20182040жылдары кыргыз республикасын НКТРНн улуттук стратегиясы
Скачать 359.71 Kb.
|
III. Экономикалык бакубаттык жана өнүгүү үчүн чөйрөнүн сапаттуулугу3.1 Экономикалык өнүгүүнүн факторлору
Өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү шаарда жана айылда калктын жашоо турмушунун деңгээлин теңдештирүүгө, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүнүн сапатын жогорулатууга мүмкүнчүлүк берет. Чакан жана орто бизнести өнүктүрүүнүн жана өндүрүмдүү жумушчу орундарын түзүүнүн эсебинен иш жана туруктуу киреше менен камсыз кылынат. Экономика региондук өнүктүрүү боюнча тең салмактуу болуп, өлкөнүн ар бир региону өзүнүн жагымдуу жана күчтүү жактарына ээ болот. Экономиканын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү эмгектин региондук жана дүйнөлүк бөлүнүшүндө өлкөнүн атаандаштык артыкчылыктарын эсепке алуу менен инновациялык социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө өтүүнүн эсебинен камсыз кылынат. Тең салмактуу жана диверсификацияланган экономикалык өнүгүү үчүн зарыл сапаттуу өндүрүштүк инфраструктура түзүлөт. Экономикалык өсүштүн негизги мүнөздөмөсү анын инклюзивдүүлүгү болуп калат. Мамлекет менен бизнестин биргелешкен күч-аракети өлкөнү анык “инвестициялык оазиске” айлантат, ал ички жана тышкы инвестицияларды тартат жана ЕАЭБ өлкөлөрү жана регион үчүн жагымдуу болот. Жагымдуу бизнес-чөйрө, жогорку сапаттуу инфраструктура жана жеке менчиктин жана инвестициялардын кайтарымдуулугунун бузулгус кепилдиги биздин экономиканын “жүзүн” калыптандырып, аны региондо жана дүйнөдө таанымал кылат. Мамлекеттин экономикалык саясаты жогорку экспорттук потенциалы бар, жумуш орундарын түзгөн жана элдин бакубаттыгын көтөргөн тармактарга багытталууга тийиш. Ошол эле учурда реалдуу кепилдик алган чет элдик инвестицияларды тартуу, сактоо жана коргоо зарыл. Өлкөдө экономика жеке менчиктин кол тийбестигинин жана контракттык укукту сактоонун институтуна негизделет. Ишкерлер өздөрүнүн активдеринин жана өздөрүнүн жеке менчигинин кол тийбестигине ишениши керек. Көмүскө секторду легалдуу экономикага трансформациялоо жана имплементациялоо боюнча чаралардын комплекстерин иштеп чыгуу зарыл. Бул үчүн биринчиден, легалдуу бизнести жүргүзүү, көмүскө бизнести жүргүзүүгө караганда пайдалуу жана ыңгайлуу боло турган шарттарды түзүү керек. Экинчиден, көмүскөдөн ыктыярдуу түрдө чыгууга ниеттенген ишкерлердин жеке менчигине кол тийбестик кепилдигин берүү зарыл. Өлкөдөгү көмүскө экономиканын деңгээлин төмөндөтүүгө багытталган чаралар мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүүгө, атаандаш ишкердик чөйрөнү өнүктүрүүгө, өлкөнүн экономикасында кредиттик каражаттардын үлүшүн азайтууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын инвестициялык жагымдуулугун көтөрүүгө мүмкүндүк берет. Адамдык потенциал жана эмгек рыногу
Эмгек рыногу динамикалуу болуп, экономиканын керектөөлөрүнө адаптациялануунун жогорку жөндөмдүүлүгүнө ээ болуу менен өлкөдөгү демографиялык кырдаалды эске алышы керек. Мамлекеттин күч-аракети өлкөнүн өнүгүүсүн жана экономиканын бардык тармактарына жаңы технологияларды киргизүүнү камсыз кылган жарандардын билим алуусунун жана квалификациялуу кадрларды даярдоонун ийкемдүү жана заманбап системасын түзүүгө багытталат. Сапаттуу кесиптик билим алуу үчүн жагымдуу, кызмат көрсөтүүлөрдүн эл аралык рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүү улуттук билим берүү системасын өнүктүрүү квалификациялардын улуттук системасын түзүүнү эске алуу менен артыкчылыктуу болушу керек. Мамлекеттик саясат жумушчу күчтүн сапатын жогорулатууга, тармактык жана региондук өңүттө кыйла жогорку кошумча наркты, калкты ишке орноштуруунун өсүшүн камсыз кылган жана рынокто суроо талап кылынган секторлордун артыкчылыгы менен эмгек рыногундагы суроо-талап менен сунуштун ортосундагы дисбалансты четтетүүгө көңүл бурулат. Билим берүү жана адистерди даярдоо системасы рыноктун талаптарына жараша болуп, экономиканын артыкчылыктуу секторлоруна, адистешүүгө жана өлкөнүн региондорунун өзгөчөлүгүнө багыт алат. БУУнун баалоосу боюнча соңку он жылда калктын өсүшү Кыргызстандын бүткүл тарыхында кыйла олуттуу болот. Жалпысынан он жылда калктын өсүшү болжол менен 900 миң адамга жакындайт. Калктын өсүшүн эмгек рыногундагы саясатты түзүүдө эске алуу зарыл, калк тездикте өскөн региондордо жумушчу орундарынын санынын, өзгөчө жаштардын санынын өсүшүн кароо, ички жана тышкы миграцияны жөнгө салуу керек. Калктын концентрациясынын өзгөрүшү региондордо жаңы өнөр жай ишканаларынын аймактык бөлүштүрүлүшүн кайра карап чыгууну талап кылат. Тышкы миграция чөйрөсүндө мамлекет эмгектик миграциянын географиясын кеңейтүү боюнча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт, биздин жарандарга алардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн өсүшүнө жана эмгектик миграцияда жүргөн өлкөдө укуктук жана экономикалык жактан корголушун камсыз кылууда бардык күчүн жумшайт. Ошондой эле эмгек мигранттарына иштеп тапкан каражаттарын өлкөнүн экономикасына, өндүрүштүн келечектүү чөйрөлөрүнө инвестициялоо менен өлкөдө жаңы өндүрүштөрдү жана ишканаларды түзүү үчүн башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын колдонуу жана киргизүү үчүн шарттарды түзүү зарыл. Бул үчүн зарыл инфраструктураны өнүктүрүү менен дем берүүчү экономикалык шаймандарды ишке киргизүү зарыл. Өлкөдө ишкердин таламдары сакталган жана кызматкердин кызыкчылыгы эске алынган жаңы экономиканын талаптарына жооп берген эмгек мамилелеринин ийкемдүү модели түзүлөт. Кызматкерди социалдык камсыздандыруу үчүн жоопкерчилик көбүрөөк деңгээлде кызматкердин өзүнө жүктөлөт. Ошол эле учурда бийлик минималдуу социалдык стандарттарды жана кепилдиктерди белгилейт, ал жарандардын эмгекке, эмгек шарттарына жана акы төлөнүшүнө конституциялык укуктарын камсыз кылат. Мындан тышкары, иш менен камсыз кылуунун, эмгек мыйзамдарынын эл аралык стандарттарга жана конвенцияларга шайкештигин, аны либералдаштыруунун, чечимдерди кабыл алуунун жана эмгек ишмердүүлүгүн жана ишкерликти формалдуу эмес сектордон алып чыгуу процессин аналитикалык коштоону жакшыртуунун аракеттүү активдүү чараларын ишке киргизүү зарыл. Инвестициялык климатты жакшыртуу жана экспорттун өсүшү
Бийлик мамлекеттик башкаруунун жана администрациялоонун жогорку сапатын камсыз кылуу, өлкөлүк жана региондук деңгээлде инвесторлорду колдоонун натыйжалуу институционалдык механизмин түзүүгө күчүн жумшайт жана бул ар бир мамлекеттик орган, ар бир регион жана жергиликтүү бийлик органы үчүн негизги милдет болот. Инвестициялык артыкчылыктарга карата так саясат жана жүргүзүлгөн экономикалык саясаттын туруктуулугу, башкаруу органдарынын жогорку жоопкерчилиги инвесторлордун өз чечимдерин кабыл алуусу үчүн зарыл фонду түзөт. Тоо-кен казуу жана энергетикада өзүнүн ишмердигин жүргүзгөн инвесторлор менен өзүнчө саясат жүргүзүлөт. Жаратылыш ресурстарынан мамлекетке түшүүчү бардык кирешелерди так идентификациялоо, атайын жаратылыш коргоочу фонддордун иштөө механизмдеринин ачыктыгын камсыз кылуу жана экологиялык ченемдерди сактоо боюнча толук отчетторду туруктуу жарыялоо зарыл. Мамлекеттик органдар экономиканын өз секторлорунда Кыргызстандын ЕАЭБга киришинен кийин ачылган өлкөлүк артыкчылыктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү эске алуу менен инвестициялар үчүн негизги багыттарды, ШКУ алкагында глобалдуу долбоорлорго, “Бир алкак-бир жол” долбооруна катышууну, ошондой эле Борбордук Азия регионунун жана дүйнөнүн өлкөлөрү менен эки тараптуу кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн аныктайт. Инвесторлорго кепилдиктер камсыз кылынат, чакан жана орто бизнеске узак мөөнөттүү мезгилге жеңилдетилген кредиттер берилет, Кепилдик Фондунун мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилет. Өзүнүн экономикалык саясаты аркылуу мамлекет экономиканын экспортко багытталган жана инновациялык секторлорун түзүү багытында инвестициялык активдүүлүктү колдойт, ал кошумча нарктын жана экспорттун ылдам өсүшүн камсыз кылат. Кыйла келечектүү багыттарга - жеңил өнөр жайына жана кайра иштетүү өнөр жайына тиешелүү тармакчаларды өнүктүрүү кирет, алар жергиликтүү чийки затты жана эмгек ресурстарын максималдуу колдонот. Ата мекендик ишкерлердин экспортун колдоо чөйрөсүндө адамдык капиталдын сапатын жакшыртуу, финансылык жана башка ресурстарга жетүүнү жөнөкөйлөштүрүү, инфраструктуралык проблемаларды чечүү саясаты жүргүзүлүшү керек. Улуттук топ-менеджерлерди даярдоо үчүн аларды дүйнөлүк мыкты билим берүү борборлорунда окутуу практикасы киргизилет. Ошондой эле Кыргызстанга дүйнөдө таанылган бизнес-консультанттарды, менеджерлерди тартуу натыйжалуу шайман болот. Кыргызстандын дүйнөлүк рынокто стратегиялык позицияларын туруктуу талдоо, колдо болгон артыкчылыктарды баалоо жана экономикалык процесстерди өзгөрүлмөлүү шарттарга көнүктүрүү маанилүү. |