Главная страница
Навигация по странице:

  • Келечекке к

  • Жагымдуу бизнес-чөйрө

  • Сапаттуу инфраструктура

  • Курчап турган чөйрө жана климаттын өзгөрүүлөрүнө ыңгайлашуу жана бөөдө кырсыктардын тобокелдигин азайтуу

  • Өлкөнүн региондорун өнүктүрүү

  • 20182040жылдары кыргыз республикасын НКТРНн улуттук стратегиясы


    Скачать 359.71 Kb.
    Название20182040жылдары кыргыз республикасын НКТРНн улуттук стратегиясы
    АнкорCycufc
    Дата08.09.2022
    Размер359.71 Kb.
    Формат файлаdocx
    Имя файлаc0708df3-f396-4bb5-943b-fe6d33f3d3ef.docx
    ТипДокументы
    #667512
    страница6 из 18
    1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   18

    3.2. Өлкөнүн региондорун өнүктүрүү


    Макроэкономикалык туруктуулук жана саясаттын ырааттуулугу



    Келечекке көз караш: Экономикалык саясат жаңы институционалдык түзүмдү жана экономикалык системанын иштөө чөйрөсүн түзүү менен реформа жүргүзүүгө багытталат. Макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылуу жана саясий-укуктук институттарды өнүктүрүү өлкөнүн өнүгүүсүнүн ийгиликтүүлүгүнүн, экономиканы туруктуу өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүнүн базалык өбөлгөсү катары каралат. Келечекте макроэкономикалык тобокелдиктерди жана транзакциялык чыгымдарды минималдаштыруу өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугунун өсүшүнүн жана иштиктүү активдүүлүгүн жүйөлөштүрүүнүн кубаттуу фактору болуп калат.


    КР Улуттук банкы КР Өкмөтү менен бирдикте орто мөөнөттүү мезгилге макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылуу үчүн жооптуу болот. КР Улуттук банкынын алдында төмөнкү базалык милдеттер турат: баалардын туруктуулугун колдоо жана улуттук валютанын сатып алуучулук жөндөмдүүлүгүнүн адекваттуулугун камсыз кылуу; банктык жана төлөм системаларынын натыйжалуулугун, коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу; экономикалык субъекттердин таламдарынын балансын камсыз кылган ойлонуштурулган жана салмактуу валюталык саясатты камсыз кылуу.

    Улуттук валютанын туруктуулугунун өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн чоң мааниси бар, андыктан КР Улуттук банкы алмаштыруу курсунун кескин өзгөрүүлөрүн болтурбоо боюнча чараларды өз убагында көрүшү керек. Өкмөт тарабынан мамлекеттик финансынын тең салмагын камсыз кылуу жана мамлекеттик бюджеттин дефицитин контролдонуучу деңгээлде сактоо боюнча чаралар камсыз кылынат.

    Узак мөөнөттүү келечекте КР Улуттук банкы КР Өкмөтү менен бирдикте экономикалык өнүгүүгө багыт алуусу керек. Банктык инфраструктура, технологиялар, пайыздык ставкалар, продуктулардын көп түрдүүлүгү Кыргызстандын аймагында кошумча наркы жогору реалдуу долбоорлорду кредиттөөнү шарттайт. Спекулятивдик жана сүткорлук кредиттөөнүн орун алган практикасын технологиялык модернизациялоону жана өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү шарттаган экономиканын реалдуу өндүрүш сектору менен иштөө жагына өзгөртүү зарыл.

    Улуттук банк системасын өнүктүрүү жана анын экономиканы өнүктүрүүгө кошуучу салымын көбөйтүү, ишканаларды жеткиликтүү кредиттик ресурстар менен камсыз кылуу үчүн акча-кредиттик саясатты активдүү колдонушу керек. Бул үчүн финансы секторундагы атаандаштык чөйрөсүн өнүктүрүү, кредиттер боюнча пайыздык коюмдарды азайтуу үчүн шарттарды түзүү, банктык кызмат көрсөтүүнүн сапатын көтөрүү жана алардын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү зарыл. Ишканаларды кредиттөөнүн кошумча булагы катары каржылоонун ислам принциптерин колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү боюнча иш улантылат. Көмүскө экономиканын үлүшүн азайтуу жана салыктарды жыйноону жакшыртуу үчүн накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү, төлөм системасынын коопсуздугун камсыз кылуу зарыл.

    Банктык система өзүнүн инфраструктурасы, продуктулардын көп түрдүүлүгү менен камтып, өлкөнүн бүткүл калкынын финансылык ресурстарга калыс жеткиликтүүлүгүн камсыз кылышы керек. Мында башкы принцип финансылык рынок тараптан социалдык калыстык жана финансылык сабаттуулугу улам өскөн биздин жарандардын аң сезимдүү жоопкерчилиги болушу керек.

    Географиялык жайгашуусуна жана экономикалык активдүүлүгүнүн тибине карабастан калк финансылык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүү болушу керек.

    Жагымдуу бизнес-чөйрө


    Келечекке көз караш: Өлкөнүн экономикасында чакан жана орто бизнес туруктуу жана ийгиликтүү өнүгүп жатат, ишкерлерди административдик басымдан коргоо камсыз кылынган, бийликтин жана бизнес – ассоциациялардын өнөктөштүк өз ара мамилелери түзүлгөн, бизнес-чөйрөнү жакшыртуу боюнча биргелешкен иш жүргүзүлүүдө, экономиканын ар кандай тармактарында ишкерлердин ишмердигин кеңейтүү жана региондордо жумушчу орундарды түзүү үчүн шарттар түзүлгөн.


    “Өндүрүүчү адам”, ишкер – коомубуздун маанилүү активдүү бөлүгү. Алардын ишкердик шыгынан, үзүрлүү эмгегинен, тобокелдик кылып, жаратуучулугунан улам өндүрүштөр иштеп, коомго зарыл болгон материалдык баалуулуктар, жумуш орундары түзүлөт, мамлекеттик казына толукталып, социалдык милдеттер чечилет.

    Мамлекет бардыгы үчүн милдеттүү болгон эрежелерди аныктоонун функциясын гана өзүнө калтырып, ишкердик активдүүлүктү жана рынок механизмдерин өнүктүрүүгө дем бериши керек. Мында экономикалык өнүгүүнүн жыйынтыгы үчүн мамлекет менен ишкерлердин өз ара жоопкерчилиги, жагымдуу бизнес-чөйрө, адилеттүү атаандаштык, мамлекет бөлүштүргөн финансылык, материалдык, административдик жана башка ресурстарды алуунун тең укуктуулугу маанилүү.

    Мамлекеттин жана ишкердин өз ара мамилелери өнөктөш болушу керек, ал эми мамлекеттин бизнестин ишине кийлигишүүсү минималдуу болууга тийиш. Мамлекет мамлекеттик-жеке диалогду кеңири колдонуп, активдүү жана эркин ишкердик ишти колдоп жана кубаттап, өлкөнүн экономикасынын өсүшүнө, калктын жашоо-турмушунун сапатынын жакшырышына түрткү берет.

    Ишкердик иш чөйрөлөрүнүн максималдуу саны бизнес-ассоциациялардын мыйзамдардын сакталышы үчүн жоопкерчиликти кабыл алуусун эске алуу менен өзүн-өзү жөнгө салууга которулат. Ишкерлерди коргоону камсыз кылуу үчүн экономикалык кылмыштарды толук декриминалдаштыруу жүргүзүлөт.

    “Бирдиктүү терезе” принциби мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн бардык чөйрөлөрүнө киргизилет. Мамлекет жана муниципалитет тарабынан ишкерлерге көрсөтүлүүчү бардык кызмат көрсөтүүлөр электрондук формага которулат, бул ошондой эле ресурстарды (жер казынасы, мамлекеттик сатып алуулар, финансы, мамлекеттик мүлктү сатып алуу жана ижаралоо ж.б) алууга да тиешелүү. Ишкердин жана мамлекеттик органдардын маалыматтык өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүүнү эске алуу менен ар кандай түрдөгү отчеттуулукту берүү зарылчылыгы болбойт.

    Салык саясатында салык жүгүн төмөндөтүү, жогорку кошумча нарктагы продукция, капитал сыйымдуу продукция үчүн преференцияларды берүү боюнча (жогорку технологиялуу продукция/жаратылышты үнөмдөөчү инновациялык жана экологиялык таза технологиялуу кызмат көрсөтүүлөр) чараларды иштеп чыгуу жана кабыл алуу каралат. Товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн экспортун кеңейтүү максатында экспортко багытталган жана жогорку технологиялуу өндүрүштөрдү кредиттөөнүн өзүнчө финансылык институту түзүлөт. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлордо ишкерлердин катышуусун жана инвестицияларды долбоорлорго тартууну кеңири пайдалануу үчүн шарттар түзүлөт.

    Мамлекет финансы системасын өнүктүрүү жана ири бизнес субъекттерин да, ошондой эле чакан жана орто ишкерлик субъекттерин жеңилдик шарттарда жана узак мөөнөткө берүүнү кредиттөө үчүн шарттарды түзүүнү колдойт. Эл аралык финансы институттары менен байланыштар кеңейет, өнүктүрүү институттары жана фонддор, финансылык кооперативдер түзүлөт, кредиттөөнүн ислам принциптери пайдаланылып, финансылоонун венчурдук институттары түзүлөт. Ошол эле учурда акча каражаттарын үнөмдөө маданиятын өнүктүрүүгө, финансылык сабаттуулукту жогорулатууга туруктуу көңүл буруу зарыл.

    Ошону менен бирге, көзөмөлдөө жана контролдоо системасы, продукциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапат стандарттарына шайкештиги жарандардын коопсуздугун жана саламаттыгын, алардын мүлкүн коргоону, ошондой эле ата мекендик товарлардын тышкы рынокто атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн камсыз кылууга тийиш.

    Сапаттуу инфраструктура



    Келечекке көз караш: Өлкөдө тең салмактуу жана диверсификациялаган экономикалык өнүгүү үчүн зарыл сапаттуу өндүрүштүк инфраструктура түзүлөт. Социалдык-тиричиликтик инфраструктуранын сапаты жана жеткиликтүүлүгү өндүрүштүн продуктивдүүлүгүнүн өсүшү үчүн зарыл шарт. Инфраструктураны жана инфраструктуралык кызмат көрсөтүүлөрдүн рыногун түзүү мейкиндиктик пландаштырууну жана экономикалык райондоштурууну эске алуу менен өтөт.



    Энергетика

    Электроэнергетика чөйрөсүндө Кыргызстан региондогу электр энергиянын ири өндүрүүчүсү болот, энергетиканы туруктуу өнүктүрүүнү, өлкөнүн жана региондордун энергетикалык коопсуздугун, экономиканын реалдуу секторунун энергонатыйжалуулугун, ар бир керектөөчү үчүн энергия алып жүрүүчүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылат.

    CASA – 1000 долбоорун ишке ашыруу электр энергиясын коңшу өлкөлөргө гана эмес, ошондой эле Пакистанга жана Афганистанга экспорттоого мүмкүнчүлүк берет.

    Энергиянын экологиялык таза булактарынын үлүшү (чакан ГЭС, күн жана жел электр станциялары, күн коллекторлору, жылуулук насостору, биогазды колдонуу ж.б.) өлкөнүн жалпы энергобалансында 10%дан кем эмесди түзөт, ал эми энергияны жана ресурстарды үнөмдөөнүн көрсөткүчтөрү ОЭСР өлкөлөрүнүн көрсөткүчтөрүнө шайкеш келет.

    Камбарата ГЭС-1, Жогорку Нарын каскаддарынын ГЭСтери, Ак-Булуң ГЭСи, Ат-Башы ГЭСи, Үч-Коргон ГЭСи, Токтогул ГЭСи жана башка генерациялануучу обьекттерин курууга жана реконструкциялоого инвестициялар тартылат. Озуу менен өнүгүү технологияларын бирге жакын жана андан ашык кайра жаралуу коэффициентин колдонуу боюнча милдеттүү талаптар бар болгон, реконструкциялануучу жана курулуп жаткан энергетикалык кубаттуулуктардын натыйжалуулугун олуттуу жогорулашын камсыз кылат.

    Энергия жана ресурс үнөмдөөчү технологияларды ар тараптан дем берүү жана даректик субсидиялоо механизмдери орточо статистикалык кыргызстандыктын жашоо-турмушунун сапатынын туруктуу өсүүсүндө керектөөнү салыштырмалуу төмөндөтүү маселесин чечүүгө мүмкүнчүлүк берет.

    Энергетикалык секторду жакшыртуу жана кийинки туруктуу иштеши экономикалык жактан негизделген тарифтерге өтүүнү талап кылат, алар электр энергиясын генерациялоо, жылуулукту керектөөчүлөргө жеткирүү боюнча негизги чыгымдарды камтышы керек. Тарифтик саясаттын, анын ичинде сезондук жана региондук тарифтик саясаттын ийкемдүүлүгү камсыз кылынат. Инвестициялык-жагымдуу тарифтер электр энергиясын жана жылуулукту альтернативалуу коюучулардын пайда болушуна дем берет. Ушуга байланыштуу МЖӨ механизмдери, анын ичинде жеке инвесторлорду энергетикадагы стратегиялык обьекттерди курууга жана башкарууга тартууну кошо алганда кеңири колдонулат.

    Эски турак-жай жана турак жай эмес фондунун энергия натыйжалуу реконструкциялоо боюнча масштабдуу программалары, энергия жана ресурс үнөмдөөчү жогорку натыйжалуу технологияларды колдонбостон жаңы курулуштарды курууга тыюулар жаңы жумушчу орундарды түзөт, обьекттин энергия натыйжалуу паспортунун болушу милдеттүү талап болуп калат, ансыз обьектти эксплуатациялоо мүмкүн эмес болот. Ар бир имарат өзүнүн муктаждыктары үчүн энергиянын белгилүү-бир санын жарым-жартылай иштеп чыгуусу милдеттүү болот, бул фискалдык жана башка чаралар менен жөнгө салынат. Агломерациялар үчүн маанилүү натыйжалуу чечим жылуулук менен жабдуу системасын борбордон ажыратуу болот, ал аймакты кеңейтүү көйгөйүн анда жашоонун сапатын жоготуусуз чечет.

    Жарандардын турмуш шарттарын жакшыртууга багытталган өлкөнү активдүү газдаштыруу улантат, ошол эле маалда региондордун индустриалдык жактан өнүгүшүнө шарт түзөт. Газдаштыруу заманбап техникалык чечимдердин базасында турак-жайларды жана административдик жайларды имараттагы жалпы жылытуу чечимдерине байламта кылбастан өзүнчө жылытуу маселесин жөнгө салууга мүмкүнчүлүк берет.
    Мамлекет энергетикалык коопсуздукту бекемдөөнү ырааттуу улантат. Генерациялоо булактарын да, ошондой эле энергия ресурстарын коюучу өлкөлөр үчүн да диверсификациялоо камсыз кылынат.



    Транспорт

    Транспорттук инфраструктура чөйрөсүндө калктын эркин жүрүүсү жана өлкөнүн транспорттук туңгуюктан чыгуусу камсыз кылынат. Кыргызстан жүргүнчүлөрдүн, товарлардын жана жүктөрдүн транзити үчүн коопсуз жана суроо-талап кылынган коридорлору бар транзиттик өлкө болот. Өлкөнүн түндүгүн жана түштүгүн бириктирген транзиттик темир жол тармагы жана темир жол бутагы салынат. Республикада өлкөнүн түндүк менен түштүгүн бириктирген ички темир жол тармагын түзүү пландалууда.

    Өнүккөн темир жол тармагын куруу транспорттук-логистикалык борборлорду түзүүгө жана экспедитордук жана транспорттук компаниялардын интегрирленген иштөө системасын түзүүнү, мультимодалдык ташууларды өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүнү шарттайт. Мамлекет автомобиль жолдорун реабилитациялоого жана сактоого, либералдуу, коопсуз эл аралык транспорттук коридорлорду түзүүгө бардык күч-аракетин жумшайт, анын ичинде жолдорду долбоорлоодо жана курууда жаңы технологияларды колдонот. Эки он жылдыктын аралыгында региондордун өз ара байланышын түзүү, инфраструктураны тиешелүү абалда кармап туруу үчүн кирешелерди камсыз кылуу сыяктуу жогоруда аталган факторлорду эске алуу мааниге ээ болот. Бул чөйрөдөгү долбоорлорду ишке ашыруунун негизги куралы болуп мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) эсептелет.

    Электромобилдерди колдонуу, темир жолду электрлештирүү аркылуу транспорттун экологиялык жактан таза түрлөрүнө акырындык менен өтүү ишке ашырылат.

    Узак мөөнөттүү мезгилде Кыргыз Республикасы өзүнүн транспорттук тармагын өнүктүрүүдөн тышкары, чектеш өлкөлөрдүн, биринчи кезекте Казакстандын, Өзбекстандын жана Кытайдын транспорттук инфраструктурасынын өнүгүүсүнүн натыйжаларын максималдуу пайдаланат. Орто мөөнөттүү келечекте Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу башталат.

    Бул темир жол коридору келечекте Кыргыз Республикасында өлкөнүн түндүгүн жана түштүгүн бириктирүүчү (анын ичинде Балыкчы-Кочкор-Ата-Угут) ички темир жол тармагын түзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Муну менен өлкөнүн региондорунун ортосунда түз жана ишенимдүү транспорттук байланыш камсыз кылынып, бирдиктүү ички мамлекеттик темир жол тармагы түзүлүп, эл аралык темир жолдорго чыгат, бул ташуулардын наркын арзандатат жана атамекендик товарлардын экспорттук рыноктордо атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатат. Ошондой эле темир жолду электрлештирүү пландалууда. Кыргыз Республикасынын 2040-жылга карата жүргүнчүлөрдүн, товарлардын жана жүктөрдүн транзити үчүн коопсуз жана суроо-талап кылынган коридору бар транзиттик өлкөгө айланышы негизги индикатор болот.

    Авиациялык ташууларды жана аба аркылуу жүктөрдү, жүргүнчүлөрдү ташуунун, логистиканын түйүндүк борборун өнүктүрүү үчүн шарттар аба мыйзамдарын либералдаштыруу жана “аба эркиндигинин” бешинчи саясатын киргизүү жолу менен түзүлөт. Кыргызстандын географиялык абалы “Манас” аэропортун келечекте Түштүк-Чыгыш Азияны жана Европаны бириктирүүчү транзиттик карго-борбор катары кароого мүмкүндүк берет. Транспорттук инфраструктура өнүккөндө коммуникациялардын жаңы заманбап түрлөрүн куруу талап кылынат.

    Кыргызстанда эл аралык жана республикалык маанидеги гана автоунаа жолдору гана эмес, бардык жолдор сапаттуу болууга тийиш.

    Өлкөнүн бардык аймактары бирдиктүү маалымат мейкиндигинде болууга тийиш жана бири-бири менен үзгүлтүксүз транспорттук коммуникациялар менен камсыздалууга тийиш.

    Жылына кеминде 550 км автомобиль жолун, анын ичинде кеминде 200 км ички жол тармагын оңдоо, ошондой эле эл аралык маанидеги 500 км автомобиль жолун реабилитациялоо зарыл.

    Ушуга байланыштуу аларды күтүүнүн жана иштетүүнүн, атайын техникаларды сатып алуунун булагы катары акы төлөнүүчү жолдорду апробациялоо зарылдыгы келип чыгат. Куруу, реабилитациялоо жана реконструкциялоо процессине жергиликтүү минералдык ресурстарды (кум, таш, жана башка) киргизүү, ошондой эле жергиликтүү элдин арасынан жумушчуларды тартуу маанилүү.

    Аба кыймылын жана Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин тейлөө системасы модернизацияланат, эл аралык аэропортторду жана ички каттамдар аэропортторун реконструкциялоодо, өнүктүрүүдө же курууда радиотехникалык каражаттар, радиолокациялык, навигациялык жана коммуникациялык жабдуулар жаңыланат.

    Учкучсуз авиацияны навигациянын улуттук жана эл аралык спутниктик системалары менен бирдикте өнүктүрүү айыл чарбасын, туризмди өнүктүрүүгө жана чек араларды коргоого көмөк көрсөтөт. Айыл чарбасынын, өндүрүштүк күчтөрдү жайгаштыруунун, кыймылсыз объекттердин кадастрынын, транспорттук каражаттарды контролдоонун, байланыш спутниктеринин жана өлкөнүн метеорологиясынын муктаждыктарынын маселелерин камсыз кылуу үчүн коммерциялык спутниктердин биргелешкен орбиталдык тобун жайылтуу үчүн күч-аракеттерди жумшоо керек.

    Келечекте Кыргыз Республикасынын бардык экономикасын жана транспорттук комплексинин иштөөсүн комплекстүү өнүктүрүүдө санарип колдонулат деп аныкталууда, бул дүйнөлүк тренддердин алкагында өлкөнүн санариптик инфраструктурасын ыкчам өнүктүрүүдөн келип чыгат.



    Таза суу

    Өлкөдө элди ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу проблемасы чечилет, таза суу берүү чөйрөсүндөгү саясат ар бир калктуу конушта коопсуз жана сапаттуу суу берүү, сууну агызуу жана санитария боюнча экономикалык жактан туруктуу, жеткиликтүү кызматты көрсөтүүгө багытталат. Сууну берүүнү уюштуруу системасы элдин аялуу топторун субсидиялоонун ишенимдүү системасы бар рыноктук форматка өткөрүлөт. Сууну тазалоонун заманбап автономдуу системасын комбинирленген чакан ГЭС/СЭС/ВЭС менен бирдикте колдонуу бардык калктуу конуштарды же аймактарды магистралдык электр тармактары жана суу түтүктөрү бар-жогуна карабастан “таза энергия – таза суу” комплекси менен камсыз кылууга мүмкүндүк берет.


    Мамлекет таза сууну берүүнү, бардык калктуу конуштар үчүн суу берүүнүн, суу бөлүштүрүүнүн жана санитардык объекттердин системаларын талаптагыдай пайдаланууну жана техникалык тейлөөнү, анын финансылык жана институттук туруктуулугун камсыз кылат.

    Мамлекеттик саясат суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана ресурстарды үнөмдөө принциптерине басым коёт, буга агындыларды экинчи жолу пайдалануу кирет.

    Курчап турган чөйрө жана климаттын өзгөрүүлөрүнө ыңгайлашуу жана бөөдө кырсыктардын тобокелдигин азайтуу



    Келечекке көз караш: Кыргызстан – адамдын жашоосу үчүн жагымдуу болгон курчап турган чөйрөсү бар, табият менен шайкеш өнүгүп жаткан, кайталангыс табигый экосистемасын сактап калган жана климаттык жактан туруктуу өнүгүү үчүн табигый ресурстарды үнөмдүү пайдаланган өлкө. Өлкөнүн экономикалык жактан өнүгүүсүндө экологиялык туруктуулукту камсыз кылуу терс экологиялык кесепеттерди азайтуу, курчап турган чөйрөнү коргоого коюлуучу талаптардын жана ага дем берүүнүн натыйжалуулугунун көтөрүү, экологиялык жактан маанилүү болгон чечимдерди кабыл алууда такталган маалыматтарды колдонуу аркылуу жетишилген. Кыргызстанда жаратылыш ресурстары бюджеттин чыгаша бөлүгү болууну токтотуп, киреше бөлүгүнө өтүшү керек.
    Курчап турган чөйрөнү коргоо жаатында негизи саясат адамдын жашоосу үчүн жагымдуу болгон курчап турган чөйрөнү түзүүгө, социалдык-экономикалык өнүгүү үчүн табигый ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууга жана келечектеги муундар үчүн Кыргыз Республикасынын кайталангыс экосистемасын сактоого багытталат.

    Өнүгүү пландарын негиздүү жазуу жана аткаруу, ошондой эле экологиялык жактан маанилүү чечимдерди кабыл алуу максатында экологиялык маалыматтарды башкарууну жакшыртуу жаратылышты коргоо ишинин натыйжалуулугун көтөрүүнүн негизи болуп калат. Өлкөнү өнүктүрүү боюнча чараларды жана саясаттарды иштеп чыгуу курчап турган чөйрөнүн абалынын өзгөрүүсүнүн тренддери жөнүндө так маалыматка, жакынкы келечекте пайдалануунун чегин көрсөтүү менен табигый ресурстарды алдын ала экономикалык-экологиялык жактан баалоого негизделет.

    Өз кезегинде бала бакчалардан, мектептерден тартып экологиялык тарбияны жана билимди киргизүү элдин жакшы экологиялык дүйнө таанымын, өлкөнүн табигый-ресурстук потенциалын сактоодогу жоопкерчиликти түшүнүүсүн калыптандырууга мүмкүндүк берет.

    Бир жагынан жакырчылык деңгээлин азайткан жана социалдык прогрессти камсыз кылган жана экинчи жагынан табигый экосистемалардын экологиялык туруктуулугунун чегинен ашпаган экономикалык иш “жашыл” өнүгүүнүн ар кандай элементтерин жана климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашуунун чараларын киргизүү аркылуу өлкөнү туруктуу өнүгүүгө өткөрүү процессин кыйла натыйжалуу пландоону жана башкарууну талап кылат. Ушуга байланыштуу Кыргызстан Глобалдуу климаттык фонд менен тыгыз өз ара аракеттенүүнү түптөйт.

    Туруктуу өнүгүүгө өтүү табигый экосистемаларды курчап турган чөйрөнүн туруктуулугун камсыз кылган деңгээлде этап-этабы менен калыбына келтирүү дегенди билдирет, мында келечектеги адамдардын муундарынын жашоосунун реалдуу мүмкүндүгү пайда болот, алардын турмуштук муктаждыктары жана кызыкчылыктары канааттандырылат.

    Бул иш Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнүн түрлөрүн коргоону камсыз кылууга мүмкүндүк берген ар кандай категориялардагы өзгөчө корголуучу табигый аймактарды өзүнө камтыган экологиялык тармакты кеңейтүү аркылуу табигый чөйрөнү, ландшафттарды, экосистемаларды жана биологиялык ар түрдүүлүктү коргоого жана калыбына келтирүүгө багытталат. Жашылдандыруу аянттарын кеңейтүү климаттын өзгөрүүсүнүн, жерлердин деградациясынын, абанын булгануусунун тобокелдиктерин төмөндөтүүнүн негизги элементтеринин бири болуп эсептелет. Өзгөчө көңүл шаарларды жашылдандырууга, тоолуу токой экосистемаларын сактоого жана көп жылдык жасалма жашыл аянттарын көбөйтүүгө, токой өстүрүү боюнча программаларды колдоого бурулат. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын өлкөнүн бүткүл аянтынын 10%на чейин кеңейтүү.

    Экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу максатында жанаша зоналарда радиоактивдүү булгануу жана жерлердин деградациясы коркунучтарын төмөндөтүү, мурдагы уран казуу өндүрүшүнүн калдык сактоочу жайларын реабилитациялоо, эл аралык жардамды тартууну караган активдүү ишти жүргүзүү боюнча милдеттерди чечүүнү камтыган бир катар иш-чараларды өткөрүү зарыл.

    Жаратылышты пайдаланууну жөнгө салуу жана курчап турган чөйрөнү коргоо экологиялык факторлорду жана экономикалык дем берүүлөрдү интеграциялоого жана өз ара байланыштырууга – курчап турган чөйрөгө терс таасирди азайтуу боюнча кыйла натыйжалуу чараларды колдоого, экологиялык жактан натыйжасыз иштин түрлөрү үчүн экономикалык тоскоолдуктарды коюуга, табигый жана бузулган экосистеманы сактоо жана калыбына келтирүү максатында табигый чөйрөнүн өндүрүштүк мүмкүнчүлүгүнүн чегинде чарбалык ишти өнүктүрүүнүн эсебинен коомдун жаратылышка кылган мамилесин шайкеш кылууга багытталат. Экономикалык өсүштөгү терс экологиялык кесепеттерди азайтуу өнүгүүнүн пландалып жаткан чарбалык жана башка долбоорлорунун курчап турган чөйрөгө тийгизүүчү таасирин милдеттүү түрдө баалоо жана экологиялык экспертизалоо аркылуу жүргүзүлөт.

    Таштандыларды туруктуу башкаруу саясаты мамлекеттик маанидеги маселе болуп, чар жайыт таштанды полигондорун толугу менен жоюуга, жаңыларды кеңейтүүнү болтурбоого жана колдонуудагы полигондордун аймагын кыскартууга багытталган сектор аралык, регион аралык жана муниципалдар аралык өз ара аракеттенүү жолу менен жүзөгө ашырылышы керек. Алардын пайда болуу деңгээлин азайтуу (аз калдыктуу, ресурстарды үнөмдөөчү технологияларды киргизүү), кайра иштетүү, экинчи жолу пайдалануу, коопсуз утилдештирүү боюнча чаралар көрүлөт. Буга удаа эле электрондук жана электрдик-техникалык калдыктарды кошкондо, пайдалуу компоненттерди, калдыктарды алуу менен кайра иштетүүгө өбөлгө болуучу экономикалык механизмдер киргизилет. Өзгөчө көңүл шаарлардагы тиричилик калдыктарын кайра иштетүү жана утилдештирүү боюнча экономикалык жактан натыйжалуу инфраструктураны өнүктүргөнгө бурулат.
    Транспорттук секторду өнүктүрүү, экономикалык жактан натыйжалуу чечимдерди киргизүү боюнча саясатты кайра карап чыгуу пландалууда, алар өз кезегинде булгоочу заттарды жана парник газдарын чыгаруунун деңгээлин төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет.

    Өлкөнүн региондорун өнүктүрүү



    Келечекке көз караш: Региондук шаарларда жана айылдык аймактарда жашаган жарандын турмушунун сапаты борбордун калкынын жашоо-турмушунун сапатына максималдуу жакындайт жана калктуу пункттун географиялык жайгашуусуна карабастан олуттуу айырмаланбайт. Ар бир региондун өзүнүн жагымдуу жактары болот, алар адамды өз турмушун “кичи мекени” менен байланыштырууга жүйөлөштүрөт. Ар бир жаран, жамаат, уюмдар өз шаарын, айылын, регионун өнүктүрүү максатында өздөрүнүн демилгелерин ишке ашырууга мүмкүнчүлүк алууга шарттар түзүлөт. Өлкөнүн региондорунда инвестицияларды тартуу жана бизнести өнүктүрүү үчүн шарттар түзүлөт. Региондор өздүк өнүгүү программаларын ишке ашыруу үчүн зарыл мүмкүнчүлүктөрдү алышат.


    Жаран өлкөнүн аймагында жашаган жерине карабастан, менчиктин ар кандай түрлөрүндө сапаттуу кызмат көрсөтүүлөрдү жана товарларды коюучуларды тандоо мүмкүнчүлүгүн алышат. Региондордо социалдык өнүктүрүү өндүрүмдүү иш менен камсыз кылууну дем берүүгө, калктын кыйла муктаж катмарын колдоого багытталат. Региондорду ийгиликтүү өнүктүрүү бүткүл Кыргызстанды ийгиликтүү өнүктүрүүнүн кепили болуп саналат. Өлкөнүн шаарлары жана айылдык аймактары турмуштук жактан туруктуу, өлкөнүн жарандарынын жашоосу үчүн туруктуу, коопсуз жана ыңгайлуу болууга тийиш, бул ички миграцияны кыскартууга жана жер-жерлерде жаш адистердин отурукташып калуусуна мүмкүнчүлүк берет.

    Дайыма эле «туурасынан кеңейүүгө мүмкүн эмес, жогору карай өсүү керек». Биз шаарларыбыздын жана айылдарыбыздын образын өзгөртүүгө, заманбап көрүнүшкө келтирүүгө тийишпиз, бул мейкиндиктик пландоого жана өнүгүүгө жаңы мамилени талап кылат, архитектуралык жана курулуш нормаларына жана стандарттарга талаптарды күчөтөт.

    Ошону менен бирге, бул шаардык маданиятты жана өнүгүү чөйрөсүн түзүүнү милдеттендирет. Шаарды өнөр жай, финансы жана маданий борбор катары эле өнүктүрбөстөн, адамдардын жүрүм-турумунун жана бири-бири менен мамилесинин маданиятын, адамдын адеп-ахлактык, укуктук жана саясий маданиятын да калыптандыруу зарыл.

    Региондордун экономикасы “өсүш жерлерин” түзүүгө негизденет, алар жетишилген ийгиликтерге жараша мамлекеттин атынан преференциялар менен камсыз болушат. Региондор инвестицияларды, анын ичинде мамлекеттик инвестицияларды алуу укугу үчүн атаандашат.

    Региондор өндүрүүнүн жана керектөөнүн сарамжалдуу моделдерин түзүүгө муктаж, бул аларды өлкөлүк экономикалык мейкиндикке органикалуу интеграцияланууга мүмкүнчүлүк берет. Урбанизация, өнүктүрүүнүн таяныч чордону катары ири региондук калктуу пункттарды түзүү, аларда логистикалык борборлорду жана өнөр жай ишканаларын түзүү жакын жайгашкан аймактар менен өндүрүштүк-экономикалык байланыштардын туруктуулугун, чакан жана орто бизнестин реалдуу интеграциялануусун камсыз кылат. Региондордун чыгарылуучу продуктулардын чектелүү санына адистешүүсү региондордо ири жана атаандаштыкка жөндөмдүү өндүрүштү өнүктүрүү үчүн өбөлгө болот.

    Ошону менен бирге башкаруу системасы лидер региондор менен экономикасы чабалдыгына байланыштуу колдоого муктаж региондордун ортосундагы балансты камсыз кылат, жашаган аймагына карабастан жаранга мамлекеттин социалдык жана башка кепилдиктерин аткарышын камсыз кылат.

    Региондун өнүгүүсүн пландаштыруу геомаалыматтык жана демографиялык маалыматтарга таянган жаратылыштык, социалдык жана экономикалык бардык факторлорду комплекстүү мейкиндиктик пландаштыруунун заманбап түшүнүгүнө негизденген.
    Региондук өнүгүүнү пландаштыруу өнүгүүнү пландаштыруунун, мониторинг жүргүзүүнүн жана түзөтүүнүн бирдиктүү механизминде ар кандай тармактардын пландарын жана башкаруу деңгээлдерин байланыштырган улуттук системанын алкагында заманбап технологияларды пайдалануу менен жүргүзүлөт. Пландаштыруунун бул системасы өнүгүүнүн республикалык бюджетинин жана бюджеттер аралык мамилелердин негизи болушу керек.

    Өзгөчө кырдаалдар менен байланышкан тобокелдиктерди төмөндөтүүнү, мыкты технологияларды киргизүүнүн жана кен казуу ишканаларынын ишине контролдукту күчөтүүнүн эсебинен жер жана суу ресурстарынын булганышын кыскартууну камсыз кылуу зарыл.

    Натыйжалуу энергетикалык жана ирригациялык тармактарды, жол жана транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү, калктуу конуштарды таза ичилүүчү суу жана суу бөлүштүрүүчү системалар менен камсыздоо мамлекет үчүн артыкчылыктуу милдет болуп саналат. Жергиликтүү бийлик органдарынын негизги милдети жер-жерлерде өнүгүүнү камсыз кылган экономикалык жана социалдык субъекттерди түзүү болмокчу.

    Региондорду өнүктүрүү жагында төмөнкү артыкчылыктуу милдеттер аныкталды.

    Мамлекеттик, муниципалдык жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүү рыногун түзүү. Мамлекет ар кандай уюштуруу-укуктук түрүндөгү субъекттердин кызмат көрсөтүү чөйрөсүнө тартылышына дем берүү үчүн шарттарды камсыз кылат. Жүйө фактору баа түзүү, тариф саясаты, субсидиялоо принциптери, мамлекеттик, муниципалдык, социалдык заказды кызмат көрсөтүүлөрдү мыкты коюучулардын арасында жайгаштыруунун өз ара пайдалуу системаларына негизденет.

    Жеке жана коммерциялык эмес сектор мамлекеттик жана муниципалдык органдарды алар үчүн мүнөздүү эмес функцияларды аткаруудан бошотуп, кызматтарды көрсөтүүнүн негизги функцияларын өзүнө алып, республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден ашыкча жүктөм алынышы керек. Бизнес – пландаштыруу принцибинин негизинде “өсүш жерлер” – таяныч шаарлары жана айылдык аймактар өнүктүрүлөт.

    Аймактык мамлекеттик органдарынын жана ЖӨБ органдарынын милдети экономика, билим берүү, саламаттык сактоо, маданият, спорт, социалдык коргоо чөйрөсүндө өнүктүрүү субъекттерине алардын демилгелерин ишке ашыруу, адамдык жана финансылык ресурстарды тартуу үчүн максималдуу жагымдуу шарттар түзүлгөн чөйрөнү калыптандырууда турат. Бул максаттарда ЖӨБО окутуу, региондордун экономикасын өнүктүрүү, инвестицияларды тартуу зарылчылыгы маселелеринде алардын квалификациясын жогорулатуу максатка багыттуу жүргүзүлөт. Жергиликтүү жетекчилердин иши тартылган инвестициялар жана кайрадан түзүлгөн жумушчу орундар боюнча бааланат.

    Шаарларды өнүктүрүү инфраструктуралык мүнөздөгү ыкчам көйгөйлөрдү чечүүгө эмес, өнүктүрүүнүн колдо болгон факторлорун пайдаланууга жана илгерилетүүгө, ийгиликтүү демилгелерди жана долбоорлорду колдоого негизденет.

    Пландоонун жана башкаруунун комплекстүү системасы региондорду өнүктүрүүдөгү диспропорцияны кыскартууга мүмкүндүк берет. Өнүгүү боюнча функцияларды натыйжалуу аткарууга жергиликтүү бийликтин жөндөмсүз болушу административдик-аймактык реформаны өткөрүүнү шарттайт. Реформанын башкы максаты – эл үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, мамлекеттик башкаруу системасынын вертикалын, мамлекеттик жана муниципалдык башкарууну оптималдаштыруу.

    Демек, аймактык башкаруу системасын реформалоонун натыйжасында Кыргыз Республикасынын жаңы административдик-аймактык бөлүнүшү түзүлөт, ага пландоонун жана башкаруунун комплекстүү системасынын алкагында натыйжалуу жөнгө салынуучу объективдүү социалдык-экономикалык процесстер негиз болот.

    Региондордун өнүгүүсүн басаңдаткан, региондук экономиканын өсүшүнө экономикалык түрткү берүүнү жокко чыгарган, региондогу жашаган элге социалдык кызмат көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүнүн деңгээлин ылдыйлаткан бардык факторлорду чечкиндүү түрдө жоюшубуз керек. Региондорду зарыл болгон мыйзамдык колдоо жана финансылык ресурстар менен камсыз кылуу, ошондой эле экономиканы региондорго буруу үчүн экономикалык зарыл мотивацияны түзүү маанилүү болуп эсептелет.

    Аймактык башкаруунун жаңы модели жарандардын жашоо-турмушунун сапатын жакшыртууда аймактык мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигин жогорулатууга негизденет. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын алдында региондордун адистешүүсүн жана өзгөчөлүгүн эске алуу менен улуттук, ошондой эле мамлекеттик тармактык программаларды ишке ашыруу боюнча жаңы милдеттер коюлган. Бул үчүн аларга зарыл башкаруучулук, административдик ыйгарым укуктар берилет, ошондой эле мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жүктөө ыйгарым укуктары берилет.

    Жергиликтүү бийлик башкаруунун реалдуу заманбап механизмдерин өздөштүрүүсү абдан маанилүү. Кайра карап чыгуу жана аймак менен тармакты байланыштырган тармактык башкаруудан комплекстүү башкарууга өтүү зарыл. Биз Кыргыз Республикасынын аймактарын башкаруу жана чек арасынын коопсуздугун сактоо үчүн аракеттүү механизмдерди түзүшүбүз керек.

    Чек ара аймактарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү атайын экономикалык чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу менен катар эле чек ара коопсуздугун камсыз кылуу менен да жетишилет.
    1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   18


    написать администратору сайта