№
| Аткарылуучу иш чаралар
| Мөөнөтү
| Жооптуулар
| Кайда каралат
| Ресурстар
| Күтүлүүчү натыйжалар
|
1
| Мектептин китепканасынын иши. Сабактарда көрсөмө куралдарды, таркатма дидактикалык материалдарды жана окутуунун техникалык каражаттарын пайдалануу абалы
| Февраль
| Окуу бөлүмунун башчысы, китепканачы,
чарба башчысы
| Усулдук кеңешмеде
| Китепканачынын материалдык отчету, мугалимдердин жумушчу дептерлери
| Сабактардын жабдылуу даражасы аныкталат
|
2
| Мектепте окуучуларга англис тилин үйрөтүүнүн абалы
| Февраль
| Англис тили мугалимдери
| Усулдук бирикмеде
| Англис тили жумалыгы
| Окуучулардын англис тилин үйрөнүүсүнө кызыгуусу артат
|
3
| Мугалимдердин маалыматтык коммуникациялык технология (МКТ) боюнча сабаттуулугу, INTERNET байланышы менен усулдук маалыматтарды топтоосу жана колдонуусу
| Февраль
| Окуу бөлүмүнүн башчысы
| Усулдук кеңешмеде
| Мугалимдердин портфолиосу жана ноутбуктары
| Мугалимдердин компьютердик сабаттуулугу аныкталат жана жоюлат
|
4
| Окуучуларды мекенчилдик духунда тарбиялоо, алардын Кыргызстандын тарыхы, географиясы, мамлекеттик символдору (картасы, борбору, аянты, калкы, туусу, герби, гимни, акча бирдиги) жөнүндөгү түшүнүктөрүн кеңейтүү боюнча алып барылуучу иштердин абалы
| Февраль
| ТББ,
класс жетекчилер
| Окуучулардын өзүн – өзү башкаруу уюмунун отурумунда
| Тарбиялык иш пландар
| Окуучулардын мекенчилдик сезими козголот
|
5
| Аз камсыз болгон үй – бүлөдөгү окуучуларды колдоо максатында ата – энелер менен ыктыярдуу кайрымдуулук акциясын уюштуруу
| Февраль
| ТББ,
социалдык педагог,
класс жетекчилер
| Класс жетекчилердин усулдук бирикмесинде
| Класс жетекчилер, ата – энелер
| Аз камсыз болгон үй – бүлөлөргө жардамдар берилет
|
6
| Мектептин мүлкүнүн сакталышына жана абалын катуу көзөмөлгө алуу
| Жыл ичинде
| Мектеп администрациясы, чарба башчысы
| Директор алдындагы кеңешмеде
| Мектептин инвентарлар китеби
| Мектепте жагымдуу чөйрө түзүлот
|
7
| Окуучуларга ыймандуулук тарбиясын (саламдашуу, ата – энени сыйлоо, жашы улууларды урматтоо, жашы кичүүлөргө камкордук, мугалимдер менен мамиле ж. б.) берүүнүн таасирдүү ыкмаларын колдонуунун абалы
| Окуу жылы ичинде
| ТББ,
класс жетекчилер
| Класс жетекчилердин усулдук бирикмесинде
| Тарбиялык иш пландар
| Окуучулардын адеп – ахлактыгы жакшы жакка өзгөрөт
|