Главная страница

PISA-мисалдары менен. Pisa деген эмне Окуучулардын жетишкендиктерин баалоо боюнча эл аралык программа


Скачать 0.87 Mb.
НазваниеPisa деген эмне Окуучулардын жетишкендиктерин баалоо боюнча эл аралык программа
Дата27.09.2022
Размер0.87 Mb.
Формат файлаdocx
Имя файлаPISA-мисалдары менен.docx
ТипПрограмма
#701219

PISA деген эмне? Окуучулардын жетишкендиктерин баалоо боюнча эл аралык программа (англ. Programme for International Student Assessment, PISA) – дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө окуучулардын сабаттуулугун жана билимин практикада колдонуу билгичтигин баалоочу тест. Үч жылда бир жолу өтөт. Тестке 15 жаштагы өспүрүмдөр катышат.

P ISA окуучулардын билим жетишкендиктерин баалоонун эл аралык программасы бул жалпы билим берүүнүн сапатын мониторингдик изилдөө, ал «15-жаштагы жалпы билим алган окуучулар, азыркы коомдо толук кандуу жашоого, б.а. адам ишмердүүлүгүнүн, баарлашуунун жана

социалдык мамиленин ар түрдүү сферанын кеӊири диапазонун чечүү үчүн кандай билим жана билгичтиктер керектелет?» деген суроого жооп берет. Бул программа Экономикалык кызматташуу жана өнүгүү уюму аркылуу ишке ашырылат.

PISAда билим берүүнүн сапатын мониторинг жүргүзүү төрт негизги багытта жүргүзүлөт: окуу сабаттуулугу, математикалык сабаттуулук, табигый илимдер боюнча сабаттуулук жана компьютердик сабаттуулук. Ошондой эле акыркы жолу чет тилин билүү билгичтиги да кошулган. 2025 году Кыргызстан планирует участвовать в исследовании PISA. 2025-жылы Кыргызстан PISA изилдөөсүнө катышканы турат.

Бул иш-чараны утурлай Кыргыз билим берүү академиясында «PISA эл аралык изилдөөсүнө даярданабыз» аттуу методикалык колдонмо кыргыз жана орус тилдеринде жарыкка чыккан. Ал мугалимдерди изилдөөнүн концепциясы жана PISAнын тесттеринин мисалдары менен тааныштырат.



PISA тесттеринин мисалдары 8-класс үчүн физика боюнча тапшырманын мисалы

Заттын бир агрегаттык абалынан экинчисине өтүүсү үчүн тело энергияны сырттан алышы же айлана-чөйрөгө берүүсү талап кылынат.

Графикте М жана N эки кристаллдык заттын температурасы жана агрегаттык абалынын өзгөрүүсүнө байкоонун натыйжалары чагылдырылган



Суроо:

Сүрөттө берилген графиктин жардамы менен N заты эрип баштаганда М затынын температурасы кандай болгондугун аныктагыла.

(А)

1100 оС

(Б)

800 оС

(В)

400 оС

(Г)



100 оС

8-класс үчүн география боюнча тапшырманын мисалы

НИЛ ДАРЫЯСЫ


Эӊ узун делген Нил дарыясы Ак Нил жана Көк Нилдин кошулуусунан пайда болот. Нил дарыясы бир нече табигый зона аркылуу агып өтөт. Өзүнүн төмөнкү агымында ал Ливия чөлүн кесип өтөт. Ошондуктан илгери Түндүк Африканын тургундары үчүн бул табышмак болгон, кантип чөлдөн жыл бою суусу толтура дарыя агып келет. Жогорку жана ортоӊку агымында дарыя катуу тоо тектерден түзүлгөн плато аралап өтөт жана босоголор менен шаркыратмаларды пайда кылат.



1-сүрөт

Суроо:

Төмөндө келтирилгендердин ичинен кайсынысы Нил дарыясынын жыл бою суусу кемибей толтура болгондугунун негизги себеби боло алат?

(А) Дарыя башатында муссон жамгырларынын эсебинен суусу толтура

(Б) Ортоӊку агымында дарыя көптөгөн чоӊ куймаларды өзүнө алат

(В) Ак Нил менен Көк Нилдин башатында жамгырлардын көп жаашы (Г) Дарыя сууну кар жана мөӊгүлөрдүн эришинин эсебинен алат

8-класс үчүн биология боюнча тапшырманын мисалы

ЖАЛБЫРАКТАРДЫ ТАЗАЛОО


Руслан менен Эрикке мектептин тегерегинде жерге түшкөн күзгү жалбырактарды жыйнап тазалоону тапшырышты.

Төмөндө Эрик менен Русландын сүйлөшүүсүнөн үзүндү берилди, анда ар бир бала тапшырманы аткаруунун өзүнчө ыкмасын сунушташты.



Балдардын ар бири өзү сунуштаган ыкманын тууралыгын далилдеген жоболорду келтиришти. Ал жоболор төмөндөгүлөр:

  1. Жалбырактарды өрттөгөндө күл пайда болот, ал өсүмдүктөргө жер семирткич болот;

  2. Отоо чөптөрдүн уруктары жок болот;

  3. Чирүү бактерияларынын азыктары жоголот;

  4. Көмүр кычкыл газы пайда болуп, ал абанын температурасын жогорулатып, парник эффектин түзөт;

  5. Жер кыртышынын үстүнкү катмары зыянга учурайт.



Суроо:

Жогоруда айтылган жоболордун кайсыларын (1–5) Эрик жалбырактарды өрттөөнү жактоого келтирип жатат?

__________________________________________________________________________

__________________________________________________________________________

__________________________________________________________________________ __________________________________________________________________________

__________________________________

8-класс үчүн химия боюнча тапшырманын мисалы

АШКАНАДАГЫ ИРЕТ


Ашкананы иретке келтирип жатып, Тамара текчеде ак порошок салынган банкаларды таап алып, алардын ичиндеги заттар банканын сыртындагы кагазда жазылгандарга дал келеби же дал келбейби аныктайын деди. Ал үчүн Тамара бир нече жөнөкөй эксперимент жүргүздү, анын натыйжасында ар бир банканын ичинде салынган заттын касиеттерин аныктады.

Суроо:

Тамаранын тажрыйбасынын натыйжалары төмөнкү таблицада берилди.

«Ообаны» тегеректегиле, эгер банканын сыртындагы кагазда жазылган аталышы анын ичиндеги заттын таблицада жазылган касиеттерине дал келсе, ал эми аталышы бул касиеттерге дал келбесе, анда «Жокту» тегеректегиле.



Банканын сыртындагы кагазда

жазылган аталыш

Банканын ичинде салынган заттын касиеттери

Ооба / Жок

Ун

Даамы жок жана сууда начар эрийт.

Ооба / Жок

Сода

Сууда эрийт жана уксус кислотасы менен реакция жүрбөйт.

Ооба / Жок

Туз

Сууда начар эрийт жана уксус кислотасы менен реакция жүрөт.

Ооба / Жок

Кант

Сууда эрийт жана уксус кислотасы менен реакция жүрбөйт.

Ооба / Жок

8-класс үчүн математика боюнча тапшырмалардын мисалдары 1-суроо: 10239 санын 5ке бөлгөндөгү калдыкка барабар санды тегеректегиле.

0; 1; 2; 3; 4; 5; 6; 7; 8; 9

2-суроо: Эгер коон 95% га суудан турса, анда массасы 6 кг коондо канча суу бар?

(А) 0,3 кг

(Б) 1,3 кг

(В) 5,6 кг

(Г) 5,7 кг 3-суроо:

Баласы 5 жашта, ал эми атасы 27 жашта. Канча жылдан кийин атасы баласынан 3 эсе улуу болот?

Жообу: ___________________________


АЛМАЛАР


Дыйкан багында алмаларды сүрөттө көрсөтүлгөндөй чакмакча түрүндө отургузду. Алма көчөттөрүн шамалдан коргоо үчүн ал аянтчанын четине талтеректерди отургузду.

Төмөнкү сүрөттө алмаларды жана тал-теректерди отургузуунун схемасы n бир нече маанисинде тартылган, мында n – алма көчөттөрүнүн катарынын саны. Бул иреттүүлүктү n санынын ар кандай маанисинде улантса болот.

 – алма көчөттөрү

 – тал-теректер



1-суроо: Таблицаны толтургула:

n

Алма көчөттөрүнүн саны

Тал-теректердин саны

1

1

8

2

4



3





4





5





2-суроо:

Жогоруда каралган иреттүүлүктө отургузулган алмалардын жана тал-теректердин саны төмөндөгүчө эсептелет:

Алма көчөттөрүнүн саны = n2, тал-теректердин саны = 8n, мында n – отургузулган алмалардын катарынын саны. n кайсы маанисинде алмалардын саны алардын тегерегинде отургузулган тал-

теректердин санына барабар болот? Чыгарылышын жазгыла.

__________________________________________________________________________ __________________________________________________________________________ 3-суроо:

Болжолу, дыйкан (фермер) өзүнүн жер үлүшүндө алмалардын катарынын санын көбөйтүүнү чечти. Мында эмне тезирээк көбөйөт: алмалардын саныбы же талтеректердин саныбы?

Өзүӊөрдүн жообуӊардын түшүндүрмөсүн жазгыла.



КОНТИНЕНТТИН АЯНТЫ

Төмөндө Антарктиданын картасы тартылган



Суроо:

Бул картанынмасштабын колдонуп, Антарктиданын аянты болжолу менен канчага барабар экенин аныктагыла.

________________________________________________________________________

Континенттин аянтын кайсы ыкма менен эсептедиӊер, түшүндүргүлө, жана эсептөөлөрүӊөрдү көрсөтүп бергиле.

__________________________________________________________________________

__________________________________________________________________________ __________________________________________________________________________

__________________________________________________________________________

(Жоопту алуу үчүн картаны колдонсоӊор болот, мисалы, анда керектүү сызыктарды жүргүзүп, чиймелерди чийүүгө мүмкүн.)

ЖАРЫШУУЧУ АВТОУНААНЫН ЫЛДАМДЫГЫ

Өр жана эӊкейиши жок түз айланма трассада экинчи айлампасын өтүп жаткан жарышуучу автоунаанын ылдамдыгы кантип өзгөрүп тургандыгы графикте көрсөтүлгөн.

1-суроо:

Трассанын башталышынан (старт сызыгы) эӊ узун түз бөлүгүнө чейинки аралык эмнеге барабар? ылдамдык 3 км узундуктагы трассадагы жарышуучу автоунаанын ылдамдыгы (км/саат)

(экинчи айлампаны өтүүдө)



  1. 0,5 км

  2. 1,5 км

  3. 2,3 км

  4. 2,6 км



2-суроо:

Экинчи айлампаны өтүүдө трассанын кайсы жеринде автоунаанын ылдамдыгы эӊ аз болгон?

  1. Старт сызыгында.

  2. Болжолу 0,8 км белгисинде.

  3. Болжолу 1,3 км белгисинде. D Болжолу трассанын ортосунда.



3-суроо:

2,6 км жана 2,8 км белгилеринин ортосундагы трассаны өтүүдө автоунаанын ылдамдыгы жөнүндө эмне айтууга болот?

  1. Автоунаанын ылдамдыгы туруктуу бойдон калган.

  2. Автоунаанын ылдамдыгы жогорулаган.

  3. Автоунаанын ылдамдыгы төмөндөгөн.

  4. Бул график боюнча автоунаанын ылдамдыгынын өзгөрүүсүн аныктоого мүмкүн эмес. 4-суроо: Төмөндө формасы боюнча ар түрдүү беш жарыш трассасы сүрөттөлгөн:

Жогоруда берилген график боюнча жарышуучу автоунаа трассанын кайсынысы менен жүргөн?



S – старт сызыгы

__________________________________________________________________________

__________________________________________________________________________

__________________________________________________________________________

СУПЕРМАРКЕТТЕГИ ЖАРНАМА

Абайлагыла – аллерген!

Лимон токочундагы жер жаӊгак

Дата: 2008-ж. 4-февраль

Өндүрүүчү: ООО Файн Фудз

Продукт жөнүндө маалымат: 125 г. пачкадагы лимон токочу (2008-ж. 18-июнуна чейин сактоо мөөнөтү жана 2008-ж. 1-июлуна чейин сактоо мөөнөтү менен).

Кошумча маалымат: Белгиленген партиядагы токочто продуктыга кошулган заттардын тизмесине кирбеген жер жаӊгак күкүмү болушу мүмкүн. Жер жаӊгакка аллергиясы бар адамдар бул токочту жегенге болбойт!

Эмне кылуу керек: Эгер сиз бул токочту сатып алсаӊыз, аны кайра кайрып берсеӊиз болот, сизге толугу менен чыгымыӊызды жаап берет. Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү телефонго кайрылсаӊыз болот: 0312 034 241.

Суроо:

Мындай токочту сатып алсаӊыз, эмне кылуу керек?

__________________________________________________________________________

__________________________________________________________________________

__________________________________________________________________________ Эмне үчүн сиз ушундай кылдыӊыз?

__________________________________________________________________________

__________________________________________________________________________ __________________________________________________________________________

Өз жообуӊузду негиздөө үчүн жарнамадан маалыматты колдонуӊуз.

Тексттин иштөөсүнүн кырдаалы: Коомдук

Тексттин форматы: жалпы эмес

Тексттин тиби: Инструкция

Окурмандык аракеттер: тексттин маалыматын ойлонуп, баалоо


ЧАД КӨЛҮ


1-сүрөттө көрсөтүлгөндөй, Сахара чөлүнүн түндүк-африкалык бөлүгүндө Чад көлүнүн тереӊдигинин деӊгээлинин өзгөрүүсү. Акыркы муз доорунун ичинде биздин эрага чейин болжолдуу 20 000 жыл мурун Чад көлү толугу менен жок болду. Болжолдуу биздин эрага чейин 11 000 жыл мурун кайрадан пайда болду. Бүгүнкү күндө анын тереӊдигинин деӊгээли болжол менен биздин эранын 1000-жылы болгондой эле.



2-сүрөттө көрсөтүлгөндөй, диаграммада Сахара чөлүндөгү аска таштагы искусство (үӊкүрлөрдүн дубалында табылган илгерки сүрөттөр жана живопись) жана жаныбарлар дүйнөсүнүн өзгөрүүсү.



Суроолорго жооп берүүдө Чад көлү жөнүндөгү маалыматты колдонуӊуз.

1-суроо:

Бүгүнкү күнү Чад көлүнүн тереӊдиги канча?

  1. Эки метрге жакын.

  2. Он беш метрге жакын.

  3. Элүү метрге жакын. D Ал толугу менен жок болгон.



2-суроо:

Убакыттын кайсы чеги (кайсы жылы болжол менен) 1-сүрөттө графиктин баштапкы чекитине дал келет?

  • 11.000

  • Биздин эрага чейин 11.000 жыл

  • Биздин эрага чейин 10.500 жыл

  • Биздин эрага чейин 10.000 жылга жакын

  • 12.000 жакын

  • Биздин эрага чейин 11.000 жыл



3-суроо:

Эмне үчүн автор ушул жылды графиктеги баштапкы чекит катары тандап алды?

  • Чад көлү кайрадан биздин эрага чейин 11.000 жыл кийин, ал толугу менен биздин эрага чейин 20.000 жыл мурун жок болуп кеткенден пайда болгон.

  • Чад көлү муз доорунда жоголуп, андан кийин кайрадан ошол эле мезгилде пайда болду.

  • Ал кайрадан ошондо пайда болду.

  • Биздин эрага чейин 11.000 жылга жакын ал кайра пайда болду.

  • Анда көл 9000 жыл жок болгондон кийин кайра пайда болду.

  • Ал убакта жаныбарлар пайда боло баштаган.

  • Биздин эрага чейин 11.000 жыл болгондо, адамдар аска-таштарда сүрөт тарта баштаган.

  • Биздин эрага чейин 11.000 жыл болгондо, көл (биринчи ирет) пайда болгон.

  • Анткени бул убакта Чад көлү толугу менен кургап калган.

  • Себеби бул графиктеги биринчи жылышуу болгон.

4-суроо:

2-сүрөт төмөндөгү божомолго негизденген:

    1. аска-таштардагы сүрөттөрдөгү жаныбарлар аларды тартып жатканда, Чад көлүнүн жака-белинде жашашкан.

    2. техникасына ээ болгон.

    3. жаныбарларды тарткан сүрөтчүлөр алыскы аралыктарга саякаттаганга мүмкүндүгү бар болгон.

    4. аска-таштардагы сүрөттөрдөгү жаныбарларды колго көндүргөнгө аракеттер болгон эмес.

5-суроо:

Бул суроого жооп берүү үчүн 1-2-сүрөттөрдө берилген маалыматты бириктирүү керек.

Керик, гиппопотам (бегемот) жана зубрлардын Сахара чөлүнүн аска-таштардагы сүрөттөрдөн жок болушу:

    1. эӊ акыркы Муз доорунун башталышында.

    2. доордун ортосунда, Чад көлүнүн тереӊдиги эӊ жогорку деӊгээлге жеткенде.

    3. миӊ жыл бою Чад көлүнүн деӊгээли төмөндөгөндөн кийин. D үзгүлтүксүз кургакчылык мезгилинин башталышында.


«АКОЛ» уюмунун кызматкерлери үчүн гриппке каршы ыктыярдуу иммунизациянын программасы


Сиздерге белгилүү болгондой, кышында оӊой эле грипп жуктуруп алууга мүмкүн. Ошону менен бир нече апта тумоолоп калуу коркунучу бар.

Грипптин вирусу менен күрөшүүнүн эӊ мыкты ыкмасы – бул дени сак болуу. Күндөлүк гимнастика жана көбүнчө жашылча менен жемиштерди ичине камтыган белгилүү рацион, эӊ негизгиси, бул иммунитетке кеӊири жайылган вирус менен күрөшүү үчүн жардам берүүгө сунушталат.



Бул кеӊири жайылган ооруга каршы кошумча профилактикалык каражат катары «АКОЛ» уюму өзүнүн кызматкерлерине гриппке каршы эмдөөнү сунуштоону чечти. Медайым менен макулдашылган, ал иш убактысында жумуш ордунда 17-ноябрдан баштап бир апта бою күндүн биринчи же экинчи жарымында эмдөө жасайт. Эмдөө акысыз жана уюмдун бардык кызматкерлерине жеткиликтүү.

Катышуу ыктыярдуу. Эмдетүүнү каалаган ар бир кызматкерге ал аллергия менен оорубагандыгын жана эмдөөдөн кандайдыр бир жагымсыз таасир болору жөнүндө түшүнүгү бар экенин тастыктаган документке кол коюу сунушталат.

Медиктердин айтуусу боюнча, иммунизация (эмдөө) грипп ооруусуна каршы. Бирок ал жагымсыз эффекттерди берүүсү мүмкүн, алар: чарчоо, бир аз эти ысуу жана колунун оорусу.



Ким иммунизация өтүүсү зарыл?

Өзүн вирустан сактайм деген ар бир адам.

Өзгөчө 65 жаштан өтүп калган адамдарга сунушталат. Бирок, жашка карабай, ал өнөкөт оорулар менен жабыркаган адамдардын БААРЫНА керек, өзгөчө жүрөк, өпкө, бронхиалдык астма жана диабет ооруларына.

Жамаатта иштөөдө анын мүчөлөрүнүн БААРЫ грипп жуктуруп алуу коркунучуна дуушар.

Кимге иммунизация жакпайт?

Жумуртка жегенге өтө сезгич адамдарга; безгек оорусунан жабыркаган адамдарга, жана кош бойлуу аялдарга.

Эгер сиз дарыланып жатсаӊыз, врачтан консультация алыӊыз, дарыланууӊузга байланыштуу иммунизация сизге зыян алып келбейби жана мурунку гриппке каршы эмдөөлөр зыянга учуратпады беле.



Эгер сиз 17-ноябрдан баштап бир апта бою иммунизация өткөнгө даярданып жатсаӊыз, анда 7-ноябрь жума күнгө чейин Асанова Малика Капаровнага кайрылыӊыз. Күнү жана убактысы медайымдын мүмкүнчүлүгүн, «АКОЛ» уюмунун кызматкерлеринин көбүнө ылайыктуу убакыт жана арыздын санын эсепке алуу менен белгиленет. Эгер сиз иммунизацияны кыштын башталышына чейин кааласаӊыз, бирок сизге белгиленген убакыт ыӊгайсыз болсо, анда Малика Капаровнага кайрылыӊыз.

Мүмкүн, кошумча убакыт белгиленсе, каалоочулар жетиштүү санда чогулса.

Кошумча маалымат алуу үчүн Малика Капаровнага 5577 телефонуна чалыӊыздар.

Чыӊ ден соолук каалап,

Асанова Малика Капаровна, «АКОЛ» уюмунун кызматкери, мурунку эки бетте бул уюмдун кызматкерлери үчүн маалымат баракчасын даярдаган. Бул маалымат сиздерге кийинки бериле турган суроолорго жооп берүүгө көмөктөшөт. 1-суроо:

«АКОЛ» иммунизациялык программасы төмөндө берилген кызматтын кайсынысын сунуштайт?

  1. Кышы бою күндө гимнастика менен алектенүү.

  2. Жумуш убактысында иммунизация өткөрүү.

  3. Катышуучуларга чакан премия.

  4. Эмдөөнү доктор жасайт. 2-суроо:

Биз маалыматтык баракчанын мазмунун талкууласак болот (б.а. ал эмне жөнүндө). Биз анын стилин (б.а. кантип жазылгандыгын) талкууласак болот.

Малика Капаровнанын каалоосу боюнча маалыматтык баракчанын стили жакшы маанайда жана ишенимдүү болушу абзел.

Сиздин оюӊузча, ал каалагандай болдубу?

Тексттин түзүмдүк деталдарына, тексттин структурасына жана маалыматтык баракчанын кеп стилине таянып, жообуӊузду түшүндүрүӊүз. 3-суроо:

Маалыматтык баракча боюнча, эгер сиз грипптин вирусунан коргонууӊуз келсе, анда гриппке каршы эмдөө …

  1. гимнастика жана дени сак тамактануу рационунан натыйжалуураак, бирок кооптуураак.

  2. пайдалуу, бирок ал гимнастика жана дени сак тамактануу рационун алмаштыра албайт.

  3. гимнастика жана дени сак тамактануу рационундай натыйжалуу жана машакааты аз. D кереги жок, эгер сиз гимнастика жасап, дени сак тамактануу рационун кармансаӊыз. 4-суроо:

Маалыматтык баракчада айтылат:

КИМ ИММУНИЗАЦИЯ ӨТҮҮСҮ ЗАРЫЛ?

Өзүн вирустан сактайм деген ар бир адам.

Асанова Малика Капаровна маалыматтык баракчаны таркаткандан кийин анын кесиптеши, «Өзүн вирустан сактайм деген ар бир адам» деген сөздөрдү алып салуу керек, себеби алар адамдарды адаштырат деген ойду билдирди.

Сиз ушуга макулсузбу, бул сөздөр адамдарды адаштырат жана аларды тексттен алып салуу керек дегенге кошуласызбы?

Жоопту түшүндүрүӊүз. 5-суроо:

Маалыматтык баракчанын мазмунун колдонуп, «АКОЛдун» кызматкерлеринин кимиси Малика Капаровнага кайрылуусу зарыл?

  1. Дүкөндөгү Акматка, ал иммунизацияны өткүсү келбейт, анткени өзүнүн табигый иммунитетине ишенет.

  2. Сатуучу Айшага, ал иммунизация баардыгы үчүн милдеттүү экендигин билгиси келет.

  3. Почта бөлүмүндөгү Эльвирага, ал иммунизацияны ушул кышта өткүсү келген, бирок эки айдан кийин ал наристелүү болот.

  4. Бухгалтериядагы Асанга, ал иммунизацияны өткүсү келген, бирок 17ноябрдан баштап бир апта бою эмгек өргүүсүндө болот.


ГРАФФИТИ


Төмөндө эки кат жайгашкан. Алар экөө теӊ Интернет аркылуу келген жана «граффити» жөнүндө. Граффити – бул дубалдардагы же башка жердеги расмий уруксатсыз тартылган сүрөттөр же жазуулар. Төмөндө берилген суроолорго жооп берүү үчүн каттарды колдонуӊуздар.

Менин жиним кайнап жатат, анткени төртүнчү жолу граффитини токтотуу үчүн мектептин дубалын тазалап, сырдап жатышат.

Чыгармачылык – бул укмуш сыр, бирок эмнеге коомго зыян келтирбөөчү өзүн көрсөтүү ыкмаларын табууга болбойт? Эмнеге тыйуу салынган нерсени дубалга тартып, жаш муундун репутациясын бузуу керек? Себеби профессионалсүрөтчүлөр өзүлөрүнүн сүрөттөрүн көчөлөрдө илишпейт да? Мунун ордуна алар каражаттарды табышат жана расмий көргөзмөлөрдө даӊкка ээ болуп жатышат.

Менин элестөөмдө, имараттар, тосмолор, бакчалардагы отургучтар өзүлөрү эле искусствонун чыгармасы болуп турбайбы. Бул архитектураны чиймелеп бузуу туура болобу, бул үчүн колдонулган ыкма озон катмарын бузуп жатпайбы. Жана мен түшүнбөгөн нерсе, эмне себептен бул өзүн жалган атаган (самозванцы) – сүрөтчүлөр алардын «көркөм сүрөттөрүн» уламдан-улам көздөн кайым кылганда, абдан кыжырланышат.

Жаркын

Адамдардын табити ар түрдүү. Коом маалымат жана жарнамаларга толуп кетти. Соода компанияларынын белгиси, дүкөндөрдүн аталыштары. Чоӊ-чоӊ көздүн кужурун алган плакаттар жолдордун эки тарабында. Мунун баары туурабы? Негизинен, туура. Ал эми граффити тарткан туурабы? Кээ бирөө туура десе, кээ бири – жок дешет.

Бул граффити үчүн ким төлөйт? Ал эми жарнама үчүн ким төлөйт? Туура. Керектөөчү.

Ал эми ошол жарнама такталарын илген адамдар сизден уруксат сурадыбы? Жок. Анда аны дубалда сүрөт тарткан адамдар суроосу зарылбы? Бул жөн эле баарлашуунун бир түрү болуп жүрбөсүн, мисалы, сиздин өз атыӊыз, партиялардын аталышы же көчөдөгү чоӊ искусство чыгармасы?

Бир нече жыл мурун дүкөндөрдө пайда болгон ала-була жана чакмакча болгон кийимдерди эстесеӊер. Лыжа костюмдарычы. Модель жана түстөрү сүрөт тартылган бетон дубалдарынан көчүрүлгөн. Кызык, бирок бүгүнкү күндө бул моделдер да, бул түстөр да коомдо кабыл алынып жатат, алар менен суктанышат, ал эми ушул эле стилдеги граффити кабыл алынбай жатат.

Ооба, искусство үчүн оор күндөр башка түштү.

Самара

1-суроо: Ар бир каттын максаты:

  1. Граффити эмне экендигин түшүндүрүү.

  2. Граффити жөнүндө өз оюн айтуу.

  3. Граффитинин популярдуулугун демонстрациялоо.

  4. Бул жазууларды кетириш үчүн абдан көп каражат кетерин адамдарга айтуу.

2-суроо:

Эмнеге Самара жарнамага шилтеме кылып жатат?

__________________________________________________________________

__________________________________________________________________

__________________________________________________________________ __________________________________________________________________ __________________________________________________________________ __________________________________________________________________

3-суроо:

Бул эки каттын кайсынысы менен макулсуз? Өз сөзүӊүз менен көз карашыӊызга негиздеме бериӊиз, негиздемеде каттардын биринде же экөөндө теӊ айтылгандарды колдонуӊуз.

__________________________________________________________________

__________________________________________________________________ __________________________________________________________________

__________________________________________________________________

__________________________________________________________________ __________________________________________________________________ 4-суроо:

Ар бир катты талдап, катта эмне жөнүндө айтылгандыгын талкуулайбыз (б.а. анын мазмунун).

Биз ошондой эле кат кантип жазылганын талкуулайбыз (б.а. анын стилин).

Кимдин каты менен макул болгонуӊуздарга карабай түшүндүргүлө, эки автордун кимиси, сиздин оюӊузча, катты жакшыраак жазган? Жообуӊузду эки же бир кат кантип жазылганына таянып, негиздеӊиз.

__________________________________________________________________

__________________________________________________________________ __________________________________________________________________

__________________________________________________________________

__________________________________________________________________

__________________________________________________________________

«Белек» аӊгемесинин мазмунун колдонуп, төмөндөгү суроолорго жооп бериӊиз. (тексттен сол жакта берилген сандарга көӊүл бөлүӊүз.

Алар сызыктардын номерин белгилейт жана суроодо айтылган тексттин бөлүгүн тапканга жардам берет.)

БЕЛЕК


1 Канча күн ал ушинтип муздак киргил суу акырындан дарыянын жээгинен улам чыгып, ташкындап баратканын карап отурду. Анын эсинде элес-булас гана сакталып калган, жамгыр качан башталып, түштүктөн алардын саздак жерине кантип келип, эми анын тамынын дубалдарына 5чертип жаап жатат. Андан соӊ суу жайдан көтөрүлө баштады, бир азга токтоп калды жана дарыя тескери ага баштады.

Акырындап суу бардык чуӊкурларды толтуруп жана эӊкейиштерди басып калды. Түндө, ал уктап жатканда, дарыя жолду басып жана аны дүйнөдөн бөлүп салды. Агым кайыкты алып кетти жана аял жээкке агым 10менен чыгарылган сыныктарга окшогон үйдө жападан-жалгыз калды. Суу кара май шыбалган фундаментке жетип калды. Суу дагы эле көбөйүп жатты.

Ал көрүп турду, дарыянын кууш жери жамгыр куйган деӊизге айланды, ал эми дарыя өзү анын мейкиндиктерине жуурулуп кирип кетти. Илгери анын тамы өзгөчө ыкма менен курулган, ал мындай селдерден сактанганга ылайыкташып салынган болчу, бирок азыр ал өтө эле 15эскирип калган эле. Астындагы жыгачтары чирип калса керек. Мүмкүн, эски эменге тамды байлап турган чынжыр үзүлүп, тамды агым менен кайык кеткен жакка агызып кетет.

Эч ким жардамга келбейт. Ал кыйкырса да аны эч ким укпайт. Айланада суудан өзүлөрүн жана буюмдарын сактап калууга аракет жасаган адамдар.

20 Кимдир бирөөнүн тамы жай агып баратты, ал өзүн тажыядагыдай элестетти. Ага бул үй тааныш сезилди, ага жакшы көрүнбөсө да.

Кыязы, анын ээлери коопсуз жерге кетишсе керек. Кийинчерээк, жамгыр күчөп, караӊгы киргенде, дарыянын үстүӊкү жагында пантеранын үнүн укту.

Эми там сууктан титиреген тирүү жандай сезилди. Ал чыракты кулап 25баратканда кармап алып, аны буту менен бекем кысып калды. Кыйчылдап жана онтоп, там жерден жылып кетти да, чайпалып, эки жакка кайрылып, дарыянын агымына баш ийип, акты.

Аял керебеттин жээгин кармап калды. Бир жактан экинчи жакка чайпалып, там чынжырдын узундугуна карата жылып барды. Андан кийин тарс эткен үн чыгып, жыгачтын кыйчылдаганы угулуп, анан тынчып калды.

30 Ал турган жеринен жылып артка жай агып баратты. Ал дем албай калды, көпкө чейин ары-бери чайпалып, кыймылсыз отурду. Караӊгылык жамгырды аралап кирип, ал керебетти кармап, колуна башын коюп уктап калды. Түндө аны кайгылуу кыйкырык ойготту. Караӊгыда ал керебетке чалынды. Кыйкырык дарыя тараптан чыккан эле. Ал бир чоӊ 35нерсе онтоп жылып жүргөнүн укту. Бул башка үй болушу мүмкүн эле. Андан соӊ тамга бир нерсе урунду жана узунунан өтүп кетти. Ал дарак экен. Ал жанынан агып кетти жана жамгыр менен дарыянын үнү эле калды. Бүрүшүп алып, ал уктап баратканда, дагы башка үн чыкты. Анын бөлмөсүндө болгондой жап-жакын угулат. Караӊгыга карап, ал колу менен керебетте мылтыктын муздак тумшугун кармады. Ал аны тизесине койду. «Ким?» – деп кыйкырды.

40 Жооп катары кайрадан кыйкырык угулду, бул жолу мурдагыдан да ачуу, бирок чарчаӊкы. Бастырмада бир нерсе жүргөнсүдү, ал кыймылдап жүрдү. Полдун үстүнө салынган килемчелер кыйчылдап, ага ьир нерселер кулап жатканы угулду. Андан соӊ дубалды бирөө тырмагы менен тытып жатканы угулду, ичке киргенге аракет жасагандай сезилди. 45Бул ким экенин ал эми билди. Агып бараткан дарактан секирип өткөн чоӊ мышык. Аны белек катары агым алып келди.

Айласыз ал колу менен коркконунан деми кыстыгып бараткан мойнун кармады. Мылтык анын тизесинде эле. Ал өмүрүндө пантераны көргөн эмес. Алар жөнүндө уккан, жана алыстан үндөрүн гана укчу. Пантера кайрадан дубалды тытып баштады, эшиктин жанындагы айнекти 50каккылады. Айнекти сактап калып, мышык дубалдын артында болгон чакта, ал коопсуздукта.

Сыртта жаныбар тырмагы менен дат баскан торду тытмалаганын токтотту. Кээде гана ал кыӊшылап, ырылдап коюп жатты.

Жамгырдан жарык бир аз бүлүӊдөгөндө, ал дагы деле керебетте отурган, үшүгөн жана кыймылсыз. Анын кайык калактары менен иштеген колдору, мылтыкты кучактаган бойдон, ооруп жатты. Ал мышыкты 55чочутуп албайын деп, кыймылдагандан коркуп жатты.

Керебетте каткан бойдон ал там менен кошо чайпалып отурду. Ал эми жамгыр эч качан токтобой тургандай жаап жатты. Боз таӊ атканда ал акыры жамгырдан чаар тарткан сууну жана алыстагы чөгүп кеткен дарактардын чокуларынын булаӊгыр сөлөкөттөрүн көрө алды. Мышык кыймылдаган жок. Мүмкүн, жаныбар кетип калгандыр. Мылтыкты нары 60 алып коюп, ал керебеттен түшүп, терезеге жакындады. Мышык дагы эле ошол жерде эле.

Ал жатып алып, там байланган эменди карап, ага секирип кеткенге болобу же болбойбу дегендей турду. Пантера мурдагыдай коркунучтуу эмес эле. Анын жүндөрү жармашып, ачкадан ичтери кирип, ал куйругу менен эки жакты ургулап жатты. Аны азыр атып салуу оӊойго турмак. Ал 65артка жылып, мылтыкты алганда, пантера кайрылып туруп, айнекти секирип сындырды. Ал чалкасынан жыгылып, кыйкырган бойдон мылтыкты алды, андан соӊ айнекке атты. Эми ал пантераны көрбөй калды, бирок тийбей калганын сезди. Жаныбар кыймылдай баштады. Ал 70терезенин жанынан өткөн сайын анын башын жана жонун көрүп жатты. Калтыраган бойдон ал керебетке келип жатып калды. Суу менен жамгырдын үнү, суук анын максатын унуткарды. Ал айнектен байкап, мылтыкты даяр кармап турду. Аз гана күтүп, ал жакындады. Пантера башын бутуна коюп мышыкча уктап жатты. Жамгыр башталгандан бери биринчи жолу анын ыйлагысы келди, өзүн адамдарды, селден жабыркаган 75нерселердин баарын аяды.

Керебеттен ылдый сыйгаланып баратып, ал ийнине жуурканды жапты. Ал бул жерден жол бар кезинде, кайыгы агып кете электе чыгып кетиши керек эле. Там менен кошо чайпалып, ал ашказаны катуу ооруганын сезди, ал көптөн бери тамактана элегин эстеди. Ал качантан бери тамактана электиги эсинде жок.

80 Пантера абдан ачка эле. Ашканага кирип аял калган жыгачтардан от жакты. Эгер суу ташкын улана берсе, ал отургуч, столду отко жагат. Илинип турган калган этти алып, ал бир нече кесим күрөӊ-кызыл этти сковородкага салды. Куурулган эттин жытынан башы айланды. Анда дагы акыркы жолу тамак бышырган күндөн калган эски токоч бар эле, дагы ал 85өзүнө кофе кайнатса болчудай, анткени суу жетиштүү эле.

Тамак даярдоо учурунда ал пантераны унутуп калды, тиги улуп баштаганда кайрадан эске түштү. Мышык дагы ачка эле. «Тамактанып алайын, – деди ал, жаныбарга кайрылып. – Анан сага кам көрөм». Деп алып, каткырды. Ал эттин калганын илип жатканда, пантеранын 90 ырылдаганынан колдорун калтырак басты. Тамактанып алып, керебеттен мылтыкты алды. Суу тамды жерден абдан эле өйдө көтөрүптүр, ал дарыя толкундаган сайын чайпалганда, чокуга тийген да жок. Тамак аны жылытты. Ал жарыкта мышыктан арылса болот эле. Ал акырын терезеге жакындады. Жаныбар дагы эле ошол жерде экен. 95Мыйоолоп ары-бери басты. Аял бир аз убакыт аны карап туруп, корккон жок. Андан соӊ, мылтыкты ары койду да, керебетти айланып, ашканага басты. Артында тынчсызданган пантера жүрдү. Аял калган эттин баарын алып, сынган айнектен ыргытты. Айнектин ары жагында ач ырылдаган үн угулду, пантера таӊ калгандай сезилди. Өзүнүн жасаганына аӊ-таӊ болуп, ал керебетке кайтты. Пантера этти үзгүлөп жатканы угулуп турду.

100 Там чайпалып жатты. Ал ойгонгондо, баары өзгөргөнүн түшүндү. Жамгыр басылды.

Там кыймылдаган жок. Эшикти ачып, ал тытылган тордон таптакыр башка дүйнөнү көрдү. Там мурдагы жерде турду. Ылдый жакта суу шаркырап агып жатты, бирок ал эмен менен үйдүн ортосундагы жерди жапкан жок.

105 Пантера кетти. Тепкичтен эменге секирип, ал ылайланган жерде билинер-билинбес из калтырды. Тепкичте аппак болуп мүлжүнгөн сөөк жатты.

1-суроо:«Белек» аӊгемесин окуган эки адамдын диалогу менен таанышкыла:

Диалогдун катышуучулары өз оюн тастыктаган фактыларды аӊгемеден келтиргиле.



Аӊгемелешүүнүн биринчи катышуучусу ______________________________ Аӊгемелешүүнүн экинчи катышуучусу ________________________________

2-суроо:Аӊгеменин башында аял кандай абалда эле?

  1. Ал бир нече күн тамактанбай, алдан тайып, үйүнөн чыга албады.

  2. Ал өзүн жырткыч жаныбардан коргоду.

  3. Анын үйү бардык тарабынан суу менен курчалды.

  4. Жээгинен ташкындап чыккан дарыя анын үйүн агызып кетти. 3-суроо:

Автор пантераны аӊгеменин башында сүрөттөгөнүнүн мисалдары:

*… аны бирөөнүн кыйкырыгы ойготту, ал абдан кайгылуу эле …* (35-сап) *жооп катары дагы кыйкырык чыкты, бул жолу анча ачуу эмес, бирок чарчаӊкы.* (45 – 46-сап).

*… аларды ал алыстан эле уккан.* (53-сап)

Аӊгемедеги болуп жаткан нерселерди карап, түшүндүргүлө, эмнеге автор пантераны чагылдыруу үчүн дал ушундай сүрөттөөлөрдү тандап алды? __________________________________________________________________

__________________________________________________________________ __________________________________________________________________

__________________________________________________________________

4-суроо

*Кыйчылдап жана онтоп, там кулады …* (27-сап) Окуянын бул бөлүмүндө эмне болду?

  1. Там кулап калды.

  2. Там агып кетти.

  3. Там эменди сүздү.

  4. Там дарыяга чөгүп кетти.

5-суроо:

Аӊгеменин мазмунуна таянып, түшүндүргүлө, эмнеге аял пантеранын курсагын тойгузду?

__________________________________________________________________

__________________________________________________________________

__________________________________________________________________

__________________________________________________________________

__________________________________________________________________

6-суроо:

Сиз кандай деп ойлойсуз, *Белек* аӊгемесинин акыркы сүйлөмү ага аягы болуп бере алабы?

Акыркы сүйлөм аӊгеменин жалпы мазмунун кантип түшүндүрөөрүн айтып, жообуӊузду негиздеп бериӊиз.

__________________________________________________________________

__________________________________________________________________

__________________________________________________________________ __________________________________________________________________ __________________________________________________________________

__________________________________________________________________



написать администратору сайта