Главная страница
Навигация по странице:

  • 11,6 %га

  • 5300

  • 5005

  • 3230

  • 11,2 %га

  • 5451

  • 2150

  • 2680

  • 2700

  • 20182040жылдары кыргыз республикасын НКТРНн улуттук стратегиясы


    Скачать 359.71 Kb.
    Название20182040жылдары кыргыз республикасын НКТРНн улуттук стратегиясы
    АнкорCycufc
    Дата08.09.2022
    Размер359.71 Kb.
    Формат файлаdocx
    Имя файлаc0708df3-f396-4bb5-943b-fe6d33f3d3ef.docx
    ТипДокументы
    #667512
    страница17 из 18
    1   ...   10   11   12   13   14   15   16   17   18


    6.2 Региондук өнүктүрүүнүн практикалык кадамдары




    Бишкек шаары



    Шаар борбор катары шаардык турмуштун бардык заманбап стандарттарына жооп бериши керек. Транспорттук инфраструктураны жакшыртуу, турак-жай коммуналдык чарбаны, абаттоону жаңыртуу талап кылынат. Шаар таза, жашоо үчүн ыңгайлуу жана комфорттуу болууга тийиш. Жарандардын жана коноктордун социалдык жашоо-турмушунун көп түрдүүлүгүн кеңейтүү боюнча чаралар көрүлөт. Укук тартибин жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө маселе курч турат. Борбордун келечеги анын базасында эл аралык регионалдык финансылык жана логистикалык борборду түзүү менен байланышкан.


    • Шаардык тез медициналык жардам системасын модернизациялоо.

    • Үй-бүлөлүк медициналык 15 борборду модернизациялоо жана аларды заманбап жабдуулар менен жабдуу.

    • Жогорку деңгээлде кечиктирилгис жардам көрсөтүү үчүн заманбап жабдуулары менен көп профилдүү оорукананы модернизациялоо.

    • Бишкек шаарында Германия Өкмөтү финансылаган перинаталдык борборду куруу.

    • Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук госпиталынын нейрохирургиялык борборун куруу.

    • Кыргыз жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө борборун заманбап медициналык жабдуу менен жабдуу.

    • Медициналык тез жардамдын шаардык балдар клиникалык ооруканасынын хирургиялык корпусун куруу.

    • “Саламат шаар” долбоорун ишке киргизүү.

    • 25 жаңы аянтчаны, парктык зонаны түзүү жана акысыз колдонуу үчүн көчөдө машыгуучу жабдуулары менен жабдуу.

    • Кошумча мектепке чейинки мекемелерди куруу (курулушу) үчүн шарттар түзүлөт, ага болгон муктаждык 67 МЧМди түзөт.

    • “Келечектин мектеби” улуттук долбоорунун алкагында инновациялык мектепти иштетүү.

    • Заманбап стандарттар боюнча биргелешкен жалпы билим берүү мектебин куруу (Газпром).

    • Интернетке 2 жалпы билим берүү мектебин кошуу.

    • 13 балдардын интернат мекемесин аккредитациялоо.

    • Оор турмуштук жагдайда калган үй-бүлөлөргө жана балдарга социалдык жардам көрсөтүүнүн, жооптуу ата-энелердин, улгайган адамдардын, ДМЧАлардын, ДМЧА балдардын борборлорун ЖӨБОго өткөрүп берүү механизми аркылуу 15 жаңы конушта түзүү.

    • 4 754 үй-бүлө мамлекеттик ипотекалык кредиттөө программасынын алкагында турак жай шарттарын жакшыртууга мүмкүндүк алат.

    • Музыкалык жана жарык берүү жабдуулары жаңыланып, Ч. Айтматов атындагы Орус драма театрында оңдоо-реставрациялоо иштери жүрөт.

    • “Ак-Кула” ипподромун реконструкциялоо.

    • 2023-жылдын аягына карата энергия компанияларынын техникалык жоготууларын 11,6 %га чейин кыскартуу.

    • 15 жаңы конушка газ берүү жана 1 заманбап автогаз компрессордук станцияны ишке киргизүү.

    • Кошумча 4 млрд сом суммасына ЧОБду колдоонун атайын программасын бөлүү.

    • Шаардык суу агызуу системасын реабилитациялоо.

    • Жаңы технологиялар боюнча таштанды полигонун түзүү.

    • “Коопсуз шаар” долбоорун ишке киргизүү.

    • Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган жол инфраструктурасын жаңылоо.

    • Биметаллдык алюминий радиаторлорун чыгаруу боюнча завод.

    • Электромобилдерди жыйноо жана өндүрүү боюнча заводду куруу.



    Баткен облусу



    Негизги мамлекеттик инвестициялар сугат жана ирригациялык системаларды калыбына келтирүүгө жана курууга багытталууга тийиш. Ошондой эле транспорттук жана энергетикалык инфраструктураны курууга жана модернизациялоого салым кылынышы керек. Коңшулар менен чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча иштерди улантуу маанилүү.


    • 7 үй-бүлөлүк медицина борборун модернизациялоо жана аларды заманбап жабдуулар менен жабдуу.

    • Кечиктирилгис жардамды жогорку деңгээлде көрсөтүү үчүн көп профилдүү оорукананы заманбап жабдуу менен модернизациялоо.

    • 13 мектепке чейинки кошумча мекемелерге болгон муктаждыкты канааттандырууга багытталган курулуш иштерин колго алуу.

    • “Келечектин мектеби” улуттук долбоорунун алкагында инновациялык мектепти иштетүү.

    • Интернетке 153 мектепти кошуу.

    • Баткен шаарында “Газпром-балдарга” программасы боюнча ден соолукту чыңдоочу-дене тарбия комплексин куруу.

    • “Саламат шаар” долбоорун иштетүү.

    • 7 аянтчаны, парк зонасын түзүү жана акысыз пайдалануу үчүн көчөдө машыгуучу жабдууларды орнотуу.

    • 8 балдардын интернат мекемесин аккредитациялоо.

    • Оор турмуштук жагдайда калган үй-бүлөлөргө жана балдарга социалдык жардам көрсөтүүнүн, жооптуу ата-энелердин, улгайган адамдардын, ДМЧАлардын, ДМЧА балдардын 14 борборун ЖӨБОго өткөрүп берүү механизми аркылуу түзүү.

    • 257 үй-бүлө мамлекеттик ипотекалык кредиттөө программасынын алкагында турак жай шарттарын жакшыртууга мүмкүндүк алат.

    • 5300 гектар жаңы сугат жерди кошумча пайдаланууга берүү пландалууда.

    • Кошумча 800 млн сом суммасында ЧОБду колдоонун атайын программасын бөлүү.

    • 2023-жылдын аягына карата энергетика компанияларында техникалык жоготууларды 11,6 %га чейин кыскартуу.

    • 107 айылда таза суу берүүнүн системасын куруу жана реабилитациялоо.

    • Баткен, Кызыл-Кыя, Исфана, Сүлүктү шаарларында таза суу жана канализация системаларын куруу жана реабилитациялоо.

    • Тоодогу жаңы токой массивдерин отургузуу жана аянтын 12,06 миң га көбөйтүү.

    • Шаарлар үчүн башкы пландарды жана келечектүү пландарды даярдоо жана бекитүү.

    • Баткен жана Кызыл-Кыя шаарларында “Калкты тейлөө борборлорун” иштетүү.

    • Баткен шаарында “Коопсуз шаар” долбоорун иштетүү.

    • Баткен шаарында, ошондой эле Баткен-Ош автомагистралында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган жол инфраструктурасын жаңылоо.

    • Бир заманбап адистештирилген логистикалык борборду түзүү.


    Жалал-Абад облусу



    Мамлекеттик инвестициялар региондогу гидроэнергетикалык артыкчылыкты күчөтүүгө багытталууга тийиш. Облус энергетикалык флагман болуп эсептелет, ошондуктан буга өбөлгө түзүү керек. Чакан гидроэнергетикага инвестицияларды тартуу зарыл. Облуста башка мүмкүнчүлүктөр көп, ушуга байланыштуу жеке инвесторлорду тартуу үчүн өзгөчө шарттарды түзүү зарыл. Көпчүлүк облустар сыяктуу эле облустун башка региондор жана тышкы дүйнө менен транспорттук байланышын күчөтүү керек.


    • 16 үй-бүлөлүк медицина борборун модернизациялоо жана аларды заманбап жабдуулар менен жабдуу.

    • Кечиктирилгис жардамды жогорку деңгээлде көрсөтүү үчүн көп профилдүү оорукананы заманбап жабдуу менен модернизациялоо.

    • 11 мектепке чейинки кошумча мекемелерге болгон муктаждыкты канааттандырууга багытталган курулуш иштерин колго алуу.

    • “Келечектин мектеби” улуттук долбоорунун алкагында инновациялык мектепти иштетүү.

    • Интернетке 165 мектепти кошуу.

    • Баткен шаарында “Газпром-балдарга” программасы боюнча ден соолукту чыңдоочу-дене тарбия комплексин куруу.

    • 17 балдардын интернат мекемесин аккредитациялоо.

    • 2064 үй-бүлө мамлекеттик ипотекалык кредиттөө программасынын алкагында турак жай шарттарын жакшыртууга мүмкүндүк алат.

    • Жалал-Абад шаарында “Саламат шаар” долбоорун иштетүү.

    • 15 аянтчаны, парк зонасын түзүү жана акысыз пайдалануу үчүн көчөдө машыгуучу жабдууларды орнотуу.

    • Оор турмуштук жагдайда калган үй-бүлөлөргө жана балдарга социалдык жардам көрсөтүүнүн, жооптуу ата-энелердин, улгайган адамдардын, ДМЧАлардын, ДМЧА балдардын 25 борборун ЖӨБОго өткөрүп берүү механизми аркылуу айыл өкмөтүнүн деңгээлинде түзүү.

    • Жалал-Абад балдар психоневрологиялык социалдык мекемесинин базасында ДМЧ балдар үчүн Республикалык реабилитациялык борборду курууну аяктоо.

    • 5005 гектар жаңы сугат жерди кошумча пайдаланууга берүү пландалууда.

    • Кошумча 2,5 млрд сом суммасында ЧОБду колдоонун атайын программасын бөлүү.

    • Үч-Коргон жана Токтогул ГЭСтерин реконструкциялоо жана модернизациялоо.

    • Казарман ГЭСтеринин каскадын куруу.

    • Жаңы гидроэнергетикалык объекттерге инвестицияларды издөө жана тартуу.

    • 2023-жылдын аягына карата энергетика компанияларында техникалык жоготууларды 11,6 %га чейин кыскартуу.

    • 2 калктуу конушка газ берүү.

    • Иркештам-Ош-Бишкек, Жалал-Абад-Маданият трансулуттук автомагистралдарынын участокторун реабилитациялоо жана куруу.

    • 134 айылда таза суу берүүнүн системасын куруу жана реабилитациялоо.

    • Жалал-Абад, Токтогул, Майлуу-Суу, Кербен шаарларында таза суу жана канализация системаларын куруу жана реабилитациялоо.

    • Тоодогу жаңы токой массивдерин отургузуу жана аянтын 26,09 миң га көбөйтүү.

    • Жалал-Абад шаарында жаңы технологиялар боюнча таштанды полигонун түзүү.

    • Шаарлар үчүн башкы пландарды жана келечектүү пландарды даярдоо жана бекитүү.

    • Жалал-Абад жана Токтогул шаарларында “Калкты тейлөө борборлорун” иштетүү.

    • Жалал-Абад шаарында “Коопсуз шаар” долбоорун иштетүү.

    • Жалал-Абад шаарында, ошондой эле Бишкек-Ош автомагистралынын участогунда жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган жол инфраструктурасын жаңылоо.

    • Бир заманбап адистештирилген логистикалык борборду түзүү.

    • Таш-Көмүр шаарында металлургиялык кремнийди өндүрүү боюнча заводду иштетүү.

    • Тамак-аш тузун өндүрүү боюнча комплексти куруу.



    Ысык-Көл облусу



    Ысык-Көл облусунун адистешүүсү анын табигый-климаттык өзгөчөлүктөрү менен аныкталган. Облуста туристтик кластер катары өнүгүүгө басым коюлушу керек. Туристтер үчүн жагымдуулукту күчөтүү максатында транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү керек, биринчи кезекте алкактык автожолду, ошондой эле башка тейлөө инфраструктурасын өнүктүрүү зарыл. Ысык-Көлдүн кайталангыс биосфералык аймак экендигин эске алып, экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана аны сактоо боюнча негизги иштер жүрүшү керек.


    • Каракол шаарында медициналык тез жардам системасын модернизациялоо.

    • 8 үй-бүлөлүк медицина борборун модернизациялоо жана аларды заманбап жабдуулар менен жабдуу.

    • Кечиктирилгис жардамды жогорку деңгээлде көрсөтүү үчүн көп профилдүү оорукананы заманбап жабдуу менен модернизациялоо.

    • Каракол, Чолпон-Ата, Балыкчы шаарларында “Саламат шаар” долбоорун иштетүү.

    • 13 мектепке чейинки кошумча мекемелерге болгон муктаждыкты канааттандырууга багытталган курулуш иштерин колго алуу.

    • “Келечектин мектеби” улуттук долбоорунун алкагында инновациялык мектепти иштетүү.

    • Интернетке 37 мектепти кошуу.

    • 15 аянтчаны, парк зонасын түзүү жана акысыз пайдалануу үчүн көчөдө машыгуучу жабдууларды орнотуу.

    • Оор турмуштук жагдайда калган үй-бүлөлөргө жана балдарга социалдык жардам көрсөтүүнүн, жооптуу ата-энелердин, улгайган адамдардын, ДМЧАлардын, ДМЧА балдардын 20 борборун ЖӨБОго өткөрүп берүү механизми аркылуу айыл өкмөтүнүн деңгээлинде түзүү.

    • 9 балдардын интернат мекемесин аккредитациялоо.

    • 1190 үй-бүлө мамлекеттик ипотекалык кредиттөө программасынын алкагында турак жай шарттарын жакшыртууга мүмкүндүк алат.

    • Тарыхый эстеликтерди сактоо жана жаңылоо. Курманжан Датка атындагы Көчмөн цивилизация борборун өнүктүрүү.

    • 3230 гектар жаңы сугат жерди кошумча пайдаланууга берүү пландалууда.

    • Кошумча 1 млрд сом суммасында ЧОБду колдоонун атайын программасын бөлүү.

    • 2023-жылдын аягына карата энергетика компанияларында техникалык жоготууларды 11,2 %га чейин кыскартуу.

    • 41 айылда таза суу берүүнүн системасын куруу жана реабилитациялоо.

    • Балыкчы, Чолпон-Ата, Каракол шаарларында таза суу жана канализация системаларын куруу жана реабилитациялоо.

    • Тоодогу жаңы токой массивдерин отургузуу жана аянтын 10,58 миң га көбөйтүү.

    • Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында жаңы технологиялар боюнча таштанды полигонун түзүү.

    • “Ысык-Көл” аэропортун модернизациялоо.

    • Шаарлар үчүн башкы пландарды жана келечектүү пландарды даярдоо жана бекитүү.

    • Каракол жана Балыкчы шаарларында “Калкты тейлөө борборлорун” иштетүү.

    • Каракол, Чолпон-Ата жана Балыкчы шаарларында “Коопсуз шаар” долбоорун иштетүү.

    • Каракол, Чолпон-Ата, Балыкчы шаарларында, ошондой эле Бишкек-Каракол маршруту боюнча автомагистралында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган жол инфраструктурасын жаңылоо.

    • Бир заманбап адистештирилген логистикалык борборду түзүү.

    • Каракол шаарындагы борбору менен адистештирилген тоо-лыжа туристтик кластерин түзүү.

    • Балыкчы шаарында эт иштетүүчү ишкананы куруу.







    Нарын облусу



    Транспорттук магистралдарды: автомобиль жана темир жолдорун өнүктүрүү стратегиялык жактан маанилүү. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун курууну баштоо келечекте континенттин товардык агымдарын аныктайт жана өлкөнүн бардык региондору үчүн өнүгүүгө түрткү берет. Облуста гидроэнергетика, мал чарбасы жана кайра иштетүү чөйрөсүндөгү инвестициялык долбоорлорду баштоого түрткү берүү максатка ылайыктуу болуп эсептелет.


    • 5 үй-бүлөлүк медицина борборун модернизациялоо жана аларды заманбап жабдуулар менен жабдуу.

    • Кечиктирилгис жардамды жогорку деңгээлде көрсөтүү үчүн көп профилдүү оорукананы заманбап жабдуу менен модернизациялоо.

    • Нарын шаарында “Саламат шаар” долбоорун иштетүү.

    • 5 мектепке чейинки кошумча мекемелерге болгон муктаждыкты канааттандырууга багытталган курулуш иштерин колго алуу.

    • “Келечектин мектеби” улуттук долбоорунун алкагында инновациялык мектепти иштетүү.

    • Интернетке 59 мектепти кошуу.

    • Нарын шаарында “Газпром-балдарга” программасы боюнча ден соолукту чыңдоочу-дене тарбия комплексин куруу.

    • 7 аянтчаны, парк зонасын түзүү жана акысыз пайдалануу үчүн көчөдө машыгуучу жабдууларды орнотуу.

    • Оор турмуштук жагдайда калган үй-бүлөлөргө жана балдарга социалдык жардам көрсөтүүнүн, жооптуу ата-энелердин, улгайган адамдардын, ДМЧАлардын, ДМЧА балдардын 15 борборун ЖӨБОго өткөрүп берүү механизми аркылуу айыл өкмөтүнүн деңгээлинде түзүү.

    • 3 балдардын интернат мекемесин аккредитациялоо.

    • 590 үй-бүлө мамлекеттик ипотекалык кредиттөө программасынын алкагында турак жай шарттарын жакшыртууга мүмкүндүк алат.

    • “Таш-Рабат” тарыхый эстелигин калыбына келтирүү жана жаңылоо, жаңы заманбап “Кийиз музейин” түзүү.

    • 5451 гектар жаңы сугат жерди кошумча пайдаланууга берүү пландалууда.

    • Кошумча 600 млн сом суммасында ЧОБду колдоонун атайын программасын бөлүү.

    • Ат-Башы ГЭСин реконструкциялоо жана модернизациялоо.

    • Жаңы гидроэнергетикалык объекттерге инвестицияларды издөө жана тартуу.

    • 2023-жылдын аягына карата энергетика компанияларында техникалык жоготууларды 11,2 %га чейин кыскартуу.

    • Торугарт-Нарын-Бишкек трансулуттук автомагистралынын участогун реабилитациялоо жана куруу.

    • Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун курууну баштоо.

    • 42 айылда таза суу берүүнүн системасын куруу жана реабилитациялоо.

    • Нарын шаарында таза суу жана канализация системаларын куруу жана реабилитациялоо.

    • Тоодогу жаңы токой массивдерин отургузуу жана аянтын 10,14 миң га көбөйтүү.

    • Нарын шаарында жаңы технологиялар боюнча таштанды полигонун түзүү.

    • Шаарлар үчүн башкы пландарды жана келечектүү пландарды даярдоо жана бекитүү.

    • Нарын жана Кочкор шаарларында “Калкты тейлөө борборлорун” иштетүү.

    • Нарын шаарында “Коопсуз шаар” долбоорун иштетүү.

    • Нарын жана Кочкор шаарларында, ошондой эле Бишкек-Торугарт маршруту боюнча автомагистралында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган жол инфраструктурасын жаңылоо.

    • Бир заманбап адистештирилген логистикалык борборду түзүү.

    • Сүттү кайра иштетүү боюнча заводду куруу.






    Ош шаары жана Ош облусу



    Ош шаары Фергана өрөөнүнүн региондук борбору боло турган потенциалы бар. Бул үчүн ири объекттерди: алкактык жолду, Ош шаарынын аэропортун, региондук билим берүү жана медициналык борборлорду курууга жана модернизациялоого инвестицияларды тартуу талап кылынат. Облус транзиттик жолдун бир бөлүгү болуп эсептелет, ошондуктан транспорттук инфраструктураны модернизациялоого жана калыбына келтирүүгө каражаттар табылышы керек.


    • Ош шаарында медициналык тез жардамдын системасын модернизациялоо.

    • 21 үй-бүлөлүк медицина борборун модернизациялоо жана аларды заманбап жабдуулар менен жабдуу.

    • Кечиктирилгис жардамды жогорку деңгээлде көрсөтүү үчүн көп профилдүү оорукананы заманбап жабдуу менен модернизациялоо.

    • Ош шаарында “Саламат шаар” долбоорун иштетүү.

    • 31 мектепке чейинки кошумча мекемелерге болгон муктаждыкты канааттандырууга багытталган курулуш иштерин колго алуу.

    • “Келечектин мектеби” улуттук долбоорунун алкагында инновациялык мектепти иштетүү.

    • Интернетке 195 мектепти кошуу.

    • Ош шаарында “Газпром-балдарга” программасы боюнча ден соолукту чыңдоочу-дене тарбия комплексин куруу.

    • 25 аянтчаны, парк зонасын түзүү жана акысыз пайдалануу үчүн көчөдө машыгуучу жабдууларды орнотуу.

    • Оор турмуштук жагдайда калган үй-бүлөлөргө жана балдарга социалдык жардам көрсөтүүнүн, жооптуу ата-энелердин, улгайган адамдардын, ДМЧАлардын, ДМЧА балдардын 30 борборун ЖӨБОго өткөрүп берүү механизми аркылуу айыл өкмөтүнүн деңгээлинде түзүү.

    • 26 балдардын интернат мекемесин аккредитациялоо.

    • 4439 үй-бүлө мамлекеттик ипотекалык кредиттөө программасынын алкагында турак жай шарттарын жакшыртууга мүмкүндүк алат.

    • “Сулайман-Тоо”, “Өзгөн” тарыхый эстеликтерин калыбына келтирүү жана жаңылоо.

    • 2150 гектар жаңы сугат жерди кошумча пайдаланууга берүү пландалууда.

    • Кошумча 3 млрд сом суммасында ЧОБду колдоонун атайын программасын бөлүү.

    • 2023-жылдын аягына карата энергетика компанияларында техникалык жоготууларды 11,6 %га чейин кыскартуу.

    • Бир калктуу конушка газ берүү.

    • Иркештам-Ош-Бишкек трансулуттук автомагистралынын участокторун реабилитациялоо жана куруу.

    • Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун курууну баштоо.

    • “Ош” аэропортун модернизациялоо.

    • 121 айылда таза суу берүүнүн системасын куруу жана реабилитациялоо.

    • Ош, Кара-Суу, Өзгөн, Ноокат шаарларында таза суу жана канализация системаларын куруу жана реабилитациялоо.

    • Тоодогу жаңы токой массивдерин отургузуу жана аянтын 13,44 миң га көбөйтүү.

    • Ош шаарында жаңы технологиялар боюнча таштанды полигонун түзүү.

    • Шаарлар үчүн башкы пландарды жана келечектүү пландарды даярдоо жана бекитүү.

    • Ош жана Өзгөн шаарларында “Калкты тейлөө борборлорун” иштетүү.

    • Ош шаарында “Коопсуз шаар” долбоорун иштетүү.

    • Ош шаарында, ошондой эле Ош-Иркештам, Ош-Бишкек маршруту боюнча автомагистралында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган жол инфраструктурасын жаңылоо.

    • Бир заманбап адистештирилген логистикалык борборду түзүү.

    • Ош шаарындагы борбору менен адистешкен маданий-тарыхый туристтик кластерди түзүү.

    • Минералдык жер семирткичтерди өндүрүү боюнча заводду куруу.

    • Кара-Суу шаарындагы пахта тазалоочу заводду реконструкциялоо.

    Талас облусу



    Облустун өнүгүүсү агро-өнөр жай комплексин өнүктүрүү менен тыгыз байланышкан. Облустун энергетикалык көз карандысыздыгын камсыз кылуу үчүн чакан жана орто гидроэлектр станцияларын курууга инвестициялар тартылат. Жол жаатында региондор аралык жана мамлекеттер аралык жолдордун абалы жакшыртылууга тийиш.


    • 5 үй-бүлөлүк медицина борборун модернизациялоо жана аларды заманбап жабдуулар менен жабдуу.

    • Кечиктирилгис жардамды жогорку деңгээлде көрсөтүү үчүн көп профилдүү оорукананы заманбап жабдуу менен модернизациялоо.

    • Талас шаарында “Саламат шаар” долбоорун иштетүү.

    • 6 мектепке чейинки кошумча мекемелерге болгон муктаждыкты канааттандырууга багытталган курулуш иштерин колго алуу.

    • “Келечектин мектеби” улуттук долбоорунун алкагында инновациялык мектепти иштетүү.

    • Интернетке 27 мектепти кошуу.

    • 10 аянтчаны, парк зонасын түзүү жана акысыз пайдалануу үчүн көчөдө машыгуучу жабдууларды орнотуу.

    • Оор турмуштук жагдайда калган үй-бүлөлөргө жана балдарга социалдык жардам көрсөтүүнүн, жооптуу ата-энелердин, улгайган адамдардын, ДМЧАлардын, ДМЧА балдардын 15 борборун ЖӨБОго өткөрүп берүү механизми аркылуу айыл өкмөтүнүн деңгээлинде түзүү.

    • 9 балдардын интернат мекемесин аккредитациялоо.

    • 270 үй-бүлө мамлекеттик ипотекалык кредиттөө программасынын алкагында турак жай шарттарын жакшыртууга мүмкүндүк алат.

    • “Манас күмбөзү” тарыхый эстеликтерин калыбына келтирүү жана жаңылоо.

    • 2680 гектар жаңы сугат жерди кошумча пайдаланууга берүү пландалууда.

    • Кошумча 600 млн сом суммасында ЧОБду колдоонун атайын программасын бөлүү.

    • 2023-жылдын аягына карата энергетика компанияларында техникалык жоготууларды 11,6 %га чейин кыскартуу.

    • Суусамыр-Талас-Тараз трансулуттук автомагистралынын участокторун реабилитациялоо жана куруу.

    • 36 айылда таза суу берүүнүн системасын куруу жана реабилитациялоо.

    • Талас шаарында таза суу жана канализация системаларын куруу жана реабилитациялоо.

    • Тоодогу жаңы токой массивдерин отургузуу жана аянтын 5,01 миң га көбөйтүү.

    • Талас шаарында жаңы технологиялар боюнча таштанды полигонун түзүү.

    • Шаарлар үчүн башкы пландарды жана келечектүү пландарды даярдоо жана бекитүү.

    • Талас шаарында “Калкты тейлөө борборлорун” иштетүү.

    • Талас шаарында “Коопсуз шаар” долбоорун иштетүү.

    • Талас шаарында, ошондой эле Талас-Бишкек, Талас-Тараз маршруту боюнча автомагистралында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган жол инфраструктурасын жаңылоо.

    • Бир заманбап адистештирилген логистикалык борборду түзүү.

    • Төө буурчакты кайра иштетүү боюнча заводду куруу.


















    Чүй облусу



    Ишкердиктин активдүүлүгү, инфраструктуралык тармактардын топтолушу, Казакстандын рыногу менен жакындыгы облусту өнүктүрүү үчүн өзгөчө мүмкүнчүлүктөрдү берет. Тейлөө инфраструктурасын, социалдык инфраструктураны өнүктүрүүнү, эл аралык автомобиль жана темир жол магистралдарын сапаттуу кармап турууну улантуу зарыл. Кайра иштетүүдө кошумча нарк салыгынын чынжырчасын ишке киргизүү менен Токмок-Бишкек-Кара-Балта географиялык линиясы боюнча мейкиндик кластерин түзүү максатка туура келет.


    • 13үй-бүлөлүк медицина борборун модернизациялоо жана аларды заманбап жабдуулар менен жабдуу.

    • Кечиктирилгис жардамды жогорку деңгээлде көрсөтүү үчүн көп профилдүү оорукананы заманбап жабдуу менен модернизациялоо.

    • Токмок шаарында “Саламат шаар” долбоорун иштетүү.

    • 16 мектепке чейинки кошумча мекемелерге болгон муктаждыкты канааттандырууга багытталган курулуш иштерин колго алуу.

    • “Келечектин мектеби” улуттук долбоорунун алкагында инновациялык мектепти иштетүү.

    • Интернетке 52 мектепти кошуу.

    • Токмок шаарында “Газпром-балдарга” программасы боюнча ден соолукту чыңдоочу-дене тарбия комплексин куруу.

    • 25 аянтчаны, парк зонасын түзүү жана акысыз пайдалануу үчүн көчөдө машыгуучу жабдууларды орнотуу.

    • Оор турмуштук жагдайда калган үй-бүлөлөргө жана балдарга социалдык жардам көрсөтүүнүн, жооптуу ата-энелердин, улгайган адамдардын, ДМЧАлардын, ДМЧА балдардын 23 борборун ЖӨБОго өткөрүп берүү механизми аркылуу айыл өкмөтүнүн деңгээлинде түзүү.

    • 32 балдардын интернат мекемесин аккредитациялоо.

    • 2064 үй-бүлө мамлекеттик ипотекалык кредиттөө программасынын алкагында турак жай шарттарын жакшыртууга мүмкүндүк алат.

    • “Бурана” тарыхый эстелигин калыбына келтирүү жана жаңылоо.

    • 2700 гектар жаңы сугат жерди кошумча пайдаланууга берүү пландалууда.

    • Кошумча 2,5 млрд сом суммасында ЧОБду колдоонун атайын программасын бөлүү.

    • 2023-жылдын аягына карата энергетика компанияларында техникалык жоготууларды 11,6 %га чейин кыскартуу.

    • 14 калктуу конушка газ берүү жана 1 заманбап автогаз компрессордук станциясын иштетүү.

    • “Манас” аэропортунун ишин модернизациялоо жана кеңейтүү.

    • 107 айылда таза суу берүүнүн системасын куруу жана реабилитациялоо.

    • Кара-Балта, Кант, Токмок шаарларында таза суу жана канализация системаларын куруу жана реабилитациялоо.

    • Тоодогу жаңы токой массивдерин отургузуу жана аянтын 4,2 миң га көбөйтүү.

    • Кара-Балта жана Токмок шаарларында жаңы технологиялар боюнча таштанды полигонун түзүү.

    • Шаарлар үчүн башкы пландарды жана келечектүү пландарды даярдоо жана бекитүү.

    • Токмок жана Кара-Балта шаарларында “Калкты тейлөө борборлорун” иштетүү.

    • Токмок жана Кара-Балта шаарларында “Коопсуз шаар” долбоорун иштетүү.

    • Токмок жана Кара-Балта шаарларында, ошондой эле Бишкек-Ош, Бишкек-Нарын маршруту боюнча автомагистралдарында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган жол инфраструктурасын жаңылоо.

    • Бир заманбап адистештирилген логистикалык борборду түзүү.

    • Ветеринардык препараттарды өндүрүү боюнча цехти иштетүү.

    • Жарылуучу заттарды өндүрүү боюнча заводду куруу жана иштетүү.

    • Текстиль жана тигүү өндүрүшү үчүн технополистин долбоорун ишке ашыруу.

    • Кафель заводун иштетүү.

    • Асфальт-бетон заводун жана майдалоочу комплексти иштетүү.
    1   ...   10   11   12   13   14   15   16   17   18


    написать администратору сайта