат. Эл аралык деңгээлдеги борборлор төмөнкү даректерде жайгаштырылат: бири–өлкөнүн түштүгүндө («Түштүк»), экинчиси–өлкөнүн түндүгүндө («Түндүк»). Ошондой эле 2023-жылга ар бир региондун өзгөчөлүгүн эске алуу менен 7 региондук логистикалык борбор киргизилет. Финансылык колдоо мурдагыдай эле сакталат жана 3,3 млрд сомдон төмөн эмес деңгээлде өлкөнүн го-өнөр жай комплексин гана өнүктүрүү үчүн камсыздалат. Кооперацияны өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүлөт, бул максатта Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлери активдүү колдонулат, көп сандагы керектөөчүлөрү бар мекемелер үчүн айыл чарба продукцияларын кепилденген мамлекеттик сатып алуу системасы киргизилет, сырьену кайра иштетүүчүлөр менен жабдуучулардын кластердик өз ара аракеттенүүлөрүнө көмөк көрсөтүлөт.
    8.3.-милдет. Текстиль жана тигүү өнөр жайын колдоо
    «Легпром» Ассоциациясынын «Текстилдик жана тигүү өндүрүшү үчүн технополис» долбоорун ишке ашыруу үчүн Бишкекте 40,74 гектар аянтындагы жер участогу жана 3,7 га аянт 49 жылдык мөөнөткө ижарага берилди. 40тан ашуун ишкер бул долбоорду жүзөгө ашырат, 10 миңден ашуун жумуш орду түзүлөт.
    8.4.-милдет. Туризмди өнүктүрүү
    Бир нече геопарк ЮНЕСКО эгидасы менен түзүлгөн жана иштеген өзгөчө рекреациялык-туристтик аймактар түзүлөт. Бул багыт эл аралык туристтер арасында эң талап кылынуучу багыттардын бири. Каракол шаарынын базасында тоо лыжа жана Ош шаарынын базасында тарыхый-маданий адистешүү менен туристтик кластерлер киргизилет. Мамлекеттин ишинин башка багыттарынын алкагында туристтер үчүн бардык зарыл инфраструктура өнүгөт. Туристтердин коопсуздугун камсыз кылуу жана зарыл өзгөчө жардамдарды көрсөтүү боюнча иштер жүргүзүлөт. Беш жыл ичинде эл аралык туристтердин жыл сайын көлөмүнүн 5%га өсүүсү күтүлөт. Ички туризмди өнүктүрүү боюнча программа киргизилет.

    • Натыйжалуу жана адилет башкаруу



    9.1.-милдет. Башкаруу маданияты катары меритократияны киргизүү
    Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын кесипкөйлүгүнө жана натыйжалуулугуна негизделген меритократия маданияты катуу киргизилет. Мунун баары адилеттүү жана акыйкат тандоого ээ рынок, алдыга жылуу, кесипкөй кадрлардын туруктуулугун институционалдык бекемдөө менен жогорку мотивациянын объективдүү системасын киргизүү жана “карьералык лифтти” түзүү менен коштолууга тийиш. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматта өлкөнүн эң мыкты кадрлары иштөөгө жана азыркыдан эки эсе көп алууга тийиш. Натыйжалуу иштеп жаткан «Улуттук кадрлар резерви» киргизилүүгө тийиш, анын негизги функциясы болуп кыйла кесипкөй жана таланттуу кадрларды колдоо жана жылдыруу болот.


    9.2.-милдет. Мобилдүү жана компактуу мамлекеттик аппарат
    2020-жылга министрликтердин, ведомстволордун, мамлекеттик кызматчылардын саны олуттуу, анын ичинде жаңы технологияларды киргизүүнүн эсебинен кыскарат. Өкмөт компакттуу, кыйла ачык-айкын болот, кесипкөй жана жаш кадрлардан түзүлөт. Мамлекеттик башкаруу системасынын ишинин негизги принциптери болуп жалпы ачык-айкындык жана натыйжалуулук саналат. Мамлекеттин ролу акырындап учурдагы басым кылуучу кызматтардын провайдеринен жөнгө салуучуга өтөт, ал саясатты, ченемдерди жана алкактарды иштеп чыгат, кадрларды даярдайт жана кызматтарды керектөөчүлөрдүн укуктарын коргойт. Үч жылдан кийин мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр убакыттын реалдуу режиминде алуу мүмкүндүгү менен санарип форматта көрсөтүлөт.
    10.1.-милдет. Шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн жогорулатуу
    Алдыдагы 2020-жылдагы парламенттик шайлоолорго инклюзивдүүлүккө багытталган комплекстүү чаралардын натыйжасында шайлоого КР жарандарын кеңири камтуу жана катышуусу камсыздалат. Өлкөнүн жарандарынын эсебин жакшыртуу, чет өлкөлөрдөгү мекендештерди тартуу жана шайлоо процесстеринин алкагында конституциялык укуктары жөнүндө маалымдоо. Шайлоо мезгилинде тиешелүү инфраструктура менен камсыздоо боюнча иштер жүргүзүлөт. Ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүү пландалууда.
    10.2.-милдет. Атаандаштык шайлоо механизмдерин өркүндөтүү
    Шайлоо процессинин бардык катышуучулары үчүн анын бардык стадияларында бирдей укуктар камсыз кылынат. Аны менен катар анык эмес жана жалган маалыматтарды таратууга жол бербөө тууралуу мыйзамдар күчөтүлөт. Коомдун талаптарына ылайык шайлоо процесстерине катышкан талапкерлердин бардык категорияларына талаптар күчөтүлөт. Шайлоо алдындагы программалардын маанисин жана алардын аткарылышы үчүн жоопкерчиликти күчөтүүдө зарылчылык болот.
    10.3.-милдет. Парламентаризмди мындан ары өнүктүрүү
    2040-жылга толугу менен парламенттик демократияны куруу стратегиялык багыт болуп эсептелет. Кыргызстан оз жолун тандады. Бул максаттарда парламенттик типтеги саясий партияларды жарандардын кызыкчылыктарын билдирүү жана саясий жактан ишке ашыруу институту жана бийликтин өкүлчүлүк органдарын түзүү институттары катары өнүктүрүү боюнча олуттуу иш турат. Муну менен катар саясий институттарга алардын ачык-айкындыгы, шайлоо мыйзамдарын сактоо боюнча алардын жоопкерчиликтери, шайлоочуларды сатып алууга байланышкан коррупциялык схемаларга жол бербөө боюнча талаптар күчөтүлүүгө тийиш. Партияларды өлкөнүн жарандары добуш берген талапкерлердин тизмелерин карманууну милдеттендирген жоболор киргизилет.
    10.4-милдет. Шайлоолорду уюштурууну жана инфраструктураны уюштуруу жол-жоболорун жакшыртуу
    Мыйзамдын туруктуулугу жана унификациялоо маанилүү элемент болуп калат. Шайлоо өткөнгө чейин бир жыл калганда шайлоо жөнүндө мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө болбой тургандыгы тууралуу принцип камсыз кылынат жана тиешелүү ченемдик укуктук актылар аркылуу ишке ашырылат. Шайлоолорду уюштуруунун жана өткөрүүнүн инфраструктурасын материалдык-техникалык жабдуу боюнча мамлекеттик колдоо көрсөтүлөт. Шайлоону уюштурууга катышкан бардык шайлоо комиссияларынын жана байкоочуларынын потенциалы көтөрүлөт.


    • Күчтүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу


    11.1-милдет. Өз ара аракеттенүү жана ыйгарым укуктар менен жоопкерчиликти бөлүштүрүү
    Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы функцияларды жана ыйгарым укуктарды так бөлүштүрүү биринчи элемент болуп калат. Кийинки кадам – жергиликтүү өз алдынча башкарууну жөнгө салган мыйзамдарды күчөтүү, анын ичинде тармактык мыйзамдардын алкагы менен салыштырып күчөтүү болот.

    Улуттук пландоонун системасын өзгөртүү үчүнчү кадам болуп калат жана конкреттүү аймактарды мейкиндикте өнүктүрүүгө таянуу принциби камсыз кылынууга тийиш.
    11.2-милдет. Региондорду башкарууну финансылык жактан борбордон ажыратуу
    Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун деңгээлинде бюджеттик саясат калдык принциби боюнча эмес, элдин муктаждыктарын камсыз кылуунун зарылдыгына негизделет. Өнүгүү бюджетинин бар болушу натыйжалуу бюджеттик процесстин негизги мүнөздөмөсү болот.

    Тиешелүү башкаруу органдарына жүктөлгөн функцияларга ылайык республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин ортосунда кирешелерди бөлүштүрүү системасы өзгөрөт. Жергиликтүү бюджеттердин кирешелерин адилеттүү, түшүнүктүү жана натыйжалуу кылып теңдөөнү камсыз кылуу максатында теңдөөчү гранттарды эсептөөнүн методикасы кайра каралат. Жергиликтүү бюджеттердин аткарылышын пландоонун жана аткаруунун процесстерин маалыматташтыруу жана автоматташтыруу бюджеттер аралык мамилелердин натыйжалуулугуна таасирин тийгизүүчү маанилүү милдет болуп эсептелет.


    • Укуктун үстөмдүгү жана мыйзамдуулук


    12.1-милдет. Сот системасынын ачыктыгы жана отчеттуулугу
    Жарандардын жана бизнестин сот системасына ишенимди көтөрүү максатында 2023-жылга карата системанын ачык-айкындыгы жана отчеттуулугу ишке ашырылат. Бул бардык инстанциядагы судья боюнча статистикалык маалыматтардын, экономикалык иштердин бардык материалдарынын (мыйзамда коргологон сырды камтыбаса) коомго жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, коомдук мааниге ээ болгон сот системасынын токтомдорунун долбоорлорун жана башка чечимдерин жарыялоо жолу менен ишке ашырылат. Сот жыйналыштарын онлайн трансляциялоо судьялардын чечимдерин калыс кылат жана бийликтин сот бутагына элдин ишенимин көтөрөт.
    12.2-милдет. Инсандын жана жеке менчиктин кол тийбестиги
    Судьялар адамдын жана жарандын укуктарын камсыз кылуу менен инсандын эркиндигин мамлекеттик органдардын, биринчи кезекте укук коргоо органдарынын мүмкүн болуучу өзүм билемдигинен коргошу керек. Бул үчүн Habeascorpusact менен окшош “Инсандын эркиндиги (кол тийбестиги) жөнүндө” конституциялык мыйзамды кабыл алуу зарыл.
    12.3-милдет. Адистештирилген сотторду киргизүү
    2023-жылга карата соттук иштердин кароонун сапатын жогорулатуу, жеткиликтүүлүгүн жана тездигин камсыз кылуу максатына адистештирилген – административдик, ювеналдык, инвестициялык ж.б. соттор уюштурулат. 5-6 жылдын аралыгында өлкө соттордун адистешүүсү принцибине толугу менен өтүшү пландалууда. Ошону менен бирге ага удаа бардык кадрдык жана инфраструктуралык ресурстарды даярдоо зарыл, ошондой эле ченемдик укуктук базаны кайра кароо керек.
    12.4-милдет. Соттон тышкаркы жана сотко чейинки процесстердин механизмдерин кеңейтүү
    Соттук системасынын жүктөмүнүн кыйла азайышына медиация институттарын өнүктүрүү кирет. Ал судьялардын жүктөмүн азайтууну шарттайт. Соттор үй-бүлөлүк жана эмгектик талаш-тартыштар менен байланыштуу гана кылмыш иштерин карайт, ал эми чарбалык жана экономикалык мүнөздөгү калган талаш-тартыштар кеңешүүчү органдарга (арбитраждарга) берилет, ошондой эле бейтарап сотторду өнүктүрүү зарыл, алардын корутундулары боюнча иштерди жалпы юрисдикциядагы соттор карай алышат.


    12.5-милдет. Чечимдердин аткарылышынын натыйжалуулугун жогорулатуу
    Соттук чечимдерди аткаруу көп жылдар бою өтө төмөн деңгээлде калууда. Ушуга байланыштуу жеке соттук аткаруучулар институтун киргизүү пландалууда. Жеке нотариустарга окшош жеке соттук аткаруучулар институтун киргизүү ушул шарттарда логикалуу жана натыйжалуу чечимдей көрүнөт. Соттук аткаруучулардын арасындагы атаандаштык соттук чечимдерди аткаруунун тездигин жана сапатын кыйла жогорулатат. 2023-жылга карата чечимдерди аткаруунун 50%дан ашыгы жеке соттук аткаруучуларга туура келет.
    12.6-милдет. Соттук системаны автоматташтыруу
    Соттун автоматташтырылган маалыматтык системасы ишке киргизилет. Сотко жарандык, экономикалык жана административдик иштер үчүн электрондук түрдө доо арыздарын берүүнүн, даттанууларды электрондук формада берүүнүн, документтердин көчүрмөлөрүн алуунун жана иштин материалдары менен таанышуунун жөнөкөйлөштүрүлгөн жол-жоболору киргизилет. Соттук актылардын мамлекеттик реестри түзүлөт, ага сот системасынын санариптештирилген архивдери кирет. Кылмыштардын жана жоруктардын (КЖБР) жана жазанын (ЖБР) бирдиктүү реестри (укуктук статистиканы кармоочу катары КР Башкы прокуратурасында) түзүлөт. Соттордо аудио жана видео жазуу аркылуу соттук процесстерди фиксациялоо үчүн техникалык каражаттар киргизилет. Ушуларды ишке ашыруу үчүн системанын бардык катышуучулары бир улуттук тармакка интегрирленет жана санариптик инфраструктураны жаңылоо камсыз кылынат.


    • Өлкөнүн коопсуздугу


    13.1-милдет. Коррупциянын түп-тамырынан жоюу
    Коррупцияга каршы жана коррупциогендик негиздерди жок кылуу боюнча күрөш жигердүү уланат. Коррупция менен байланышкан кылмыштар үчүн жаза мыйзам менен катууланат, алар оор мамлекеттик кылмыштарга таандык кылынат жана эң катуу жазаланат. Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун гана эмес, ошондой эле негизги мамлекеттик чечимдерди кабыл алуунун бүткүл процессин антикоррупциялык талдоо жүргүзүү үчүн антикоррупциялык экспертизалоо системасын киргизүү кийинки багыт болот. Мамлекеттик кызматчылар жыл сайын берүүчү декларациялардагы маалыматты текшерүүнүн натыйжалуу механизми мамлекеттик кызматчылардын мүлкү боюнча маалыматты ачуу жолу менен (аларга карата банктык, салыктык, бажы купуясын кошпогондо) киргизилет. Бул маалыматтар жалпыга жеткиликтүү болушу керек. Бул чаралар менен Кыргызстан 2023-жылга карата Transparency International индекси боюнча 50 өлкөнүн катарына кирет.
    13.2-милдет. “Коопсуз жол” долбоорун ишке ашыруу
    2023-жылга карата жол кыймылынын катышуучуларынын коопсуздугу жогорулайт, өлүм жана ЖТК натыйжасында жол-транспорттук травматизмдин деңгээли эки эсе кыскарат. Чаралардын комплекси шаарларда жана негизги автомобиль трассаларында жол инфраструктурасын ыңгайга келтирүү, республикалык жана облустук деңгээлдеги шаарларда “Коопсуз шаар” долбоорун ишке киргизүү, тийиштүү укук коргоо кызматтарынын реформалоо жана алардын ишмердигинин негизин алдын-алууга, жол-транспорт кыймылынын бардык катышуучуларынын маданиятын жана даярдык деңгээлин жогорулатууга буруу.

    13.3-милдет. Радикализмдин жана экстремизмдин таркалышын алдын-алуу
    Улуттук коопсуздукка ички коркунучту түзгөн факторлордун категориясына азыркы учурда калктын маданий-билим жана интеллектуалдык потенциалынын төмөндөшүнөн улам республикадагы диний кырдаал коомдун жашоо-турмушунун айрым чөйрөлөрүнө чет өлкөлүк салттуу эмес диний агымдардын таасиринин кайсы-бир деңгээлде күчөшү менен мүнөздөлөт. Коомдо туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылуу үчүн медиа-ресурстарды колдонуу менен комплекстүү системалуу маалыматтык-түшүндүрүү иш жүргүзүлөт, жамааттарда, жогорку окуу жайларда, коомдук билим берүү мекемелерде, ошондой эле мамлекеттик-муниципалдык кызматчылардын, укук коргоо органдарынын, дин кызматчыларынын, алыскы же “жабык” аймактык жамааттарда жашаган жана коомдук иш-чараларга жеткиликтүүлүгү чектелүү калктын аярлуу катмарынын, тактап айтканда жаштардын жана аялдардын арасында радикалдык идеологияларды болтурбоо максатында өлкөнүн диндеринин салттуу баалуулуктары илгерилетилет.
    13.4-милдет. Армияны модернизациялоо
    Мамлекет Куралдуу Күчтөрдү уюштуруучулук жактан түзүлүшүн кошуундарды жана бөлүктөрдү курал-жарактын жана күжүрмөн техниканын жаңы түрлөрү менен кайра куралдандыруунун жана жаңы (модернизацияланган) негизги үлгүлөрдүн үлүшүн 20-30%га күтүүнүн эсебинен аскерлердин күжүрмөн даярдыгын жогорулатуу жолу камсыз кылат. Мамлекет жаштарда патриотизмге тарбиялоо жагына жана анын ролуна өзгөчө көңүл бурат. Жарандарды аскердик-патриоттук тарбиялоонун (мектепке чейинки мекемелерден тартып) жана тийиштүү социалдык кепилдиктери, милдеттенмелери жана жарандарга талаптары менен калкты аскердик даярдоонун бирдиктүү (өтмө) системасы түзүлөт. Мамлекеттин аймагын материалдык-техникалык жабдуу боюна региондордо иш улантылат. Кризистик кырдаалдарды алдын-алуу жана чечүү, ички коркунучтарды превентивдүү нейтралдаштыруу максатында кризистик кырдаалдарга интегрирленген чара көрүү системасы түзүлөт.


    • Прагматикалуу тышкы саясат


    14.1-милдет. Мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо
    Ынак коңшулук мамилелерге өзгөчө маани берүү менен жана коопсуздуктун туруктуулугун камсыз кылуу зарылчылыгын көңүлгө алып, кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоону жана демаркациялоону аяктоо боюнча иш жигердүү жүргүзүлөт, ошондой эле кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо маселеси илгерилетилет.
    14.2-милдет. Экономикалык дипломатияны чыңдоо
    Тышкы саясатта негизги артыкчылыктардын бири улуттук экономикалык кызыкчылыктарды коргоо жана экономикалык өнүгүүгө көмөк көрсөтүү болуп саналат. Көңүл чордонунда жеке жана эл аралык финансылык институттарынын инвестицияларын тартуу, эмгек мигранттарынын укуктарын жана таламдарын коргоо, эл аралык туристтерди тартуу, потенциалдуу сатуучу рыноктордун өлкөлөрүндө улуттук өндүрүүчүнү маалыматтык-консультациялык колдоо сыяктуу багыттар болот.
    14.3-милдет. Эл аралык позициясын билдирүү
    Кыргызстан өзүнүн тең салмактуу, ыраттуу жана калыс тышкы саясатынан улам эл аралык коомчулукта таанылат. Кайталангыс көп түрдүүлүгү, таза курчап турган чөйрөсү, коопсуз жана меймандос эли, жашоо үчүн ыңгайлуу шарты бар өз алдынча өлкө катары имиджи түзүлөт.
    14.4-милдет. Визалык мыйзамдарды жана жол-жоболорду оптималдаштыруу
    Кыргызстан визалык мыйзамдарды жана жол-жоболорду либералдаштыруу боюнча ишти улантат жана “Борбордук Азияга дарбаза” болот. Визасыз жүрүү режимине кирген өлкөлөрдүн тизмеси кеңейтилет, төмөнкү категориялар: Кыргызстанда окуган студенттер, улуттук бизнес менен иштиктүү экономикалык байланышы бар же өлкөдө экономикалык ишти пландаштырган бизнесмендер; жогорку квалификациялуу адистер жана инженерлер, ошондой эле илимий жана билим берүү чөйрөсүнүн өкүлдөрү үчүн бардык визалык жол-жоболор оптималдаштырылат.


    • Өлкөнүн санариптик трансформациясы


    15.1-милдет. Заманбап маалыматтык-коммуникациялык инфраструктураны түзүү
    Санариптик МКТ-инфраструктураны (телекоммуникациялык тармак, маалыматтарды иштеп чыгуу борбору, көмүскөдө катылуу технологиялар, маалыматтарга жана кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүк борборлору, санариптик платформалар), кеңири тилке байланышы, жарандардын бардык категориялары үчүн байланыш кызматынын жеткиликтүүлүгү, өзгөчө керектөөлөрү менен топту кошо алганда, жетүүдө санариптик ажырымдан арылуу, стандартташтыруу; шайкештик жана функционалдык айкашуу жана радиожыштык спектрин пайдаланууну башкаруу кошо алганда түзүү жана өнүктүрүү. Ар бир айылга чейин кеңири тилкелүү оптика-булалуу тармак жеткирилет, бири калбастан бардык социалдык обьекттер (ооруканалар, айыл өкмөттөрү, почта бөлүмдөрү ж.б.) тез ылдамдыктагы интернет тармагына жеткиликтүүлүгү болот.
    15.2-милдет. Ачык санариптик коомду түзүү
    Бүткүл өлкө боюнча санариптик мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жана жарандар жана бизнес үчүн муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр ишке киргизилет, ал өзүнө санариптик өкмөтү жана санариптик жергиликтүү өз алдынча башкарууну, санариптик парламентти жана санариптик сот адилеттик сиcтемасын камтыйт. Жер-жерлерде социалдык чөйрөдө – саламаттыкты сактоодо жана билим берүүдө санариптик кызмат көрсөтүлөт. Өзгөчө керектөөсү бар адамдар үчүн максималдуу инклюзивдүүлүктү камсыз кылуу пландалууда. Санариптик коммерция, санариптик финансы, санариптик айыл чарба менен байланышкан экономикалык долбоорлор ишке киргизилет. Мейкиндик маалыматтардын улуттук инфраструктурасын түзүү боюнча жана онлайн чөйрөдө жергиликтүү санариптик контентти өнүктүрүүнү дем берүү боюнча иш жүрөт.
    15.3-милдет. Потенциалды жана өнөктөштүктү жогорулатуу
    Адамдык жана институционалдык потенциалды түзүү жана маалымдарлыкты жогорулатуу – мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын, калктын, жарандык коомдун институттарынын, академиялык жана билим берүү мекемелеринин, бизнес жанга эксперттик коомчулуктун потенциалын жана маалымдарлык деңгээлин жогорулатуунун комплекстүү программаларын түзүү.

    Коюлган максаттарга максималдуу натыйжа менен жетүү жана бардык тартылган тараптардын кызыкчылыктарын эске алуу менен аракеттерди координациялоо максатында өнөктөштүктү – процесстин бардык катышуучулары (жарандык жана бизнес-коомчулук, академиялык жана илимий чөйрө, өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр ж.б.) менен өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү.


    • Жарандык коомду өнүктүрүү


    16.1-милдет. Жарандык сектор менен өнөктөштүк
    Жарандык коомдун институттарына максималдуу колдоо көрсөтүлөт, улуттук таламдарды козгогон чечимдерди иштеп чыгуу, кабыл алуу жана контролдоо процессине жарандар жана коомчулук үчүн жеткиликтүүлүк камсыз кылынат. Жарандык сектор чечимдерди кабыл алууда жана ишке ашырууда катышуу үчүн белгилүү-бир жоопкерчилик менен өнүктүрүү субъектиси катары каралат. Жарандык секторго жана коомчулукка башкаруунун бардык деңгээлдеринде, экология жана курчап турган чөйрө, ресурстарды бөлүштүрүү, келечекти түзүү сыяктуу маанилүү темалар боюнча стратегиялык маанилүү мамлекеттик чечимдерди кабыл алууда катышуу боюнча көп ыйгарым укуктар берилет. Ошондой эле мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун натыйжалуулугуна баа берүү, коррупциянын болушу жогору тобокелдиктеги зоналарга коомдук контролдоо жана аймактарды өз алдынча башкаруунун мүмкүнчүлүктөрү берилет.


    16.2-милдет. Кыргыз Республикасынын шайлоо жөнүндө 2018-2020 жылга мыйзамдарына жакшыртуу.
    Жарандык коомдун катышуусунда 2018-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын шайлоо жөнүндө мыйзамдарын өркүндөтүү стратегиясы иштелип чыкты, анын негизги максаты болуп КР жарандарынын шайлоого жана шайланууга өздөрүнүн конституциялык укуктарын жүзөгө ашырууларына жетүүлөрүн бирдей жана тоскоолдуктарсыз камсыз кылуу, ошондой эле жарандарга эркин жана аң сезимдүү эрк билдирүүлөрүнө шарттарды түзүү болуп саналат.

    1   ...   10   11   12   13   14   15   16   17   18


    написать администратору сайта