Главная страница
Навигация по странице:

  • Социалдык өнүгүү

  • Үй-бүлө институтун бекемдөө

  • Жарандык интеграциялануу

  • Жогорку маданияттын өлкөсү

  • Демократиялык коомдогу дин

  • Өнүгүү факторлорун түзүү

  • 20182040жылдары кыргыз республикасын НКТРНн улуттук стратегиясы


    Скачать 359.71 Kb.
    Название20182040жылдары кыргыз республикасын НКТРНн улуттук стратегиясы
    АнкорCycufc
    Дата08.09.2022
    Размер359.71 Kb.
    Формат файлаdocx
    Имя файлаc0708df3-f396-4bb5-943b-fe6d33f3d3ef.docx
    ТипДокументы
    #667512
    страница15 из 18
    1   ...   10   11   12   13   14   15   16   17   18

    VI. Орто мөөнөттүү этаптын биринчи кезектеги кадамдары




    6.1 Өнүгүүнүн максаттарына жетишүү





    • Социалдык өнүгүү


    1.1-милдет. Баштапкы медициналык-санитардык кызмат көрсөтүүнү чыңдоо
    Саламаттык сактоонун баштапкы деңгээлинин улуттук стандарттары көтөрүлөт жана региондук өзгөчөлүктү жана социалдык-демографиялык факторлорду эске алуу менен үй-бүлөлүк медицинанын кеминде 17 борбору жылына модернизацияланат. Бардык ооруларды эртелеп табуу, аларды алдын алуу, вакцинациялоо, өмүр бою, эрте жашынан баштап, өзгөчө ооруган учурларда, эмгекке жөндөмдүүлүгүн жоготкондо, кош бойлуу болгондо жана төрөгөндөн кийин медициналык коштоо саламаттык сактоонун баштапкы деңгээлинин ишинин негизги багыттары болуп калат. Медайымдардын ролу күчөтүлөт, аларга врачтардын айрым функциялары, өзгөчө алдын алуучу функциялары өткөрүп берилет. Чаралар кызмат көрсөтүү спектрин жаңылоого, инфраструктураны, материалдык-техникалык жана кесиптик жабдууну жакшыртууга, ошондой эле кызматкерлердин мотивациясын жана потенциалын көтөрүүгө багытталат. Баштапкы медициналык-санитардык жардамдын кызмат көрсөтүүсүнүн спектрин кеңейтүү заманбап жана инновациялык ыкмаларды пайдалануунун эсебинен да болушу мүмкүн. Биринчи деңгээлде алдын алуучу кызмат көрсөтүүнү кеңейтүү жана мамлекеттик социалдык тапшырыктын механизми аркылуу паллиативдик жардамды көрсөтүү пландалууда. Медициналык жардам көрсөтүүнүн баштапкы деңгээлинде онлайн консультация берүү, телемедицина ж.б. өнүгөт. Натыйжада калкты сапаттуу баштапкы медициналык кызмат көрсөтүү менен толук камтуу күтүлүүдө.

    1.2-милдет. Энени жана баланы коргоону күчөтүү
    Энени жана баланы коргоо боюнча негизги чарлар баштапкы медициналык-санитардык деңгээлде сапаттуу кызмат көрсөтүү менен байланыштуу болот. Жашаган жерине карабастан жарандар кош бойлуу болгондо жана төрөгөндө, наристени бакканда медициналык тейлөөнү, ар кандай алдын алуучу программаларды – иммундаштырууну, тамак берүүнү, консультацияны ала алат.2023-жылга карата эненин өлүмү 22,1% жана наристенин өлүмү 7,1% деңгээлге чейин кыскартылат.



    1.3-милдет. Инфекциялык эмес оорулардан эрте каза болууну кыскартуу
    Эртелеп каза болууга алып келүүчү инфекциялык эмес ооруларды эпидемиологиялык көзөмөлдөөнүн системасы түзүлөт. Жүрөк-кан тамыр ооруларын, кант диабетин, дем алуу органдарынын ооруларын, психикалык ооруларды өз убагында табууга жана аларды алдын алууга багытталган диагностикалык жана алдын алуучу кызмат көрсөтүүлөрү бардык региондордо болот. Барууга кыйын, алыскы жана бийик тоолуу региондордо жашаган элге мобилдүү/кыймылдуу дарылоочу-диагностикалык кызматтарды көрсөтүү жана аларды уюштуруу үзгүлтүсүз болуп турат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн милдети – эртелеп каза болуунун көрсөткүчтөрүн төмөндөтүү эсептелет, мында индикаторлорду аныктоо, ошондой эле келечектеги 5 жыл үчүн каза болуунун орто аралыктагы көрсөткүчтөрүн аныктоо зарыл. Жүрөк-кан тамыр ооруларынан болгон өлүм 7,7%га, онкология ооруларынан 8,1%га, кант диабетинен 8,3%га азаят.

    1.4-милдет. Инфекциялык ооруларга каршы күрөшүү
    Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун каражаттарынын эсебинен саламаттык сактоо уюмдарында медициналык кызматкерлерди В жана С гепатиттерине каршы вакциналоо дайыма жүргүзүлүп турат. Артыкчылыктуу инфекциялык оорулар, анын ичинде өзгөчө коркунучтуу жана социалдык жактан маанилүү оорулар боюнча жынысы, курагы, социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү жана башкалар боюнча чачкын жайгашкан маалыматтарды жыйноонун жана талдоонун системасын заманбап маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонуу менен кайра карап чыгуу зарыл. Популяциялык деңгээлде алдын алуучу кызмат көрсөтүүлөрдүн пакети, анан ичинде ал кызматтарды көрсөтүүнүн стандарттары иштелип чыгып, киргизилүүгө тийиш. Вакциналарды жана керектелүүчү материалдарды сатып алуунун финансылык туруктуулугунун механизмин иштеп чыгуу, ошондой эле мамлекеттик каражаттардын эсебинен орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү мезгилде эл аралык стандарттардын негизинде Кыргызстандын бардык региондоруна вакциналарды жеткирүүнү коштоо системасынын сапатын, натыйжалуулугун жана коопсуздугун жакшыртуу зарыл. Антибиотикорезистентти көзөмөлдөөнүн сектор аралык системалары киргизилет. Бардык региондор таза ичүүчү суу менен камсыз болушу керек.
    1.5-милдет. Медициналык тез жардам системасын жаңылоо
    2023-жылга чейин Бишкек, Ош, Кара-Көл шаарларында медициналык тез жардам системасы толугу менен модернизацияланат. Заманбап инновациялык технологияларды колдонуу менен автоматтык башкаруу системасын киргизүү, материалдык-техникалык жабдуу, мыйзамдарды кайра карап чыгуу, системанын кызматкерлеринин потенциалын көтөрүү жана аларга мотивация берүү, жардам көрсөтүүнүн стандарттарын көтөрүү негизги чаралар болуп калат. Натыйжада элди тейлөөнүн убактысын 20 мүнөткө чейин кыскартуу жана госпиталга чейинки каза болуунун деңгээлин жалпы сандан 70 %ына чейин азайтуу күтүлүүдө.
    1.6-милдет. Келечектин ооруканалары
    2023-жылга карата Баткен, Бишкек, Жалал-Абад, Кара-Көл, Нарын, Ош, Талас шаарларында көп профилдүү 7 оорукана стационардык жардамдын, анын ичинде кечиктирилгис жардамдын сапаттуу кызматын заманбап деңгээлде көрсөтөт. Бул ооруканалар заманбап медициналык жабдуу жана кесипкөй кадрлар, санитардык транспорт менен камсыз кылынат. Алардагы башкаруу системасы стационардык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн көтөрүүгө багытталып өзгөртүлөт. Саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерин тандоонун жана жалдоонун конкурстук системасы, алардын кирешелерин жана чыгашаларын декларациялоо киргизилет. Сапатсыз кызмат көрсөткөн, адамдын өмүрүнө жана элдин саламаттыгына коркунуч келтирген, финансылык тобокелдиги жогору болгон ооруканалар оптималдаштырылат. Стационардык жардамды оптималдаштыруу шарттарында стационардык кызмат көрсөтүүнүн ар кандай жана жаңы түрлөрү (медайымдык колдоо, кыска мөөнөттө болуу ж.б.) өнүктүрүлөт. Адистештирилген стационардык жардамды оптималдаштыруу планын ишке ашыруу реинвестициялоо механизмдерин жана стационарларды каржылоонун механизмдерин киргизүү, кайра жөнөтүү системасын кайра карап чыгуу менен коштолот.
    1.7-милдет. Саламаттык сактоо системасындагы финансылык механизмдерди кайра карап чыгуу
    Медициналык жардамды алуу элдин жакырдануусуна алып келбеши керек. Ошондуктан саламаттык сактоонун кызмат көрсөтүүсүн пландоонун, уюштуруунун механизмдери элдин муктаждыгынын негизинде, ошондой эле саламаттык сактоонун кызмат көрсөтүүсүн стратегиялык сатып алуу механизмдерин күчөтүү менен модернизацияланат. Мамлекет жылына саламаттык сактоого сарптоолордун улуттук эсептерин түзүп турат. Элдин дары-дармекке накталай төлөөсүн азайтуу максатында жашоо үчүн маанилүү болгон дары-дармек каражаттарына, медициналык буюмдарга болгон бааны жөнгө салуунун системасы түзүлөт. Дары-дармек маалыматтарынын улуттук базасын түзүү аяктайт. Дары-дарек каражаттарын, медициналык арналыштагы буюмдарды мамлекеттик тандоонун, сатып алуунун жана пайдалануунун натыйжалуулугу көтөрүлүүгө жана саламаттык сактоо уюмдарында дары-дармек каражаттарын башкаруу жакшырууга тийиш. Маалыматтарды унификациялуу, борбордоштуруп иштетүүнү, маалыматтык коопсуздукту камсыз кылууга жөндөмдүү болгон, натыйжалуу программалык продуктту колдонуу менен жана МККнын, МСКнын, СФнын, ЭСӨМдүн маалыматтык башка системалары менен интеграцияланып реалдуу убакыттын режиминде маалыматтык системаларга жеткиликтүүлүктү камсыз кыла алган саламаттык сактоонун маалыматтык системасын түзүү зарыл. Биринчи кезекте медициналык жардамды уюштуруунун жана аны каржылоонун пациентке багытталган системасын куруу үчүн жардам көрсөтүүнүн бардык деңгээлинде медициналык кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөө системасында колдонулган маалыматтар базасын интеграциялоо зарыл. Ошондой эле жогорку технологиялардын фондун каржылоонун жол-жобосу жана ыкмалары кайра каралып чыгат.
    1.8-милдет. Мектепке чейинки билим берүү менен бардык жерди камтуу
    Мамлекет мамлекеттик, жеке жана мамлекеттик негизде мектепке чейинки мекемелердин, эртелеп өнүктүрүү борборлорунун жана балдар чыгармачылыгынын борборлорунун кеңири тармагын колдойт жана кубаттайт, анын ичинде салык жеңилдиктеринин жана преференциялардын системасын түзүү, инновацияларды жана инвестицияларды кубаттоо аркылуу колдойт. Мектепке чейинки тарбия жана даярдоо менен толук камтуу максатында мектепке чейинки мекемелерди куруу Өкмөттүн приоритеттүү милдети болот. Саясаттын негизги чаралары бул секторго инвестицияларды тартуу, система үчүн педагогикалык жана башкаруучулук кадрларды даярдоо, мектепке чейинки тарбия берүүнүн жана билим берүүнүн улуттук стандарттарын камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүүгө багытталат. Мамлекеттик бала бакчаларга альтернативдик модел катары жергиликтүү коомчулуктун базасында бала бакчаларды активдүү илгерилетүү пландалууда.
    1.9-милдет. Мектептеги билим берүүнүн сапатын көтөрүү
    Мектепте табигый илимдерге, дисциплиналар аралык жана тилдик даярдыкка басым коюлат. Бүтүрүүчүлөрдүн адистешүүсүн күчөтүүгө (инженердик-техникалык адистешүүгө) жана өндүрүмдүүлүктү көтөрүүгө маанилүү орун берилет. Биз жаш муунду татаал, бирок кызыктуу келечекке даярдашыбыз керек. “Келечектин мектеби” улуттук долбоору ишке киргизилет, анын алкагында ар бир облуста республикалык башкаруудагы үлгүлүү-эксперименталдык мектеп түзүлөт. Бул долбоордун максаты болуп балдарды өнүктүрүүнүн жаңы инновациялык ыкмалары колдонулган жаңы муундагы мектептердин стандарттарын калыптандыруу эсептелет. Мотивацияны көтөрүү жана рыноктун талаптарына жана бюджеттин мүмкүнчүлүгүнө ылайык келтирүү максатында мугалимдердин эмгек акысынын системасы кайра каралат.
    1.10-милдет. Жогорку билим берүүнүн сапатын көтөрүү
    Мамлекет кызыкдар жактар менен бирдикте рыноктун талаптарына жана заманбап коомдун талаптарын, ошондой эле өлкөнү өнүктүрүүнүн келечегин эске алуу менен жогорку билим берүүнүн мазмунун кайра карап чыгууну активдештирет. Мамлекет бизнестин кадрларды даярдоого, билим берүү программаларын түзүүгө, ошондой эле “ЖОЖ-өндүрүш” системасын түзүүгө түздүн-түз катышуусун колдойт.

    Мамлекет илимий изилдөөлөрдүн негизинде түзүлгөн окутуу процессин уюштурууну колдойт. Мамлекет ЖОЖдордо креативдүү лабораторияларды, стартаптарды, илимий борборлорду түзүүнү колдойт, анын ичинде зарыл шарттарды түзүү жолу менен колдоого алат. Жогорку билим берүүнүн сапатын жакшыртуу, улуттук жогорку билим берүүнүн системасынын беделин арттыруу максатында мамлекет “3-200-2040” программасын ишке ашырат. Мында өлкөнүн үч алдыңкы университети 2040-жылы дүйнөлүк алдыңкы рейтингдерде дүйнөнүн 200 алдыңкы уинверситеттеринин катарына кирет (Times Higher Education, Academic Ranking of World Universities, U.S.News, Шанхай рейтинги). Ушул максатта мамлекет өзүнчө улуттук долбоорду түзөт.
    1.11-милдет. Бардык жалпы билим берүү мектептерин интернетке туташтыруу
    Алдыдагы беш жылдыкта жыл сайын дээрлик 140 жалпы билим берүү мектебин дүйнөлүк глобалдык тармакка кошумча туташтыруу пландалууда, натыйжада 500 миңден ашык окуучу акысыз интернетке кире алат. Мамлекет жеке компаниялар менен бирдикте билим берүү мекемелеринин жогорку ылдамдыктагы оптобула тармактарына кирүүсүн камсыз кылат. Ошол эле учурда компьютердик түзүлүштөрдөн, программалык камсыз кылуудан жана онлайн-кызмат көрсөтүүдөн окутуу процессине интеграциялоо менен окутуунун жаңы стандарттары ар тараптуу киргизилет. Биздин өзгөчө милдет – ар бир каалоочуга базалык IT-билим берүүнү акысыз камсыз кылуу болуп эсептелет.
    1.12-милдет. Кесиптик билим берүү системасы менен эмгек рыногунун шайкештигин камсыз кылуу
    Динамикалуу өзгөрүп жаткан дүйнөнүн шартында эмгек рыногунда талап кылынган компетенцияларды болжолдоонун жана баалоонун негизинде эмгек рыногундагы муктаждыктарды түзүүнүн методологиясын кайра карап чыгуу. Мамлекеттик жеке өнөктөштүктүн жана социалдык тапшырыктын негизинде республикалык бюджеттен каржыланган микро кредит берүү, окутуу жана кайра окутуу программаларын финансы институттарын, коомдук уюмдарды, чакан жана орто бизнестин өкүлдөрүн тартуу менен аутсорсингге берүү. Жумушсуздарды окутуу жана кайра окутуу боюнча программалар алдыңкы маалымат технологияларын, онлайн-кызмат көрсөтүүлөрүн колдонууга негизделүүгө тийиш.
    1.13-милдет. Эмгек мигранттарын жана мекендештерди колдоо
    Чет өлкөдө иштеп жаткан Кыргызстандын жаранын коргоо жана миграциялык процесстерди келечектеги инвестициялар, билимдер жана көндүмдөр, тажрыйбалар жана эл аралык байланыштар ресурсу катары колдоо болот.
    Мекендештер кыйла көп иштеген жерлерде биздин стратегиялык өнөктөшүбүз Россиянын жардамы менен көптөгөн шаарларда ар кандай деңгээлдеги өкүлчүлүктөр ачылды. Мигранттарыбызды колдоо боюнча мындай саясат жөн гана улантылбастан, колдоону мындан ары да кеңейтүү пландалууда. Тактап айтканда, Россия тараптын жардамы менен кесиптик даярдык жана кесипкөй кадрларды кайра даярдоо борборлорун түзүү, юридикалык, административдик, кесиптик маселелер боюнча консультациялык колдоо борборлорун түзүү пландалууда, бирдиктүү интернет портал түзүлөт. Эмгек мигранттарынын үй-бүлөлөрүн пенсия менен камсыз кылуу жана медициналык тейлөө боюнча иштер улантылат. Башка өлкөнүн жарандыгын алган эмгек мигранттарынын Кыргызстандын аймагындагы укугун толук сактоо үчүн “Мекен – Карт” системасы ишке киргизилет.

    1.14-милдет. Жаштардын саламаттыгын сактоо



    Адам өзүнүн саламаттыгы үчүн жооп берүүгө тийиш. Сергек жашоо образын, дене тарбияны пропагандалаган коомдук институттарга мамлекеттик колдоо көрсөтүлөт. Ар бир мектепте заманбап талаптарга туура келген спорттук залдар болушу керек. Спорттук инфраструктураны өнүктүрүү – бардык курактагы адамдар үчүн дене тарбиясы эсептелет. Газпромдун колдоосу менен “Газпром-балдарга” программасы боюнча 5 саламаттык чыңдоочу-дене тарбия комплекси курулат (Жалал-Абад, Баткен, Ош, Нарын, Токмок шаарлары), мында аларды каржылоонун механизми боюнча маселелер милдеттүү түрдө чечилет. Биз келечектеги олимпиада оюндарынын катышуучуларын колдоо программасын түзөбүз. Ышкыбоздордун жана балдар спортун колдоо, таланттарды издөө жана табуу жаш спортчуларга Чоң спортто умтулганына жетүү үчүн мүмкүндүк берген база болуп калат.

    1.15-милдет. Эмгек мамилелеринин жаңы системасын түзүү

    Эмгек мамилелеринин системасы учурдун чакрыктарына жана социалдык-экономикалык чөйрөдө түзүлгөн талаптарга толугу менен шайкеш келиши керек. Жумушка иштөө жана эмгек акы төлөө системасы эмгектин өндүрүмдүүлүгүн көтөрүүгө багытталган кескин реформаларды талап кылат. Биринчи кезекте кыйла адилеттүү жана эмгек өндүрүмдүүлүгүнө дем берген система катары эмгек акыны саатына төлөөгө этап-этабы менен өтүү керек. Экинчиден, иш берүүчү менен жумушчунун ортосундагы мөөнөттүү келишимдик мамилелер системасына этап-этабы менен өтүү керек. Үчүнчүдөн, кесиптик бирликтердин системасы мурдатан бери эле реформага муктаж, алар кызматкерлердин кызыкчылыктарын коргоо жана аны лобби кылуу боюнча өзүнүн түздөн-түз функцияларын аткарбай калды. Эмгек потенциалы бар аз камсыз болгон жана аялуу үй-бүлөлөрдү ишке тартуу өзүнчө маселе болуп саналат. Бул проблема тиешелүү мамлекеттик органдардын жана жумуштуулукка көмөк көрсөтүү чараларынын негизги милдети болуп калууга тийиш.
    1.16-милдет. Адилет социалдык коргоону түзүү
    Мамлекет минималдуу социалдык стандарттарды жөнгө салган мыйзамдарды кайра карап чыгат. Компенсациялык категориялык жана башка социалдык жөлөкпулдарды дайындаганда даректүүлүктү күчөтүү боюнча чаралар кыйла маанилүү. Коррупцияны азайтуу жана эл аралык функционалдык стандарттарга жана ыкмаларга өтүү медициналык-социалдык экспертизанын системасын реформалоонун негизги багыттары болуп калууга тийиш. МКК, ССМ, СФ, БИМ менен интеграцияланган, мамлекеттик жөлөкпулдарды, акчалай компенсацияларды, социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардын жалпы улуттук ачык маалымат базасы түзүлөт. Көп ченемдүү жакырчылыкты өлчөөгө өтүү керек. Эмгекке жарамсыз жарандарга эмгек жана жумуштуулук саясаты менен шайкеш келген мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо механизмин иштеп чыгуу жана киргизүү зарыл.
    1.17-милдет. Балдардын жана аялдардын кызыкчылыктарын коргоо жана илгерилетүү
    Балдарды гармониялуу өстүрүү, алардын когнитивдик көндүмдөрүн күчөтүү, ошондой эле аялдын бала багуу боюнча эмгегин таануу максатында 3 жашка чейинки балдарга мамлекеттик жөлөкпул киргизилет. Балдарга жөлөкпулду төлөө балдар үй-бүлөдө жашаганда гана жүргүзүлүшү керек. Үй-бүлөдө жашаган майыптыгы бар балдарды баккан эне менен адамдардын эмгегине акы төлөөнү жөнгө салган ченемдик актылар иштелип чыгат жана бекитилет. Майып жана жаштайынан майып балдарга социалдык жөлөкпулдардын өлчөмүн индексациялоо механизмдери киргизилиши керек. Кош бойлуулугу жана төрөгөндүгү боюнча жөлөкпулдарды дайындоо системасы жана алардын өлчөмүн көбөйтүү аялдар менен балдардын абалын жакшыртуу максатында кайра каралып чыгат. Перинаталдык скриннингдер үзгүлтүксүз негизде уюштурулат жана өткөрүлөт. Төрөгөнгө жардам берүүчү жана педиатриялык жардамды көрсөтүүчү стационардык саламаттык сактоо уюмдарына жиберүүнүн системасы кайра каралып чыгат. Мамлекет келечектеги энелердин, ата-энелердин мектептеринин базалык медициналык-социалдык кызмат көрсөтүүлөрүн колдоого алат.
    1.18-милдет. Социалдык кызмат көрсөтүү жана социалдык тапшырык системасын өнүктүрүү
    Мамлекет элдин муктаждыктарын жана керектөөлөрүн баалоонун негизинде интернаттарга альтернатива болгон мекемелердин социалдык кызмат көрсөтүүсүн пландоонун, уюштуруунун, каржылоонун жана аны көрсөтүүнүн системасын түзөт. ЖӨБОнун социалдык-экономикалык өнүктүрүү программалары элдин социалдык кызматтарды алуудагы муктаждыгын жана жергиликтүү коомдун региондук өзгөчөлүгүн эске алуу менен түзүлүүгө тийиш. Жер-жерлерде социалдык кызмат көрсөтүүдө мамлекеттик жана муниципалдык социалдык тапшырык механизмдерин колдонуу зарыл.
    Жооптуу ата-энелердин мектептери, майып адамдардын жана балдардын, улгайган жарандардын күндүзү болуучу борборлору, оор турмуштук жагдайда калган балдарга жана үй-бүлөлөргө социалдык жардам борборлору, келечектеги энелердин же ата-энелердин мектептери ар бир муниципалитетте, айылда ЖӨБОго баштапкы базалык адистештирилбеген социалдык кызмат көрсөтүү маселелери өткөрүп берилгенде өнүктүрүлүшү керек. Көрсөтүлүүчү социалдык кызматтарга мониторинг жүргүзүү жана баалоо системасын түзүү зарыл. Менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына карабастан бардык интернаттык мекемелерди аккредитациялоо зарыл. Оор турмуштук жагдайда калган балдарды жана үй-бүлөлөрдү, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды, жалгыз жашаган улгайган адамдарды социалдык жактан коштоо ар бир айылда жана шаарда түзүлүшү керек. Турак жайы жок, интернаттык мекемелердин бүтүрүүчүлөрүнө турак жайды социалдык жалдоо механизмдери киргизилет.
    1.19-милдет. Пенсиялык системаны кайра уюштуруу жана анын туруктуулугу
    Пенсиялык система терең реформага муктаж, бул негизинен узак мөөнөттүү финансылык туруктуулук, анын адилеттүү иштөөсү, пенсиянын татыктуу деңгээлин камсыз кылууга жөндөмдүүлүгү, демографиялык процесстер жана элдин улгайып жаткан тенденциясы менен байланышкан. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2023-жылга пенсиялык камсыз кылуунун системасын реформасын иштеп чыгууга жана жүргүзүүгө тийиш.

    Социалдык жөлөкпулдар социалдык камсыз кылуунун бирдиктүү шайкеш системасын түзүү максатында социалдык камсыздандыруу системасына интеграцияланышы керек. Бул пенсиялык системаны ресурстук камсыз кылуунун механизмдерин кайра карап чыгуу, пенсиялардын өлчөмдөрүн түзүүнүн принциптерин, ошондой эле администрациялоо системасын кайра карап чыгуу менен жетишилет.

    Пенсиялык камсыздандыруу системасына ага кирбеген кызматчылардын категориясы киргизилет, социалдык адилеттик жана жоопкерчилик принциптерин сактоо менен кызмат өтөө жылын көтөрүү каралат. Мамлекет мамлекеттик эмес пенсиялык фонддорду өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.


    • Үй-бүлө институтун бекемдөө


    2.1.-милдет. Жаш үй-бүлөлөрдүн турмуш шартын жакшыртуу
    Ипотекалык кредиттөө мамлекеттик программасынын алкагында жаш үй-бүлөлөрдү колдоо үчүн линия бөлүнөт. Мамлекеттик колдоонун артыкчылыктуу категориялары жаш врачтар жана мугалимдер болот жана программа региондорго багытталат. Балдары бар жаш дарыгерлердин жана мугалимдердин үй-бүлөлөрү үчүн, өзгөчө региондордо мамлекеттик мектепке чейинки билим берүү кызмат көрсөтүүлөрү жеңилдик шарттарында көрсөтүлөт.

    Алдыдагы 5 жылда 16 млрд сом суммасындагы каражатты бөлүп берүү пландалууда, анын натыйжасында 15000ден ашык үй-бүлө турак жай шарттарын жакшыртууга мүмкүндүк алат.
    2.2-милдет. Үй-бүлөлүк зомбулуктун бардык түрлөрүн алдын-алуу жана бөгөт коюу
    Балдарга жана аялдарга, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга, улгайгандарга карата зомбулуктун бардык түрлөрүнө бөгөт коюу маанилүү кадам болушу керек. Ушуга байланыштуу зомбулукту алдын-алууну, зомбулук жасаган адамга карата жазаны караган мыйзамды кайра карап чыгуу боюнча чаралар көрүлөт. Балдарга карата зомбулук кылган адамдарга карата жаза жана чара ачык укуктун алкагында каралышы керек жана жеке адамдардын макулдашуусу менен өзгөртүлүшү мүмкүн эмес. Балдарга жана аялдарга карата зомбулук менен байланышкан инциденттердин саны эки эседен ашыка кыскарат. Акыйкатчы институтуна балдарды, аялдарды жана үй-бүлөнү коргоо иштери боюнча жетиштүү ыйгарым укуктар берилет.
    2.3-милдет. Муундар аралык байланыштарды камсыз кылуу
    Үй-бүлөгө өсүп-өнүү чөйрөсүнүн жана улуттун баалуулугун кайра өндүрүүнүн маанилүү институтунун ролун кайтаруу керек. Дал ата-энелердин жоопкерчилигинен, энелик жана балалык күчтүү институттан улам биздин эл өзүнүн тарыхый өнүгүүсүнүн ар кандай, татаал этаптарында өзүн сактай алды. Кыйын турмуштук кырдаалда, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын, улгайган жарандардын аракетке жөндөмдүүлүгүнөн ажыроосу, ата-энелерге карата көзөмөл жана камкордук учурларында үй-бүлөнүн биргелешкен жоопкерчилигинин мыйзамдык ченемдерин жана механизмдерин иштеп чыгуу жана киргизүү зарыл. Камкордук, улуттук жана эл аралык асырап алуу маселелеринде коррупцияга каршы күрөшүү чаралары жол-жоболорду жөнөкөйлөштүрүүгө жана тийиштүү мамлекеттик органдардын ишинин ачыктыгын камсыз кылууга багытталат. Балдарга камкордук кылууну, асырап алууну каалаган бардык адамдарга маалыматтык портал түзүлүшү керек.
    2.4-милдет. Баланын үй-бүлө чөйрөсүнө болгон укугун ишке ашыруу
    Балдар үйлөрүнүн жана интернаттык типтеги мекемелердин системасын реформалоонун алкагында жумушчу топ түзүлөт. Анын курамына коомдук уюмдардын, эксперттик коомчулуктун жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кирүүгө тийиш. Жумушчу топтун максаты болуп баланын үй-бүлө чөйрөсүнө болгон укугун ишке ашыруу, багып алуучу үй-бүлөлөрдүн институтун ишке ашыруу үчүн ченемдик-укуктук базаны иштеп чыгуу боюнча механизмдерди сунуш кылуу эсептелет.



    • Жарандык интеграциялануу


    3.1-милдет. Ынтымакты жана туруктуулукту камсыз кылуу
    Этностук таандыктыгына жана дин тутуусуна карабастан өлкөнүн бардык жарандарынын жарандык тең укуктуулугу жана толук баалуу интеграциялануусу камсыз кылынат. Кыргызстан элинин ассамблеясын чыңдоо жана ролун жогорулатуу өлкөнүн маданий көп түрдүүлүгүн өстүрүүнүн жана популярдаштыруунун багыттарынын бири болуп калат. Бардык жарандарга өлкөнүн жарандык жана саясий турмушунда толук баалуу катышуусу камсыз кылынат. Социалдык-экономикалык реформалар жарандык инклюзивдүүлүктү жана өнүгүү ресурстарына жана натыйжаларга адилет жеткиликтүүлүгүн толугу менен карайт.
    3.2-милдет. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү
    Кыргызстандын элинин биримдигин сактоонун маанилүү фактору катары Кыргыз Республикасында жашаган бардык этностордун тилдерин сактоо жана өнүктүрүү менен мамлекеттик тилде толук масштабдуу иштөө боюнча иш жигердүү уланат. 2023-жылга карата мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын алкагында бүткүл иш кагаздарын жүргүзүүнү мамлекеттик тилге толук өткөрүү пландаштырылууда. Башка багыттар боюнча мамлекеттик тилдин ролу жыл сайын өсө бермекчи жана ал коомду бириктирүүчү ролун аткарат. Жакынкы келечекке негизги багыттар мамлекеттик тилде окутууну модернизациялоо жана жаңыланган методиканы жана технологияларды киргизүү, маданият, илим жана массалык маалыматты таркатууда мамлекеттик тилдин ролун жогорулатуу болушу керек.


    3.3-милдет. Көп тилдүү окутуу чөйрөсүн түзүү
    Кыргызстан өнүгүүнүн азыркы суроо-талабы катары окутуунун көп тилдүү чөйрөсүнүн принциптерин жана максаттарын толугу менен колдойт. Бул максатта билим берүүнүн бардык деңгээлдеринде – мектепке чейинки, мектептик, кесиптик, жогорку, академиялык билим берүүдө окутуунун жана билим берүүнүн көп тилдүү чөйрөсүн өнүктүрүү программалары колдоого алынат. Негизги тилдер кыргыз, орус, англис тилдери болот. Бул максатта мамлекет окутуунун ыкмаларын даярдоо, педагогикалык кадрларды даярдоо, окуу материалдарын жана окуу куралдарын иштеп чыгуу менен байланышкан зарыл шарттарды түзүү боюнча чараларды көрүшү керек. 2023-жылга карата республиканын көпчүлүк окуу жайларында окутуунун көп тилдүү чөйрөсүнүн принциби колдонулат деп күтүлүүдө.


    • Жогорку маданияттын өлкөсү


    4.1-милдет. Маданий-тарыхый обьекттерди сактоо жана түзүү
    2023-жылга карата Сулайман-Тоо, Манас күмбөзү, Таш-Рабат, Өзгөн, Бурана, Саймалуу-Таш, Шах-Фазиль, Идрис пайгамбардын күмбөзү жана башка комплекстер калыбына келтирилип жана жаңыланат. Өлкөнүн визиттик карточкасы боло турган улуттук өзгөчөлүктү чагылдырган жаңы музей комплекстерин түзүү максатка ылайыктуу.
    4.2-милдет. Кыргыз кинематографиясын өнүктүрүү
    Кыргыз кинематографиясынын жогорку статусун калыбына келтирүү. Борбордуказиялык киномектебин түзүү, анын миссиясы Борбордуказия элдеринин азыркы окшоштугун түзүүдө жана кыргыз киносун, жалпысынан борбордук азиялык кинону дүйнөлүк цивилизациялык контекстте өнүктүрүүдө болмок. “Кызыл алма” эл аралык этнокинофестивалын ишке киргизүү пландаштырылууда.
    4.3-милдет. Улуттук оозеки чыгармачылыкты өнүктүрүү
    Улуттун рухун калыптандыруучу маданий программаларды мамлекеттик колдоо – “Манас” эпосу менен байланышкан, ошондой эле кичи кыргыз эпостору, фольклордук өнөр, эл чыгармачылыгын өнүктүрүү менен байланышкан бардык маданий программаларды колдоо. Бул максатта мамлекет Кыргызстан элдеринин оозеки элдик чыгармачылыгынын улуттук фестивалын ар жылда өткөрүүнү демилге кылат.
    4.4-милдет. Социомаданий комплекстүү изилдөөлөрдү колдоо

    Бүгүн социомаданий рефлексия, улуттун мейкиндиктик жана убакыттык жашоо-турмушун түшүнүү аркылуу улуттук өзүн-өзү идентификациялоо курч зарылчылыгы бар. Бул максаттарда тарыхый өткөндү калыбына келтирүү, улуттук философияны өнүктүрүү жана культурология комплекстүү программалары ишке киргизилет. Бул багытты ишке киргизүү жана турмушка ашыруу үчүн жоопкерчилик КР Улуттук илимдер академиясына жана жогору окуу жайларына жүктөлөт.


    • Демократиялык коомдогу дин


    5.1-милдет. Светтик жана укуктук мамлекеттин принциптерин чыңдоо
    Диний уюмдардын ишин мамлекеттик жөнгө салуу кыйла жигердүү жана натыйжалуу болот. Заманбап светтик жана укуктук мамлекеттин принциптерин салттуу диндерди урматтоо менен илгерилетүү, ошондой эле мамлекеттик органдардын маалыматтык мейкиндикте басымдуулук кылышын камсыз кылуу үчүн бюджеттик финансылоо каралат.
    5.2-милдет. Диний билим берүүнүн улуттук системасын түзүү
    Кыргызстанда диний билим берүүнүн улуттук системасын түзүү жана өнүктүрүү билим берүү структурасына жана билим берүү процессине талаптарды жана критерийлерди ишке ашырууну, диний окуу жайлардын квалификациясына ылайык диний билим берүү тартибин карайт.

    Диний окуу программалары дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу органда милдеттүү эксперттик баалоодон өтөт жана бардык диний окуу жайлар үчүн окуу программаларынын техникалык жабдылышынын жана мазмунунун бирдей деңгээлине келтирилген бирдейлештирүүгө жатат.

    Долбоорду ишке ашыруунун алкагында, ошондой эле чет өлкөдө диний билим алуу үчүн жарандардын чыгуу тартиби каралган. 2023-жылга карата бардык диний уюмдар тийиштүү мамлекеттик органдардын талаптарына ылайык аккредитациядан өтүүсү пландалууда.
    5.3-милдет. Светтик жана диний билимдин интеграциялануусу
    Мамлекет негизги жалпы билимди белгиленген мамлекеттик стандартты толук көлөмдө аткаруу менен берүүгө кепилдик берет. Светтик системанын алкагында толук баалуу диний билим алууну каалагандарга мүмкүнчүлүк берилет. Бул максатта теологиялык колледждер түзүлөт. Бул модель интегрирленген светтик жана диний билимди алуу мүмкүнчүлүгүн берет.
    5.4-милдет. Жаратман конфессиялар аралык диалогду түзүү
    Инсандын дин тутуу эркиндиги ар кандай диндер аркылуу ишке ашырылышы мүмкүн жана бардык конфессиялар орун алууга укуктуу. Бирок өлкөдө тынчтыкты жана коомдо туруктуулукту сактоо үчүн мамлекет конфессиялар аралык мамилелерди жөнгө салат. Конфессиялардын конструктивдүү кызматташтыгы үчүн шарттар түзүлөт, ар кандай конфессиялардын өкүлдөрүнүн ортосунда коммуникацияны уюштуруу үчүн аянтчалар уюштурулат. Диний негизде араздашууну пропагандалоого жол берилбейт. Мусулман, православие сыяктуу салттуу диндер башка конфессияларга караганда өз тарабынан көбүрөөк адамдарды тартышы керек. Мамлекеттин светтик мүнөзүнө негизденген мамлекеттик-конфессиялык кызматташуунун оптималдуу моделин иштеп чыгуу жана киргизүү үчүн КИМК, КМДБ, Православ христиандарынын епархиясынын кызматкерлеринен турган туруктуу иштеген координациялык кеңеш түзүлөт.

    Туруктуу иштеген координациялык кеңеш башка диний уюмдар менен бирге конфессиялар аралык ынтымакты жана диний сабырдуулукту чыңдоо боюнча конкреттүү чараларды ишке ашыруу үчүн ар жылдык конфессиялар аралык дискуссияларды өткөрөт. Адам укугу жана дин тутуу эркиндиги принциптерине негизденген диний радикализмге жана экстремизмге каршы туруунун мамлекеттик механизмдери толугу менен иштетилет. Мамлекет өлкөнүн өнүгүүсүнө өбөлгө болууга умтулган бардык диний уюмдарды колдойт, бузуку агымдар жана конфессиялардын ишмердигине катуу бөгөт коюлат.


    • Өнүгүү факторлорун түзүү


    6.1.-милдет. Келечектүү көндүмдөрдү үзгүлтүксүз түзүү
    Компетенцияларды жана кесипкөй көндүмдөрдү өнүктүрүүнүн деңгээлин жогорулатуу өнүгүүнүн негизги факторлорунун бири болуп саналат. Ушуга байланыштуу эл аралык практикага ылайык Квалификациялардын улуттук системасы түзүлөт, ал ар кандай деңгээлдеги квалификациялык алкактарды, стандарттарды, жол-жоболорду, баалоо системасын, ошондой эле билим берүү системасы менен терең байланышты карайт. Негизги принциптердин бири бүткүл турмушунда кесиптик окутуу колдоого алынат. Кесиптик билим берүүдө мамлекеттик заказды түзүү үчүн эмгек ресурстарына каралган Керектөө методологиясынын негизинде 3 жылдан 5 жылга чейинки келечекке квалификациялык кадрларга суроо-талап картасы түзүлөт.
    6.2-милдет. Чет өлкөлүк инвестициялардын корголушун күчтөндүрүү
    Жогорулатылган коопсуздуктун кепилдигин берүү, режимдин туруктуулугу, жөнгө салуунун жөнөкөйлүгү, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдерин колдонуу жолу менен өнүгүүнү камсыз кылуу үчүн тикелей инвестицияларды тартуу. Инвестициялардын жалпы көлөмү ИДПнын 25-30 пайызын түзүшү керек. Өнүгүүнүн улуттук обьекттерине 10 млн. АКШ долларынан ашкан масштабдуу инвестициялар жана өзгөчө преференцияларды берүү үчүн “стратегиялык инвесторлор” режимин түзүү.

    Кыргыз Республикасынын аймагында ири чет өлкөлүк институттардын өкүлчүлүктөрүнүн жана филиалдарынын ачылышы менен байланышкан маселелерди активдүү иштеп чыгуу.

    Тикелей чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу, инвестициялардын коопсуздугун камсыз кылуу жана капиталды коргоо боюнча максатка багыттуу иш.
    6.3-милдет. Сапат менеджментин масштабдуу киргизүү
    Кыргызстан объективдүү ЕАЭБ мүчөсү болуу жана тышкы экономикалык операцияларга активдүү катышуу менен принциптерди масштабдуу киргизүүгө жана тийиштүү сапаттуу инфраструктураны түзүүгө муктаж. Бул үчүн өлкө системалуу жаңыланууга барышы керек.

    Биринчи кадам техникалык жөнгө салуунун улуттук структурасын регионалдык жана эл аралык стандарттарга ылайык келтирүү менен байланыштуу болушу керек. Стандартташтыруу жана метрология бардык жол-жоболорун максималдуу жөнөкөйлөштүрүү, сапаттын таанылган борборлору менен кызматташтыкты кеңейтүү, сертификатташтыруунун жана стандартташтыруунун артыкчылыктары жөнүндө бизнеске активдүү маалымат берүү зарыл. Тийиштүү инфраструктураны жакынкы 2-3 жылда ылайык келиши керек. Мамлекет региондук жана дүйнөлүк деңгээлдеги сапаттын алдыңкы стандарттарын бизнеске киргизүүгө көмөк көрсөтүшү керек, бул артыкчылыктуу багыттар үчүн актуалдуу болуп саналат.

    6.4.-милдет. Соода-сатыкты өнүктүрүү жана жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү
    Өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн өстүрүү үчүн улуттук бизнес тарабынан жүзөгө ашырылуучу тышкы соода-сатык операцияларынын жөнөкөйлүгү, ыңгайлуулугу жана ылдамдыгы маселелерин чечүү зарыл. Тышкы соода-сатыкты жөнгө салуучу мамлекеттик түзүмдөрдүн ишинин форматы минималдуу катышууга жана тоскоолдуктарды түзүү мүмкүндүктөрүнө келтирилүүгө тийиш. Мамлекет экспорттук-импорттук операцияларда жол-жоболордун санын, убакытты жана материалдык чыгымдарды кыскартууга жетишет.

    Ошону менен бирге дайыма инфраструктура – жүктөрдүн өтүү пункттары, автомобилдик магистралдар, маалыматтык-сервистик тейлөөлөр жакшырат.Региондук деңгээлде “жашыл коридорлорду” түзүү боюнча иштер улантылат. Натыйжада Кыргызстан жакынкы 5 жылда Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ичинен соода-сатыктын эркиндиги жана фасилитациялоо сапаты боюнча лидер болот.

    Чектеш мамлекеттердин, ЕАЭБнын, ВСП+ статусунун негизинде ЕС өлкөлөрүнүн рынокторуна ата мекендик продукциянын экспортун илгерилетүүдө көмөк көрсөтүү.

    Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги мекемелеринде соода-экономикалык маселелер боюнча кеңешчилер институтун түзүү.

    Кыргыз Республикасынын ардактуу консулдарынын институтунун географиясын кеңейтүү.
    6.5.-милдет. Эл аралык рейтингдерде позицияларды жакшыртуу
    Кыргыз Республикасынын эл аралык рейтингдер системасындагы көрсөткүчтөрү жакшырат. Кыргызстан 2023-жылга “Бизнести жүргүзүү” рейтинги боюнча 40 мыкты өлкөнүн катарына кирүүгө, глобалдуу атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн индекси боюнча 70өлкөгө, Глобалдык бактылуулук индекси боюнча – алдыңкы 30 өлкөгө кирүүгө тийиш.
    6.6.-милдет. Технологиялык модернизациялоого дем берүү
    Инновациялык экономика – өнүгүүнүн мүмкүн болгон бирден бир жолу. Кыргызстанга жаңы типтеги жогорку технологиялуу, компакттуу, экологиялык өнөр жай керек. Завод-гиганттардын убагы өттү, азыр технологиялык чечимдерге багытталган акылдуу жана мобилдүү ишканалар утат. Практикалык биринчи кезектеги чечимдердин алкагында базалык инфраструктураларды – жарыктандыруу, таштанды, суу менен камсыздоо, негизги шаарлардагы канализацияны колдоо үчүн жооптуу бардык муниципалдык ишканаларды технологиялык жаңылоо болот.
    6.7.-милдет. Жер ресурстарын башкаруу
    Жер рыногу бизнести өнүктүрүүгө жана Кыргыз Рреспубликасынын экономикасына чет элдик инвесторлорду тартууга шарт түзөт. Азык-түлүк коопсуздугунун, Кыргыз Рреспубликасында жакырчылык менен күрөшүүнүн маселелерин чечүү жолдорунун бири болуп ирригацияны өнүктүрүү эсептелет. Ушуга байланыштуу Мамлекеттик ирригацияны өнүктүрүү программасына ылайык 46 суу чарба долбоорун ишке ашыруу пландалууда, алар 66,5 миң гектар жаңы сугат жерин ишке киргизүүгө, 51 миң гектар жерди суу менен камсыз кылууга, 9,5 миң гектар жерди машина менен сугаруудан өзү агуучу сугарууга өткөрүүгө жана 50 миң гектар жердин мелиоративдик абалын жакшыртууга мүмкүндүк берет.


    6.8.-милдет. Ирригациялык инфраструктураны жаңылоо жана жаңы аянттар

    2023-жылга чейин кошумча 27 миң гектар жаңы сугат жерин ишке киргизүү, 40 миң гектар жердин суу менен камсыз болуусун жогорулатуу, 2800 гектар аянтта шарттуу сугарылган жерди сугарылган жерге которуу пландалууда. Жалпы сыйымдуулугу 64 млн.м3 жакын 12 аккумуляциялоо курулмалары курулду. Жердин мелиоративдик абалын жакшыртуудан улам талаа суусу менен камсыздоо жогорулайт. Мамлекет тарабынан кабыл алынган негизги чаралар болуп ирригациялык инфраструктураны куруу жана реабилитациялоо, суу ресурстарын башкаруу жана жөнгө салуу сапатын жакшыртуу, ошондой эле системанын туруктуулугун камсыз кылуучу финансылык моделди издөө болот.


    написать администратору сайта