Главная страница
Навигация по странице:

  • Экономикалык дипломатия

  • Улуттук жана региондук коопсуздукту бекемдөө.

  • 20182040жылдары кыргыз республикасын НКТРНн улуттук стратегиясы


    Скачать 359.71 Kb.
    Название20182040жылдары кыргыз республикасын НКТРНн улуттук стратегиясы
    АнкорCycufc
    Дата08.09.2022
    Размер359.71 Kb.
    Формат файлаdocx
    Имя файлаc0708df3-f396-4bb5-943b-fe6d33f3d3ef.docx
    ТипДокументы
    #667512
    страница12 из 18
    1   ...   8   9   10   11   12   13   14   15   ...   18

    4.6 Прагматикалуу тышкы саясат




    Келечекке көз караш: Кыргыз Республикасынын тышкы саясаты улуттук кызыкчылыктарды коргоого жана илгерилетүүгө негизделет, өнүгүүнүн стратегиялык максаттарына жетишүү, Кыргыз Республикасынын эл аралык аренадагы позитивдүү имиджин чыңдоо, Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүүсү, элдин бакубаттыгынын өсүшү үчүн тышкы саясий жана тышкы экономикалык жагымдуу шарттарды түзүү, улуттук жана региондук коопсуздукту камсыз кылууга көмөк көрсөтүү, Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча стратегиялык максаттарга жетишүү үчүн мүмкүндүктөрдү түзүүгө багытталат.

    ‗‗‗‗‗‗‗‗‗‗‗‗‗‗‗‗‗‗‗‗‗‗‗‗‗‗‗‗‗‗‗‗‗‗‗‗‗‗‗‗‗‗‗‗‗‗_‗‗‗‗‗‗‗‗_
    Кыргыз Республикасы акылга сыйымдуу балансты табат жана тең салмактуу, туура тышкы саясий чечимдерди кабыл алат.

    Кыргыз Респуликасынын тышкы саясаты өнүгүүнүн ички муктаждыктарына таянат жана биздин тышкы бардык өнөктөштөр менен тең укуктуу диалогдун негизинде жүргүзүлөт.

    Кыргыз Республикасы чектеш өлкөлөр, союздаштар жана стратегиялык өнөктөштөр, алыскы жана жакынкы чет мамлекеттер менен ар тараптуу кызматташтыкты чыңдоонун ачык-айкын, прагматикалуу жана максаттуу саясатын жүргүзөт.

    Глобалдуу жана региондук уюмдардын, интеграциялык бирикмелердин алкагында Кыргыз Республикасы улуттук кызыкчылыктарды илгерилетүү үчүн шарттарды түзөт.

    Кыргыз Республикасы өзүнүн тышкы саясатында төмөнкү негизги принциптерге жана артыкчылыктарга таянат:

    – өлкөнүн эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн коргоо;

    Кыргыз Республикасында жана региондо тынчтыкты, коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу;

    – эл аралык кызматташтыкты жана чет мамлекеттер менен достук мамилелерди илгерилетүү;

    – Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо;

    – адамдын, коомдун жана мамлекеттин шайкеш жана туруктуу өнүгүүсү үчүн жагымдуу тышкы экономикалык чөйрөсүн түзүүгө тышкы саясий инструменттер аркылуу көмөк көрсөтүү.
    Экономикалык дипломатия

    Тышкы өнөктөштөр менен туруктуу позитивдүү саясий диалогду көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын тышкы саясий ишинде негизги басымды өлкөнүн чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен тышкы экономикалык байланыштарын өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө багыттоо зарыл.
    Ишмердүүлүктүн негизги багыттары:

    • ЕАЭБнын алкагында КР экономикасын гармониялуу интеграциялоо боюнча бардык деңгээлдерде максатка багыттуу жигердүү иши.

    • Товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана эмгек ресурстарынын бөгөтсүз, алып коюусуз жана чектөөлөрсүз эркин ары-бери жүрүүсүнүн негиз түзүүчү принциптеринин базасында улуттук экономиканы туруктуу өнүктүрүү үчүн Кыргызстан катышуучу болуп саналган интеграциялык түзүмдөрдүн алкагында толук форматтуу жана натыйжалуу өз ара аракеттенүү, ошондой эле кызматташуунун формаларын жана механизмдерин өркүндөтүү.

    • Өлкөнүн өндүрүштүк жана транзиттик потенциалын жогорулатуунун зарылдыгын эске алуу менен регионалдык долбоорлорду ишке ашырууга жигердүү катышуу.

    • Түштүк жана Түштүк-Чыгыш Азия, Араб Чыгыш өлкөлөрү, Америка менен өз ара пайдалуу соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууну өнүктүрүү жолу менен Кыргызстандын тышкы экономикалык багытын диверсификациялоо.

    • ЕАЭБ, CASA-1000 ж.б. алкагында отун-энергетикалык ресурстардын региондук рынокторун калыптандырууга активдүү катышуу.


    Улуттук жана региондук коопсуздукту бекемдөө.

    Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү, жарандардын коопсуздун камсыз кылуу, чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу жана туристтик потенциалды ишке ашыруу көп жагынан тышкы коркунучтардан коопсуздукту камсыз кылуу деңгээлинен көз каранды. Ушуга байланыштуу Кыргызстандын тышкы саясатынын орчундуу артыкчылыгы улуттук жана региондук коопсуздукту камсыз кылуу болуп саналат.

    Ишмердүүлүктүн негизги багыттары:

    • Эл аралык терроризмге, экстремизмге, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча ЖККУнун алкагында жамааттык коопсуздуктун ишенимдүү системасын камсыз кылууга көмөк көрсөтүү. Чек ара коопсуздугу чөйрөсүндө ЖККУ мүчө-мамлекеттери менен өз ара аракеттенүүнү жигердештирүү.

    • Эки тараптуу негизде да, ошондой эле региондук жана эл аралык уюмдардын алкагында аскердик жана аскердик-техникалык кызматташууну өркүндөтүү.

    • Чектеш мамлекеттер менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча маселелерди чечүү.

    • Кыргыз Республикасынын жана чектеш мамлекеттердин чек ара аймактарынын социалдык-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарын өнүктүрүү.



    1   ...   8   9   10   11   12   13   14   15   ...   18


    написать администратору сайта