Главная страница
Навигация по странице:

  • Агро-өнөр жай комплекси жана кооперация

  • Жеңил өнөр жай кластерлери

  • Туризмди туруктуу өнүктүрүү

  • 20182040жылдары кыргыз республикасын НКТРНн улуттук стратегиясы


    Скачать 359.71 Kb.
    Название20182040жылдары кыргыз республикасын НКТРНн улуттук стратегиясы
    АнкорCycufc
    Дата08.09.2022
    Размер359.71 Kb.
    Формат файлаdocx
    Имя файлаc0708df3-f396-4bb5-943b-fe6d33f3d3ef.docx
    ТипДокументы
    #667512
    страница7 из 18
    1   2   3   4   5   6   7   8   9   10   ...   18

    3.3 Өнүгүүнүн артыкчылыктуу тармактары




    Өлкөнүн өнөр жай потенциалы



    Келечекке көз караш: Кыргызстан өлкө үчүн артыкчылыктуу секторлордо атаандаштыкка жөндөмдүү өнөр жайга ээ, ал толук жана өндүрүштүк жумуштуулукка жана татыктуу ишке шарт түзөт. Өнөр жайдын түзүмү диверсификацияланган жана экспортко багытталган, ал жеке ресурстарга жана өндүрүштүк базага таянат, ЕАЭБ сыяктуу интеграциялык бирикмелерге катышуусун эске алганда кошулган нарктын регионалдык жана глобалдуу чынжырчаларында, ошондой эле ЕАЭБ жана “Бир алкак – Бир жол” долбоорлорунун байланышында түзүлгөн. Иштеп жаткан тармактардын кубаттуулуктарын модернизациялоо жана кеңейтүү жүргүзүлгөн.


    Жарандар техникалык билимге жана чыгармачылыкка дем берген өндүрүмдүү жана жогорку кирешелүү жумуш орундарына жеткиликтүү болушат.

    Өнөр жай комплекстүү өнүгөт, жеке материалдык-сырьелук жана өндүрүш базасын эффективдүү пайдаланат, мында өлкөнүн аймактары боюнча ишканаларды пропорционалдуу жайгаштырууга маанилүү көңүл бөлүнөт.

    Өз ара толуктоочу өндүрүш продукцияларынын профилдик түрлөрү боюнча атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн кластердик чечимдердин алкагында интеграцияланат.

    Тоо-кен казуунун эффективдүүлүгүн өстүрүүгө жетишүү, айлана-чөйрөгө минималдуу таасир этүү менен заманбап тоо-кен казуу технологияларын киргизүү зарыл. Пайдалуу кендерди иштеп чыгуу өнүктүрүү үчүн финансы ресурстарын калыптандырууну камсыздоого тийиш. Тоо-кен казуудан түшкөн кирешелер учурдагы көйгөйлөрдү чечүүгө гана багытталбастан, экологияны өнүктүрүүгө, ошондой эле стратегиялык максаттарга багытталышы керек. Кайра орду толуп туруучу капитал фондун түзүү керек, ал келечекке, технологияларды, инновацияларды өнүктүрүүгө, бизнестеги, экономикадагы, маданияттагы ж.б. инновацияларды өнүктүрүүгө багытталууга тийиш.

    Бул иш Кыргызстандын экономикалык жана социалдык өнүгүү милдеттери башка булактардан каржылоо туруктуу жана толук көлөмдө камсыздалмайынча улантылат. Кен байлыктарды пайдалануу, анын ичинде жаратылыш ландшафттарын жана бузулган жерлерди реабилитациялоону кошкондо айлана-чөйрөнү коргоонун талаптарынын бардык комплексин сактоо менен жана коомчулуктун контролунда жүргүзүлүүгө тийиш. Маанилүү болуп илимий изилдөөлөрдү колдоо жана кен байлыктарын пайдалануу чөйрөсүндө адистерди даярдоо эсептелет.

    Жогорку сапаттагы нефть продуктыларын жана курулуш материалдарын атаандаштыкка жөндөмдүү өндүрүүнү өнүктүрүү алар менен ички рынокту толтурууну жана экспорттук потенциалды өнүктүрүүнү камсыз кылат.


    Кыргызстандын күйүүчү-майлоочу материалдардын импортунан жогорку көз карандылыгы, көмүр-суутек сырьелорунун запастарынын жоктугу күйүүчү майдын жогорку сапаттагы экологиялык стандарттарын табуу жана өндүрүүнү өстүрүүнү кубаттоо саясатын жүргүзүүнүн зарылдыгын шарттайт. Жогорку сапаттагы күйүүчү майды энергиянын альтернативдүү булактарын колдонууну жайылтуу менен айкалыштыруу аркылуу колдонууга өтүү артыкчылык болуп саналат. Ошол эле убакта, өлкөнүн керектөөлөрү үчүн энергияны алып жүрүүчүлөрдү берүүнү диверсификациялоо зарыл.

    Металл эмес минералдык сырьенун олуттуу запасын айлана-чөйрөнү коргоонун талаптарын сактоодо жана жергиликтүү коомчулуктун кызыкчылыктарын эске алуу менен иштеп чыгуу, сапаттуу заманбап курулуш материалдарын өндүрүү курулуш индустриясын тез арада өндүрүү үчүн шарт түзөт.

    Бул турак жай курулушунун, социалдык жана өнөр жай багытындагы обьекттердин, жаңы архитектуралык-курулуш системасынын, имараттардын типтеринин жана заманбап технологиялардын көлөмүн көбөйтүүгө шарт түзөт.

    Эл аралык рынокко чыгуу негизги милдети болгон зергерчилик тармагынын потенциалын өнүктүрүү үчүн шарттар түзүлөт.

    Иштеп чыгуучу өнөр жайдын тармактарын, оболу кураштыруучу өндүрүштү, комплекттөөчү материалдарды түзүү өндүрүшү токтоп калган ишканаларды калыбына келтирүү зарыл. Өнөр жай тармактарын өнүктүрүү, өндүрүштүк жумуштуулуктун өсүшүн жана өлкөнүн жарандары үчүн татыктуу жумушту камсыз кылууга, Кыргызстанда өнөр жай технологияларын жана так илимдерди өнүктүрүүгө шарт түзүүгө тийиш. Ата мекендик иштеп чыгуучу өнөр жай экспорттук потенциалды түзүү жана айрым товарлардын импортун алмаштырууга багытталууга тийиш. Өнөр жай саясатынын негизинде чет өлкөлүк өнөр жай ишканалары локалдаштырылат, кошумча нарктын өлкөлөр аралык чынжырчасына кирүү, өндүрүштүк инфраструктурага жетүү үчүн жагымдуу шарттар түзүлөт. Ар кайсы региондордо өнөр жай зоналарын өнүктүрүү колдоого алынат.



    Агро-өнөр жай комплекси жана кооперация



    Келечекке көз караш: Кыргызстан, өзүнүн географиялык жана климаттык артыкчылыктарын колдонуу менен регионалдык рынокто жана ЕАЭБ рыногунда айыл чарбасынын жогорку сапаттагы экологиялык жактан таза, органикалык, тоо продукцияларын негизги жабдуучу болот. Өлкөнүн агро-өнөр жай комплексинде орто жана ири кайра иштетүүчү комплекстер түзүлөт, продукцияларды тышкы рынокторго экспорттоо үчүн логистикалык борборлор өнүгөт. Фермердик чарбалар жергиликтүү калктын кирешесин көбөйтүүгө шарт түзүү менен өндүрүүчүлөргө кошумча наркка түздөн-түз ээ болууга мүмкүндүк берген кооперативдер, агломерациялар аркылуу өндүрүш процессине активдүү катышат.

    Айыл чарба чөйрөсүндө негизги саясат - бул Кыргыз Республикасынын калкын сапаттуу азык түлүк менен камсыздоо жана тармактарды жогорку сапаттагы экологиялык жактан таза, органикалык, тоо продукцияларын дүйнөлүк жана регионалдык рынокко жеткирүүчүгө айландыруу. Мамлекеттик колдоо айыл чарба продукцияларын өндүрүү жана кайра иштетүү менен алектенген ири айылдык ишканаларга, фермердик чарбаларга жана кооперативдерге багытталат, жогорку кошумча наркты түзөт.

    Айыл чарба тармагын жана агро-өнөр жай комплексин өнүктүрүүдөгү негизги багыт болуп дүйнөлүк жана региондук рынокторго айыл чарба продукцияларын олуттуу көлөмдө жеткирүүчү катары тышкы рынокто өлкөнүн атаандаштыгын чектеген бөгөттөрдү жана салттуу айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү үчүн өндүрүштүк кубаттуулуктардын жетишсиздигин жоюу эсептелет. Тармакка айыл чарба продукциясын өндүрүүнүн, сактоонун жана кайра иштетүүнүн сапатын контролдоо боюнча эл аралык система киргизилет.
    Айылдык өндүрүүчүлөрдүн кредиттик ресурстарды алуусун жогорулатуу, кредиттер боюнча пайыздык коюмдарды төмөндөтүү үчүн жеткиликтүү жеңилдетилген кредит берүү программасы мындан ары да улантылат, айыл чарба продукттарын экспорттоого кредит берүү боюнча адистештирилген финансылык институттар түзүлөт.

    Айыл чарба тармагынын жана агро-өнөр жай комплексинин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн көтөрүү үчүн мамлекеттик саясатта айыл чарба продукциясынын ар кандай түрлөрүн өндүрүү колдоого алынат, мында жогорку кошумча наркы бар жана дүйнөдө сурам тез өсүп жаткан экологиялык жактан таза, органикалык продукциялардын түрлөрүнө артыкчылык берилет. Ошондой эле күнөскана комплекстери кеңири өнүгөт, өндүрүштүн жаңы жогорку технологиялуу методдору киргизилет, ошол эле учурда алар өлкөнүн айыл чарбасынын органикалык багытын камсыз кылуу үчүн экологиялык жактан таза бойдон калат.

    Айыл чарбасындагы экономикалык натыйжаны көтөрүү үчүн мамлекет чакан жеке чарбаларды кооперативдерге жана агломерацияларга өзгөртүүгө өбөлгө түзөт (кийин бул агломерациялар региондорду өнүктүрүүнүн таяныч орундары болот).

    Чакан фермердик чарбалардын көптүгүн жана кайра өзгөртүүлөрдүн процессинин узактагын эске алып, өндүрүмдүүлүгүн, атаандаштуулугун жакшыртуу, кирешелерди диверсификациялоо жана азык-түлүк менен өзүн-өзү камсыздоо максатында аз камсыз болгон айылдык тургундарга тиешелүү болгон мындай чарбаларды колдоо саясаты улантылат.

    Айыл чарба эмгегинин энергиялык натыйжалуулугун көтөрүүнүн, региондордун өндүрүшүн адистештирүүнүн жана зоналар боюнча концентрациялоонун, кайра иштетүүчү секторду өнүктүрүү үчүн жерлердин балансын үзгүлтүксүз өнүктүрүүнүн, өсүмдүктөрдүн түшүмдүүлүгүн олуттуу көбөйтүү менен ирригациянын тармагын кеңейтүүнүн жана агротехниканы киргизүүнүн эсебинен суу-жер ресурстарын пайдалануунун натыйжалуулугун пландуу жана ыраттуу көтөрүүнүн агрардык саясаты кабыл алынат.
    Айыл чарбасындагы мамлекеттик саясат азык-түлүк жана тамактануу коопсуздугун камсыз кылууга, өлкөнүн азык-түлүктүк көз карандысыздыгын жогорулатууга багытталат жана тамак-аш продуктуларын керектөөнүн мамлекет тарабынан белгиленген минималдуу талаптарына ылайык алардын коопсуздугуна талаптарды сактоо менен калк үчүн азык-түлүктүн накталай жана экономикалык жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууну болжолдойт.

    Өлкөнүн калкы үчүн азык-түлүк коопсуздугун жана тамак-аш продуктуларынын энергетикалык баалуулугун камсыз кылуу улуттун жана келечектеги муундардын саламаттыгынын негизи болуп саналат.

    Жеңил өнөр жай кластерлери



    Келечекке көз караш: Жеңил өнөр жайы натыйжалуу, инновациялуу болуп, чектеш тармактар кластерлерге интеграцияланган, аларга сырьену жеткирүүдөн баштап керектөөчүгө даяр продукцияны берүүгө чейинки бардык этаптар камтылган. Дүйнөлүк рынокто кыргыз текстиль продукциясынын улуттук бренди түзүлгөн. Рыноктук географияга региондун өлкөлөрү, КМШ, Европа жана АКШ кирет. Кыргызстанда дизайнердик өнөрдүн өнүгүүсү дүйнөлүк мода жана искусство индустриясында таанылган.
    Жеңил өнөр жайынын жогорку натыйжалуу жана жогорку атаандаштыктагы тармагын түзүү, бүткүл экономикага олуттуу мультипликативдүү таасирине жетишүү, жеңил өнөр жай товарларын өндүрүүдө региондордун ролунун өсүшүн кубаттоо, өндүрүштүн продукциялык структурасын жакшыртууга жана жеңил өнөр жай продукциясынын рыноктун финансылык жактан сыйымдуу жана кирешелүү сегменттерине кирүүсүнө көмөк көрсөтүү.

    Кыргызстанда жергиликтүү адамдык жана чийки заттык ресурстарга, топтолгон тажрыйбага жана өндүрүштүк байланыштарга: текстиль, тигүү, тор, тери менен иштеген тармактарга багыт алган жеңил өнөр жай тармагынын келечеги чоң.

    Жеңил өнөр жайында өндүрүштү уюштуруу сапаттуу жакшырат, анын натыйжалуулугу кластердик ыкмага таянуу менен жогорулайт. Акыркы продукцияны чыгаруучу тармактарды камтыган вертикалдуу интегрирленген өндүрүштүк чынжырчаны өнүктүрүүнү жана негизги материалдарды – кездемелерди, галантереялык терини, фурнитуранын жана аксессуарлардын белгилүү-түрлөрүн өндүрүү, дизайн кызматтарын жана моданы, логистиканы камсыз кылган тармактарды колдоо артыкчылыктуу болот. Жеңил өнөр жайынын тигүү жана башка ишканаларынын чыгымдарын тийиштүү инфраструктурасы жана коммуникациялары менен чектелген аймактагы технополистерде финансы мекемелеринин, көргөзмө залдарынын жеткиликтүү кызмат көрсөтүүлөрү, кадрларды даярдоо боюнча окутуу-практикалык мекемелери, технологияларды өнүктүрүү боюнча илимий мекемелерин концентрациялоо аркылуу азайтуу зарыл.

    Саясат чараларын ишке ашыруунун эсебинен өндүрүштүн жаңы деңгээлине чыгуу, рыноктун жогорку кирешелүү сегментине багыт жасоо менен азык-түлүк тармагынын катарын олуттуу жакшыртуу камсыз кылынат. Натыйжалуу өндүрүштү түзүүнүн мыкты дүйнөлүк тажрыйбасын колдонуунун, рыноктун сыйымдуу жана кирешелүү сегментине жеткиликтүүлүктү камсыз кылган жеңил өнөр жайынын заманбап жана сапаттуу продуктуларын чыгарууну колдоо зарыл.

    Жеңил өнөр жайынын атаандаштыкка жогору жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн башкаруу системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу зарыл, ал суроо-талаптардын өзгөрүүсүн, жаңы материалдардын жана технологиялардын пайда болушун жана продуктулардын катарынын структурасын жакшыртууну эске алуу менен өндүрүштү тез жана максатка ылайыктуу кайра түзүүнү колдонууну камсыз кылат. Келечекте колдоо чаралары тармакта ири улуттук компаниялардын калыптанышына алып келет.

    Туризмди туруктуу өнүктүрүү



    Келечекке көз караш: Туристтик индустрия улуттук экономиканы туруктуу өнүктүрүүгө, калктын иш менен камсыз болушуна жана кирешелеринин өсүшүнө олуттуу салым кошот, туризм менен чектеш тармактардын жана чөйрөлөрдүн өнүгүүсүн, ички жана тышкы инвестициялардын келишин шарттайт. Өлкөдө туризмдин факторлук түрлөрүн: курорттук-рекреациялык туризм, тоо-окуялуу туризм, маданий туризмдин атаандаштык артыкчылыктарын ишке ашыруу үчүн инфраструктура түзүлөт. Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары ички жана келип-кетүү туризм сегменттеринде суроо-талапты канааттандырышы керек. Меймандостуктун жүрүш-туруш модели мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын жүрүш-туруш стереотиби катары атаандаштыкка жөндөмдүү фактор болуп саналат. Келечектүү пландаштыруу аймактардын рекреациялык батымдуулугун жана өткөрүүчү экологиялык потенциалын эске алуу менен ишке ашырылат. Маданий туризмдин коммуникативдик потенциалы жана ички туризмдин өсүп жаткан потенциалы жарандык бирдейликти калыптандыруунун иштиктүү инструменти болуп калат.


    Кыргызстандын туристтик индустриясы анын жаратылыштык-климаттык ресурстары, ошондой эле борбордук-азиялык субконтинентте өлкөнүн ыңгайлуу географиялык ортодо жайгашуусу менен шартталган салыштырмалуу артыкчылыктарга ээ. Аны өнүктүрүү үчүн жаңы рыноктук мүмкүнчүлүктөр өлкөнүн туристтик продуктусун “Улуу жибек жолу” туристтик номинацияга киришин жана “Бир алкак-бир жол” долбоорунда туризм өндүрүшүн интернационалдаштыруу келечегин камсыз кылат.

    Туристтик индустрия рыноктук күч-аракетин курорттук-рекреациялык туризм, тоо-окуялуу туризм, маданий туризм сунуштарынын уникалдуу факторлоруна негизденген туризмдин түрлөрүн илгерилетүүгө топтойт. Керектөөчү үчүн тармакта болуп жаткан процесстерге көз салууга жана өздүк максаттарды жана милдеттерди натыйжалуу ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берген экономикалык мазмун менен толтурулган маалымат болот. Бул максаттуу рынокторго өз ара байланыштуу жана бири-бирин толуктаган маркетингдик стратегиялардын топтому иштелип чыккан.

    Тармактын түзүмүн оптималдаштыруу колдоого алынат, Анда коопсуздуктун жана кызмат көрсөтүүлөрдүн жогорку бирдиктүү сапат стандарттары бар чакан ишканалардан тартып индустриянын гиганттарына чейинки масштабы ар кандай субьекттер катышат.

    Суроо-талапты гармониялаштыруунун жана туризмди өнүктүрүүнүн шайманы туристтик кластерлерди, анын ичинде кышкы эс алуунун жаңы кластерлерин түзүү болуп саналат. Туризм тармагын өнүктүрүүнүн аймактык аспектисине артыкчылыктуу маани берүүнүн зарылчылыгы айкын боло баштады. Өнүктүрүү субьекттерин үнөмдүү кооперациялоо жана өзүн-өзү уюштуруу милдетин чечүү керек.

    Туризм өлкөнүн тоолуу жана түздүктүү аймактарынын ортосунда экономикалык теңсиздикти кыскартууга салым кошот, туризмди өнүктүрүү аркылуу тоолук жамааттарды колдоону жана тоолуу райондорду өнүктүрүүнү, алардын туристтик логистикага жана бизнес-чынжырчага кошулушун камсыз кылат.

    Ички туризм сегменти үй чарбалары ээ болгон кирешенин өсүшү, жеке адамдын бош убактысын мазмундуу жана пайдалуу пайдаланууга суроо-талаптын өсүшү, ошондой эле шаар калкынын санынын өсүшү, өлкөнүн урбанизациясы менен кошо өсөт. Ички туризмдин потенциалы социалдык тажрыйбанын билим берүүчү жана агартуучу программаларында, өлкөнүн тарыхый-маданий мурасын популярдаштырууда активдүү колдонулат, жарандык улуттун калыптанышына өз салымын кошот.

    “Улуу Жибек жолу” долбоорунун алкагында улуттук туризм продуктуларын ЕАЭБ өлкөлөрүнө жана жакынкы чет өлкөлөргө киргизүү келечектүү багыт болуп калышы мүмкүн. Бул жакшы мүмкүнчүлүк, бирок ошондой эле чоң жоопкерчилик, ал туристтик продуктунун жогорку сапатын камсыз кылууну милдеттендирет. Бизге башкаруу звеносунан тартып тейлөөчү персоналга чейинки бардык деңгээлде кесипкөй кадрлар, Кыргызстанда ыңгайлуу жана коопсуз жүрүүнү камсыз кылган заманбап инфраструктура керек. “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары” брендин сактоо жана кеңири пайдалануу да туризмди өнүктүрүүнү, конокторду тартууну жана өлкөнүн дүйнөлүк туристтик рынокто таанымалдыгынын өсүшүн шарттайт.

    Туристтердин, туристтик объекттердин коопсуздугун жана коргоону камсыз кылууга, травматизмдин алдын-алууга багытталган, анын ичинде контролдоо-куткаруу кызматын кайра түзүүнү кошо алганда натыйжалуу системасы түзүлөт, тобокелдиктерди милдеттүү камсыздандыруу болот жана туристтерди жана альпинисттерди жеткирүүнү чектеген аймактарды зоналаштыруу боюнча иштер жүргүзүлөт.

    1   2   3   4   5   6   7   8   9   10   ...   18


    написать администратору сайта