Главная страница
Навигация по странице:

  • Заманбап өндүрүш инфраструктурасын

  • Негизги милдет болуп коомдун бийликке болгон ишениминин деңгээлин

  • Сот системасы да өнүгүү максаттарына жетүүнү камсыз кылууга тийиш. Жарандардын сот бийлигине болгон ишенимин көтөрүү өтө маанилүү.

  • 20182040жылдары кыргыз республикасын НКТРНн улуттук стратегиясы


    Скачать 359.71 Kb.
    Название20182040жылдары кыргыз республикасын НКТРНн улуттук стратегиясы
    АнкорCycufc
    Дата08.09.2022
    Размер359.71 Kb.
    Формат файлаdocx
    Имя файлаc0708df3-f396-4bb5-943b-fe6d33f3d3ef.docx
    ТипДокументы
    #667512
    страница14 из 18
    1   ...   10   11   12   13   14   15   16   17   18

    4.8 Жарандык коомду өнүктүрүү



    Келечекке көз караш: Мамлекет Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген жогорку баалуулуктарды: адамдын укуктарын жана эркиндиктерин, социалдык адилеттикти сактоо жана улуттук кызыкчылыктарды биргелешип илгерилетүү максатында жарандар жана алардын бирикмелери менен бирдикте системалуу түрдө иш жүргүзөт. Жаранга өзүнүн өнүгүүсү, ошондой эле коомду жана өлкөнү өнүктүрүүгө таасир тийгизүүсү үчүн бардык укуктар жана мүмкүндүктөр берилет.
    Кыргызстанда күчтүү, көз карандысыз жарандык коомдун бар болушу айныгыс факт жана артыкчылык болуп эсептелет. Жарандык сектордун улуттук экономикага, социалдык проблемаларды чечүүгө, жарандардын укуктук аң-сезимин бекемдөөгө тикелей жана кыйыр кошкон салымы шексиз. Мамлекет адамдын тигил же бул турмуштук чөйрөсүндө өнөктөшүүнүн жана биргелешип бир багытта болуунун негизинде өнүгүүнүн максаттарына жетүү үчүн жарандык коомдун потенциалын максималдуу колдонот.

    Жарандык коомду өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясат:

    – жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоону камсыз кылат, элдин жашоо шартын жакшыртуу жана өлкөнү туруктуу өнүктүрүү үчүн мамлекеттин, бизнестин жана жарандык коомдун биргелешкен иш-аракеттерине шарттарды түзөт;

    – улуттук жана жергиликтүү деңгээлдерде чечимдерди кабыл алуу процессине жарандык коомдун кеңири катышуусу үчүн шарттарды түзөт;

    – ачык-айкын, атаандаштык каржылоонун механизмдери аркылуу коомго талап кылынган кызматтарды көрсөтүүгө, коомдук-пайдалуу идеяларды жана долбоорлорду илгерилетүүгө багытталган жарандардын демилгелерин колдойт.

    Орто мөөнөттүү мезгилге артыкчылыктуу милдеттер.

    Мамлекеттик институттар жана бизнес менен диалогду жана кызматташууну куруунун принциптерин аныктоо.

    Чечимдерди кабыл алуу процессине жарандык коомдун катышуусунун мыйзамдык негиздерин жана уюштуруу механизмдерин өркүндөтүү, анын ичинде “Ачык өкмөт” өнөктөштүк демилгесине Кыргыз Республикасынын мүчөлүгүнүн алкагында маалыматтык технологияларды колдонуу менен өркүндөтүү.

    Жарандык катышууга дем берүү, жарандардын кайрымдуулук жана демөөрчүлүк ишин кубаттоо, жарандардын жана бизнестин социалдык жоопкерчилигин көтөрүү, волонтердук кыймылды колдоо максатында мыйзамдарды өркүндөтүү.

    Улуттук байлыктарды кайра бөлүштүрүүнүн жана Туруктуу өнүгүү фондунун эсебинен жарандык коомдун уюмдарынын финансылык туруктуулугу үчүн шарттарды түзүү; кайрымдуулук ишине дем берүү үчүн салык салууну оптималдаштыруу; жарандык коомдун уюмдарын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн, мамлекеттик социалдык тапшырыкты колдонуу практикасын жайылтууну кошкондо жабдуучусу катары аларды социалдык кызмат көрсөтүүгө тартуу механизмин киргизүү.

    ЖМКнын алдындагы негизги милдет болуп өлкөнүн элине жана эл аралык коомчулукка биздин өлкө тууралуу объективдүү маалыматты берүү, аны бай, маданий жана тарыхый мурастары, улуттук баалуулуктары жана элдин каада-салты, коомдук жашоосундагы түрдүү чөйрөлөрдөгү жетишкендиктери менен тааныштыруу иши эсептелет.

    ЖМК бүгүнкү күндүн чындыктарын так берүүлөрү, элди дүйнөнү, туруктуулукту жана бакубаттыкты сактоого чакыруу, мамлекетибиздин көз карандысыздыгын бекемдөө, анын дүйнөлүк аренадагы кадыр-баркын жогорулатуу ишине өзүнүн конструктивдүү салымын кошуусу абдан маанилүү.

    ЖМКны мындан ары либералдаштыруу, алардын көзкарандысыздыгын бекемдөө, эл аралык укуктук ченемдерди жана демократиялык стандарттарды ЖМК практикалык ишине имплементациялоо улантылууга тийиш. Ой-пикирлерди эркин билдирүүнү камсыздоонун, объективдүү маалыматка жетүүнүн саясий укуктук аспектилери жана маалыматтык чөйрөнү өнүктүрүүнүн башка маселелери көңүл чордонунда болот.

    Конструктивдүү өз ара аракеттенүүнүн принциптерин, жарандык коомдун уюмдарынын мамлекеттик институттар жана бизнес менен диалогун куруу жана кызматташуу механизмдерин иштеп чыгуу жана киргизүү алдыда турат. Ушуга байланыштуу мамлекеттик тапшырыктын жана анын жарандык коомдун өлкөнү өнүктүрүүгө багытталган максаттарын жана милдеттерин коюуга активдүү катышуу идеясы жүзөгө ашырылуучу жарандык коомдун уюмдарын мамлекеттик колдоо программасын иштеп чыгуу максатка ылайыктуу.

    V. Кыргыз Республикасынын 2023-жылга чейинки приоритеттүү багыттары



    2040-жылга чейинки узак мөөнөттүү максаттарга жетишүү кайра өзгөртүүлөрдүн ырааттуу, так аныкталган этаптарын белгилөөнү талап кылат.

    Өлкөнү өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү приоритеттери катары 2023-жылга чейин өлкөнү өнүктүрүүгө болгон көз караш коомдун суроо-талаптарына, мамлекеттин кызыкчылыктарына таянуу менен белгиленген.

    Өлкөнү өнүктүрүү саясатынын борборунда Адам, анын ар тараптуу өсүшү, турмуш-тиричилиги үчүн жагымдуу чөйрө түзүү турат.

    Биринчи кезекте адамды, анын саясий, экономикалык, социалдык, маданий, экологиялык укуктарын, ошондой эле ыңгайлуу шарттары бар шаарларда жана айылдарда жашоо укугун коргоонун мамлекеттик саясаты үзгүлтүксүз жүргүзүлүүгө тийиш.

    Үзүрлүү, коопсуз жана өндүрүмдүү эмгек, ал үчүн татыктуу сый акы алуу, мамлекеттик билим берүүнү жана саламаттык сактоону адилеттүү кылуу мамлекеттин социалдык саясатынын өзөгү болуп эсептелет.

    Социалдык абалына жана турмуштук жагдайларына, жашаган жерине жана этностук таандыктыгына, динине, гендердик жана башка айырмачылыктарга, ден соолугунун абалына карабастан жарандарга өз жөндөмдөрүн өстүрүүгө бирдей мүмкүндүктөрдү берүү зарыл.

    Өнүгүүнүн узак мөөнөттүү приоритеттерине таянып, “өндүрүүчү адам” үчүн, ишкердик чөйрөсүн, бизнести өнүктүрүү үчүн шарттарды жана мүмкүндүктөрдү түзүү аркылуу жарандардын экономикалык бакубаттыгы үчүн сапаттуу чөйрөнү орто мөөнөттүү мезгилде калыптандырууга умтулушубуз керек.


    Эркин жана активдүү ишкер экономиканын башкы субъекти болот. Экономикада мамлекеттик сектордун үлүшү кыскарууга тийиш, анын ордуна мамлекеттик-жеке өнөктөштүк олуттуу күчөтүлөт. Атаандаштык бар болгон тармактарда жөнгө салуудан баш тартуу жана адилеттүү рынокко кепилдик берилет.

    Инновациялык экономика – өнүгүүнүн мүмкүн болгон жалгыз жолу. Кыргызстанга жаңы типтеги – жогорку технологиялуу, компакттуу, экологиялуу өнөр жай керек. Гигант-заводдордун мезгили өттү, эми билимге негизделген жана мобилдүү, технологиялык чечимдерге багытталган ишканалар алдыга чыгууда.

    Заманбап өндүрүш инфраструктурасын түзүү жана колдоо негизги милдеттердин бири болуп эсептелет, ансыз экономикалык өнүгүү мүмкүн эмес.

    Аймактар өнүктүрүүнүн приоритети болот. Мамлекеттик башкаруунун тармактык принциптеринен аймактарды өнүктүрүүнү башкаруу принциптерине өтүү камсыз кылынат.Региондор өздөрүнө тиешелүү болгон натыйжалуу өндүрүш жана керектөө моделдерин түзүүгө муктаж, бул аларды өлкөнүн экономикалык мейкиндигине интеграциялоого мүмкүндүк түзөт.

    Кыргыз Республикасынын жаңы административдик-аймактык бөлүнүшү түзүлөт, анын негизи болуп объективдүү социалдык-экономикалык процесстер кирет.

    Адамдын ден соолугу үчүн жагымдуу болгон коопсуз чөйрөнү түзүүгө өзгөчө көңүл буруу керек.

    Чет элдик мекендештер менен иштөө, алардын өлкөнүн региондорун өнүктүрүүгө, жаңы өндүрүштөрдү ачууга инвестиция салуусу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү мамлекеттин саясатынын приоритеттеринин бири болуп калышы керек.

    Негизги милдет болуп коомдун бийликке болгон ишениминин деңгээлин жогорулатуу эсептелет. Бул үчүн саясий системаны өнүктүрүүгө багытталган бир катар чаралар сунушталат.

    Саясий системаны реформалоодо маанилүү болуп жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасын кайра куруу эсептелет.
    Өнүгүүнүн инструменти катары сөз эркиндигин, коомчулук менен байланышты өнүктүрүү колдоого алынат, алар мамлекетибиздин көз карандысыздыгын бекемдөө, анын кадыр-баркын дүйнөлүк аренага жогорулатуу ишине конструктивдүү салымдарды кошот.

    Жарандык коомдун сунуштарын, айрым региондордун мүмкүнчүлүгүн жана жалпы улуттук кызыкчылыктарды эске алып, адилет жана негиздүү чечимдерди кабыл алган башкаруу системасын түзүү зарыл.

    Заманбап, адилеттүү, коомдук натыйжага, адамдын жашоо турмушуна ыңгайлуу чөйрөнү түзүүгө багытталган өлкөнүн өнүгүшүнө шарт түзүүчү мамлекеттик башкарууну түзүү зарыл.

    Дүйнө тез өзгөрүп жаткан шартта мамлекеттик башкаруунун жаңы системасы мамлекеттин адамга болгон жоопкерчиликтүү мамилесине, мамлекеттик органдар ортосунда натыйжалуу өз ара аракеттенүүнү курууга, региондорду натыйжалуу башкарууга таянуусу керек.

    Ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү өзгөртүүнүн концептуалдуулугу аткаруу бийлигинин түзүмүн жана функционалын кайра кароону, башкаруу чечимдерин кабыл алуу процессин жана регламентин өзгөртүүнү, аларды санарип технологияларга которууну болжолдойт.

    Сот системасы да өнүгүү максаттарына жетүүнү камсыз кылууга тийиш. Жарандардын сот бийлигине болгон ишенимин көтөрүү өтө маанилүү. Соттор мыйзамдардын негизинде адилеттүү, акыйкат жана натыйжалуу болушу керек жана адамдын, жарандын жана ишкердин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн иштөөгө милдеттүү.

    Инвестициялык климаттын начарлоосу өлкөнүн имиджин калыбына келтирүү боюнча олуттуу күч-аракеттерди талап кылат.

    Ички жана тышкы инвесторлордун экономикага салган каражаттарынын коопсуздугун жана сакталышын камсыз кылуу маселеси маанилүү болот.


    Укук коргоо органдарынын кадыр-баркын калыбына келтирүү жана аларга карата элдин ишенимин бекемдөө адамдын укуктарын коргоо жаатында стратегиялык максат болуп саналат. Укук коргоо блогунда реформаларды жүргүзүүнүн биринчи кезектеги милдети - күч түзүмдөрүндөгү коррупцияны түп-тамырынан жоюу, инсанды коргоого жана коомдук тартипти камсыздоого багытталган принципиалдуу жаңы мыйзамды иштеп чыгуу жана кабыл алуу болуп саналат.

    Куралдуу Күчтөрдү реформалоонун концептуалдуу багыттары мамлекеттик жана аскердик башкаруусу, ошондой эле аскердик-экономикалык камсыздоонун натыйжалуу системасы бар жогорку кесипкөй, мобилдүү жана жогорку технологиялык армияны түзүүгө багытталат.

    Кыргызстан тышкы саясат чөйрөсүндө улуттук кызыкчылыкты коргоонун жана алдыга илгерилетүүнүн, өз ара урматтоо жана өз ара пайдалуу кызматташуу принциптеринде мамилени түптөйт.

    Улуттук кызыкчылыкты эске алуу менен прагматикалык тышкы саясатты жүргүзүүнүн натыйжасында, өлкө союздаштар жана негизги стратегиялык өнөктөштөр менен мамилени сактайт жана андан ары өнүктүрөт; региондун өлкөлөрү, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөр менен ар тараптуу жана өз ара пайдалуу кызматташууну түптөйт; эл аралык жана региондук уюмдарга натыйжалуу катыша алат.

    1   ...   10   11   12   13   14   15   16   17   18


    написать администратору сайта