Главная страница
Навигация по странице:

  • Өнүгүүнү башкаруунун жаңы системасы

  • Өнүгүүнү башкаруу институттары

  • 7.4. Күтүлгөн натыйжалар

  • Биринчи

  • Экинчи

  • Төртүнчү

  • Бешинчи

  • Алтынчы

  • Жетинчи

  • Сегизинчи

  • 20182040жылдары кыргыз республикасын НКТРНн улуттук стратегиясы


    Скачать 359.71 Kb.
    Название20182040жылдары кыргыз республикасын НКТРНн улуттук стратегиясы
    АнкорCycufc
    Дата08.09.2022
    Размер359.71 Kb.
    Формат файлаdocx
    Имя файлаc0708df3-f396-4bb5-943b-fe6d33f3d3ef.docx
    ТипДокументы
    #667512
    страница18 из 18
    1   ...   10   11   12   13   14   15   16   17   18

    VII. Өнүгүүнү башкаруу




    7.1 Өнүгүүнү башкаруу системасын трансформациялоо



    Өлкөнү өнүктүрүүгө мүмкүндүк берген негизги факторлор болуп башкаруунун атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү жана бул системанын ири, анын ичинде өлкө үчүн социалдык долбоорлорду/программаларды иштеп чыга алгандыгы эсептелет. Бузулган элементтерди калыбына келтирүү, эң негизгиси өнүгүүнү башкаруунун функциясын түзүү аркылуу башкаруу системасын трансформациялоо жүргүзүлөт.
    Өнүгүүнү башкаруунун жаңы системасы
    Стратегиялоонун улуттук мейкиндигин калыбына келтирүү башкарууга тиешеси аз стратегиялоонун башка жүздөгөн документтерин тазалоодон башталат. Ошондуктан 2040 стратегиясына чейинки кабыл алынган бардык документтер (программалар жана стратегиялар) алардын шайкештиги предметине кайра каралат (колдонулбайт деп табылат).

    Экинчиден, стратегиялоо чөйрөсүн монополиядан арылтуу керек, бул үчүн катышууну каалагандарга ушул процесстин ачыктыгы камсыз кылынат. Мындан тышкары процесстин катышуучуларынын активдүүлүгүн жана субъективдүүлүгүн көтөрүүгө түрткү берүүчү механизмдер иштелип чыгат, алар процесске өздөрүнүн программалары/долбоорлору жана ресурстары менен кошулууга тийиш. Мамлекет стратегиялоонун интеллектуалдык продукттарына туруктуу сурамды уюштурат.

    Стратегиялоонун көп субъективдүү мейкиндигин уюштуруу үчүн физикалык тармак түзүлөт. Өз ара аракеттенүү орундары тиешелүү Жоболор менен мыйзамдаштырылат, байланыштар макулдашылган Протоколдор менен түзүлөт. Натыйжаларды талкуулоонун предметтери, эрежелери жана белгилөөнүн ыкмалары аныкталат.

    “Таза-Коом” ресурсунун базасында “Өнүгүүнү башкаруунун жана келечектеги башкаруунун улуттук тармактары” делген социалдык тармак түзүлөт жана иштейт.

    Тармак Кыргызстандын тарыхый өнүгүүсүнүн максаттарын, маанилерин, келечектерин иштеп чыгуу жана кабыл алуу, мындай кыймылды, анын ичинде улуттук программаларды ишке ашыруунун принциптүү мамилелеринин маселелери боюнча коомдук дискуссиялык жана макулдашуучу аянтча катары иштейт. Университеттер, секторалдык жана кесиптик коомдор, кызыкчылыгы боюнча, аймактык коомдор жана башка жарандык коомдун институттары, бизнес-ассоциациялар, коомдук кыймылдар, партиялар жана башкалар тармактын түйүндөрү болуп калды. Бардык жарандар жана уюмдар да тармактын материалдарын талкуулоого катыша алат.

    Стратегиялык документтерди даярдоонун жана кабыл алуунун, ошондой эле аны бюджеттик процесс менен байланыштыруунун бирдиктүү регламентин иштеп чыгууну жана бекитүүнү, документтердин форматын, анын катышуучуларын, жол-жоболорун, тартибин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамы кабыл алынат. Бул мыйзам Кыргызстанда мейкиндикте, аймактарда пландоону караган комплекстүү пландоонун системасын курууга багытталат.

    Пландоонун комплекстүү системасы мамлекеттик бюджеттик инвестицияларды, бюджеттер аралык мамилелерди башкаруунун негизи болуп калат жана инвесторлор менен жарандар үчүн багыт болот.

    Стратегиялык документтерди иштеп чыгуу жана муну бюджеттик процесс менен байланыштыруу жагында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана КР Өкмөтүнүн регламенттерине өзгөртүүлөр киргизилет. Өнүгүүнүн натыйжалуу институттарын, өнүгүүнүн максаттары боюнча коомдук негизги топтордун пикирлерин эске алуунун механизмдерин түзүү, саясий институттардын (парламенттин, өкмөттүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын) функцияларын жана аларга жетишкендиги жана жетишпегендиги үчүн жоопкерчилигин аныктоо зарыл.

    Программаларды жана стратегияларды талкуулоо стадиясында чагылдыруу, аларды ишке ашырууну колдоо боюнча маалыматтык өнөктүк ЖМКда уюштурулат.
    Программаларды жана стратегияларды мониторингдөө жана баалоо системасы киргизилет. Коомдук да, кесиптик да жактан жүрөт. Баалоо натыйжалары милдеттүү түрдө ачык жарыяланат жана кызыкдар тараптар талкуулаган предмет болот. Баалоонун жыйынтыгы боюнча өнүгүү программаларын оңдоо боюнча чечимдер кабыл алынат. Мамлекеттик органдын жана анын жетекчилеринин ишин баалоо өнүгүү программаларын ишке ашырууну баалоонун натыйжасы менен тикелей байланышта болот. Бул максаттар үчүн зарыл ЧУАлар кабыл алынат жана финансы ресурстары каралат.
    Өнүгүүнү башкаруу институттары

    25 жылдык реформалардын практикасы көрсөткөндөй, күнүмдүк оперативдик башкаруунун жана өнүгүүнүн функцияларын бир эле институттарга жүктөө биринчи функциянын аткарылбай калуусуна, ал эми экинчи функциянын каралбай калганына алып келди. Ошондуктан өнүгүүнү башкаруунун атайын институттарын долбоорлоо, андан соң түзүү зарыл.

    Мамлекеттик, региондук же муниципалдык деңгээлде кабыл алынган кандай гана стратегиялык же концептуалдык документ болбосун анда негизги элемент катары санариптик өнүгүү камтылууга тийиш. Бюджетти түзүүнүн принциптеринин өзгөрүүсү эл аралык донорлордун каражаттарынын эсебинен, ушул максаттагы өздүк каражаттарга артыкчылык берүү менен өнүгүү долбоорлорун каржылоого ырааттуу өтүүнү камсыз кылат.

    Кандай гана болбосун эл аралык милдеттемелерди, саясий, экономикалык же каржылык милдеттенмелерди кабыл алуу стратегиялык документте жазылган өнүгүүнүн максаттарын ишке ашырууга кошуучу салымына жараша бааланат.

    Жаңы негиздерге ылайык Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш (ТӨУК) өзгөртүп түзүлөт. Кеңештин статусу “Стратегиялык башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен аныкталат. ТӨУК коомдо макулдашылган Кыргызстандын тарыхый өнүгүүсүнүн максаттарын, маанилерин, келечегин жана мындай кыймылды ишке ашыруу боюнча принциптүү мамилени, ошондой эле улуттук программаларды иштеп чыгат. ТӨУК өнүгүүнү башкаруунун жана келечекти башкаруунун өлкөлүк системасындагы (тармагындагы) негизги түйүндү түзөт.

    Улуттук программаларды ишке ашыруу үчүн программанын зарыл болгон долбоордук пакетин жана сметалык документтерин иштеп чыгуу практикасы киргизилет.


    7.2 Стратегиялоонун технологиясы



    Стратегиялоонун каражаттарын пайдаланууга жаңы мамилелер аныкталат жана колдонулат, алар татаал, көп фактордуу динамикалуу системалардын белгисиздиги, так эместиги, өзгөрүүсү менен иштөө технологияларына негизделет.

    Илимий, эксперттик же талдоочулук интеллектуалдык продукттарга мамлекет заказ берет жана туруктуу сурам жаратат жана бул максатты 2020-жылдагы бюджеттен баштап тиешелүү түрдө каржылоону бөлүп берет. Өнүгүүнүн бардык актуалдуу багыттары боюнча системалуу изилдөөлөр уюмдар жана чыгармачыл топтор тарабынан жүргүзүлөт. Изилдөөлөрдү жүргүзүүнү мамлекет тендер аркылуу мамлекеттик сатып алуулар жол-жоболору боюнча сатып алат.

    Изилдөөнүн тематикасын ТӨУК аныктайт. Үзгүлтүксүз негизде стратегиянын багыттары боюнча өнүгүүнүн 3-5, 10 жана 25 жылдык мезгилине илимий жактан негиздүү болжолдорго заказ берилет.

    Мамлекеттик башкаруунун системасында программалардын технологиясы жана долбоордук иш өздөштүрүлөт. “Максаттар/натыйжалар боюнча башкаруунун” инструменттери,программаларды мониторингдөө жана баалоо системасы киргизилет. Стратегиялык документтерди иштеп чыгуу процесси тиешелүү регламенттерди өзгөртүү аркылуу бюджеттик процесс менен байланыштырылат.

    Максаттар/натыйжалар боюнча башкарууну жүргүзгөн улуттук программалардын дирекцияларында программалык каржылоо каржылоонун артыкчылыктуу принциби катары киргизилет.





    7.3. Мониторинг жана баалоо



    2040-жылга өнүгүүнүн күтүлүп жаткан абалына жетүү ар бир этаптагы өзгөрүүлөрдү башкарууга, артыкчылыкты сапат жагынан аныктоого, ар бир коюлган максатты так жана отчетту берип аткарууга жараша болот.

    Коюлган максаттардын жана милдеттердин ченелүүсү, прогресске мониторинг жүргүзүү, индикаторлорду кылдат кароо, ошондой эле тышкы өзгөрүүлөргө байланыштуу түзөтүүлөрдү киргизүүгө жана өз убагында чара көрүүгө мүмкүндүк берген өзгөрүүлөрдү башкаруу системасы Стратегиянын негизги талабы катары каралат.

    Стратегияда коюлган милдеттердин аткарылышына жеке жана институттук жоопкерчиликтин инструменти камтылууга тийиш.

    7.4. Күтүлгөн натыйжалар



    Кыргызстандын ар бир жараны жашоосунун реалдуу түрдө жакшырганын сезиши керек. Документти ишке ашыруунун жыйынтыгы боюнча төмөнкү натыйжаларга жетишилет:

    Биринчи. Үй-бүлөнүн ай сайын кирешеси 2023-жылы 450 АКШ доллары деңгээлинде болушу керек жана ар бир үй-бүлө өзүнүн турак жайын сатып алууга, жакындарынын ден соолугуна кам көрүүгө, балдарын сапаттуу окутууга жөндөмдүү болууга тийиш.

    Экинчи. Улуу муундагыларды жакшы багуу, татыктуу пенсия менен камсыз кылуу жана үй-бүлөдөгү жакшы камкордук аркылуу 2040-жылга карата биздин жарандардын өмүрүнүн узактыгы 80 жылды түзөт деп күтүлүүдө.

    Үчүнчү. Жеке кирешелердин жогору болушу жана өз жолун табуунун мүмкүндүгү эмгекке орноштуруунун кеңири мүмкүнчүлүгү менен камсыз кылынат, кайсыл жерде болбосун иш менен камсыз кылуунун деңгээли жогору болот.

    Төртүнчү. Коопсуздук жана эртеңки күнгө болгон ишеним коомдук коопсуздукту камсыз кылуунун кеңири чаралары менен кепилденет. Кылмыштуулуктун саны кыскарат жана транспорттук коопсуздук жаатындагы укук бузууларды азайтууга өзгөчө көңүл бурулат.

    Бешинчи. Үй-бүлөнүн бакубаттыгын жана туруктуулукту камсыз кылуу жогорку баалуулуктун бири болуп калат, ал материалдык, руханий, дене боюнунун бакубаттыгы менен байланышкан чаралардын комплексин кабыл алуунун эсебинен ишке ашат, анын натыйжасында ажырашуулардын саны 2023-жылы 30 %га кыскарат.

    Алтынчы. Мамлекеттик кызматтын сапатын жакшыртуунун жана коррупцияга каршы аёсуз күрөшүүнүн натыйжасында коррупция кыскарат, ал эми элдин мамлекеттик органдарга болгон ишеними 65 %га чейин өсөт.

    Жетинчи. Өлкөдө туткан динине, этностук таандыктыгына, жарандык позициясына, турмуштагы активдүүлүгүнө карабастан жарандык укуктар камсыз кылынат, бул жарандарыбызга адамды комплекстүү өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүнө болгон ишенимин арттырат.

    Сегизинчи. Кыргызстан эл аралык аренада заманбап жана тең укуктуу өнөктөш катары таанылат, муну Кыргызстандын Глобалдык атаандаштыкка жөндөмдүүлүк индекси сыяктуу көпчүлүк эл аралык рейтингдердеги ээлеген орду айгинелеп калат, биз бул индекс боюнча 70 ийгиликтүү өлкөнүн тизмесине, ал эми “Бизнес жүргүзүү” индекси боюнча дүйнөнүн алдыңкы 40 өлкөсүнүн катарына киребиз.
    1   ...   10   11   12   13   14   15   16   17   18


    написать администратору сайта