Главная страница

20182040жылдары кыргыз республикасын НКТРНн улуттук стратегиясы


Скачать 359.71 Kb.
Название20182040жылдары кыргыз республикасын НКТРНн улуттук стратегиясы
АнкорCycufc
Дата08.09.2022
Размер359.71 Kb.
Формат файлаdocx
Имя файлаc0708df3-f396-4bb5-943b-fe6d33f3d3ef.docx
ТипДокументы
#667512
страница13 из 18
1   ...   10   11   12   13   14   15   16   17   18

4.7 “Таза-Коом” – өлкөнү санариптик трансформациялоо





Келечекке көз караш: Кыргызстан – кеңири өздүк санариптик контенти жана санариптик технологияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануучулар катары жарандардын активдүү катышуусу, коррупциясыз натыйжалуу, ачык жана отчеттуу мамлекеттик башкаруусу менен инновацияларга жана билимдерге таянуу менен түзүлгөн өнүккөн маалыматтык коомдун акылдуу мамлекети. Экономиканы санариптештирүү жана инновациялык жана алдыңкы технологияларды ар тараптуу колдонуу өлкөнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн өсүшүн, калктын бакубаттыгын жана коопсуздугун шарттайт.


“Таза Коом” - жарандын, атаандашууга жөндөмдүү бизнестин, туруктуу мамлекеттин жана ишенимдүү эл аралык мамилелердин деңгээлинде ачык, айкын жана жогорку технологиялуу коомду куруу боюнча санариптик трансформациялоонун улуттук программасы.

Биринчи кезекте бул заманбап санариптик технологияларга эркин жетүүнүн жана пайдалануунун негизинде коом менен шайкеш өз ара аракеттенген мамлекеттик башкаруунун натыйжалуу жана ачык системасы. Мамлекеттин турмушунун бардык чөйрөлөрү заманбап технологиялар менен жабдылат, бул өлкөдө экономикалык бакубаттыкка, социалдык бакубаттыкка, тынчтыкка жана тартипке жетишүү максаттарын аткарууну камсыз кылат. Программа мамлекеттик башкаруу системасына жана экономикага гана оң таасир тийгизбестен, ошондой эле билим берүү жана саламаттыкты сактоо, социалдык кызматтарды көрсөтүү, сот жана укук коргоо системаларынын натыйжалуулугун камсыз кылуу системаларына да таасирин тийгизет. “Таза-Коом” административдик процесстерди жана жол-жоболорду автоматташтыруу жана санариптик мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү аркылуу адамдык фактордун таасирин минималдаштыруу жолу менен мамлекеттик сектордо коррупцияны түп-тамырынан жоюунун натыйжалуу шайманы болуп саналат.

Жогорку технологиялуулук жана адамдык капитал экономиканын бул тармактарында жогорку кошумча наркты жана өлкөдөн тышкары суроо-талап кылынган жаңы продукцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү түзүүгө жардам берет. Алар ошондой эле Евразиялык экономикалык бирликте мүчөлүктүн жана “Бир алкак – Бир жол” долбоорун ишке ашыруудан Кыргызстан үчүн кайра жаралган Жибек жолунда эл аралык соода, транзиттик жана маданий-ден соолукту чыңдоочу борбор катары мүмкүнчүлүктөрүн толук пайдаланууга мүмкүнчүлүк алат.

Өлкөдө дүйнөлүк класстагы санарип инфраструктура түзүлөт, ал глобалдуу маалыматтык агымдарга интеграцияланат. Санариптик инфраструктураны өнүктүрүү салттуу тармактарды инновациялык өнүктүрүү жана жаңыларын түзүү үчүн база болуп калат.

“Таза-Коом” санариптик экономиканын улуттук программасы жаңы мүмкүнчүлүктү берген келечекке жол ачат. Санариптик трансформация кандай гана болбосун мамлекеттик программалар үчүн жогорку артыкчылыкка ээ болот, ал орто мөөнөттүү келечекте ыкчам жетиштүүлүк принцибинин негизинде санарип инфраструктурасында субконтиненттин масштабында (Борбордук жана Түштүк Азияда) лидер болууга багытталат.

Ушул Стратегияга ылайык иштелип чыгуучу бардык концептуалдык жана стратегиялык документтерге санариптик трансформациянын компонентин милдеттүү түрдө кошуу зарыл.

Кыргызстанга ЕАЭБдин өлкөлөрүнүн аймагында жайгашкан эл аралык компаниялардын өндүрүштөрүн тартуу узак мөөнөттүү максат болуп эсептелет, алардын ишинин натыйжалуулугу бажылык жана техникалык жөнгө салуунун практикасына жараша болот (фармацевтика, керектөө товарларын өндүрүү, өндүрүштүк жыйноо). Бул үчүн транзиттик активдерди топтоого, ыкчам өнүгүүнүн программасын кабыл алууга жана ишке ашырууга, В2В2С санарип платформасын тездетип киргизүүгө (улуттук кылып түзүүгө же глобалдуу лидерлердин бирин жайгаштырууга); смарт-контракттарды ишке ашырууга; сотко чейинки жана соттук жөнгө салуулардын жол-жобосун жеңил жана ачык-айкын кылууга көңүл буруу керек.
“Таза Коом” санарип экономикага өтүүнү тездетет, бул келечекте бардык заманбап чакырыктарга ыкчам жооп кайтаруучу мобилдүү жана ийкем мамлекетти түзөт. Коюлган максаттарга жетүү үчүн мамлекеттик, коомдук жана иш чөйрөсүн кайра түзүүнүн амбициялуу программасын жүзөгө ашыруу зарыл. Модернизациялоо процесси өлкөнүн негизги социалдык чөйрөлөрүн (билим берүү, саламаттык сактоо, экология), экономикалык (энергетика, айыл чарбасы, өнөр жай, кызмат көрсөтүүлөр) жана саясий секторду (коррупцияны жоюу, таза шайлоо) камтыйт.
1   ...   10   11   12   13   14   15   16   17   18


написать администратору сайта