Главная страница
Навигация по странице:

  • Келечекке к

  • 20182040жылдары кыргыз республикасын НКТРНн улуттук стратегиясы


    Скачать 359.71 Kb.
    Название20182040жылдары кыргыз республикасын НКТРНн улуттук стратегиясы
    АнкорCycufc
    Дата08.09.2022
    Размер359.71 Kb.
    Формат файлаdocx
    Имя файлаc0708df3-f396-4bb5-943b-fe6d33f3d3ef.docx
    ТипДокументы
    #667512
    страница11 из 18
    1   ...   7   8   9   10   11   12   13   14   ...   18

    4.4 Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү



    Келечекке көз караш: Өнүккөн жарандык коом натыйжалуу өз алдынча башкарууну түзүү үчүн негиз болуп калат. Жарандык коомдун институттары партиялар менен катар эле жергиликтүү кеңештердин депутаттык корпусун түзүүгө катышат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүгө жана өнүгүүнүн жергиликтүү бюджеттерин түзүүгө умтулган шарттар түзүлөт. Жарандык коом натыйжалуу жана иштиктүү жергиликтүү өз алдынча башкарууну түзүү үчүн негиз болуп калат. 2040-жылга Кыргыз Республикасында жарандар өзүнүн, үй-бүлөсүнүн жана жергиликтүү коомчулуктун алдындагы милдеттенмелерин жоопкерчиликтүү аткара баштайт. Жарандар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кесипкөй, ачык-айкын, жооптуу органдарын түзүүгө жөндөмдүү болот.

    Элге кыйла жакын башкаруу институту катары жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн төмөнкү артыкчылыктары белгиленет.

    Коомчулуктун ишин башкарууга элдин кеңири тартылуусу маанилүү.

    Жергиликтүү деңгээлде башкаруу системасынын натыйжалуулугунун алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин каржылоонун адекваттуу механизмдери менен мамлекеттик бийликти мындан ары да борбордон ажыратуу зарыл. Кызмат көрсөтүүнүн, бюджетти түзүүнүн жана аткаруунун, ресурстарды башкаруунун туруктуу системасын уюштуруу бөлүгүндө жергиликтүү деңгээлде башкаруу системасын күчөтүү милдети турат.

    Ошондой эле эл койгон милдеттерди, функционалдык милдеттерди аткаруу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигин жана тартибин көтөрүү зарыл.

    Биринчи кезекте сөз ар бир мүчөсү аймакты өнүктүрүүгө өзү түшүнүп катышууга квалификациялык жактан жөндөмдүү болгон, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун натыйжалуу органдарын түзө алган жана аларды контролдогон жоопкерчиликтүү жергиликтүү коомчулуктарды түзүү жөнүндө жүрүп жатат. Экинчиден, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн рыногун түзүү үчүн укуктук, методологиялык негиздерди түзүү зарыл. Кызмат көрсөтүүлөрдүн системасын уюштурууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары заказ берүүчү болот;

    Бюджеттик мамилелерде жана бюджеттик процессте ар бир шаарда жана айылдык аймакта өнүктүрүүнүн бюджетин түзүүгө артыкчылык берүү зарыл. Ар бир шаар жана айыл аймагы үчүн өнүктүрүүнүн бюджеттерин түзүүгө түрткү берген шарттар түзүлөт;

    Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана мамлекеттик башкаруу органдарынын биргелешкен ишинин жаңы форматтары, улуттук диалогду кошкондо маанилүү маселелер боюнча, анын ичинде бюджеттер аралык мамилелер боюнча жергиликтүү жамааттардын кызыкчылыктарын улуттун кызыкчылыктары менен макулдашуунун механизмдери түзүлөт;

    Кабыл алган чечимдери үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ишинде жоопкерчилик көтөрүлөт. Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге жаңы критерийлерди жана талаптарды киргизүү аркылуу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун потенциалы көтөрүлөт, укуксуз, натыйжасыз чечимдердин тобокелдиктери азайтылат.

    4.5 Коопсуз өлкө





    Келечекке көз караш: 2040-жылы Кыргызстан – коомдун дээрлик корголгон абалын жана анын туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуучу, саясий, экономикалык, социалдык, аскердик, техногендик, маалыматтык, экологиялык жана башка мүнөздөгү тышкы жана ички жагымсыз аракеттерге туруктуу, адам, коом жана мамлекет үчүн келип чыккан тобокелдиктердин жана коркунучтардын эрте алдын-алуу принциптерине негизделген адамдын жашоосу үчүн коопсуз чөйрөгө ээ өлкө.


    Жарандардын коопсуздугу мамлекетибиздин калыптануусунун, сакталышынын жана өнүгүшүнүн базалык жана маанилүү элементи болуп саналат. Жеке маалыматтардын субъекттеринин жеке жашоосунун кол тийбестигине укуктарын, жеке жана үй-бүлөлүк сырды, ошондой эле жеке маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарын сактоону коргоонун жогорку деңгээлин камсыз кылуу мамлекеттин артыкчылыктуу милдеттеринин бири.

    Жарандардын укук коргоо түзүмүнө ишеними алар үчүн ийгиликтин негизги критерийи болот. Укук коргоо органдарынын ишиндеги мамлекеттик артыкчылык укук бузуулардын алдын алуу жана превенциясы, укук тартип күчтөрүн саясаттан арылтуу жана демилитаризациялоо болот. Коопсуздукту камсыз кылуу каражаттарын терең техникалык модернизациялоо жазанын шексиз болуу принцибин ишке ашырууга мүмкүндүк берет.

    Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн башкаруу, уюштуруу жана аскердик-техникалык жабдуу системасы тышкы агрессиянын тобокелдиктерин азайтат. Мындай максатты ишке ашыруу дүйнөлүк аскердик илимге негизделген жана аскердик уюмдарды куруу маселелерин чечүүгө бирдиктүү системалуу методдорду жана комплекстүү ыкмаларды иштеп чыгуу менен жетет. Мамлекет Кыргызстандын профессионал, мобилдүү жана жогорку технологиялуу Куралдуу Күчтөрүн түзөт.

    Мамлекеттик чек аралардын бекемдиги биринчи кезекте чек ара коопсуздугун уюштурууну түп тамырынан бери кайра куруу менен камсыздалат. Эң алгач бир эле убакта иштин ыкчам жана маалыматтык-талдоо методдорун киргизүү менен чек араны артыкчылыктуу укук коргоочулук методдорго өтүү керек. Негизги аспект “жашыл чек араны” гана коргоого эмес, өткөрүү пункттарында да чек арадан өтүү процессинде санарип жана башка технологияларды киргизүү болуп саналат. Мамлекет ошондой эле өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылуунун негизги фактору катары чек арага жакын аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө өз күчтөрүн жумшайт.

    Маалыматтык коопсуздук чөйрөсүндө мамлекет маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын, ошондой эле маалыматтык системалардын киберкоопсуздугун камсыз кылуу, киберкоркунучтарга жана киберинциденттерге жооп кайтаруу системасын түзүү, ошондой эле экстремизмдин, терроризмдин бардык түрлөрүн алдын алуу сыяктуу маанилүү багыттарга сөз эркиндигин чектөөлөргө жол бербестен көңүл бурат. Ошондой эле, зарыл чөйрөлөрдө атаандашууга жөндөмдүү ата мекендик медиа контентти түзүү маанилүү болуп саналат. Мамлекеттин күч-аракеттери улуттук кызыкчылыктарга дал келген контентти өнүктүрүүгө багытталат.

    1   ...   7   8   9   10   11   12   13   14   ...   18


    написать администратору сайта