Главная страница
Навигация по странице:

  • Коомдун муктаждыктарына жооп берген саламаттык сактоо

  • Саламаттык сактоо системасынын узак мөөнөттүү артыкчылыгы

  • Заманбап талаптарга ылайык балдарды жаштайынан өстүрүүнүн шарттарын түзүүгө

  • Окуу чөйрөсүнөн эмгек чөйрөсүнө өтүүнү камсыз кылган көндүмдөрдү калыптандыруу

  • Жаштар потенциалы

  • Ар бир жаранга бирдей мүмкүнчүлүк

  • Татыктуу эмгек жана ардактуу карылык

  • 2.2 Үй-бүлө коомду өнүктүрүүнүн негизи катары

  • 20182040жылдары кыргыз республикасын НКТРНн улуттук стратегиясы


    Скачать 359.71 Kb.
    Название20182040жылдары кыргыз республикасын НКТРНн улуттук стратегиясы
    АнкорCycufc
    Дата08.09.2022
    Размер359.71 Kb.
    Формат файлаdocx
    Имя файлаc0708df3-f396-4bb5-943b-fe6d33f3d3ef.docx
    ТипДокументы
    #667512
    страница3 из 18
    1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   18

    II. Адам – үй-бүлө – коом




    2.1 Социалдык өнүгүү



    2040-жылы Кыргыз Республикасынын жараны өзүнө жана үй-бүлөсүнө татыктуу жашоону камсыз кылууга мүмкүндүк берген дараметке ээ болот. Ал өзгөрүп жаткан дүйнөнүн шарттарына ыңгайлашып, өлкөдө жана анын чегинен тышкары жерде өзүнүн турмуш жолун тандоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

    Адамдын өнүгүүсү – социалдык чөйрөдөгү, экономикадагы, социалдык коргоодогу жана пенсиялык камсыздандыруудагы, саламаттык сактоодогу, билим берүүдөгү жана илимдеги, жаштар саясатындагы мамлекеттик саясаттын негизи. Социалдык сектордогу мамлекеттин ролу азыркы учурда үстөмдүк кылган кызмат көрсөтүүчү провайдерден регуляторго өзгөрөт, ал социалдык кызмат көрсөтүүнүн ачык-айкындыгынын жана адилеттигинин негизинде саясатты иштеп чыгат, кадрларды даярдайт жана кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн укуктарын коргойт.

    Өлкөнү өнүктүрүүнүн бюджети адамдын дараметин өнүктүрүүнүн, билимдердин жана саламаттыктын экономикасынын негизинде түзүлөт. Жогорку, инновациялык технологияларды өнүктүрүүдө тууроонун технологиясын пайдалануунун ордуна өз алдынча новатордукту колдонуу өзгөрүүнүн мүнөзү болуп калат.

    Коомдун муктаждыктарына жооп берген саламаттык сактоо


    Келечекке көз караш: 2040-жылы саламаттык сактоо системасы – жеткиликтүү, сапаттуу, коопсуз, инновациялык ыкмаларды колдонгон, адамдын муктаждыктарына багытталат, ал эми Кыргызстандын калкынын ден соолугу боюнча жакшы көрсөткүчтөргө ээ болот.
    Мамлекет Кыргыз Республикасынын бардык жарандарына медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн, ошондой эле өзгөчө кырдаалдарда тез жардам жана медициналык жардам көрсөтүүнүн баштапкы деңгээлиндеги маалыматтык-коммуникациялык, алдын-алуучулук, дарылоо-диагностикалык кызмат көрсөтүүлөрүн камтыган саламаттык сактоонун базалык кызмат көрсөтүүлөрүн кепилдейт.

    Саламаттык сактоо системасынын узак мөөнөттүү артыкчылыгы болуп системалуу мамилени өзгөртүү – ооруга жана анын кесепеттерине каршы күрөшүүнүн ордуна ооруну болтурбоого, саламаттык сактоого адамдын өзүнүн катышуусуна, өзүнүн ден соолугун жана айлана-чөйрөсүндөгүлөрдүн саламаттыгын сактоого, чыңдоого жана калыбына келтирүүгө жооптуу мамиле кылууга негизделген сергек жашоо образын колдоо эсептелет.

    Мамлекет адистештирилген стационардык жардам системасын модернизациялоодо, оптималдаштырууда, рационалдаштырууда кыйла прогресске жетүүнү камсыз кылат. Заманбап жабдуу, кесипкөй кадрлар менен камсыз кылынган, каржылоонун жаңыланган ыкмалары колдонулган келечектеги заманбап ооруканалардын улуттук тармагы түзүлөт.

    Саламаттык сактоонун бардык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөр үчүн бирдей атаандаштык мүмкүнчүлүктөр камсыз кылынат, кызмат көрсөтүүлөрдүн жогорку технологиялык сегментин өнүктүрүүгө шарт түзүлөт. Суроо-талап менен сунуштун, элдин саламаттыгы менен жеке саламаттык сактоонун, ошондой эле саламаттык сактоо менен башка чектеш тармактардын ортосундагы ажырым жоюлат. Медициналык кызмат көрсөтүүдө адамга багытталган комплекстүү жана интеграцияланган мамиле түзүлөт.

    Калктын жергиликтүү жана улуттук деңгээлдеги муктаждыктарынын негизинде саламаттык сактоонун кызмат көрсөтүүлөрүн пландоо жана көрсөтүү системасынын адекваттуу системасы түзүлгөн. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары калктын саламаттык сактоо кызмат көрсөтүүлөрүнө муктаждыктарын баалоонун жана аталган маселелерди жергиликтүү деңгээлде чечүүгө катышуунун негизинде өзүлөрүнүн социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын иштеп чыгууга тийиш.

    Медицина кызматкерлеринин эмгек акыларын төлөө системасын бекемдөөгө, кесипкөйлөрдү тартууга, ошондой эле реалдуу натыйжаларга жана көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаттуулугуна жетүүгө багытталуу менен өзгөртүлөт.

    Камсыздандыруу механизмдери, саламаттык сактоонун кызмат көрсөтүүлөрүн стратегиялык сатып алуулар жана кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулар менен келишим мамилелери саламаттык сактоо системасын мындан ары өнүктүрүүнүн негизи болот. Медициналык камсыздандыруу жеткиликтүү, сапаттуу жана коопсуз медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү алуу максатында калк үчүн жагымдуу болууга тийиш. Медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн топтомунун вариантынын калктын камсыздандыруу салымдары менен толук байланышы болот. Калкты медициналык камсыздандыруу менен камтууну жогорулатуу боюнча чаралар жана бонустук программалар кабыл алынууга тийиш.

    Саламаттык сактоодо кан тамыр-жүрөк ооруларынан жана онкология ооруларынан каза болуунун, ошондой эле эненин жана баланын өлүмүнүн маселелерин чечүүгө биринчи кезекте басым коюлат. Балдарды тамактандыруу жана азыктарды микроэлементтер менен байытуу боюнча программалар күчөтүлөт. Кан айлануу органдарынын ооруулары өзгөчө көңүл бурууну талап кылат, алар соңку жылдары калктын өлүмүнүн себептери боюнча биринчи орунда турат.

    Аталган чаралардын натыйжалуулугу инфекциялык эмес оорулардан: жүрөк-кан тамыр ооруларынан, онкоорулардан, диабеттен ж.б. мезгилсиз каза болууну үчтөн бирге кыскартууга мүмкүндүк берет. Эненин өлүмү 35%га азаят, ал эми балдардын жана наристелердин өлүмүнүн көрсөткүчү тирүү туулган 1000 балага карата 18 жана 12 учурдан ашпайт.

    Жарандардын өмүрүнүн орточо узактыгы көбөйөт жана Кыргыз Республикасы 2040-жылы өмүрдүн узактыгы 80 жылга жеткен өлкөлөрдүн катарына кирет.

    Оорулардын жана жаракат алуунун айынан, өзгөчө балдардын жана эмгекке жөндөмдүү курактагы адамдардын арасында майыптуулуктун (биринчи жана жалпы) көрсөткүчтөрү үч эсе кыскартылат. ВИЧ жана В, С гепатиттери менен ооруунун саны кыйла азаят, ошондой эле кургак учуктан өлүүнүн саны 100 миң адамга карата 3 учурдан ашпайт. Медициналык жардам алуу үчүн кайрылганда элдин финансылык чыгымы 30%га чейин кыскартылат жана элдин дары-дармек каражаттарына сарптаган чыгымдары 50%га чейин азаят.

    Сапаттуу билим берүү жана илим системасы



    Келечекке көз караш: Ар бир жаран дүйнөдө атаандаштыкка жөндөмдүү жана суроо-талапка ээ болууга, дүйнөдөгү өзгөрүүлөргө ыңгайлашууга мүмкүндүк бере турган, иш жүзүндө колдонулуучу билимди жана көндүмдү пайда кылган, адамдын дараметин ачкан, инсанды ар тараптан тарбиялоого багытталган сапаттуу билим ала алат.

    Илим жана технологиялар өлкөнүн социалдык жана экономикалык өнүгүүсүн, жаңы технологияларды өркүндөтүүнү жана киргизүүнү, табигый кыйроолорду болтурбоону жана экосистеманы сактоону, элдин тарыхын, социалдык жана саясий тенденцияларды изилдөөнү камсыз кылат.
    Кыргыз Республикасында билим берүүнүн жаңы натыйжаларына жана сапатына багытталган модернизацияланган билим берүү саясатты ырааттуу жүзөгө ашырылат. Албетте, билим берүүнүн жеткиликтүүлүгү жана сапаты сыяктуу билим берүүнүн системасын уюштуруунун принциптери жарандардын бардык категориясы үчүн сакталат. Билим берүүнүн системасынын ийкемдүүлүгү мамлекеттин, жалпысынан коомдун жана конкреттүү адамдын сурамдарына адекваттуу жооп беришине мүмкүндүк берет.

    Билим берүү системасы мамлекеттик инвестициялардын контекстинде приоритеттердин бири болуп калышы керек. Бирок жакынкы жылдары ага бөлүнгөн каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугуна өзгөчө көңүл буруу зарыл.

    Билим берүү секторунун эффективдүүлүгү окуучулардын билим берүүдөгү жетишкендиктерин көз карандысыз улуттук жана эл аралык түзүмдөр тарабынан жүргүзүлгөн баалоонун негизинде бааланат. Кыргызстан билим берүү деңгээли боюнча алдыңкы 50 өлкөнүн катарына кирет.

    Мамлекеттин ролу учурдагы билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн үстөмдүк кылуучу провайдеринен эффективдүү жөнгө салуучуга кайра каралат.


    Мамлекеттик орган саясатты, ченемдерди иштеп чыгат, кесипкөй кадрларды даярдоону камсыз кылат жана кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүнүн укуктарын коргойт, билим берүүнүн коомдогу баалуулуктарын сактоону камсыздайт, үй-бүлөсү жана ата энеси менен бирге жарандардын жооптуу жана билимдүү муунун тарбиялоого салым кошот.

    Билим берүүдө баштапкы мектепти системалуу колдоого басым коюлат. Заманбап талаптарга ылайык балдарды жаштайынан өстүрүүнүн шарттарын түзүүгө өзгөчө көңүл бурулушу керек. Биздин жаш жарандарды багуунун сапатын камсыз кылууга, мектепке чейинки билим берүүнүн заманбап методдорун киргизүүгө жана жеткиликтүү кылууга тийишпиз. Балдарды жаштайынан өстүрүүгө инвестиция салуу системасы түзүлөт.

    Окуу чөйрөсүнөн эмгек чөйрөсүнө өтүүнү камсыз кылган көндүмдөрдү калыптандыруу максатында бардык деңгээлдеги билим берүү системасынын мүмкүндүгүн камсыз кылуу керек. ЕАЭБге интеграциялоонун шарттарын кошуу менен эмгек рыногунун сурамдарына ылайык кесиптик даярдыктын сапатын көтөрүү милдети турат. Калктын кирешелерин туруктуу өстүрүү үчүн адистерди, анын ичинде биздин эмгек мигранттарын сапаттуу даярдоону камсыз кылуу керек.

    Медициналык жана социалдык инклюзиянын милдеттерин эске алуу менен үзгүлтүксүз билим берүүнүн системасы түзүлөт.

    Билим берүү санариптик технологияларды кеңири жана ар тараптуу колдонууга негизделет жана турмуштук реалдуу проблемаларды жана чакырыктарды чечүүгө багытталат.

    Адам ресурстарын өнүктүрүү жаатында мамлекеттик саясат улуттук квалификациялык системаны киргизүүгө жана өркүндөтүүгө негизделет. Баштапкы, орто жана жогорку кесиптик билим берүү системасында натыйжалуу механизмдер болот, алар билим берүүчү кызмат көрсөтүүлөрүн керектегендердин суроо-таламдарына жана жумуш берүүчүлөрдүн квалификациялуу кадрларга болгон муктаждыктарына адекваттуу чара көрүүгө мүмкүндүк берет.


    Билим берүү уюмдарын түзүү, окуучулар жана студенттер үчүн стажировкаларды жана практикаларды уюштуруу чөйрөсүндө билим берүүнүн бардык деңгээлдеринде, ошондой эле окутуучулук (анын ичинде чеберлер) жана профессордук-окутуучулук курам үчүн социалдык өнөктөштүктү калыптандыруу зарыл.

    Билим берүүнүн бардык деңгээлинде, анын ичинде ченемдик бюджеттик (жан башына) каржылоонун механизмин колдонуу менен натыйжага багытталган башкаруу жана каржылоо камсыз кылынат.

    Мамлекет билим берүүнүн стандарттарын гана белгилебестен, жогорку кесиптик билим берүүнүн сапатын мамлекеттик үлгүдөгү дипломдорду берүү менен кепилдик кылат. ЖОЖдор эл аралык билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн рыногунда атаандашууга жөндөмдүү болот. Билим берүү чөйрөсүндөгү саясат ЖОЖдордогу башкарууну борбордон ажыратууга, окутуунун түрлөрүн жана методдорун тандоодогу эркин ишке, инновациялык жана илимий мамилени пайдаланууга багытталат. ЖОЖдор инновациялардын жана жогорку технологиялардын башаты болуп калат. Билимдин жана технологиялардын трансферинин системасы түзүлөт. Жогорку билим берүү секторун каржылоону өзгөртүү, эл аралык жана региондук рейтингдерге катышууну эске алганда, ЖОЖдорду баалоонун рейтингдик системасын киргизүү милдети турат.

    Илимий иштин артыкчылыгы өлкөнүн стратегиялык артыкчылыктарына жана инновацияларга болгон муктаждыктарга жараша аныкталат. Изилдөө иши каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун, алынган натыйжаларды колдонууну баалоо менен илимий-практикалык натыйжаларды алууга багытталат. Жогорку квалификациядагы илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо системасынын сапаты жакшыртылат, ага социалдык селекция, академиялык жана кесиптик даярдык кирет.

    Жаштар потенциалы

    Келечекке көз караш: Жаштар өлкөнү өнүктүрүү процессине активдүү тартылган, жаштарды өнүктүрүүнүн эффективдүү системасы, мамлекеттик жаштар саясатын эффективдүү ишке ашыруу үчүн шарттар жана зарыл укуктук негиздер түзүлгөн.

    Мамлекеттик жаштар саясаты жаштарды мамлекетти жана коомду өнүктүрүүнүн негизги активдеринин бири катары калыптандырууга, саясий, экономикалык, социалдык чөйрөлөрдө жаштардын демилгелерин колдоого, жаш жарандардын ата-бабалардын мурастарына, курчап турган дүйнө менен өз ара аракеттенүүсүнө жана өзүнүн чечимдерине жоопкерчиликтүү мамилесин калыптандырууга багытталат.

    Жаштар саясаты жаш кыргызстандыктардын өз алдынча өсүүсү жана ар тараптуу өнүгүүлөрү үчүн жагымдуу шарттарды түзөт. Формалдуу жана формалдуу эмес билим берүү жана окутуу аркылуу чечимдерди кабыл алуу процесстерине катышууну камсыз кылат.

    Туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүгө жетүү, жаштардын өз алдынча өнүгүүлөрү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү максатында жаштардын потенциалын өнүктүрүү боюнча системалуу жана сапаттуу ишти жүргүзөт. Жаштар саясатында Кыргызстандын жаш жарандарын ишке орноштуруу жана өзүн-өзү өстүрүү үчүн шарттарды түзүү приоритет болуп калууга тийиш.

    Биздин эмгек мигранттарыбыз өздөрүнүн жөндөмүн, эмгекчилдигин жана дүйнөлүк экономиканын мейкиндигинде жаратмандык максаттарды көздөгөндүгүн далилдей алды. Биз калктын эмгекке жөндөмү болгон активдүү бөлүгүнүн Мекенинде жашоосу жана иштөөсү үчүн шарттарды түзүүгө болгон күч аракетти жумшоого тийишпиз. Кыргызстанда жашап, үзүрлүү эмгектенүүгө жаштарга түрткү берүүнү күчөтүү, өлкөнү өнүктүрүүгө активдүү катышуусу үчүн мамлекеттик башкаруунун жана коомдук турмуштун бардык чөйрөлөрүнө жаш муунду тартуу зарыл.

    Жаштардын демилгелерин колдоонун жана жаштардын айрым категорияларынын социалдык адаптация чараларынын (жаш үй-бүлөлөр, оор турмуштук жагдайга туш болгон жаштар), жаштарды руханий-адеп ахлактык жана патриоттук жактан өнүктүрүүнүн бүтүн системасын түзөтүлүшү керек.

    Мамлекеттин, бизнестин кыйла жөндөмдүү, шыктуу, таланттуу жаш адамдарга инвестициялоосунун айрым программаларын, механизмдерин даярдайт жана киргизет.


    Ар бир жаранга бирдей мүмкүнчүлүк


    _____________________________________________________

    Келечекке көз караш: Социалдык коргоонун бардыгына минималдуу стандарттарын кепилдеген жана калктын социалдык аялуу катмарларына көңүл бурулган социалдык колдоо системасы түзүлдү. Мында система социалдык-экономикалык кырдаалдын өзгөрүүсүнө ыкчам мамиле кылат, социалдык кызмат көрсөтүүнүн талап кылынган түрлөрүн өнүктүрөт жана даректүү жардамдын түзүмүн жөнгө салат. Жалпы системанын иши үй-бүлөнү бекемдөөгө, эне менен баланы, эмгекке жөндөмсүз жарандарды колдоого, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга аларды ийгиликтүү социалдык интеграциялоого жана өзүнүн потенциалын жүзөгө ашыруу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзгөн колдоолорду көрсөтүү болот.



    Социалдык колдоо системасындагы мамлекеттик саясат төмөнкү принциптерге таянат:

    – ар бир жаран оор турмуштук жагдайларда өз убагында комплекстүү, интеграцияланган, ийкемдүү жана даректүү социалдык жардамды, анын ичинде ар кандай социалдык кызмат көрсөтүүнүн комплексин алат;

    – балдар үчүн жана оор турмуштук жагдайлардагы үй-бүлөлөр, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, улгайган жарандар үчүн социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн системасы бардык региондордо өнүккөн болот;

    – социалдык коргоо системасында комплекстүү жана интеграцияланган ыкманын негизинде кызмат көрсөтүүлөрдө адамдык факторду минималдаштырууга мүмкүндүк берген санариптик трансформациялоо жүргүзүлөт.

    Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндө орто мөөнөттүү мезгилге төмөнкү артыкчылыктуу милдеттер аныкталды.

    Минималдуу социалдык стандарттарды иштелип чыгат жана киргизилет.

    Категориялык компенсациялык жана башка социалдык төлөмдөргө даректүүлүк принциптерин киргизүү зарыл.

    Оор турмуштук жагдайларды алдын алуу, өз убагында аныктоо жана эффективдүү чараларды көрүү максатында балдарды жана оор турмуштук жагдайлардагы үй-бүлөлөрдү, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды, жалгыз жашаган улгайган жарандарды социалдык коштоо системасын бекемдөө милдети турат.

    Калктын аялуу катмарлары үчүн социалдык жалдоо шарттарында берүү менен жеткиликтүү социалдык турак жай курууга дем берүү зарыл.

    Ошол эле учурда мамлекет альтернативдик интернаттык мекеме болгон реабилитациялык мүнөздөгү күндүзгү жана убактылуу социалдык кызмат көрсөтүүлөр рыногун өнүктүрүүнү колдоого тийиш. Тандоо варианты менен социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн камсыздандыруу, төлөө жана кошо төлөө механизмдерин иштеп чыгуу жана киргизүү керек. Ошондой эле ЖӨБОго балдар үчүн жана оор турмуштук жагдайлардагы үй-бүлөлөр, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, улгайган жарандар үчүн базалык адистештирилбеген социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жана көрсөтүү маселелерин өткөрүп берүү зарыл.

    Коомдук иштерге калктын аз камсыз болгон катмарларынын катышуусу жана айыл чарбасын, өндүрүштүн башка түрлөрүн жүргүзүү боюнча көндүмдөргө, билимдерге жана технологияларга окутууну жана аларды өркүндөтүүнү жеткиликтүү кылуу түрүндө социалдык колдоонун дем берүүчү чараларынын практикасы кеңейтилет.

    Калктын социалдык аялуу катмарларынын заманбап санарип технологиялардын негизинде реабилитациялык, социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алуусун камсыздоо зарыл.

    Оор турмуштук жагдайларда, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жана улгайган жарандар аракетке жөндөмдүүлүгүнөн ажыраган учурда үй-бүлөнүн тилектеш жоопкерчилигинин, ата-эненин камкордугунун жана көзөмөлүнүн мыйзамдуу ченемдерин жана механизмдерин иштеп чыгуу жана киргизүү талап кылынат.

    Татаал турмуштук жагдайдагы үй-бүлөнү колдоо боюнча мамлекеттик саясат ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга өзгөчө бала кезинде багуу боюнча эмгекти эмгек акы төлөө механизмдерин киргизүү жана социалдык, медициналык камсыздандыруу системасына тартуу жолу менен коомдук маанилүү деп таанууга таянат.

    Эл аралык функционалдык стандарттарга жана ыкмаларга өтүү менен медициналык-социалдык экспертизалоо системасын реформалоого тийишпиз.

    Калкты социалдык коргоонун системасынын ачык-айкындыгын жана даректүүлүгүн күчөтүү зарыл. Социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардын маалыматтарынын жалпы улуттук ачык базасын түзүү ачык-айкындыкты жана адилеттүүлүктү камсыз кылат жана кыйла муктаж болгон жарандарды аныктоо үчүн инструмент болот.

    Эмгекке жарамсыз жарандардын мамлекеттик жөлөк пулдарынын өлчөмү жашоо минимумунан төмөн болбойт. Ошол эле учурда мындай категориядагы жарандарды коомго пайдалуу жана экономикалык жактан өз ара пайдалуу мамилелерге максималдуу түрдө интеграциялоо мүмкүндүгүн түзүү максатка туура келет.

    Бул чаралар балдар жакырчылыгынын көрсөткүчүн азайтууга, ошондой эле балдардын дене боюнун өсүшүнүн стандарттарына ылайык өзүнүн курагындагы балдар үчүн орто бойдон 2 стандартка өзгөргөн бою бар 5 жашка чейинки балдардын үлүшүн эки эсе азайтууга мүмкүндүк берет. Балдар арасындагы арыктоо жоюлушу керек. Балдары бар, өзгөчө ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдарды бар аялдардын абалы кыйла жакшырат. Кыргызстанда ар бир бала үй-бүлөдө жашап, өсүшү керек.


    Татыктуу эмгек жана ардактуу карылык



    Келечекке көз караш: Ар бир жаран татыктуу эмгек рыногуна тартылган жана камсыздандыруу жана топтоонун механизмдери аркылуу улгайган куракта эмгек акынын орточо деңгээлинин жарымынан кем эмес өлчөмдөгү мамлекет кепилдеген кирешенин деңгээлине ээ болот. Адам улуу курактагы адамдардын адаптация системасы аркылуу өзүнүн потенциалын болушунча узак колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.


    Жумуштуулук жана эмгекке жөндөмдүү куракта жашоонун жогорку деңгээлине жана улгайган куракта татыктуу жашоонун сапатын түзүүгө багытталып пенсиялык камсыздоо системасын кардиналдуу реформалоо жүргүзүлдү.

    Жарандын пенсиялык камсыздандыруу вариантын камсыз кылуу аркылуу өз келечегине жоопкерчилиги күчөтүлдү.

    Эмгек акыны төлөө саясаты эмгектин өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Эмгек акыны төлөө системасынын базалык принциптери калкка түшүнүктүү жана эмгек акыны төлөө ыкмасынын фрагментардык, тар ведомстволук, тармактык мүнөзүн жок кылат.

    Мамлекет ченемдик базаны түзөт жана эмгек шарттарынын коопсуздугу үчүн, анын ичинде эл аралык стандарттар менен шайкеш болуусун жана чет жактарда иштеген жарандардын кызыкчылыктарын коргоо үчүн контролду камсыз кылат.

    Ар бир жаран ар түрдүү варианттар жана тандоо укугу менен пенсиялык камсыздандыруу менен камтылган. Пенсиялык камсыздандыруу келечектеги карылыкка инвестиция кылууга дем берет жана эмгекке жөндөмдүү курактагы кирешенин деңгээлин компенсация кылат.

    Эмгек жана карылыкты камсыз кылуу саясатында орто мөөнөттүү мезгилге төмөнкү артыкчылыктуу милдеттер аныкталды:

    – эмгек потенциалына ээ мамлекеттик жөлөкпулдарды алуучулар менен социалдык контракттардын системасын киргизүү. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кесиптик билим берүү менен макулдашылган жумуштуулукка көмөк көрсөтүү чараларынын комплекси жакырчылыкты кыскартууга эффективдүү таасир этүүгө мүмкүндүк берет;

    – пенсиялык системаны реформалоону анын келечектеги финансылык туруктуулугун, республикалык бюджетке жүктөмдү азайтууга, пенсияларды эсептөөдө иерархиядан жана артыкчылыктардан баш тартууну камсыздоого багыттоо;

    – пенсионерлердин түрдүү курактагы топторунун муктаждыктарын эске алуу менен пенсиялык системанын камсыздандыруучу негизин модернизациялоо жана пенсияга кыйла кечирээк чыгууга дем берүү;

    – мөөнөтүнөн мурда (жеңилдик) пенсиялык камсыздоону модернизациялоо жана пенсиялык системанын камсыздандыруу, топтоо компонентинин эффективдүүлүгүн, ишенимдүүлүгүн жогорулатуу;

    – камсыздандырылгандарды өзүнүн топтоолорун башкарууга тартуунун жана катыштуулугунун механизмдерин киргизүү. Пенсиялык камсыздандыруу системасы эмгекке жөндөмдүү калк үчүн жагымдуу болууга тийиш.
    2.2 Үй-бүлө коомду өнүктүрүүнүн негизи катары
    1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   18


    написать администратору сайта