Главная страница
Навигация по странице:

  • 2.3 Жарандык интеграция

  • Тил саясаты

  • 2.4 Кыргызстан – жогорку маданияттын өлкөсү

  • Маданиятты өнүктүрүү

  • 2.5 Дин демократиялуу мамлекетте

  • 20182040жылдары кыргыз республикасын НКТРНн улуттук стратегиясы


    Скачать 359.71 Kb.
    Название20182040жылдары кыргыз республикасын НКТРНн улуттук стратегиясы
    АнкорCycufc
    Дата08.09.2022
    Размер359.71 Kb.
    Формат файлаdocx
    Имя файлаc0708df3-f396-4bb5-943b-fe6d33f3d3ef.docx
    ТипДокументы
    #667512
    страница4 из 18
    1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   18



    Келечекке көз караш: Ар бир кыргызстандык үчүн үй-бүлө руханий жашоону, билим берүүнү, тарбияны, адамдын турмушун жана сергек жашоо образын бириктирген элемент болуп калат.
    Социалдык чөйрөдөгү бардык күч-аракеттин башкы багытында үй-бүлө институтун чыңдоо негизги элемент болуп калат. Адамга башкы инвестициялар үй-бүлөдө салынат. Үй-бүлөдө адамга жаштайынан анын жашоодогу багыттары жана келечекте жете турган ийгиликтери аныкталат.

    Ар бир кыргызстандык үчүн үй-бүлөдөн руханият, билим жана тарбия, коомдогу жашоо көндүмдөрү жана сергек жашоо башталат. Социалдык маанилүү институт катары үй-бүлө руханий жана маданий, үй-бүлөлүк баалуулуктарды өнүктүрүп, байытат, ошол эле учурда улуттук бирдейлүүлүктү, муундардын байланышын жана жарандыкты сактоого мүмкүндүк берет.

    Азыркы үй-бүлөнүн проблемаларын эске алганда, Кыргызстанда үй-бүлөлүк саясаттын концептуалдык негиздерин түп-тамырынан бери кайра карап чыгуу керек. Тарбиялоо функциясы үй-бүлөгө берилип, балдарды коомдогу социалдык, экономикалык, маданий турмушка кирүүгө даярдоонун маанилүү бөлүгү болуп калууга тийиш.

    Бирок ошол эле учурда балдарды жаштайынан өстүрүү, баланын кызыкчылыктарын билдирүү жана укуктарын коргоо мамлекеттин приоритеттүү милдети болуп калышы керек. Бул үчүн Акыйкатчы институтунун балдарды, аялдарды жана үй-бүлөнү коргоо иштери боюнча ишин күчөтүү зарыл, балдардын зомбулукка кабылуусун болтурбаган, алардын укуктары менен эркиндиктерин бузууга жол бербеген конкреттүү иштиктүү чараларды көрүү зарыл. Балдарды коргоо маселесиндеги иштерде негизги принцип болуп баланын кызыкчылыгы жана анын үй-бүлөлүк чөйрөгө болгон укугу эсептелет.

    Кыргызстанда терс көрүнүш – күч колдонуп жаштайынан кыйылган никелер токтотулат. Аялдар жана эркектер үчүн эмгектик жана үй-бүлөлүк милдеттер гармониялуу айкалыштырылат: жоопкерчиликтүү ата-эне, энелик жана аталык принциптерин, ар тараптуу тарбиялоого жана үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрүнө сый-урмат менен мамиле кылууга негизделген үй-бүлөлүк баалуулуктарды илгерилетүү үчүн шарттар түзүлөт.

    Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга өзгөчө бала кезинде багуу боюнча эмгекти эмгек акы төлөө механизмдерин киргизүү жана социалдык, медициналык камсыздандыруу системасына тартуу жолу менен коомдук маанилүү деп таанылат. Үй-бүлөнүн биргелешкен жоопкерчилиги, камкорчулук, көзөмөлдүк жана улуттук бала багуу маселелерин караганда жол-жоболорду жөнөкөйлөштүрүү, коррупциялык кубулуштарды азайтуу үй-бүлөнү чыңдоо жана Кыргызстан элинин үй-бүлөлүк каада-салттарын калыбына келтирүүгө негиз болот.


    2.3 Жарандык интеграция
    Улуттук биримдик
    Келечекке көз караш: Кыргыз Республикасынын жарандары, Кыргыз жараны – улуттук курулуш процессинде интеграцияланган, жарандык бирдейлик жана өз өлкөсү үчүн сыймыктанып бириккен, бирдиктүү ачык саясий-укуктук мейкиндикте, плюралисттик коомдо жашайт.
    Өз милдетин түшүнгөн эл гана өнүгүүгө умтулуп, аны ишке ашыра алат. Өнүгүүнүн жаңы этабына жетүү үчүн элдин абдан жигердүү жаратмандыгы талап кылынат. Ошондуктан бардык күч-аракет элди руханий жактан өстүрүүгө жумшалат. Жарандарыбыз келечекти көрө билип, ага жетүү үчүн күч-аракет жумшап, жоопкерчиликти көтөрө билиши керек. Коомдун руханий-интеллектуалдык жактан өнүгүүсү материалдык жана табигый ресурстарга караганда маанилүү болуп эсептелет.

    Этностук, динге болгон мамилеси, регионалдык жана урук-туугандык тиешелүүлүгү, жарандардын башка маданий түрдүүлүктөрү үстөмдүк кылуу үчүн негиз болбойт жана саясий процесстерге таасирин тийгизбеген коомду түзүү үчүн шарттар түзүлгөн.

    Жалпы улуттук маданиятты сактоо жана өнүктүрүү, аны жаңылоо жана өлкөнүн жарандарынын этностук, тилдик, маданий өзүнчөлүгүн сактоодо аларды жайылтуу камсыз кылынат.

    Билим берүү жана маданият системасы аркылуу үй-бүлөдө жарандык патриоттуулукка тарбиялоонун негиздери аныкталган жана киргизилүүдө, элдин биримдигин, ынтымагын бекемдөө боюнча жарандык коомдун демилгелери колдоого алынууда.

    Этностук кыргыздарды колдоо боюнча кыйла активдүү саясат жүргүзүлөт. Этностук кыргыздарды Кыргыз Республикасына ыктыярдуу көчүрүп келүүнүн процесси региондорду социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө жана демографиялык проблемаларды чечүүгө көмөктөшүүнүн принциптерине негизделет. Кыргыздардын этномаданий бирдейлигин сактоо үчүн эмгек жана тарыхый мигранттарды колдоо үчүн ресурстар табылууга тийиш.

    Азыркы этапта кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхынын мазунун жана толуктугун күчөтүү максатында социалдык-гуманитардык илимдерди колдоо абдан зарыл.
    Тил саясаты
    Келечекке көз караш: Кыргыз Республикасынын жарандары атаандаштыкка жөндөмдүүлүктүн негизги факторлорунун бири катары бир нече тилди билет. Муну менен бирге, кыргыз тилинин мамлекеттик тил катары толук баалуу иштөөсү камсыздалат, аны колдонуу чөйрөсү кеңейтилет, убакыттын талаптарына жана коомдун муктаждыктарына ылайык аны модернизациялоо үчүн илимий жана эксперттик коомчулукка шарттар түзүлөт.
    Кыргыз тили – улуттук бирдейликтин негизи. Жакынкы жылдарга кыргыз тилин колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү үчүн шарттарды түзүү маанилүү приоритет болуп эсептелет.

    Билим берүү системасында биринчи багыт катары төмөнкү чараларды аныктоо зарыл: инновациялык коммуникативдик технологияларды, окутуунун интерактивдүү методикаларын киргизүү, маалыматтык технологияларды кеңири пайдалануу, билим берүү системасынын бардык баскычтарында билим берүү тили катары кыргыз тилин колдонууну кеңейтүү.

    Кыргыз тилин маданиятта, турмуш-тиричиликте жана башка чөйрөлөрдө сактоо жана өнүктүрүү менен катар эле ал мамлекеттик бийлик колдонгон тил болуп калышы керек. Бул үчүн биз иш кагаздарын жүгүртүүнү өнүктүрүү максатында 2020-жылга карата иштиктүү кыргыз тилин калыптандыруу механизмин киргизүүгө тийишпиз. Бул мамлекеттик тилди үйрөнүүгө жана өзүнүн деңгээлин өркүндөтүүгө умтулгандарга, анын ичинде өзгөчө жаштарга түрткү берет. Мындай муктаждык мамлекеттик тилди жакшы билген адистердин беделинин жогору болушу жана талап кылынышы менен пайда болот.

    Бул үчүн кыргыз тилинин лексикалык запасын кеңейтүү, грамматикалык түзүлүштү өркүндөтүү жана анын функционалдуулугун жогорулатуу боюнча чаралар көрүлөт. Коммуникативдик технологиялардын, интерактивдүү методдордун негизинде мамлекеттик тилди билүүнүн жаңы методикасын киргизүү, аны окутуу каражаты катары колдонууну кеңейтүү талап кылынат.

    Билим берүү системасындагы кескин өзгөрүүлөр коомдук жашоонун бардык чөйрөсүндө эл аралык тилдерди колдонууну кеңейтүүгө алып келет. Көп тилдүүлүк жаш муундарга өнүгүүнүн глобалдуу процесстерине эркин интеграцияланууга мүмкүндүк берет.

    Эмгектин эл аралык рыногунда, тактап айтканда ЕАЭБ мейкиндигинде толук коммуникацияны түзүү жана жарандардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн көтөрүү үчүн өлкөнүн бардык региондорунда расмий тилди сактоо жана пайдалануу Кыргыз Республикасы үчүн турмуштук зарылчылык болот.


    2.4 Кыргызстан – жогорку маданияттын өлкөсү


    Келечекке көз караш: Кыргызстан – маданияттын өнүгүшү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты, улуттун ийгилигинин базалык негизи болгон өлкө. Жарандардын жүрүм-турум маданиятынын жогорку деңгээли, кесипкөй өнөрдү, элдик чыгармачылыкты, материалдык жана материалдык эмес мурастарды сактоо жана көбөйтүү, өлкөнүн таанымал имиджин түзүү максатында кызмат кылат. Кыргызстан көп улуттуу маданияттын өнүгүшүн, тарыхый-маданий мурастарды жана улуттун бүтүндүгүн аныктаган негизги маданий коддорду колдойт. Негизги маанилерди генерациялаган, маданият чөйрөсүн өнүктүргөн жана жарандык улуттун калыптанышына, ата мекендик маданиятты дүйнөлүк маданиятка интеграциялоого өзүнүн салымын кошкон чыгармачыл элита түзүлгөн, маданий ченемдерди берүүнүн эффективдүү системасы иштейт. Жалпы алтай тектүү элдердин ортосундагы гуманитардык кызматташуу өнүгүүдө.


    Маданиятты өнүктүрүү – мамлекеттин маанилүү милдети. Ошол эле учурда маданиятты көп аспекттүү кубулуш катары кароо керек. Биринчи кезекте жүрүш-туруш маданияты, позитивдүү социалдык жана саясий жүрүм-турумдун, аң-сезимдүү жана жооптуу жарандыктын үлгүлөрүн түзүү жана жайылтуу жөнүндө сөз жүрүп жатат.

    Маданият чөйрөсүндөгү бирдиктүү саясат элдин маданий жана тарыхый мурасын сактоого, Кыргызстан элинин маданий байлыгына жарандардын ээ болуусун камсыз кылууга, аны көбөйтүүгө жана коргоого, улуттук өзгөчөлүктү сактоо менен маданияттагы дүйнөлүк соңку жетишкендиктерди өздөштүрүүгө багытталат.

    Маданият жана кесипкөй өнөр жаатындагы мамлекеттик саясаттын максаты болуп элдин руханий тажрыйбасынын уланмалуулугун камсыздоо аркылуу өлкөнү гуманитардык модернизациялоо, өлкөнүн бирдиктүү мейкиндигин түзүү жана атаандаштыкка жөндөмдүү маданий менталдуулукту өстүрүү эсептелет.

    Билим берүү, маданият жана илим, социалдык институттар, жалпыга маалымдоо жана коммуникация каражаттары жарандык улуттун калыптанышына, Кыргызстандын элинин бай маданий мурастарына негизделген баалуулуктарды жана социалдык тажрыйбаны берүүгө өзүнүн салымын кошот. Жарандык бирдейликтин баалуулук алкактары, философиялык, тарыхый, жана маданий негиздери аныкталган.

    Мамлекеттик саясат чыгармачыл, илимий-педагогикалык коомчулукка дем берет, маданият чөйрөсүндөгү адамзаттын алдыңкы жетишкендиктери менен салттуу баалуулуктары шайкеш келген руханий жактан бай өлкөнү калыптандырууга креативдүү жарандарды тартат. Кыргызстанды региондук искусство, арт-индустрия, салттуу руханий борборго айландырууга багытталган, анын ичинде өлкөгө туристтерди тартуучу иш-чараларды өткөрүү аркылуу келечектүү долбоорлорду ишке ашыруу маанилүү.

    Тарыхый-маданий археологиялык жана архитектуралык эстеликтерди жана оболу Дүйнөлүк мурастардын тизмесине киргизилген обьекттерди коргоо жана сактоо боюнча чаралар көрүлөт. Өлкөнүн визиттик карточкасы болуучу улуттук өзгөчөлүктү чагылдырган жаңы музей комплекстери түзүлөт жана реконструкцияланат.

    Киноиндустрия чөйрөсүндөгү тарыхый ийгиликтерди эске алып, “кыргыз киносун” калыбына келтирүүгө жана аны андан ары өнүктүрүүгө өзгөчө колдоо көрсөтүлөт.

    Эркин, ачык коом жана жагымдуу бизнес-чөйрө чыгармачыл жана аракетчил адамдардын потенциалын ачуу, алардын улуттук жана эл аралык деңгээлде суроо-талап кылынган продуктуларды өндүрүүсү үчүн шарт түзөт. Креативдүү индустрияны, операны, балетти, кино жана чыгармачылыктын түрдүү түрлөрүн өнүктүрүүдө, ошондой эле туризм, коомдук тамактануу, мода жана дизайн чөйрөсүндөгү этно-стилдеги кызматтарды көрсөтүүдө ишкерлердин демилгелери колдоого алынат.

    Маданият чөйрөсүндө, андагы жаңы муундун мыкты өкүлдөрүн түзүүдө адамдык потенциалды күчөтүү кыйла маанилүү болуп эсептелет. Таланттуу жаштарды табуу жана колдоо, искусство жана маданият чөйрөсүндө билим берүүнү өнүктүрүү, сапатын жана жагымдуулугун арттыруу, эстетикалык тарбия берүү компонентин күчөтүү жана орто жалпы билим берүү мектептеринде, өзгөчө өлкөнүн региондорунда балдардын чыгармачыл потенциалын өнүктүрүү талап кылынат.

    Оболу таланттуу балдарды жана жаштарды издөө жүргүзгөн, өзгөчө шыгы бар балдар үчүн колдоо программаларын ишке ашырган маданият жана искусство чөйрөсүндөгү окуу жайларына колдоо көрсөтүлөт.

    Баалуулук багыттарын иштеп чыгуу маданият, маданият таануу, маданияттын социологиясы, маданияттын тарыхы, маданий антропология, маданияттын экономикасы боюнча илимий-изилдөөчүлүк иштердин жана прикладдык изилдөөлөрдүн комплексине таянат.

    Тилдерди жана кайталангыс маданияттарды сактоо жана өнүктүрүү, материалдык жана материалдык эмес маданияттын мурастарын жайылтуу максатында алтай тилдеринде сүйлөгөн элдердин ортосундагы туруктуу кызматташуу үчүн шарттарды түзүү зарыл.

    2.5 Дин демократиялуу мамлекетте


    Келечекке көз караш: Кыргыз Республикасы – светтик мамлекет, жарандардын дин тутуу жана ынанымдарынын эркиндигине укуктарынын ишке ашырылышына кепилдик берет, диний уюмдарга карата бейтараптыгын сактайт, диний чөйрөдө процесстерди натыйжалуу укуктук жөнгө салууну жана коомдук коопсуздукту камсыз кылат.


    Бир да дин Кыргызстанда мамлекеттик же милдеттүү болуп саналбайт, дин жана бардык ишенимдер мамлекеттен ажыратылган, диний бирикмелердин жана дин кызматчыларынын мамлекеттик органдардын ишине кийлигишүүсүнө тыюу салынган. Конституция, мыйзам жана анын колдонуу практикасы жарандарга диний жана башка ынанымдарды эркин тандоо жана ээ болуу, каалаган динди тутуусун же эч кандай дин тутпоо укугун камсыз кылат.

    Мамлекеттик саясаттын маанилүү артыкчылыгы Кыргызстандын элинин өздүк маданий өзгөчөлүк үлүгүн сактоо болуп саналат. Коом биздин бирдейликти аныктаган кылымдар бою келген каада-салттар бөтөн маданияттар жана кызыкчылыктар үчүн курмандыкка чалынбай турганын түшүнүүгө тийиш.

    Мамлекет менен диндин өз ара мамилеси демократиялык принциптерге жана жалпы улуттук масштабдагы милдеттерди чечүүдө, бийликтин мамлекеттик институттарын, коомдун руханий адеп-ахлак негиздерин, анын туруктуулугун жана биримдигин бекемдөөдө тыгыз өнөктөшүүгө негизделет. Өз ара мамиле конфессиялар аралык диалогду өнүктүрүү, сабырдуулук, жарандардын өз ара сый-мамилеси жана динге болгон мамилесине карабастан бейпилдикте жашоо үчүн шарттарды түзөт. Кызматташуу жаштарды руханий-адеп-ахлактык жактан тарбиялоого, ар кандай укук бузууларды алдын алууга, сергек жашоо образын пропагандалоого, коррупцияга каршы күрөшүүгө, укуктук маданиятты өстүрүүгө багытталат.


    Ошол эле учурда мамлекет динди жана динге ишенгендерди конституциялык түзүлүштүн негиздерин бузуу максатында пайдаланган ар кандай лидерлердин, уюмдардын жана бирикмелердин аракеттерине каршы күрөшүү боюнча ишти жүргүзүүгө тийиш. Өлкөнүн Конституциясы жана мыйзамдары бизди радикалдуу, экстремисттик жана террордук уюмдардын жана бирикмелердин мамлекетке жана элдин руханиятына тийгизген терс таасирине каршы күрөшүүгө милдеттендирет.

    Дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат диний бирикмелердин жана дин кызматкерлеринин мамлекеттик органдарынын ишине кийлигишпөөсүн камсыз кылат, диндин саясатташуусун жана диний агымдардын жана алардын мүчөлөрүнүн бийлик жана күч түзүмдөрүнө жашыруун кирип кетүүсүн болтурбайт.

    Радикализмди, экстремизмди жана террорчулукту болтурбоо максатында элдин арасында алдын алуучу, түшүндүрүүчү ишти жүргүзүү, ошондой эле экстремизмге айыптоо боюнча жазык иштери боюнча соттук чечимдер кабыл алууга негиз болгон дин таануучулук жана психологиялык-лингвистикалык экспертизаларды жүргүзүүнүн улуттук потенциалын чыңдоо боюнча олуттуу иштерди жасоо керек.

    Өлкөдө диний билим берүүнүн системасы иретке келтирилет, Кыргыз Республикасынын жарандарынын чет өлкөдө диний билимди алуусун контролдоо күчөтүлөт. Республикадагы азыркы ислам педагогикасын жана билим берүүнү модернизациялоо зарыл.

    Кыргыз Республикасы үчүн салттуу болуп калган ханафий мазхабын жана православ христианчылыгын сактоо жана өнүктүрүү азыркы мезгилдин талаптарына, экстремизмдин жана радикалдашуунун идеяларын жайылтуунун дүйнөдөгү жаңы чакырыктарына ылайык улуттук масштабдагы милдет болуп эсептелет.

    Мусулман интеллигенциясын калыптандыруу, исламдагы интеллектуалдык ой-пикирди, диний маданиятты жана адепти өнүктүрүү максатында ислам агартуу жана илимий борборлорун ачуу үчүн шарттарды түзүү зарыл.

    1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   18


    написать администратору сайта