Главная страница

20182040жылдары кыргыз республикасын НКТРНн улуттук стратегиясы


Скачать 359.71 Kb.
Название20182040жылдары кыргыз республикасын НКТРНн улуттук стратегиясы
АнкорCycufc
Дата08.09.2022
Размер359.71 Kb.
Формат файлаdocx
Имя файлаc0708df3-f396-4bb5-943b-fe6d33f3d3ef.docx
ТипДокументы
#667512
страница2 из 18
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   18

I. Келечектин образы. Өнүгүү максаттары



Кыргызстан – маданий, этностук, диний жактан айырмаланган адамдар ийгиликтүү жана өнүккөн мамлекетти курууга биргелешип умтулган мамлекет. Жарандык бирдейлик өлкөнүн эгемендигин бекемдөөнүн жана анын бакубаттыгынын негизин түзөт. Эркин, ийгиликтүү жарандар чынчылдык, адилеттик, ошондой эле өзү, үй-бүлөсү жана өлкөсү үчүн жоопкерчиликти алуу принциптери боюнча жашайт. Мамлекет ар бир жаранга өзүнүн демилгесин ишке ашырып, коомдук байгерчиликти жаратканга шарттарды түзүп берет.

2040-жылы Кыргызстан кубаттуу, өзүн-өзү камсыз кылган, өнүккөн мамлекет болуп калат. Анын өзөгүн жогорку баалуулук катары адам, ал үчүн жагымдуу чөйрөнү жаратуу, анын өмүрү, ден соолугу, укуктары жана эркиндиги түзөт.

Кыргызстан адамдардын жашоосу үчүн ыңгайлуу, турмуш жолун тандоодо чоң мүмкүнчүлүгү бар эркин жана байгер жарандардын өлкөсү болуп калат. Адилеттүү жана жооптуу бийликтин өлкөсү, өзгөчө жана кайталангыс маданияттын өлкөсү болот.

Элибиздин чыгармачыл жигердиги өнүгүүнүн негизи жана башкы булагы болуп калат. Азыркы дүйнөдө өндүрүш жана товарлар атаандашпастан, идеялар, адамды жана анын жашоо-турмушунун чөйрөсүн өнүктүрүү үчүн шарттар атаандашат.

2040-жылга Кыргыз Республикасында өсүп-өнүгүүнү көздөгөн адамдын жаңы образы көнүмүш болот, анын дарамети өзүнө жана үй-бүлөсүнө татыктуу жашоо деңгээлин камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Ал кыргыз элинин тарыхына, маданиятына, каада-салттарына негизделген адилет коомдо жашайт. Адам өзүнүн кылган жосундары үчүн коомдун алдында жоопкерчиликтүү болот жана коом кабыл алынган эрежелердин бузулушун болтурбайт. Өнүгүүнүн, билим берүүнүн, саламаттык сактоонун баалуулуктарын көздөгөн адамдын жашоо образы келечекке инвестиция катары кеңири колдонулат.

Кыргызстанда ар бир жарандын турмуштагы кызыкчылыктары мамлекетке жана анын бакубаттыгына гана жараша болбостон, өзүнө жараша да болоорун түшүнгөн коом курулат.

Ар бир кыргызстандык үчүн үй-бүлө руханий жашоону, билим берүүнү, тарбияны, адамдын турмушун жана сергек жашоо образын бириктирген элемент болуп калат. Муундардын байланышын бекемдеген салттуу жарандык, үй-бүлөлүк, руханий жана маданий баалуулуктар Кыргызстандын улуттук бирдейлигин дүйнөдө алдыга чыккан экономикалык жана технологиялык өнүгүүнүн динамикасына бөгөт келтирбей сактаганга мүмкүндүк берет.

Кыргызстанда саясий, экономикалык жана коомдук чөйрөдө чечимдерди кабыл алуунун бардык деңгээлдеринде башкарууга аялдардын толук жана теңдеш катышуусу камсыз кылынган. Гендердик теңдикке жана аялдар менен эркектердин мүмкүнчүлүктөрүнүн ортосундагы дисбалансты четтетүүгө багытталган мамлекеттик программалар ишке ашырылууда.

Биз кыргыз нарк-насилиндеги адамдардын кайда болбосун жалпылыгын сактайбыз. Биздин чет өлкөдөгү диаспоралар Мекени менен тыгыз байланышты камсыз кылуу үчүн зарыл колдоо алат. Жакшы жашоо издеп өлкөдөн чыгып кеткен ар бир адам тоскоолдуксуз кайрадан кайтып келүүгө, Кыргызстанды өнүктүрүүгө өзүнүн салымын кошууга жана коомдо татыктуу орунду ээлөөгө укуктуу.

Кыргыз Республикасынын жарандарынын азыркы жаш мууну жооптуу жана татаал миссияны аткарууга – 2040-жылы сунушталып жаткан стратегиялык көз карашты ишке ашырууга тийиш.

Стратегиялык демилгелер адамдын, анын үй-бүлөсүнүн, жалпы коомдун бактысы жана бакубаттыгы ийгиликтин башкы факторлору жана критерийлери болуп эсептелген руханий баалуулуктардын базасында түзүлөт.

Билимге, сергек жашоо образына, прогрессивдүү руханий баалуулуктарга умтулуу адамды өнүктүрүүнүн башкы факторлору, демек Өнүгүү стратегиясынын башкы артыкчылыгы болуп калат.

Билим берүү системасы ар бир адамдын дараметин ачкан ар тараптуу инсанды тарбиялоого, иш жүзүндө колдонулуучу билимдерди жана көндүмдөрдү берүүгө багытталат. Ар бир жаран сапаттуу билим алууга мүмкүндүгү болот.

Мамлекет мектепке чейинки, мектептеги билим берүү менен элди толук камтууну жана ага кепилдик берүүнү камсыз кылат. Кесип алууга багытталган билим берүү адамдын статусун аныктаган формалдуу билим берүү болбостон, ийгиликтүү келечекке жол ачкан тандоо болуп калат. Билимдер, көндүмдөр жана компетенциялар дүйнөнүн булуң-бурчунда адамга өзүнүн дараметин көрсөтүүгө мүмкүндүк берет. Биздин мекендештер эл аралык эмгек рыногунда жогорку орундарды ээлейт.

Көп тараптуу, көп түрдүү жана ачык-айкын билим берүү ресурстары билим берүү системасынын негизи болот. Кыргызстан региондук жана эл аралык маанидеги билим берүү борборуна айланат.

2040-жылга кыргыз тилин сактап гана калбастан, аны кыргыз коомуна таандыктыгынын маанилүү элементи, улуттук нарк-насилдин, кыргыз маданиятынын маанилүү белгиси кылабыз. Ошол эле учурда кыргыз коому Кыргыз Республикасында жашап жаткан ар түрдүү маданий жана тилдик каада-салттары бар элдердин тынчтыкта жана ынак достукта жашоосунун, кыргыз, орус тилдерин жана чет тилдердин бирин бирдей билүүнүн үлгүсүн көрсөтөт.

Өлкөдө сергек жашоо образын туу туткан билимдүү адамдын үлгүсү калыптанат. Мамлекет адамдын саламаттыгынын башкы фактору катары дене тарбиясын өнүктүрүүгө, таза тамактанууга, экологияны коргоого, элди таза суу менен камсыз кылууга көңүл бурат. Жогорку технологиялуу медицинаны жана анын кызмат көрсөтүүсүн толук жеткиликтүү жана сапатын талаптагыдай кылуу саламаттык сактоо системасынын негизи болот.

Кыргыз улутун маданияттын улуттук өзгөчөлүктөрүнө, улуттук табийгатка негизделген жана өнүгүп жаткан өзгөчө, кайталангыс коом катары чыңдоо үчүн шарттар түзүлөт.

Кыргызстанда үзүлбөгөн жана тыгыз байланышка негизделген муундардын уланмалуулугу камсыз кылынат. Улуу муундагы адамдар коомдо элдин социалдык-коомдук тажрыйбасын сактаган адамдар катары каралат.
Кыргызстан табийгат менен таттуу мамиледе болууну эске алуу менен өндүрүштүк, энергетикалык, финансылык, транспорттук-логистикалык, маалыматтык, социалдык экосистеманы түзөт жана экономиканын жаңы моделин курат. Өлкөнүн экономикасы жакшы диверсификацияланат, кошумча наркы жогору болгон эмгектин эл аралык бөлүштүрүү системасына кошулат, таза энергетика жана органикалык айыл чарбасы болот.

Жарандардын, ишканалардын жана аймактардын мүмкүнчүлүгүнүн теңдештиги мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде, арзан баада түзүлгөн жана 2025-жылга ЕАЭБ аймагында ишкердиктин долбоорлорун Кыргызстанда ишке ашырууну кыйла жагымдуу кылган кадимки жана санариптик инфраструктуранын бардык түрлөрүн ар тараптуу өнүктүрүү менен камсыз кылынат.

Өлкөнүн экономикасы тышкы шокторго туруктуу болот. Экономиканы өнүктүрүүнүн деңгээли, элдин жан башына улуттук дүң продукттун (УДП) өлчөмү боюнча Кыргызстан дүйнөдө кирешеси ортодон жогору болгон өлкөлөрдүн тобуна кирүүгө тийиш.

Биз өнүгүү үчүн тышкы карыздарды алуу менен өздүк ресурстарды пайдалануунун ортосундагы акылга сыярлык теңдештикти табабыз. Карыз алуу саясаты дүйнөнүн бир дагы өлкөсүнө өзгөчө көз каранды болууга жол бербегендей кылып жүргүзүлөт.

Кыргызстандын жаңы экономикасы – бул жаңы муундагы ишкерлердин билимине жана демилгесине негизделген экономика болот.

Инвестицияларды тартуу үчүн адамдын ыңгайлуу жашоосу үчүн зарыл болгон өнүккөн инфраструктура жана жагымдуу чөйрө негиз болуп калат.

Кыргызстан бизнес жүргүзүү, инвестор, жергиликтүү жана чет өлкөлүк, ири жана чакан ишкерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзгөн, таланттуу жана чыгармачыл адамдарды өзүнө тарткан жер болот.


2040-жылы Кыргызстан Улуу Жибек жолундагы санариптик хаб болуп калууга тийиш. Региондук маанидеги маалыматтарды иштеп чыгуу борборлорунун тармагы (МИБ) бардык регионго МКТ боюнча кызматтарды көрсөтөт. Түзүлгөн санариптик инфраструктура Борбордук Азиянын, ЕАЭБдин, Жакынкы Чыгыштын, Кытайдын жана Европанын маалыматтык-коммуникациялык мейкиндигин бириктирүүгө мүмкүндүк берет.

Өлкөдө жогорку квалификациялуу адистерди даярдоонун базасы жана системасы түзүлөт. Санариптик экономика чөйрөсүндө инновацияларды киргизүү, “алдыга чыгуучу” технологияларды пайдалануу менен прикладдык изилдөөлөрдү жүргүзүү жана иштеп чыгуу боюнча региондук борборлор жаңы “интеллектуалдык” жумуш орундарын түзүүгө түрткү болот. Кыргызстандыктар өлкөнүн чегинен чыкпай эле дүйнө жүзү боюнча иштей алышат.

Сот адилеттигинин улуттук системасы адилеттикти жана мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылат жана коррупциядан арылат. Кыргызстан соттордун чыныгы көз карандысыздыгына жетишет. Ал жогорку ишеним, жарандардын колдоосу жана эл аралык деңгээлде таанылуу менен айгинеленет. Өз кезегинде сот системасын сапаты жагынан башка деңгээлге өтүүсү, адилеттиги, ачык-айкындыгы жана натыйжалуулугу менен айырмалануусу адамдык өнүгүүнүн бардык чөйрөсүнө, экономиканын атаандаштыкка жөндөмдүү болуусуна жана мамлекеттүүлүктүн негиздеринин чыңдалышына түрткү берет.

Мамлекеттик башкаруу системасы ар бир адамдын муктаждыгына, анын укуктарын, эркиндиктерин камсыз кылууга, коомдогу адилеттикти сактоого багытталат. Өлкөнү башкаруу ар бир кыргызстандыктын катышуусуна жана ишеним артуусуна негизделип, кесиптик компетенциясы жана адеп-ахлактык сапаты жогору болгон Кыргызстандын мыкты өкүлдөрүнө ишенип берилет. Мамлекет өзүн-өзү коргоого жөндөмдүү болуп, республиканын ар бир тургуну жана коногу коопсуздукта болгон шарттар түзүлөт.

1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   18


написать администратору сайта