20182040жылдары кыргыз республикасын НКТРНн улуттук стратегиясы
Скачать 359.71 Kb.
|
4.3 Укуктун үстөмдүгү жана мыйзамдуулукту камсыздоо
Күчтүү жана адилеттүү сот бийлиги–жарандардын мыйзамдын үстөмдүгүнө ишениминин, экономиканын туруктуулугунун, саясий туруктуулуктун жана инвесторлордун ишениминин кепилдиги. Сот системасын реформалоонун негизги багыты болуп 2040-жылга мамлекеттик бийликтин тең салмактуу системасын түзүү жана бийликти бөлүштүрүү принцибинин так эместигине жол бербөө максатында анык көз карандысыз сот системасын түзүү эсептелет. 2040-жылга сот адилеттигинин бүткүл системасынын иши жарандын кол тийбестик принцибинин милдеттүү түрдө сакталышына негизделет. Сот адамдын жана жарандын укугун камсыз кылат, инсандын мамлекеттик органдардын, биринчи кезекте укук коргоо органдарынын мүмкүн болгон зомбулугунан коргойт. Бул үчүн “Инсандын эркиндиги (кол тийбестиги) жөнүндө” Habeascorpusact сыяктуу конституциялык мыйзамды кабыл алуу керек. Мыйзамдарды так жана бир түрдүү колдонууну жана аткарылышын камсыз кылуучу адилеттүү сот системасы жана прокуратура органдары мамлекетте укуктун жана мыйзамдын үстөмдүгүнүн кепилдиги болот. Элдин сотторго жана прокуратура органдарына болгон ишеними алардын ишинин ачык-айкындыгы жана алардын чечимдеринин түшүнүктүүлүгү менен аныкталат. Сот адилеттигин жүргүзүүнүн сапатын жакшыртуу жана тоскоолдуксуз сот адилеттигине жетүүнү түзүү максатында жарандар үчүн сот системасындагы ашыкча звенолор жоюлуп, адистештирилген соттор түзүлөт (административдик, инвестициялык, ювеналдык жана башкалар). Кассациялык инстанциядагы сот соттук актыларды кайра кароодо укук ченемдерин колдонуунун тууралыгына гана баа берүүсү керек. Соттук териштирүүнүн кароо мөөнөтүн кыскартуу жана соттук чубалжытууну төмөндөтүү үчүн апелляциялык инстанциядагы соттордун ишти жаңы кароого жиберүү мүмкүнчүлүгү жоюлат. Соттордун ишинде заманбап маалымат технологияларын колдонулушу сот адилеттигин жүргүзүү процессин оптимизациялоонун бирден-бир приоритеттүү багыттары болуп саналат. Электрондук сот өндүрүшүн киргизүү жарандар үчүн сот адилеттигинин жетүүсүнүн максималдуу ачыктыгына жана жеңилдигине гана эмес, ошондой эле сот адилеттигинин ачык-айкындуулугун, өз мөөнөтүндө каралуусун жана сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт. Ар бир жаран кылмыштуулуктун абалы жана ага каршы күрөшүү боюнча мамлекет тарабынан кабыл алынган чараларга тиешелүү онлайн маалыматка түздөн-түз ээ болот. КР прокуратура органдары мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун бардык органдарынын тийиштүү, электрондук базаларын киргизүү аркылуу бирдиктүү интеграцияланган тармакты түзгөн жана жарандардын маалыматтарды тоскоолдуксуз алууларын камсыз кылуучу укуктук статистика чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу орган болот. Укуктук статистиканын объективдүү маалыматтары ошондой эле бардык укук коргоо органдарынын ишинин режимин жасалган укук бузуулардын кесепеттери менен күрөшүүгө эмес, алардын алдын алууга кайра багыттоонун негизи болот. Сот системасынын институционалдык негиздери КР Жогорку сотунун Пленуму тарабынан толук жана так түзүлгөн бирдиктүү сот практикасы менен бекемделет. Судьялардын кесипкөйлүүлүгүн жана жоопкерчилигин жогорулатуу максатында алардын ишине баа берүү системасы киргизилет. Судьялык бош кызмат орундарга дайындоо боюнча конкурстук тандоодо жана аларга квалификациялык класстык чендерди ыйгарууда, материалдык жактан сыйлоо жөнүндөгү маселелерди кароодо жана судьяны тартиптик жоопкерчиликке тартуу жөнүндөгү маселелерди чечүүдө баа берүүнүн жыйынтыктары эске алынат. Ар бир жарандын укугун соттук коргоого кепилдик берүү үчүн мамлекет жарандардын жана адамдын укуктарын жана эркиндиктерин соттон тышкаркы жана сотко чейинки коргоо ыкмаларын, түрүн жана жол-жоболорун өнүктүрүүнү камсыз кылат. Медиация институтун өнүктүрүү сот системасынын жүктөмдөн бошонуусуна алып келет жана ошондой эле бейтарап соттордун институтун өнүктүрүүгө күч аракеттер жумшалат. Ушуга улай эле жарандык жана экономикалык мүнөздөгү талаш-тартыштар тараптардын тандоосун эске алуу менен жалпы юрисдикциядагы соттор аркылуу, ошондой эле кеңешүүчү органдар (бейтарап соттор) тарабынан да карала берет. Жазалоо практикасынын деңгээлин төмөндөтүү жана мыйзамдарды гумандаштыруу улантылат. Кылмыштык жазалоо зарыл болгон көптөгөн финансылык жана экономикалык кылмыштар айып төлөө менен административдик разрядга өткөрүлөт. |